Айрым маалыматтарда Орусияда сабаттуулуктун деңгээли төмөндөп кеткендиги жана анын айынан нечендеген карапайым орусиялыктар Украинага каршы баскынчыл согушту жактап жаткандыгы жөнүндө айтыла калып келет. Согушка карата мамиле жөнүндөгү маселенин көп кыры бар. Тарыхчынын блогу.
Орусия коңшу демократиялык Украинага 2014-жылы кол сала баштаган. Ал эми расмий Кремл 2022-жылдын 24-февралына караган түнү Чыгыш Европадагы бул коңшусуна каршы кеңири өлчөмдө согуш баштаганынан бери эки жыл беш айдын жүзү болду.
Бул – акыл калчоо үчүн кыйла узак мөөнөт. “Эмне үчүн Орусиядагы карапайым калайыктын көпчүлүгү алигиче бул баскынчыл согушту ачык айыптабай келет?” деген суроо жаралбай койбойт.
Албетте, баскынчыл согушка каршы өз оюн ачык билдирген орусиялыктардын бир даары өлкөдөн чыгып кетишкен, айрымдары абактарда отурат же алардын үстүнөн “атайын аскердик амалды жана Орусиянын куралдуу күчтөрүн жаманатты кылгандыгы үчүн” делген доо боюнча аларга каршы сот жүрүмдөрү өтүүдө.
Жакында мындайча бир жалпылама маалымат назар бурдурду:
“(Орусиядагы) аймак канчалык жакыр болсо, ошончолук көп кишилер билим алуунун ордуна эптеп-септеп күн көрүп жашоо менен алек.
Ал эми эл канчалык кедей жана билимсиз болсо, согушта өлүп калуу ыктымалдуулугу ошончолук жогору, анын маанисин жана себептерин алардын көбү түшүнүүгө деле далаалат кылышпайт.
Бул, жок эле дегенде, орусиялык аскер кызматкерлеринин өлүмүнүн чөлкөмдөр боюнча жиктелип көрсөтүлгөн статистикасы менен тастыкталат: мисалы, Тыва менен Бурятиянын тургундары үчүн Украинадагы согушта өлүү ыктымалдыгы маскөөлүктөргө салыштырмалуу 30–40 эсе жогору. (Бул маалымат “Медиазона” менен Би-Би-Си тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз иликтөөдөн алынган).
Согушта каза болгондордун саны боюнча эң көп кишисинен айрылган аймактардын катарына Орусиянын эң жакыр аймактарынын бири болгон Байкал өйүзү аймагы (“Забайкальский край”) да кирет. Дал ушул аймакта жогорку билими жок кишилердин үлүшү өзгөчө басымдуулук кылат”.
Соңку изилдөөлөр айгинелегендей, эмгекке жарамдуу курактагы орусиялыктардын 65%ы жогорку билимге ээ эмес (FinExpertiza изилдөөсү). Орусиянын кээ бир аймактарында бул көрсөткүч 76%ды түзөт (мисалы, Байкал өйүзү аймагында).
Украинада баскынчыл согуш аракеттери маалында туткунга түшкөн нечендеген орусиялык чала сабат жоокерлер украин журналисттери тарабынан маекке тартылган учурда баскынчыл согушту Киевдин “нацисттик жетекчилиги баштаган” деген Кремлдин “жомокторун” тоту куштай кайталашкан.
Ал эми аларга Украинадагы орусиялык баскынчылар тыптыйпыл кылган шаар-кыштактарды жана кыргынга учураган украиндик калайык жөнүндөгү маалыматтарды далил катары көрсөтүшкөндө, албетте, алар “мындай маалыматты эч учураткан эмесмин” деп ийиндерин куушурушкан.
Тасма. Украинада туткунга түшкөн орусиялык чала сабат жоокер менен маек. Алып баруучу – В.Золкин. 17.4.2024.
Маселен, 34 жаштагы бир орусиялык туткун (анын толук ысымын ачыкташкан эмес) украин журналисти Владимир Золкин менен маеги маалында өзүнүн жети класстык гана билими бар экендигин мойнуна алды. Бул туткундун оюнча, 2014-жылы расмий Киев Луганск жана Донецк аймактарына биринчи болуп кол салган, ал эми орто кылымдардагы Киевдик Орус мамлекетинин калайыгын “казак орус” (орусча “казаки”) деп аташчу. (Караңыз: жогорудагы даректүү тасманын 04:04-, 21:31- жана 21:49-мүнөттөрү).
Арийне, орусиялыктардын баскынчыл согушка карата чала сабат мамилесин жалаң гана жогорку билими бар же жок деген көрсөткүч аркылуу түшүндүрүүнүн өзү бир беткейликти таңуулашы ажеп эмес.
Анткени жогорку билими бар болуп чектелбестен, профессор, илим доктору, академик, эл артисти жана башка наамдарга ээ болуп туруп, Орусиянын эгемен Украинага каршы баскынчыл согушун актап сүйлөгөн орусиялыктар четтен чыгат.
Алыска барбастан, Орусиянын башкы мамлекеттик сыналгы каналдарындагы согушка үгүт кылган аткаминерлер менен илимдин жана көркөм өнөрдүн өкүлдөрүн мисалга алсак болот.
Эң башкысы – постсоветтик доордо калыптана баштаган орусиялык жарандык коомдун өзүн Владимир Путиндин авторитардык режими XXI кылымдын алгачкы чейрегинде кыйла алсыратууга жетишти.
Өлкөдө сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги дээрлик муунтуп жок кылынды.
Айрым кеңири таанымал оппозициячыл саясатчылар (Борис Немцов, Алексей Навальный ж.б.), укук коргоочулар (Анна Политковская, Наталья Эстемирова, Станислав Маркелов, Галина Старовойтова ж.б.) жана башкалар Орусияда өлтүрүлүп кеткен. Кээ бир кишилер (Александр Литвиненко, Сергей Скрипаль ж.б.) бозгунда жүргөн жеринен ууландырып өлтүрүлгөн учурлар катталды.
Орусиядагы негизги оппозициячыл саясий партиялардын жана кыймылдардын, ошондой эле даңазалуу укук коргоочу, коррупцияга каршы жана башка бейөкмөт уюмдардын ишмердиги кан буугандай токтотулду. “Яблоко” сыяктуу партиялардын жер-жерлердеги өкүлдөрү убактылуу кармалган учурлар да катталды.
Башкасын айтпаганда да, Украинага каршы согушка жөнөтүү үчүн аскерге кошумча чакырылгандардын (мобилизациялангандардын) жакындары негиздеген “Энелер жана жубайлар кеңеши” аттуу кыймыл Орусиянын бийликтери тарабынан 2023-жылы “чет элдик агенттердин” “кара тизмесине” киргизилген. Мындан улам ушул таасирдүү бейөкмөт уюм өз ишмердигин токтотууга аргасыз болгон. Бул аргасыз кадам тууралуу алиги кеңештин жетекчиси Ольга Цуканова шардана кылган.
2023-жылдын 26-майында “Энелер жана жубайлар кеңеши” жана анын жетекчиси Ольга Цуканова айымдын өзү дагы орусиялык бийликтер тарабынан “чет элдик агент” деп жарыяланган.
О.Цуканованын айтымында, бул “кара тизмеге” киргизүүгө Алтай аймагынан мобилизациялангандардын кайрылуусунун “Энелер жана жубайлар кеңешинин” Телеграм-каналдагы барагына андан аркы кайталап жарыяланышы себеп болгон. Бул кайрылуу жапырт маалымат каражаттарынын биринен алынган болчу. Көрсө, бул жапырт маалымат каражатынын өзү дагы саал мурдараак Орусияда “чет элдик агент” деп таанылган тура!
Өткөн айда бир орусиялык таанымал профессор менен Украинадагы согуш жаатында баарлашып калдым. Ал өзү бул согушка караманча каршы экендигин айтты. Бирок андан соң тегерегибизде чогуу отурган мекендештерине көз чаптырды да:
“Эгерде англо-сакстар бул согушту баштабай койсо, кандай сонун болмок!” деп “балп” этип айтты.
Ал профессорду эч качан жети гана класстык билими бар, деп баалап айтууга болбойт.
Путиндик режимдин өкүлдөрү өздөрүнүн эгемен Украинага каршы адилетсиз, баскынчыл согушун азыр дагы "англосакстарга каршы согуш", "НАТО ынтымагына каршы согуш" деп бурмалап баалап келишет.
Байкашымча, путиндик режим жарандык коомго олуттуу залал келтирүү аркылуу тээ өткөн кылымдагы сталиндик доордогу бири-биринен шектенүү, “тоголок арыз” жазуу, айгакчылык, саясий шылтоо аркылуу кишилерди кызматтарынан четтетүү, өзүнүн бийликтик турумга кайчы оюн эркин айткандардын үшүн алуу сыяктуу жосунсуз жоруктарды кайра калыбына келтире баштаган сыяктуу.
Албетте, учурдагы коомдук саясий турмуштагы “Авгий атканасынын ыпластарын” тазалоого орусиялык жарандык коом дагы деле жарамдуу, деп ишенгибиз келет. Бул тазалануу жүрүмүнө бардык орусиялыктар, чөнтөгүндө кандай аттестат же диплом бардыгына карабастан, жекече жарандык салым кошо алышат.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.