Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Навальныйдын экинчи соту уланат


Алексей Навальный, Москванын Бабушкин райондук соту. 2021-жылдын 5-февралы.
Алексей Навальный, Москванын Бабушкин райондук соту. 2021-жылдын 5-февралы.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга каршы 5-февралда башталган экинчи сот иши 12-февралда улантылат. Эми ал согуш ардагерине жалаа жапкан деген доого кабылды. Бул доону ал ойлоп табылган жарамсыз катары четке кагууда.

5-февралда Москванын Бабушкин райондук сотунда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын үстүнөн ачылган дагы бир кылмыш иш боюнча сот жүрүмү 12-февралда улантылмакчы.

Бул жолу саясатчыга «Экинчи Дүйнөлүк согуштун 94 жаштагы ардагерине жалган жалаа жапты» деп айып тагылган.

Бул ишке Навальныйдын былтыр Путиндин мурунку президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, бийлигин бекемдеген Баш мыйзамды өзгөртүүлөргө үгүттөгөн видеолордун катышуучулары тууралуу Твиттерге «сатылма кулдар», «өлкөнүн маскаралары» деп жазганы негиз болгон.

Навальныйдын Твиттердеги посту
Навальныйдын Твиттердеги посту

Навальныйга каршы арыз 94 жаштагы Игнат Артеменконун атынан жазылган. Ал өзү сотко келген жок, бирок жүйөөлөрү онлайн айтылды.

«Навальный мени Ата Мекендин чыккынчысы деп атаганын июнда билдим. Бул мени капа кылды. Мен ар-намысымды коргошум керек. Навальный менден жана көзү өтүп кеткен актёр Лановойдон эл алдында кечирим сурашын талап кылам», - деди Skype аркылуу үйүнөн байланышка чыккан согуш ардагери.

Орусияда жалган жалаа үчүн 7 миңдей доллар айып пул же 200дөн ашык саат бою коомдук жумуштарга милдеттендирүү жазасы каралган.

Ал эми «Матросская тишина» абагынан сот залына алынып келинген Алексей Навальный прокурор менен сотту «95 жаштагы адамды куурчак катары колдонууну» токтотууга чакырды.

«Бул адам сот жүрүмүнүн аягына чейин үзүлүп кете берет. Менин колумда бул ишти токтотуу боюнча өтүнүч каты турат. Силер аны куурчак катары колдонуп жатасыңар. Бетиндеги беткапты чечип, тынч жатканына уруксат бергиле. Силер эмне болуп жатканын жакшы түшүнбөй турган 95 жаштагы адамды шылдыңдап жатасыңар. Анын туугандары кичине акча алыш үчүн эле аны сатып жиберишти», - деди Навальный.

Көп өтпөй ардагерге «Тез жардам» чакырылгандыгына байланыштуу сот токтотулуп, кечкурун сот отуруму 12-февралга калтырылганы кабарланды.

Алексей Навальный
Алексей Навальный

Оппозициячы жана анын тарапташтары бул кылмыш иштери саясий мүнөздө токулуп жатканын, ал эми сот жүрүмдөрү «жазалоочу көргөзмөгө» айланганын белгилешет.

Навальныйдын аймактардагы штабынын башчысы Леонид Волковдун түз эфирде нааразылык митингдер жазында күч алаарын, алар саясатчыны «тышкы саясий методдор менен чыгарууга» аракет кылаарын айтканын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «чет өлкөлүк агент экенин ачык шардана кылуу» деп баалады.

Батыш менен Кремлдин кармашы

Батыш өлкөлөрү орус бийлигинин Навальный боюнча чечимдерин айыптап, кескин сынга алышкан. Орус бийлиги оппозициячыл саясатчыга куугунтук жүрүп жатканын четке кагууда.

Бейшембиде АКШ президенти Жо Байден Мамлекеттик департаменттин кызматкерлеринин алдына чыгып сүйлөп, Алексей Навальныйды «Кремль дароо боштондукка чыгарышы керек» деген талабын айткан.

Бул күндөрү Москвага сапар менен келген Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел Навальный ууландырылгандан кийин Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы мамиле бузулганын белгиледи.

Евробиримдик Навальный менен бирге нааразылык чаралары учурунда кармалган миңдеген адамдарды бошотууга үндөп келет.

«Биздин алакалар чынында чыңалган абалда, Навальныйдын айланасындагы кырдаал аны ого бетер курчутту», - деди Боррелл сүйлөшүүлөргө чейин басма сөз жыйынында.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Евробиримдик менен Орусиянын мамилесинин начарлашы «эч кимге пайда алып келбей турганын жана Москва бардык маселелерди талкуулоого даярдыгын» айткан.

Бирок, кийин эле Орусия Швеция, Польша жана Германиянын үч дипломатын «23-январда мыйзамсыз митингдерге катышты» деп айыптап, өлкөдөн тез арада чыгып кетүүнү талап кылганы кабарланды.

Европа Кеңеши Москваны «бул чечимди кайрадан карап чыгууга» чакырды.

Жозеп Боррел менен Сергей Лавров.
Жозеп Боррел менен Сергей Лавров.

Буга чейин, 2-февралда Навальныйдын сотуна бир катар Европа өлкөлөрүнүн Орусиядагы дипломаттары менен ондогон чет өлкөлүк журналисттердин келгенин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги «өлкөнүн ички ишине кийлигишүү», «сотко басым» катары сындашкан.

Былтыр августта Томск шаарында «Новичок» тобунун уу заты менен ууландырылып, шашылыш Омск шаарынан Берлинге жеткирилип, Германияда дарыланып жүргөн Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келген жеринен аба майданында кармалып, эртеси күнү сот чечими менен бир айга камакка алынган.

2-февралда Москва соту Навальныйды «Ив Роше» боюнча шарттуу абак жазасынын эрежелерин бузду деп айыптап, дээрлик үч жылга жакын мөөнөткө эркинен ажыраткан.

Тартип сактоо күчтөрү менен Навальныйдын тарапташтарынын тирешүүсү. Москва. 2021-жылдын 23-январы.
Тартип сактоо күчтөрү менен Навальныйдын тарапташтарынын тирешүүсү. Москва. 2021-жылдын 23-январы.

Анда Навальныйга сот өкүмүн жарыялаганда Москва менен Санкт-Петербургда миңдеген жаштар көчөгө чыгып, күч кызматкерлери адамдарды туш келди кармап, аёосуз күч колдонгон. Бул күнү 1,5 миңдей адам кармалган. Айрымдары убактылуу тергөө абактарында кыйноого, ур-токмокко кабылганына арызданып жатышат.

Мындан тышкары Навальныйга каршы дагы бир кылмыш иши бар. Былтыр 29-декабрда Тергөө комитети Навальный өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Анда саясатчыга Коррупцияга каршы фондго которулган 356 миллион рублди өз пайдасына короткон деген айып тагылган. Бул берене боюнча Орусияда 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.

Социологдор Орусиядагы ар бир бешинчи орусиялык Навальныйдын саясий жана оппозициялык ишмердигин колдоорун белгилеген жыйынтыгы бар сурамжылоо жүргүзүштү.

Коомдук пикирди сурамжылаган «Левада» борборунун маалыматтарына ылайык, 18 жаштан 40 жашка чейинки курактагы адамдардын басымдуу көпчүлүгү Навальныйга артыкчылык беришет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG