"Бүгүн аба чабуулу тууралуу эскерткен билдирүү келе элек. Телефонду азыр сиз менен сүйлөшүп аткан учурда да текшердим. Кечээ келген. Бир күндө андай эскертүү эки же үч жолу келген учурлар да болот. Бул апта бирок тынч..." -деп баштады кебин Алишер.
Алишер (аты өзгөртүлдү) 27 жашта. Жубайы, эки жаштагы уулу менен Орусиянын Белгород облусуна бир жыл мурун Кыргызстандан иштегени келген. Ал жашаган шаар Старый Оскол деп аталат.
"Мен бул жакка келатканда эле Орусиянын башка шаарында жашаган бир тууган агам чалып, аябай урушту. Ал "согуш болуп жаткан аймакта сага эмне бар?" деп суроо салды. Өзүм деле дароо макул болуп, келген жокмун. Бул жакта дагы башка кыргызстандык үй-бүлөлөрдү угуп, билип, сураштырып, анан тобокелчиликке салып келдим. Артымдан балам менен аялым келишти. Балаң үчүн көбүрөөк коркот экенсиң. Аял киши болгон үчүн жубайым да кооптонуп, "кетеличи" деп калат. Азыр бул жакта бала - чакасы менен кыргызстандык 3-4 үй-бүлө бар".
Алишердин айтымында, Старый Оскол Белгород облусундагы калкы аз, аянты чакан шаар. Шаар тургундары согуш маалындагы жашоого кадимкидей көнүп калышкан.
"Балам менен паркта сейилдеп, дүкөнгө барып эле жүрөбүз. Бирок шаардын айланасында бомбадан коргоочу жайлар абдан көп. Сиренанын үнү чыкканда ал жерлерге кире качыш керек деп үйрөтүшкөн. Мен бирде соода борборунда жүргөндө сирена жаңырып, жер төлөөгө качып түштүк. Жалпысынан абал тынч. Абадан сокку урулуп жатканда аны коргоп калган жабдыктар бар деп айтышты шаар бийлиги".
Старый Оскол Орусиянын Белгород Облусунун борбору Белгород шаарынан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Орусиянын Украина менен чектеш аймактары, айрыкча Белгород облусу, анын ичинде Белгород шаары өзү акыркы айларда дээрлик күн сайын украин тараптын аткылоосуна жана учкучсуз учактардын чабуулдарына кабылып келет.
"Мен ишиме байланыштуу аптасына бир нече жолу Белгород шаарына каттап, документтерди бүтүрүп келем. Мигранттар борборунда борборазиялыктарды көп көрөм. Арасында өзбектер, кыргыздар, тажиктер бар. Жок дегенде андай беш үй-бүлөнү кезиктирем. Башында келгенде Белгородду кыдырып, сүрөткө түшкөнбүз. Кооз шаар болчу. Азыр эми барып, документтерди алып эле кеткенче шашам. Бомба түшүп же аткылоо болгон жерлерге баш бакпайм деле. Андай жерлерди ютубдан, жаңылыктардан утур көрүп атабыз".
Алишер Старый Осколдо жердеши кыргызстандык ишкердин курулуш фирмасында иштеп жатат.
Фирманын ээси Азамат 2015-жылдан бери Белгород облусунда жашап, иштейт:
"Негизи Белгород облусунда мигранттар абдан аз. Облустун жергиликтүү бийлигинин улутчулдук мамилесинен улам деп айтып калышат. Мен бул жакта иш баштап, жашаганга уруксат документтерин да алгам. Балдарым да ушул жерде мектепке барышты. Согуш башталгандан бир жылдан кийин үй-бүлөмдү Кыргызстанга алып барып келдим. Жалпы жонунан алганда абал тынч. Абдан коркунучтуу деп айта албайм. Бирок кооптонуу сезими дайыма ичиңде болот экен. Башка облустарга чыгып, Белгородго кирип баратканда унааларды текшерип, коопсуздук маселелерин эске салган жарнактар илинген. Алардын баары эле адамды стресс кылбай койбойт".
Азаматтын айтымында, согуш башталганы ал жашаган Старый Оскол шаарына эки өлкөдөн тең качкындар келген.
"Биздин шаар чакан жана облустун башка шаарларына караганда коопсуз болду окшойт. Ошондон улам качкындар абдан көп келди. Качкындар - орус, украиндер да болду. Биз кыргыз балдар менен коопсуз жайларга жайгашкан качкындарга жардамыбызды аяган жокпуз. Менимче, карапайым калкта күнөө жок. Согуш үчүн алар айыптуу эмес. Мигранттардын иши токтогон жок. Орусия басып алган Луганск, Донецк шаарларында азыр курулуш иштери башталган. Менин ишканамда цемент да чыгат. Азыр буюртмалар ошол жактан түшүп атат. Ростов-на-Дону аркылуу мигранттар ал шаарларга өтүп, иштеп жатышат. Луганск менен Донецкке өткөн атайын жол салынган. Белгороддо азыр үй саткандар аябай көп".
"Курск куту жок калды"
Белгород облусуна жанаша жайгашкан Орусиянын дагы бир облусу - Курск. Согуш башталганга чейин, айрым маалыматтарга караганда, бул облуста 30га жакын кыргызстандык үй-бүлө жана ондогон кыргызстандык студенттер болгон. Биз аталган облустагы кыргызстандык Талгат менен байланыштык.
"Украин тараптан дрондор менен тынбай эле чабуул болуп жатат. Сиренанын үнүнө көнүп деле калдык. Күнүгө бир, эки маал угабыз. Бая күнү менден эки жүз метр аралыкта бомба түштү. Мен ал учурда машине айдап бараткам. Токтобой эле өтүп кеттим. Эки жыл ичинде Курск шаары абдан өзгөрдү. Адамдар азайып, Курск куту жок калды. Мурункудай маанай жок. Согушка барып келгендер бул жакта да көп. Алар менен сүйлөшүп, адам согушка деле көнөөрүнө көзүм жетти. "Азыр чакырса азыр фронтко жөнөйбүз" дегендер бар. Мен украин, орус, беларустарды карап, биздин Борбор Азия элине окшоштурам. Мисалы, орус менен белорус казак кыргыздай, украиндер кыргыз өзбектердей жакын эл болгон. Менимче, бул согуштун эки элге тең кереги жок болчу".
Талгаттын жубайы Москвада, бала-чакасы Кыргызстанга кеткен.
"Менин Курскка келгениме 27 жыл болду. Балдарым ушул жерде төрөлгөн. Бир кезде бул облуста кыргыздар көп болгон. Базарда иштешчү. Кийин базар деле токтоп, көбү Орусиянын чоң шаарларына кетип калды. Согуш башталганы кыргыз эмес, орусу деле бул жактан кеткенге шашат. Азыр мында кыргыз 3-4 эле үй-бүлө калган. Үйүн сатыкка койгондор көп. Мен да үйүмдү сатып жатам. Мурун эле сатып койсом болмок экен. Азыр эми аларман жок. Согуш маалында тынчтыктын баркы кадимкидей сезилет экен. Эгер согуш болбогондо азыр жалгыз үйдө ээнсиреп отурбайт элем. Балдарым жанымда болмок. Амандык болсо бул күндөр да өтөт деп отурабыз. Азыр баары эле эртерээк бул жактан кетип калсак деген ой менен жашап жатат".
Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия «атайын аскердик операцияны» ишке ашырып жатканын айтып келет.
Украина да Орусиянын аймагына дрондор менен тынбай сокку урууда. Апрель айынын башында дрондордун чабуулуна чек ардагы гана эмес, Украинадан 1200 чакырым алыс Татарстандагы дрон чогулткан завод да кабылган. Москва бул кол салууларды Киевден көрөт.