Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:25

Газада дагы ондогон киши каза болду, Израил операциясын улантууда


Нусейрат качкындар лагериндеги тестиер кыз
Нусейрат качкындар лагериндеги тестиер кыз

Газада Израилдин соккуларынан дагы ондогон киши каза болду. Чабуулдарын Рафах жана Газа шаарларында улантып жатканын билдирген Израил «согушкерлердин инфраструктурасы жок кылынууда» деп айтууда. Газа жана Ливан маселеси Вашингтондо өтө турган АКШ-Израил сүйлөшүүлөрүндө талкууланганы жатат. 

Соңку кырдаал, АКШдагы сүйлөшүүлөр

Июнь айындагы эң кандуу окуядан – барымтадагы төрт кишини бошотуу үчүн Нусейрат качкындар лагеринде кеминде 274 кишинин өмүрүн алган операциядан кийинки адам эң көп өлгөн соңку чабуулда дагы 101 киши каза болгонун Газанын Саламаттык сактоо мекемеси 22-июнда билдирди.

23-июнда эртең менен дагы кеминде 50 кишинин өмүрү кыйылганы, бир топ кишини уранды астынан алып чыгуу мүмкүн болбой жатканы кабарланды.

Израил Газадагы операциясы ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобуна каршы гана жүргүзүлүп жатканын айтып келет.

22-июндагы Газа шаарындагы соккуларын ЦАХАЛ (Израил армиясы) былтыркы кандуу кол салуунун уюштуруучуларынын бири аталган Раад Саадды жок кылууга багыттаганын билдирди. Бул шаардагы согушкерлер пайдаланып жүргөн ондогон инфраструктура, имараттар, туннелдер бутага алынганы, истребителдер жана согуштук дрондор колдонулганы, ушундай эле чабуулдар Израил ХАМАСтын «чеби» деп атаган Рафах шаарына да жасалганы маалымдалды.

Израилдин Газадагы тогуз айдан берки чабуулдарынан каза болгон палестиндер 23-июнга карата 37 551 кишиге, жараат алгандар 85 911ге жеткенин анклавдын саламаттык сактоо мекемеси билдирди. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) бул министрлик келтирген маалыматка ишенсе болорун, курмандыктардын көбү аялдар менен балдар экенин билдирген. ХАМАС көзөмөлдөгөн бул мекеменин маалыматында адатта жай тургундар менен куралчан комбатанттардын өлүмү боюнча сан келтирилет.

Газадагы соңку кырдаалды жана жалпы аймактагы коопсуздук маселесин талкуулоо үчүн Израилдин коргоо министри Йоав Галант 23-июнда АКШга жөнөп кетти. Жолго чыгар алдында ал Вашингтонго АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин чакыруусу менен баратканын, мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана башка жетекчилер менен жолугушарын айтты:

«Кошмо Штаттар биздин эң маанилүү жана башкы союздашыбыз. Азыркы тапта биздин байланышыбыз, балким, мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү болуп турат. Ал жактагы жолугушууларда мен Газа маселеси боюнча соңку окуяларды, Ливан багытындагы абалды талкуулайм. Бул маселелер азыркы кезде өтө маанилүү болууда. Газа, Ливан жана башка жактар боюнча кандай аракет зарыл болсо, баарына даярбыз».

Галант АКШ менен Израилдин аскердик кызматташтыгы жана Газадагы операциянын активдүү фазасынан кийинки фазага өтүү маселеси да талкууланарын билдирди.

Өткөн аптада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ Газадагы операцияга зарыл курал-жаракты кечеңдетип жатканын айткан.

АКШ президенти Жо Байден май айындагы чечими менен Израилге бомбанын айрым оор түрлөрүн жөнөтүүгө убактылуу тыюу салган. Мындай чечимин ал Газада жай тургундардын өлүмүнө алып келүү ыктымалдыгы менен негиздеген.

Ливан багытындагы курчуган абал

Соңку эки аптадан бери Израилдин түндүгүндө, Ливан менен чек арасында абал оорлошууда. 12-июнда ал жер ХАМАСтын союздашы, Иран колдогон ливандык "Хезболла" тобунун жапырт ракеталык аткылоосуна кабылган.

"Хезболла" тобу Израилдеги эки аскердик жайга учкучсуз учак менен чабуул койгонун 23-июнда билдирип, муну командирлеринин биринин өлүмү үчүн «жооп» деп атады жана соккуларынын видеосу деген тасманы жарыялады.

22-июнда «Жамаа Исламия» куралчан тобу Бекаа аймагына жасалган израилдик чабуулдан командирлеринин бири Айман Готмеден айрылганын билдирген.

Израил бул соккусун тастыктап, ал «Жамаа Исламия» менен ХАМАСтын бөлүктөрүнүн бирин курал-жарак менен жабдууга жооптуу киши болгонун белгилеген.

Айрым маалымат булактары Израилдин Ливанга чабуул коюу планы «жактырылып, бекитилгенин» жазышкан.

«Хезболланын» башчысы Хасан Насралла эгер толук масштабдуу согуш баштала турган болсо, Израилге ырайым болбой турганын эскерткен.

AFP агенттиги жазгандай, Ливан менен Израилдин чек арасында былтыркы октябрдагы чыңалуу башталгандан бери кеминде 480 киши каза болду, алардын 93ү жай тургундар экени аныкталды.

Израил бийлиги өлкө түндүгүндө кеминде 15 аскери, 11 жай тургуну каза тапканын айтууда.

"Капотко байлап алышкан..."

Ал тапта Израил армиясы жараат алган палестин тургуну машинанын алдыңкы бөлүгүнө байланган окуя боюнча түшүндүрмө берип, израилдик аскерлер «протоколду бузганын», андай мамиле «Израил армиясынын баалуулуктарына туура келбей турганын» жана териштирүү жүргүзүлөрүн билдирди.

Окуя 22-июнда Батыш жээктеги Женин провинциясында болгон. Израилдик аскерлер машинасынын алдыңкы бөлүгүнө бир кишини байлап алып айдап бараткан видео социалдык түйүндөргө тараган жана кызуу талкуу жараткан.

Өзүн Раффт Азми деп тааныштырган жергиликтүү тургун:

«Ал менин аталаш бир тууганым Мужахед. Биз бул жерде болчубуз. Ал ошол жактан жараат алыптыр. Машиненин капотуна байлап алып, айдашыптыр. Мамлекеттик ооруканага өткөрүп берилди деп айтышты», - деп Reuters маалымат агенттигине айтып берди жана тууганы Израилдин чабуулунан жараат алганын билдирди.

Анын айтымында, «Тез жардам» чакырылган, бирок израил аскерлери жараат алган кишини ооруканага ошентип жеткирүүнү чечишкен.

"Барымтадагыларды бошотуп бергиле". Израилдеги нааразылык

Израилдин өзүндө өкмөткө каршы акциялар уланууда. 22-июндун кечинде бир нече шаарда митинг өттү. Алардын эң ириси Тель-Авивде болду, Deutsche Welle уюштуруучуларга таянып жазгандай, ал жакта 150 миңдей киши көчөгө чыкты жана бул былтыркы кол салуудан берки киши эң көп чогулган акция болду.

Премьер-министр Нетаньяхунун дарегине сын айтылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү, ХАМАС барымтада кармап тургандардын баарын аман бошотуу талабы коюлду.

Расмий маалыматка караганда, барымтада 120дай киши бар. Бирок Wall Street Journal басылмасы алардын 50 чактысы гана тирүү калган болушу мүмкүн экенин июнь айынын башында жазган.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Анын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил чабуул үчүн ХАМАСты айыптап, азыркы негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG