Кыргыздын залкар жазуучусу, коомдук ишмери жана айдыңы Чыңгыз Айтматовдун быйылкы 95 жылдык мааракеси Ала-Тоодо гана эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жана эл аралык уюмдарда да белгиленди. Тарыхчынын блогу.
Кош жылдызыбыздын бири
Кыргыз элин “төгөрөктүн төрт бурчуна даңазалаган кош жылдыз – “Манас” эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасы” деген таасын кеп өткөн кылымдардын соңунан бери Ала-Тоодо көп айтылат. Адилет айтылат. Эч унуткарбайлы деп айтылат. Татыктуу бололу деп айтылат.
Ошол символдук жылдыздардын биринин – залкар жазуучу, коомдук ишмер, дипломат жана айдың, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, академик Чыңгыз Айтматовдун (12.12.1928, Шекер, Талас кантону, Кыргызстан – 10.06.2008, Нүрнберг ооруканасы, Германия) торколуу тою, 95 жылдык мааракеси быйыл дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өткөрүлгөн эл аралык илимий жана маданий иш-чараларда кеңири белгиленгендиги да бекеринен эмес.
Чыңгыз Айтматов бир эле учурда, кыргыз элинин жазуучусу, түрк элдеринин жазуучусу, Евразиянын жазуучусу, этностук жана мамлекеттик чек араларга багынбаган, руханий тереңдик, тарыхый мурас, орток космос жана экология көйгөйлөрүн жалпы адамзаттын (жалпы инсанаттын) таламында чагылдырган нагыз дүйнөлүк жазуучу.
Албетте, гуманитардык илимий тармактарды өз ара ширелткен айтматов таануу илими да бүткүл дүйнөдө ачык өнүгүүдө. Демек, бул комплекстүү илимий тармак кайсы бир гана өлкөлүк, партиялык идеологиялык, чөлкөмдүк же тилдик алкак менен чектелбестен, дүйнөлүк деңгээлде улам жаңы сереге көтөрүлө бермекчи.
Лондон шеринеси
Айтматов таанууга арналган быйылкы эл аралык илимий жыйындардын бири 8-декабрда Лондон шаарындагы заманбап Ага Хан борборунун жыйынканасында өткөрүлдү.
Жыйындын ачылыш аземинде Улуу Британияда негизделген Айтматов Академиясынын жетекчиси, доктор, профессор Рахима Абдувалиева айым бул мааракелик илимий иш-чараны уюштурууга салым кошкон башка да тараптар катары Ага Хан борборун, Оксфорд университетин, Стамбул университетин жана башка өнөктөштөрдү алкап өттү.
Айрым окумуштуулар (маселен, профессор Мехмет Өлмез) Улуу Британияга келе албай калышкандыгына байланыштуу өз баяндамаларын жана куттук сөздөрүн видео тасма түрүндө жөнөтүп, жыйынга катышты.
“Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик туруму жана анын дүйнөлүк мурасы” (“The Humanistic Approach of Chingiz Aitmatov and His Legacy Worldwide”) деп аталган бул илимий шеринеге (форумга) дүйнөнү түрө кыдырган улуу муундагы окумуштуулардан (маселен, профессор Трой Стернберг, Ирмтрауд Гучке) өз калемин жаңыдан бүлөй баштаган Реми Канегене сыяктуу жаш илимпоздорго чейин катышты.
Шеринеде Чыңгыз Айтматовдун жаркын бейнеси, жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү кыргыздардын жана башка Евразия элдеринин турмушунун мисалында ачып берген көөнөргүс чыгармачыл мурасы, анын эл аралык достук жана шериктештик үчүн данакерлик кызматы жана башка темаларда кызыктуу баяндамалар, мултимедиалык маалыматтар сунушталды.
Жыйындын ачылыш аземинде Улуу Британиянын Лорддор үйүнүн мүчөсү, либерал демократ саясатчы, лорд Курбан Хусейн (Qurban Hussain) мырза Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк ойчул катары ролун баса белгилеп, ачылыш сөз сүйлөдү.
Теги Пакистандын түндүгүндөгү Кашмир аймагындагы пахари деген тилде сүйлөгөн чакан этностон болгон, дини мусулман бул саясатчы 1956-жылы туулган жана 14 жашында гана Улуу Британияга келген. Лондондон түндүгүрөөктө Лүтон жергесинде ал таалим алып, саясатка киришип, акыры Лүтон аймагы боюнча өмүр бою пэр (life peer) даражасына жеткен. Эми аны “Барон Хусейн” (Baron Hussain) деп расмий аташат.
Лорд Курбан Хусейн илимий шериненин биринчи жарымына толук катышып, андан соң катышуучулардан кечирим сурап, Улуу Британиянын парламентинин жогорку үйүндөгү – Лорддор үйүндөгү отурумга кетти.
Оксфорд университетинин профессору Трой Стернберг өз баяндамасында Азиядагы эки даанышман – кыргыз даанышманы Чыңгыз Айтматов менен жапон бутпарас ойчулу Дайсаку Икэданын (02.1.1928 – 15.11.2023) айлана-чөйрөнү сактап калуу жаатындагы осуяттарын чечмелеп баяндады.
Бул эки залкардын өз ара маеги “Рух залкарлыгына мактоо ыры: Баарлашуу (Жаңырыктар менен чагылуулар)” деген аталышта англис тилинде жарык көргөн соң, бүт дүйнө жүзүндө алардын осуят сөздөрү ар тараптуу талданып келет.
(Караңыз: Ode to the Grand Spirit: A Dialogue (Echoes and Reflections), by Chingiz Aitmatov and Daisaku Ikeda, London and New York: I.B.Tauris, 2009. – ISBN 978-1-84511-987-4).
Трой Стернберг - Кыргызстандагы айлана-чөйрөнү коргоо абалын мыкты изилдеген британдык илимпоз. Теги америкалык. Ал Кыргызстандагы алтын кендерин казуу жана андан кийинки кен кыртышын кайра калыбына келтирүү көйгөйлөрү жаатында кыргызстандык илимпоздор менен биргелешип экологиялык изилдөөлөр жүргүзүп, макалалар жарыялап келет.
Дипломат Нейл Уотсон мырза Чыңгыз Айтматовдун данакер дипломат катары ишмердиги тууралуу баяндама сунуштады.
Ага Хан борборунун өкүлү Нажам Аббас өз баяндамасында Чыңгыз Айтматовдун мүйүздүү эне тууралуу уламышты кылдат колдонгон “Ак кеме” чыгармасындагы кыргыз уламыштарынын адабий каражат катары колдонулушунун өзгөчөлүгүн сыпаттады.
Айтмакчы, Нажам Аббас мырза Кыргызстанга, анын ичинде Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетине келип-кетип тургандыгын биз менен маегинде белгиледи.
Стамбулдук профессор Мехмет Өлмез (Mehmet Ölmez) болсо Чыңгыз Айтматовдун таамай сөз байлыгы тууралуу видео баяндама аркылуу кызыктуу кеп салып берди. Учурда ал Германиядагы университеттердин биринде чыгармачыл сапар менен жүрүүдө. Ал текст таануучу түрколог катары кеңири таанымал.
Азербайжан Илимдер академиясынын Низами Генжеви атындагы адабият институтунун өкүлү, профессор Мехман Гасанлы мырза Чыңгыз Айтматовдун Азербайжандын архивдеринде сакталып келе жаткан жекече каттары тууралуу өтө баалуу маалымат менен бөлүштү.
Германиядан келген илимпоз жана котормочу Ирмтрауд Гучке (Ирма Гучке; Irmtraud Gutschke) айым Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы мурдагы коммунисттик ГДРде кеңири таанымал болгондугу жөнүндө айтып келип, ошол эле учурда Батыш Германияда деле кыргыз жазуучусунун чыгармалары кыйла дурус таанылгандыгын баса белгиледи.
Гучке айым 1950-жылы туулган. Ал 1976-жылы Берлиндеги Гумболдт университетинде “Айтматовдун чыгармасындагы адам жана жаратылыш” аттуу диссертациялык эмгеги боюнча докторлук даражасын алган. Гучке жазуучу Чыңгыз Айтматов менен ондогон жылдар бою тыгыз байланышта болгон. Ал залкар кыргыз жазуучусу менен кезигишүү үчүн бир нече ирет Кыргызстанга жана Белгияга сапарга барганын, анын үйүндө далай конок болуп, кенен баарлашкандыгын биз менен маегинде билдирди.
Ирма Гучке быйыл 14-декабрда Берлин шаарында Антон Сафков китепканасында дагы бир айтматов таануу кечесине катшымакчы. Ал “Жамийланын кыздары” (“Djamilas Töchter”) аттуу даректүү тасма менен көрөрмандарды тааныштырат. Бул даректүү тасмада Чыңгыз Айтматовду шыктандырган чыныгы жана карапайым кишилер, өзгөчө анын алгачкы аңгемелеринин кейипкерлеринин прототиптери жөнүндө да сөз болот.
Тажик профессору Лейли Додыхудоева айым өз баяндамасында тажик акын-жазуучуларынын жана илимпоздорунун Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасына карата жогорку бааларын чагылдырды.
Лейли Рахимовна Додыхудоева 1976–1989-жылдары Тажикстан ИАсынын Рудаки атындагы Тил жана адабият институтунда эмгектенген. Ал 1983-жылы СССР ИАсынын Тил таануу институтунда “Шугнан тилиндеги этиштин негиздеринин тарыхы” аттуу темада диссертация жактап, тил илимдеринин кандидаты даражасына эээ болгон. 1989-жылдан тартып ал Маскөөдө (учурда – Орусия ИАсынын тил таануу институтунда) эмгектенип келет.
Беларус ырчысы, композитору жана агартуучусу Алеся Манковская (Алеся Адольфовна Маньковская; Alesia Mankouvskaya) айым көркөм кино жана театр оюну көрүнүштөрүнөн алынган мултимедиалык бай маалыматтарды көрсөтүү аркылуу Чыңгыз Айтматовдун Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы балалык чагы тууралуу кызыктуу баяндама сунуш кылды.
Алеся Манковская 1974-жылы Минск шаарында туулган. Ал Беларус мамлекеттик консерваториясындагы атайын мектепти аяктаган. Анан ал Орусияга келип, 1997-жылы Орусия Театр өнөрү академиясында “музыкалык театр өнөрпозу” адистигин алган. Ал Лондондо “аткаруучулук өнөрпоздук” адистигинде магистр дипломуна ээ болгон. Аны ыр аткаруучу, театр өнөрпозу, композитор жана педагог автор катары дурус билишет.
Алеся Манковская кыргыз кинорежиссёру Нурбек Эген да режиссёр катары катышкан “Жашыруун энбелги” (“Тайный знак”) сериалынын музыкасын жараткандыгы да белгилүү.
Жаш илимпоз Реми Канегене мырза “Айтматовдун чыгармачылыгындагы жаратылыштын эволюциясынын жана күч-кубатынын чагылдырылышы” деген темада кызыктуу баяндама жасады. Талкуу маалдында ага Жефф Лили мырза жарыялаган Чыңгыз Айтматов жана Азамат Алтай тууралуу изилдөө менен таанышууну сунуштадым.
Учурда Улуу Британияда байырлап жаткан казак боордошубуз Нурым Тайбек мырза Казакстанда студент кезинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кантип аздектеп окуп, өз ара талкуу кылган кезең жөнүндө айтып берди.
Профессор Рахима Абдувалиева Чыңгыз Айтматовго алгач сегиз жашында жолуккандыгы, анын атадай камкордук кылгандыгы жана берген баалуу кеңештери, өзүнүн айтматов таануу багытына кантип келгендиги, Европадагы өзү кезиккен даңазалуу котормочулар жана айтматов таануучулар жөнүндө кызыктуу баяндады.
Биздин баяндамабыз Чыңгыз Айтматов тоталитардык доордо кандайча жетилгендигин жана гуманисттик идеялары аркылуу бул тоталитардык түзүлүшкө каршы чыккандыгын, мурдагы Советтер Биримдигиндеги ар кыл чакан этностордун руханий таламдарын жактаган гуманисттик турумун чагылдырууга арналды.
Шеринедеги талкуу маалында Айтматов жана анын доорундагы руханий баалуулуктар, маңкурт темасы, теңирчилик, дин жана улуттук асыл нарктар ж.б. жаатында кызыктуу суроолор берилип, ар кыл жооптор узатылып жатты. Алардын бардыгын бул чакан блогдо чагылдыра албадык.
Айтор, Лондондогу айтматов таануу шеринеси, биздин пикирибизде, жаңычыл ойлор жана маалыматтар аркылуу ага катышкандардын купулуна толгондой болду. Жыйын англис тилинде өткөрүлдү.
Айтматов дүйнөсү шеринеге катышкандарды аруулап чыгаргандай сезим калды. (Айрым окумуштуулар гана британдык виза ала албай, Лондонго келе албай калган кейиштүү жагдай орун алгандыгын Рахима Абдувалиева айым бизден жашырбады).
Кыргызга да, дүйнөгө да таандык
Эсимде, тээ 2010-жылдардын ичинде, маркум жазуучу дүйнө салгандан анча көп жыл узабастан, Бишкекте айтматов таануу жаатында бир талкуу болуп калды.
Ага катышкандардын бири бизге “айтматов таануу – кыргыздардын өлкөсү бренд катары монополия кылып алышы керек болгон тармак” дегендей бир ойду айтты.
Биз ал ойго караманча каршы болдук.
Дүйнөлүк даанышмандар жана асыл-нарктар тууралуу Кыргызстанда кандайча ээн-эркин талкуу кылып жана изилдеп келсек, бүт дүйнө калктары менен илимий чөйрөлөрү дагы айтматов таануу жаатында дал ошондой ээн-эркин талдашы зарыл, деген ойду айттык. Азыр да ушул турумдабыз.
Бул – айтматов таануу жаатындагы көп илимий жана маданий тармактарды өз ара ширелткен илимий жана агартуучулук мекемелерди түзүү маселесине дагы тийешелүү.
Кыргызстандын кулуну, санскрит таануучу жана айтматов таануучу, полиглот профессор Рахима Абдувалиева англис, немис жана түрк тилдүү чөйрөлөрдө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл дүйнөсүн өз алдынча изилдеген далай татынакай иш-чараларды уюштуруп келүүдө.
Рахима Абдувалиева жетектеген чыгармачыл уюмдун айдыңдык демилгелерин ырааттуу демөөрчү катары колдоп келе жаткан казакстандык айдың жана профессор Айдар Махметов мырзаны да алкап кеткибиз келет.
Чет өлкөлөрдөгү мындай өз демилгелүү аракеттерди кыргыз коомчулугу жана бийликтери шыктандырып келишет.
Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган татынакай мааракелик иш-чараларды 1999-жылы Кэмбриж университети, ал эми 2018-жылы Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын Кыргыз кызматы да уюштургандыгы эсимде.
ЮНЕСКО, ТҮРКСОЙ жана башка эл аралык уюмдар дагы өз багытында бир катар чаралар уюштуруп келишүүдө.
Демек, расмий Бишкектин каржылоосуна байланбаган мындай эл аралык демилгелер айтматов таануу тармагынын кыйырын андан ары кеңейте берээри бышык.
Айтматов таануу аркылуу дүйнө жүзү кыргыз коомун да, көөнөргүс кыргыз мурасын да тааный бермекчи.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.