Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:55

БУУ: Аргасыз жер которгондор саны жаңы чекке жетти


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Чыр-чатак, согуш, зомбулук жана куугунтук айынан үй-жайын таштап качууга мажбур болгондордун саны былтыр жана быйыл дүйнө жүзүндө мурда болуп көрбөгөндөй чекке жеткенин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча жогорку комиссар башкармалыгы билдирди. Башкармалыктын 2024-жыл боюнча баяндамасында айтылгандай, быйыл май айында эле аргасыз мигранттар 120 млн кишиге жетти.

«Бул көрсөткүч 12 жылдан бери жогорулоодо. Мунун себеби – уланып жаткан кризистер жана жаңы чыр-чатактар», - деп айтылат баяндамада.

БУУ көрсөткүчкө олуттуу таасир тийгизген маселе Судандагы кырдаал экенин белгилеп, 2023-жылдын соңуна карата бул өлкөдө үй-жайын таштоого мажбур болгондор 10,8 млн адамга жеткенин, Конгодо жана Мьянмада да былтыр миллиондогон кишилер ички качкын болгонун кошумчалады.

Газа секторунда, БУУнун Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигинин (UNRWA, БАПОР) маалыматына караганда, калктын 75 проценти (1,7 млн киши) үй-жайынан кетүүгө аргасыз болду.

Бирок жарандары өлкө ичинде жана башка мамлекеттерге качкын болгондор боюнча рекорддук көрсөткүч Сирияда: 13,8 млн адам.

«Бул өтө чоң жана улам өсүп жаткан сандардын артында канча деген адамдык трагедия жатат. Мындай азап эл аралык коомчулуктун адамдардын аргасыз качкын болушуна алып келүүчү себептерди жоюу үчүн шашылыш чараларды көрүшүнө түрткү болушу керек», – деди БУУнун качкындар иши боюнча башкы комиссары Филиппо Гранди.

Быйыл май айында качкындар саны былтыркы жылдын май айына салыштырганда 10% көбөйгөнү, бул дүйнө калкынын 1,5% экени белгиленди.

2022-жылы февралда Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылган Украинанын 38 миллион калкынын 16 миллиондон ашууну чет өлкөлөргө чыгып кеткен, дагы 8 миллионго жакыны өлкөнүн башка аймактарына көчүүгө мажбур болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG