Келечекте “Манас” улуттук академиясы эгемен Кыргызстандын дүйнөдөгү маданий жарчысы болууга тийиш

“Манас” улуттук театрынын алды. 15.11.2024.

Быйыл жайында айрым чөйрөлөр “Манас” улуттук академиясын жоюу талабы менен чыгышкан эле. Бирок, тилекке жараша, Кыргыз Өкмөтү бул мекемени кайра ого бетер чыңдоону чечти. Бул маданий-илимий мекеме Кыргызстандын ичинде гана маданий жана илимий иш-аракет жүргүзбөстөн, Кыргызстандын маданиятынын төгөрөктүн төрт бурчундагы элчиси да боло алат. Тарыхчынын блогу.

Быйылкы күздөгү өзгөчө кубаныч тартуулаган жаңылыктардын бири – “Манас” улуттук академиясынын сакталып калышы болду, деп өзүмдүн жекече сүйүнүчүмдү айтуудан жазганбайм.

Албетте, бир нече ай бою күдүк сезимде болгонубузду да жашыра албайбыз.

Бир катар аттуу-баштуу академиктер бул академияны жоюу чакырыгы менен чыгышканда, албетте, бийликтегилердин ордосунда деле ар кыл талаш-тартыштар жүргөн болуу керек.

“Манас” улуттук академиясынын мурдагы башчысы, манасчы жана илимпоз Талантаалы Бакчиев өзүнүн кызматтан кеткенине анча күйгөн жок. Интенет аркылуу байланышканымда, Талантаалы иним “Манас” академиясы жоюлуп кетпесе экен, деп көбүрөөк бушайман болду.

Адатта, бир мекемени жоюудан оболу анын башчысын алып салып, анан ал мекемени жеңил-желпи ойрон кылууга өтүшөт эмеспи.

Дагы караңыз “Манас” улуттук академиясы жоюлабы?

Албетте, Ак Үйдө деле бул мекемени сактап калууга аракет кылып, “Манас” улуттук академиясынын зарылдыгы тууралуу өз жүйөөлөрүн келтирип жаткан айдыңдар аз эмес эле.

"Манас" улуттук академиясынын кызматкерлери буюм-тайымдарын жыйнаштырып жаткан учур. 29.6.2024.

Анын үстүнө ушул жылдын жай мезгилинде “Манас” улуттук академиясынын кызматкерлерин алар ээлеп келген кеңседен чыгарып салышкан таң каларлык окуя да орун алды.

Анан эле... “Манас” улуттук академиясынын “Фейсбуктагы” барагында 2024-жылы 15-ноябрда академиянын жаңы жетекчиси дайындалгандыгы жөнүндө сүйүнчүлөгөн кабар жарыяланды:

“Манас” улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин президенти болуп Биймырза уулу Азиз дайындалды. Ага ылайык тескемеге бүгүн, 2024-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович Жапаров кол койду.

Биймырза уулу Азиз 1996-жылдын 16-сентябрында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында туулган.

2009-2013-жылдары Талас шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас ата” лицейинде окуган. Ж.Баласагын атындагы КУУнун филология факультетин аяктаган.

15-июлга чейин Улуттук “Манас” театрынын жетекчиси милдетин аркалап келген.

Кыргыз Республикасынын Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана “Даңк” медалынын ээси”, – деп “Фейсбук” барагы шардана кылды.

Манастын айкели. Стамбул, Түркия. 09.8.2017.

“Фейсбуктагы” бул жарыянын этегинде азыркынын белдүү манасчысы Рысбай Исаков Иордан өлкөсүнөн кайтып бара жатканда жазган төмөнкү куттук ырын кыстарган экен:

“Урдундун (Иорданиянын. – Т.Ч.) бүтүп сапарын,

Учактан болуп катарым.

Аякта калып сур булут,

Ар түркүн ойго батамын.

Алдыга озуп кыялдар,

Абада бара жатамын.

Azizди үлкөн болду деп,

Асмандан уктум атагын.

Асмандай бийик болсун деп,

Ага да ырым жасадым.

Ак калпак элде ар дайым,

Алкышын алып батанын.

Арбынын сүрүп өмүрдүн,

Асмандай чексиз жашагын.

Кубандык угуп баарыбыз,

Кут болсун мансап-макамың!”

Албетте, бул жаңылыкка биз дагы кубандык.

Манасчы Рысбай Исаков Өзбекстандагы фестивалда өз өнөрүн көрсөтүүдө. 10.05.2023.

Азиз Биймурза уулу тээ 2014-жылы Талас мамлекеттик унивреситетинде кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган эл аралык илимий жыйынга жаш манасчы катары катышып, өз өнөрүн көрсөткөн.

Эки жылдан кийин ал 30 жашка толот. Буюрса, ага чейин ал жазып жүргөн кандидаттык диссертациясын да коргоп үлгүрөт.

Аны “жаш экен” дечүлөргө айтаарым: быйыл 100 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленип жаткан Кара Кыргыз автоном облусунун түзүүчүлөрүнүн бири Жусуп Абдыракманов (1901–1938) бул автономиялык түзүлүштү негиздөө үчүн 1924-жылы 16-сентябрда түзүлгөн “Улуттук уюштуруу бюросунун” төрагасы кызматына киришкен маалда болгону 23 жаштагы жигит эле.

Эң башкысы, “Манас” улуттук академиясын андан ары телчите турган Назира Аалы кызы сыяктуу уюштуруудагы мыкты тажрыйбасы бар башка да айдыңдар бар.

“Манас” улуттук театрынын өнөрпоздору дагы шерик катары академияга зор колдоо көрсөтүшөт деп ишенебиз. Буга чейин иштен кеткен айрым манас таануучулар жана башка илимпоздор дагы “Манас” улуттук академиясына кол кабыш кылаары шексиз.

Жаш манасчы Азиз Биймырза уулу. 15.10.2021.

“Манас” эпосу менен Ч.Айтматовдун мурасын иликтеген мурдагы академия

“Манас” улуттук академиясынын алгачкы башатын – “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын түптөөгө мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, маркум профессорлор Топчубек Тургуналиев Кожомбердитегин, Ташманбет Кененсариев, манас таануучу Чолпон Субакожоева, Чыңгыз Айтматовдун кенже уулу Элдар Айтматов жана башкалар өз салымдарын кошкон.

Мурдагы президент С.Жээнбеков 2019-жылы 31-январда “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын негиздөө тууралуу жарлыкка кол койгон соң, бул академияга имарат бөлүү, анын алгачкы илимий-агартуу жана маданий иш-чараларын жүзөгө ашыруу машакаттары башталган.

Бир катар жаңычыл эмгектер да жарык көргөн.

(Караңыз: “Манасты” дүйнөгө даңазалагандар: Биринчи чыгарылыш: В.В.Радлов, Ч.Ч.Валиханов / Текстке баш сөзүн жазган жана илимий анализ берген топтун мүчөлөрү: Т.Кененсариев, Ч.Субакожоева, А.Алымбаев (Байас Турал), Г.Нусубалиева; башкы ред. Т.Тургуналиев, жооптуу ред. Т.Кененсариев. – Бишкек: Maxprint, 2021. – 800 б. – ISBN 978-9967-9328-8-3. – “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясы).

Андан соң Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (КР УИА) бул академиядан айтматов таануу жаатын иликтеген бөлүгүн жоюуга жана айтматов таануу иш-аракеттерин өзүнө кайтарып алууга жетишкен.

Менимче, бул – чоң катачылык болду. Анткени айтматов таануу илимий маселелеринен тышкары Чыңгыз Айтматовдун мурасын дүйнөгө таанытуунун маданий аргалары дагы бар болчу.

Бул коомдук-маданий жумушту КР УИАнын салттык механизмдери аркылуу жүзөгө ашырууга эч мүмкүн эмес. Анткени КР УИАнын өзүнүн кыргыз тили жана адабияты, фолклор таануу, ономастика, кол жазма мурасты иликтөө ж.б. менен байланыштуу башка да толгон-токой өзөктүк (фундаменталдык) илимий иш милдеттери бар эмеспи.

Кайрадан “Фейсбуктагы” эски жарыяга кайрылалы.

“Манас” улуттук академиясынын “Фейсбуктагы” барагында 2022-жылы 29-сентябрда мындайча жаңылыкка орун берилген:

““Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын макамы мындан ары “Манас” улуттук академиясы” болуп өзгөртүлдү.

Бул тууралуу Жарлыкка кечээ, 2022-жылы аяк оона айынын 28-күнү, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду. Жарлыкка ылайык, "Манас" улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси "Манас" үчилтигин, кенже эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөө жана анын негизинде илимий, илимий-популярдуу, илимий-публицистикалык эмгектерди, мезгилдүү, тематикалык басылмаларды чыгаруу, мультимедиялык, окутуучу-агартуучу, таанып-билүүчү долбоорлорун иштеп чыгуу багытында иш алып барат.

Ал эми Ч. Айтматовдун чыгармачылык мурасына байланыштуу изилдөө функциясы КРнын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна өткөрүлүп берилди...” – делет “Фейсбуктагы” учкай кабарда.

Лорд Курбан Хусейн “Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик туруму жана анын дүйнөлүк мурасы” аттуу илимий жыйын маалында немис илимпозу Ирмтрауд Гучке айымга Айтматов академиясынын сыйлыгын тапшырды. Лондон шаары. 08.12.2023.

Айтматов таануу көйгөйлөрү да көңүл бөлүүгө муктаж

Ошентип, мекеме “Манас” улуттук академиясы делип гана аталып калды да, айтматов таануу көйгөйлөрүн түздөн-түз багыттап изилдөө иштери 2022-жылдын күзүнөн тартып Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна тапшырылып калды.

Бирок бул институттун чама-чаркы айтматов таануу жаатындагы кеңири өлчөмдөгү коомдук-маданий иш-чараларды жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турганына күмөнүм бар.

КР УИАсынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий жүгү жалаң гана айтматов таануу менен чектелбейт. Ага битик жазмасындагы эстеликтерди, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани, манасчылар, төкмө акындар, жазгыч акындар калтырган жана башка жазма мурас, фолклорлук мурас, чагатай жазма маданияты, кыргыздын арап жана латын жазмасындагы мурас, түркология, кыргыз тил илиминин тармактарын жана башка миңдеген көйгөйлөрдү изилдөө милдеттери тагылган. Совет доорунда калемгерлерден жалаң гана Ч.Айтматов болгон эместиги да анык.

Дагы караңыз Президент Жапаров “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Айтмакчы, азыркы президент Садыр Жапаров 2023-жылы 4-декабрда “Манас” эпосунун күнүнө байланыштуу куттуктоосунда “Манас” эпосуна жана манас таанууга зор көңүл бурулуп жаткандыгын мындайча баса белгилеген:

“...2022-жылдын 28-сентябрында “Манас” эпосун илимий багытта изилдөөгө, популярдаштырууга ар тараптуу зарыл шарттарды түзүү боюнча Жарлык менен “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси “Манас” улуттук академиясы болуп өзгөртүлүп кайра түзүлдү. Бул кадамдар “Манас” эпосу боюнча мындан да келечектүү жана мазмундуу ар тараптуу изилдөө иштерин жүргүзүүгө өбөлгө түзүп бере алат деп терең ишенебиз...” – деп жазган президент С.Жапаров.

КЭРдин Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде өткөн “Манас” жана кыргыз салты” аттуу эл аралык илимий жыйындын катышуучулары. 24.10.2015.

Албетте, манас таануу жаатындагы бул кадамдарды колдоого алабыз.

Ошону менен бирге залкар жазуучу Ч.Айтматовдун мурасын кеңири даңазалоо жаатын жаңыча талдоо зарылдыгы бар экени да талашсыз экендигин эске салабыз.

“Манас” академиясы “Манас” театры менен тыгыз иштеши керек.

Чыңгыз Айтматов (оңдо), профессор Илзе Циртаутас жана Мухтар Шаханов. “Ысык-Көл шеринеси”, Кыргызстан. 18.7.1997.

Анын сыңарындай, Ч.Айтматовдун үй-музейи, Эл аралык Айтматов академиясы (президенти – академик Абдылдажан Акматалиев), чет өлкөлөрдөгү Айтматов академиялары (анын ичинде Лондондогу профессор Рахима Абдувалиева жетектеген академия), “Ысык-Көл шеринеси” жана башка айтматов таануу жаатындагы мамлекеттик, жарым мамлекеттик жана жеке менчик, университеттик мекемелер бири-бирине кызганыч менен карабастан, бирдиктүү иш алып баруусу үчүн орток расмий механизм керек.

Балким, андан көрө азыркы таптагы Эл аралык Айтматов академиясына коомдук бирикме катары эмес, улуттук расмий маданий-илимий мекеме катары макам берип, Гёте институту сыяктуу чыныгы эл аралык деңгээлге чыгаруу керектир? Бул – жеке пикирим.

Дагы караңыз “Манас” академиясы: телчиксинби же тумчуктурулсунбу?

“Манас” улуттук академиясы жаркын болочок үчүн иш алып барышы керек

Ишенимибизде, “Манас” улуттук академиясы эгемен Кыргызстандын ички аймагында гана “Манас” эпосун айтуу өнөрүн жана жалпы көөнөргүс заттык эмес мурасты сактаган жана кеңири жайылткан жергиликтүү мекеме болуп чектелбейт.

Ал өз канаттарын кеңири жайып, төгөрөктүн төрт бурчундагы тилектеш мамлекеттерде өз кеңселерин ачып, заманбап Кыргызстандын маданиятынын жетишкендиктерин даңазалаган элдик дипломатиялык каражат (“жумшак күч” деп да жүрүшөт) болуп берет.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков. 04.11.2020.

Ал ар тараптуу маданий жана илимий ишмердикти жүргүзгөн, Кыргызстанга туристтерди тарткан жана кыргыз таанууга салым кошууга чет элдик айдыңдарды чакырган, кыргыз диаспорасынын ынтымагын чыңдаган данакер бейрасмий элчилик кызматтарын да аркалай алат.

Албетте, бул үчүн жалаң гана “Манас” улуттук академиясынын чакан эмгек жамааты иш алып барбастан, Кыргыз Өкмөтү дагы, манасчылар, манас таануучулар, көркөм өнөр таануучулар, тилчилер, адабиятчылар, фолклор таануучулар, этнографтар, музей таануучулар, кыргыз айдыңдары жана башка жарандарыбыз, демек, жалпы эле көп этностуу жарандык коомубуз өз салымдарын кошууга тийиш.

Ата-бабаларыбыз “Манас” эпосу аркылуу кылымдар бою сактап бизге жеткирген осуят – кыргыздын эгемен мамлекети жана андагы ынтымактуу, бакыбат, көп этностуу калайык экендигин болочокку муундарга аңдатуу иши жалгыз гана “Манас” улуттук академиясына таандык иш эмес. Бул – жалпы иш.

“Манас” улуттук академиясын ар тараптуу жана ырааттуу чыңдоо да жалпы иш.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.