XXI кылымдын башында, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу кадыр-барктуу эл аралык уюмдардын дүйнө жүзүндөгү таасирдүү ишмердигинин кырдаалында деле, миллиондогон бозгундар диктатуралык жана авторитардык режимдер орногон өз Атажуртунан качып чыгып, чет өлкөлөрдө убактылуу башаана издеп келишет. Аларга бир кылым мурдагы “Нансендин паспорту” деп аталган документ сыяктуу жаңы эл аралык паспорт зарылбы? Тарыхчынын блогу.
Нансен жана анын атына байланган паспорт
Тарыхта “Нансен паспорту” деп аталып калган жана бозгундагы кишинин өздүгүн тастыктаган эл аралык документ Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки алгачкы эки он жылдыкта жарандыгы жок качкындар үчүн Улуттар Лигасы тарабынан берилген.
Бул документ 1922-жылы Улуттар Лигасынын ошол кездеги Качкындар боюнча комиссары, норвегиялык коомдук ишмер, саякатчы, илимпоз, профессор Фритйөф Нансен (Фридтйөф Нансен / Fridtjof Nansen; 1861–1930) тарабынан иштелип чыккан. Анын аркасында көптөгөн өлкөлөрдөн качып чыккан бозгундар өздөрүн кабыл алган демократиялык мамлекеттерде эркин байырлай, жаратмандыгын уланта жана тиричилик кыла алышкан.
Маселен, 1920-жылдары ушул документ 1917-жылдагы кош ыңкылаптан жана жарандык согуштан кийин Орусиядан Батышка качкандарга өзгөчө огожо болгон. Нансен паспортторунун жарактуу мезгилинде аларды, маселен, нечендеген орусиялык чыгаан айдыңдар – жазуучулар Иван Бунин, Владимир Набоков, музыкант Сергей Рахманинов жана Игорь Стравинский, сүрөтчү Илья Репин ж.б. алышкан.
Арийне, эгерде “Нансен паспортунун” ээси өз ыктыяры менен советтик Орусияга кайтчу болсо, анда ал киши үчүн бул документ дароо өз күчүн жоготчу.
(Муну түшүнүү үчүн тарыхка кайрылууга туура келет. Советтик Орусиянын өкмөтү 1921-жылдын 7-декабрындагы токтому менен мурдагы падышалык Орусиянын аймагынын болшевиктер каратып алган бөлүктөрүнөн чет өлкөгө чыгып кеткен миллиондон ашуун кишини, айрым эсептөөлөр боюнча, 2 миллионго жакын кишини орусиялык жарандыктан чыгарып салган. Алардын кийинки инсандык тагдыры эл аралык демократиялык коомчулуктун баш оорусуна айланган).
Бул паспорт, негизинен, 1922–1938-жылдары чыгарылган жана ал жалпысынан 450 миңдей кишиге берилген. Бул документти көп сандаган армян качкындары да алышкан.
Нансен паспорту бар кишилер аны тааныган өлкөлөрдө эркин саякаттоо укугунан пайдаланышкан жана жарандыктан ажыратылган кишилер үчүн каралган бир катар чектөөлөрдөн куткарылышкан.
1942-жылга карата Нансен паспорту 52 өлкөнүн өкмөтү тарабынан таанылган жана ал качкындар үчүн алгачкы эл аралык жол документи болуп калган.
Айрым маалыматтарга караганда, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган кезде, азыркы БУУ негизделе элек чакта, бул паспортко Батышта айрым мурдагы советтик жарандар дагы ээ болушкан. Алардын бир тобу – СССРдеги сталиндик режимдин тузагына кайра түшүүнү каалабаган мурдагы нацисттик лагерлердин туткундары болгон мурдагы советтик жарандар эле.
Жарандыгы жок качкындарга башка өлкөлөрдө башпаанек табууга жардам берүү үчүн ыйгарылган Нансен паспортунун өзөккү идеялары 1951-жылы БУУнун Качкындардын макамы боюнча Конвенциясында ратификацияланган Качкындардын саякат документин жаратууга да негиз болуп калды.
Дагы караңыз Экинчи дүйнөлүк согуш: Түркстандык аскер туткундарыНансенге жана анын ишин улантуучуларга Нобел Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган
Көп тарамдуу эл аралык кайрымдуулук иштерин жүзөгө ашыргандыгы үчүн норвегиялык коомдук ишмер, профессор Фритйөф Нансен 1922-жылы Нобел Тынчтык сыйлыгына татыган.
Ал өзү бул кадыр-барктуу сыйлыкка талапкер болуп жаткандыгын алдын-ала билген эмес.
1922-жылы 10-декабрда Нобел Тынчтык сыйлыгын тапшыруу аземи маалында Нобел комитетинин жаңы шайланган төрагасы Фредрик Станг (Fredrik Stang; 1867–1941) мырза тарабынан профессор Фритйоф Нансендин көп нуктуу кайрымдуулук иштерине карата жылуу жана калыс сөздөр айтылган.
Укук профессору Станг өз сөзүндө Фритйөф Нансен үчүн түзүлгөн мурдагылардан алда канча оорураак болгон мүшкүл иш – бул өз ара кырчылдашкан коомдордо кайрымдуулук мүдөөсү үчүн орток тилектештикти жаратуу иши болгонун баса белгилеген:
“Улуттар (б.а. мамлекеттер. – Т.Ч.), социалдык таптар жана жеке кишилер өз идеяларын жана дымагын тереңдетип жүзөгө ашыруулары үчүн бири-бирине каршы айыгыша күрөшүп жаткан дүйнөдө мамлекеттик чек араларды жана саясий айырмачылыктарды жеңип өтүү үчүн жетишээрлик кубаттуу тилектештик сезимин жаратуу зарыл болчу”.
Дал ушундайча жаңыча тилектештик сезими бозгундар кептелген оор кырдаалды жеңилдетүүгө багытталышы керек эле.
“...Бир качкынды, – атүгүл бир топ качкындар тобун деле алып көрүңүз, – өз балдарын, мал-мүлктөрүн кол арабага салып алып түрткүлөп келе жатчу болсо, алардын жагдайын биз түшүнөбүз. Бирок миллиондогон ушул сыяктуу кишилер бир өлкөдөн экинчи өлкөгө аңчынын бутасы болгон жаныбар сымал сары изине чөп салына кубаланып өтүп жатса, анан калса, алардын артында өздөрүнүн өрт жалмаган үйлөрү кала берип, алдыларында болсо – өздөрү эч бир көзөмөл кыла албай тургандай келечектин туңгуюгу күтүп жатса, дал ушул жагдайды аңдоого аң-сезимибиздин чамасы жетпей турат; тийешелүү сүрөттөрдү жаратуунун ордуна, мээлерибиз жөн гана өздөрүнө сунушталган статистиканы кайра кайталашат. Ак дилден жекече жасалчу кайрымдуулуктар, ал түгүл кеңири өлчөмдөгү кайрымдуулуктар деле, мекендештерибизге же дубандарыбызга – биздин колубуздан келе тургандай сезилет; муну биз аңдап турабыз.
Бирок бүтүндөй континенттеги миллиондогон кишилерди азаптан жана өлүмдөн куткаруу мүдөөсүн көздөгөн программаны алчу болсок, мындай программа эбегейсиз зор көлөмдүк (аңдоону) талап кылат жана ал ушунчалык көп сандаган баш-аламан чоо-жайларды камтып турат, ошондуктан биз аргасыздан чегинебиз да, мээлерибизге буларга эч баш оорутпастан эс алууга мүмкүндүк ыйгарабыз”.
Бул сөздөрдү айткан Станг мырза Фритйөф Нансен болочокку муундар тарыхта калыс баа бере ала тургандай ири эмгекти жараткандыгына тен берген.
Советтик бийликтер Нансендин Эдил боюндагы жана башка советтик аймактардагы ачарчылыкка кабылгандарга чукул көмөк кылуу жаатындагы ишмердигине шектенүү менен мамиле кылып, бюрократтык жасалма тоскоолдор жаратышкандыгы да заманбап тарыхта калыс чагылдырылууда.
Дагы караңыз Улуттар лигасы жана согушчан мамлекеттерКачкындар кабылган паспортко байланыштуу жана башка бюрократтык мүшкүлдөрдү азайтуу боюнча Нансен баштаган ишти анын үзөңгүлөштөрү бул залкар инсан 1930-жылы өлгөндөн кийин дагы уланта беришкен.
Улуттар Лигасынын канаты астында иш алып барган Нансен эл аралык качкындар кеңсеси (Office international Nansen pour les Réfugiés; Nansen International Office for Refugees) 1938-жылы Нансен паспортун жайылтуу аракети үчүн Нобел Тынчтык сыйлыгын алган. Сыйлыкты ыйгаруу жүйөөсү “бүткүл Европадагы качкындардын жыргалчылыгы үчүн Фритйөф Нансендин ишин уланткандыгы үчүн” деп таасын жазылган.
Адамзат коому ошол кезеңде Экинчи дүйнөлүк согуштун (1939–1945) жана андан кийинки “кансыз согуштун” ирегесинде турган...
XXI кылымда “Нансен паспорту” керекпи?
Үстүбүздөгү заман – XXI кылымдын алгачкы чейреги – адамзаттын айрым төбөл өкүлдөрү өтмүштөгү тарыхтын оор сабактарын кайрадан унуткарганын ашкереледи.
1945-жылы ойрон болгон нацисттик Германиянын жана ири жеңилишке кабылып, согушчан турумунан баш тарткан Жапониянын калктары Евразиянын тарыхынын ачуу сабактарын өздөштүрүшкөнү менен, тарыхый сахнага башка да диктатордук жана авторитардык режимдер келишти.
XX кылымдын соңунда жана XXI кылымдын башында адилетсиз согуш баштаган, айрым аймактарда тукум курут (геноциддик) жана этноциддик саясат жүргүзгөн режимдер дагы учурады.
Дагы караңыз Украинадагы согуш жана Орусиядагы сабаттуулук2014-жылы эгемен Украинага каршы баскынчыл согушту баштаган жана 2022-жылдын 24-февралынан тартып бул согушту кеңири өлчөмдө жүргүзүүгө өткөн президент Владимир Путиндин Орусиядагы режиминин баскынчыл саясаты азыркы тапта дүйнөнүн басымдуу бөлүгү тарабынан ачык жектелүүдө.
Орусиядан канча киши чет өлкөлөргө кеткендигин орусиялык бийликтер атайын азайтып көрсөтүп келишет.
Ал эми 2024-жылы 16-июлда “Немис толкуну” маалымат каражаты шардана кылган маалыматка караганда, 2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү баскынчыл согуш башталгандан кийин, бери дегенде, 666 миң киши Орусиядан чет өлкөлөргө чыгып кетип, мекенине кайтып келген эмес.
Бул статистикалык тыянак The Bell басылмасы тарабынан 70тей өлкөгө чыгып кеткен орусиялыктарды иликтөөнүн негизинде жасалган.
Өз мекенинен чыгып кеткен орусиялыктардын 110 миңдейи Арменияга, 80 миңдейи –Израилге, ушунча эле санда – Казакстанга, 74 миңдейи – Грузияга, 48 миңдейи – АКШга, 36 миңдейи – Германияга, 28 миңдейи – Түркияга, 12,5 миңдейи – Кыргызстанга ж.б. өлкөлөргө чыгып кетишкен.
Дагы караңыз Кыргыз жарандыгын көксөгөн орус элитасы
Албетте, визасын катаалдаткан Түркиядан жана Палестинадагы “ХАМАС” тобуна каршы согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан Израилден башка өлкөлөргө ооп кеткен орусиялыктардын да саны арбын, деп айтылып келет.
Бул жалпы маалыматты, албетте, өтө так деп айтуудан иликтөө жүргүзгөндөр өздөрү да белгилешет. Балким, орусиялык бозгундар мындан алда канча көп же аз болушу ыктымалдыр?
Орусиядан убактылуу чыккандардын баары тең эле Путиндин баскынчыл согушуна каршы деп айтууга да болбойт. Айрымдар бул согушта “жөн жерден замбирек жеми” болбоо үчүн гана эптеп чет өлкөлөргө чыга качышканы ажеп эмес.
Дагы караңыз Табыт менен келген акчанын куту жокАрийне, Украинага каршы баскынчыл согушту ачык айыптап, ар кандай абактык, саясий же каржылык жазадан чочулап, сырткары чыгып кеткендердин ар биринин тагдыры орусиялык жарандык коом жана жалпы эл аралык демократиячыл коомчулук үчүн олуттуу мааниге ээ.
Соңку айлардагы маалыматтарга караганда, Орусиянын бийликтери чет өлкөлөргө чыгып кеткен жана Украинадагы согушка карата кайчы пикирге ээ жарандарын кайра кайтаруу же бюрократтык жазалоо үчүн алардын чет өлкөлүк жана ички паспортторун жараксыз кылуу ыкмасына түшүүдө.
Дагы караңыз Четтеги армияга жарамдуу орус жарандарынын паспорт алуусу кыйындайт
Дал ушул кырдаалда ар кыл чет мамлекеттерде байырлап жаткан орусиялык бозгундар эл аралык коомчулук “Нансен паспортун” же ага окшогон жаңы кайрымдуулук паспортун жаратуусу абзел, деген сунушун айтып чыгышты.
Тасма. Евгений Бугреев заманбап “Нансен паспорту” сунушу тууралуу. Словакия. 12.5.2022.
“Нансен паспорту” (же ыйгарым укуктары ага жакыныраак жаңы паспорт) жалаң гана путиндик Орусиядан качып чыккандар үчүн эле эмес, башка да диктатордук жана авторитардык режимдердин зулумдугунун айынан чет өлкөлөргө чыгып кетип, кишинин өздүгүн билдирчү тийешелүү документсиз баш паана таап жаткандар үчүн дагы алгылыктуу болмок.
Негизи, качкындар үчүн атайын макам бар жана качкындар демократиялуу өлкөлөрдөн баш паана таба алышат.
Тасма. Айрым украиналык качкындар Кыргызстанда баш паана табышты. 2022.
Бирок кээ бир орусиялык, оогандык жана башка бозгундар чет өлкөлөргө жетип алган соң гана өздөрүнүн демократиячыл турумдарын ачыкташы ыктымал жана аларды өз өлкөлөрүндө катаал жаза гана күтүп турат. Ал эми алардын тагдыры эл аралык коомчулук үчүн “жөн гана кургак статистикалык көрсөткүчкө” айланбоого тийиш.
Канчалык зулум режимдер өз демократиячыл оппозициясына жана кайчы пикирдеги жарандарына улам жаңы бюрократтык жана башка ыкмалар менен тиш кайрабасын (айрым орусиялык диссиденттерди ФСБнын тыңчылары чет өлкөлөрдө жүргөн жеринен ууктуруп же өлтүрүп кеткен учурлар жадыбыздан чыга элек), Нансендин бийик середеги кайрымдуулук идеяларына тилектеш болгон азыркы эл аралык коомчулук ошончолук ачык же тымызын куугунтуктагы бозгундарга алда канча кайрымдуураак болууга жана аларга бюрократтык механизмдер аркылуу деле иштиктүү көмөк көрсөтүүгө тийиш.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.