Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

"Манас" эпосунан контент жараткан жаштар


Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Манас" эпосунун күнүнө арналып белгиленген иш-чара. 4-декабрь, 2023-жыл.
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Манас" эпосунун күнүнө арналып белгиленген иш-чара. 4-декабрь, 2023-жыл.

Өлкөдөгү манасчылар "Манас" эпосунда камтылган маанилүү жалпы адамзаттык накыл ойлорду жана баалуулуктарды заманбап аудиторияга, айрыкча жаштарга жеткирүүнү көздөп келет. Учурда көркөм мурасты санариптештирүү аракетин көрүп жаткандар да жок эмес.

Кыргызстанда жыл сайын 4-декабрда "Манас" эпосунун күнү белгиленет. Быйылкы иш-чараны уюштуруучулардын бири, манасчы Нурбек Талантбеков улуттук "Манас" театры жаңы муун үчүн атайын “Манас” эпосу боюнча логикалык тиркеме иштелип жатканын айтууда.

Анын белгилешинче, бул тиркеме эпостогу каармандар эле эмес, андагы жер-суу аттары, тарыхый жерлердин аталышы боюнча да суроолорду өзүнө камтыйт.

Нурбек Талантбеков.
Нурбек Талантбеков.

"Эпос боюнча тиркемени жасоо үчүн тиешелүү адистерге буюртмаларды бергенбиз. Учурда даярдалып жатат. Буюрса аны 1,5 жыл аралыгында элге сунуштап калабыз деп турам. Бул тиркеме башка викториналык оюндар сыяктуу эле түзүлөт. Окурмандарды шыктандыруучу акчалай сыйлыктары болот. Анан эпостун күнүн кийинки жылдары масштабдуу белгилөө пландарыбыз да бар. Бүгүн 1,5 миң киши катышкан иш-чара болсо, буюрса кийинки жылы май айында борбордук аянтта 100 миң адамды топтоп, манас айтып, чоң деңгээлдеги маданий саамалык кылсакпы деп турабыз".


Буга чейин манасчылардын айрымдары Инстаграм, Фейсбук, Тик-Ток баштаган популярдуу социалдык тармактарда кызыктуу контент жаратып келген.

Алар өз өнөрүн жаңы технология жардамы менен жайылтууну үйрөнүү үчүн Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму менен биргеликте иш алып барып, 2023-жылдын июнь айынын соңунда Кемин районундагы арчалуу токой арасында уюмдун төрт күндүк семинарын өткөрүшкөн.

Анда Кыргызстандын бардык аймактарынан келген манасчылар үчүн стратегиялык пландаштыруу, медиа сабаттуулук, СММ жана мобилография боюнча сабактар уюштурулган.

Манасчылар "Интерньюстун" семинарында.
Манасчылар "Интерньюстун" семинарында.


"Интерньюста" кыргыз тилдүү медиаларды өнүктүрүү боюнча координатор Максуда Айтиева бул долбоордун максаты - манасчылык өнөрдү жаңы платформаларда даңазалоо деп билдирди.

Максуда Айтиева.
Максуда Айтиева.

“Биз “Манасты” кыргызга Жараткандан берилген оомат, дөөлөт деп билебиз. Кыргыздын ушундай маданий коддору сөзсүз түрдө контент аркылуу элге тарап турушу керек. Мунун мааниси зор, анткени атадан балага, муундан муунга өтүп, кылымдарды карытып келген улуу эпосто жашоодогу нечен жылдык мол тажрыйба, элдин руханий баалуулуктары камтылган. Ал баалуулуктарды тереңден билсек, биз өзүбүздү жакшы тааный алабыз. Бул башка элдерде жок өзгөчөлүк жана мүмкүнчүлүк. Ар бир улут өзүнүн улуттук маданий коддорун ала жүрүшү керек. Ошондуктан биз манасчыларды колдодук жана колдой беребиз”.

Бүгүнкү технология доорунда элдик көркөм чыгармаларды да заманбап ыкмалар менен жайылтуу аракети кыйладан бери айтылып келген.

Белгилүү манасчы Самат Көчөрбаев “Манас” эпосу жандуу айтуучулугу менен айырмаланган өнөр болгондуктан, басылып чыккан аудио китептери QR-коду менен болсо таасирдүү болот деген ойдо:

Самат Көчөрбаев.
Самат Көчөрбаев.

“Биз ириде бүгүн жаш муундарга “Манасты” жеткиришибиз керек. Анан аларга сөзсүз бүгүнкү заман талабын эске алуу менен, санариптик ыкмалар, ааламтордун тили менен жеткирсек жакшы болот. Жаш муунга "Манасты" жеткирүүдө жаш манасчылардын ролу зор. Алардын үнү менен айтылган аудиокитептер чыгышы керек. Мындан сырткары эпостун кыскача үзүндүлөрүн китепчелерге тексти, QR-коду менен тиркеп, таратсак деген ойдомун. Башка тилдерге да которуу актуалдуу болуп турат. Бул ишти колго алсак, биз улуттук зор дөөлөтүбүзгө анык кызмат кылган болот элек”.

Көчөрбаевдин айтымында, 2023-жылдын апрелинде өзү түзүүчүлөрдүн катарында болгон “Улуу мурас” аталышындагы хрестоматиялык жыйнак жарык көрүп, ага буга чейин нотага түшпөгөн айтыш, жоктоо, терме, санат-насыят, казал жана көлөмдүү ашыктык, арман ырлары кирген. Чыгармалар нота, текст жана QR-коду менен басылып чыккан.

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Манас" эпосунун күнүнө арналып белгиленген иш-чара. 4-декабрь, 2023-жыл.
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Манас" эпосунун күнүнө арналып белгиленген иш-чара. 4-декабрь, 2023-жыл.


Анткени менен “Манас” эпосун жаңы муунга жеткирүү үчүн колдон келген аракетин кылып келген маданият өкүлдөрү жана ыктыярчылар бар. Маселен, Бишкектеги “Тентек” анимациялык студиясы “Манас” эпосунун негизинде эки сезондон турган 10 сериялуу мультипликациялык сериал иштеп чыгышкан. Анын айрымдарын YouTube порталынан жүз миңден ашык колдонуучу көргөн.

"Манас" жөнүндө мультфильм тарткан жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:22 0:00

“Тентек” студиясынын негиздөөчүсү 28 жаштагы Жалил Муканбетовдун айтымында “Манас” эпосун жаш көрүүчүлөр арасында популярдуу кылууну максат кылып, автордук эмгекти өз командасы менен биргеликте иштеп чыгышкан жана анын алгачкы бөлүгүнө өз каражатын сарпташкан.

"Мультсериал кыска мөөнөттүү. 2020-жылы биринчи сериалы чыгып, жакшы кабыл алынды. 10 күндө эле 100 миң көрүүчү топтоду. Мультсериалдын биринчи сезонунда үч киши иштеген. Эки киши сценарий жазып, бирөөсү сүрөт тартып, анимациясын жасаган. Экинчи сезондо эпосту мульфильмге жакын кылып, татаал анимациялык стиль тандадык. Анын үстүндө он бештен отуз адамга чейин иштеди. Кээ бирлер "Манасты мультфильм кылып тартканга болбойт" дешти. Айрымдары "Силерге 100 миллиард берсе да тарта албайсыңар" дешти. Бирок биз максатыбызга жетүү үчүн колдон келген аракетти жасадык”.

"Манасты" окуп психологияга кызыктым"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:44 0:00

Ал эми журналист Шайырбек Абдрахманов бир жыл ичинде “Манасты” көрүүчүлөргө кара сөз түрүндө жатык тил менен баяндап берип, 104 сериалуу көрсөтүү даярдады. Аларды Фейсбук, Ютуб, Тик-Ток баракчалына жайгаштырган. Эми ал азыр социалдык тармактагы баракчаларынан “Семетей” эпосун айтып берип жатат.

Абдрахмановдун айтымында, Манасты баяндап берүү идеясы тегин жерден жаралган эмес. Ал учурда бөбөктөр үчүн кыргыз тилиндеги сапаттуу контенттер дээрлик жокко эсе жана азыр да аларга улуттук баалуулуктарды таанытуу маселеси көйгөй бойдон калууда дейт.

Шайырбек Абдрахманов.
Шайырбек Абдрахманов.

“Эмне үчүн "Манасты" айтуу зарылчылыгы жаралды? Азыр мына интернетти барактап көрөлү, биздин бөбөктөр көрүп жаткан мультфильмдердин көпчүлүгү англис, орус тилдеринде. Аз-маз өз тилибизде бир нерселерди жасап жаткандайбыз. Бирок бул аз да. Улуттук кийимдерди кийген, балдарга улуттук каадаларды үйрөткөн мультфильмдер жокко эсе да. Бул баарыбызды ойлондура турган маселе. Анан өкмөттү карап отура бербей колдон келишинче өз балдарымдай болгон бардык кыргызстандык бөбөктөргө пайдалуу бир нерсе кыла берейин дедим".

Кыргызстанда “Манас” эпосунун күнү сегиз жылдан бери белгиленип келет. Улуттук көркөм дөөлөткө айланган эпостун үч илтиги 2013-жылдын 4-декабрында ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине кирген. 2015-жылы өкмөттүн токтому менен “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.

Бул күнгө байланыштуу быйыл борбордогу Улуттук филармонияда миң мектеп окуучусу бир учурда манас айтты.

“Манас” эпосу “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” үчилтигинен турат. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбаковдон 1920-жылдары жаздырылып алынган 19 миң саптан жана манасчы Саякбай Каралаевден жаздырылып алынган 937 миңден ашуун саптан турган варианты классикалык болуп саналат.

2022-жылы 28-сентябрда “Манас” улуттук академиясы түзүлгөн. 2021-жылы “Манас” театры ачылып, “улуттук” макам алган, манасчылар, дастанчылар жана төкмө-акындар үчүн шарт түзүлгөн.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG