Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:58

Эстен чыкпас манас таануучу жана фолклорчу: Ыбырайым Абдыракман уулунун 135 жылдыгына


Манас таануучу Ыбырайым Абдыракман уулу (1888–1967).
Манас таануучу Ыбырайым Абдыракман уулу (1888–1967).

Өтүп бара жаткан 2023-жылы кыргыз айдыңдары даңазалуу манас таануучу жана манасчы, фолклордук мурасты жыйноочу Ыбырайым Абдыракман уулунун 135 жылдыгын белгилешти. Тарыхчынын блогу.

Сагынбайдын "Манасын" / Таамай жазган Ыбырай. / Саякбайдын оозунан / Дагы жазган Ыбырай. / Багыштын барып үйүнө, / Бүтүн жазган Ыбырай. / Байымбеттин билгенин / Бүтүн жазган Ыбырай.

Ыбырайым (Ыбырай) атанын ысымы жана тегаты тууралуу

Залкар фолклор таануучу, “Манас” жыйноочу, манас таануучу, өзү да “Манас” вариантын жаздырып калтырган Ыбырайым Абдыракман уулу (1888–1967) атанын ысымын адабиятта ар кыл түрдө жазып келишет: Ыбырайым, Ыбырай, Ибраим, ж.б.

Бул ат Тооратта, Инжилде жана Куранда эскерилген “Ибрахим” деген пайгамбардын ысымына барып такалат.

Мусулман кыргыздар бул ысымды кыскартып Ыбырай, Ыбрай, Ибрай деп да коюшчу.

Ыбырайым атанын өз атасы Абдыракмандын ысымы арапча “Абду р-Рахман” (“Айкөл Алла тааланын кулу”) деген ысымдан алынган.

Бул ысым орток чагатай жазма адабиятында арап тамгасы менен “Абду р-Рахман” деп жазылган, ал эми мусулман кыргыздар бул ысымдан “Абдыракман”, “Абдырахман”, “Абдрахман”, “Абды”, “Абдыке”, “Абдыш”, “Ыракман”, “Ыраман”, “Ракман”, “Рахман”, “Ыраке” деген жана башка түрдөгү ысымдарды жаратышкан.

Ыбырайым Абдыракман уулунун толук ысымын азыркы адабиятта “Ыбырай Абдыракманов”, “Ыбырайым Абд(ы)рахманов” деген варианттарда да жолуктурабыз. Бул кубулуш да заманбап кыргыз жазма адабиятынын өнүгүү тарыхындагы айрым өзгөрүүлөрдү чагылдырат.

Ал эми Ыбырайым атага азыркы Казыбек (мурда “Пограничник”, андан мурда Кара-Коюн) айылындагылар “-ович” деп кайрылбастан, ызаат менен “Ыбырай ата” деп гана кайрылышчу экен. Анын ылакап аты "Ак Молдо" болгон.

Биз бул ысымдардын эч бир вариантын “туура эмес” деп санабайбыз. Ар бир вариантта тийешелүү тарыхый доордогу энчилүү атты жазууга карата өзгөргөн турумдардын катмары жатат.

Ыбырайым Абдыракман уулу (1888–1967)
Чыгаан “Манас” изилдөөчү жана манасчы Ыбырайым Абдыракман уулу (1888–1967). Бул сүрөттө анын аты-жөнү “Ыбырай Абдырахманов” деп берилген.

Бала чак. Жетилген агартуучу курагы

Ыбырайым Абдыракман уулу өзү Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышындагы Жети-Өгүз аймагынын Чырак деген айылында 1888-жылы дүйнөгө келген экен. Ал кезде бүтүндөй Кыргызстан падышалык оторчулуктун өкүмү астында жашап жаткан.

Зээндүү, “куйма кулак” Ыбырайымдын бала чагы жана өспүрүм курагы элеттеги “Манас” эпосун айткан чоң жомокчуларды эл аздектеп уккан ажайып доорго туура келген.

Ыбырайым Абдыракман уулунун элдик оозеки чыгармачылык мурасына кызыгуусу эрте ойгонгон.

“Манас” эпосуна кантип дилгирлене кызыгып калгандыгы жөнүндө ал өзү кийинчерээк мындайча эскерген:

"7—8 жаштарга чыгып, айылдагы балдар окуткан молдолордон окуп жүргөм. Эл кыштоого конгондо, айылдагы кары-жаштар чогулуп, "Манас" жомогун айттыруу тууралуу кеңешип, жомок айтуучу кишини атайы чакыртып алып, кезек менен ар күнү айттырышаар эле. Күүгүм киргенде кары-жаш аралаш "Манас" айттырган үйгө жык толуп, чоң балдар илгери отуруп, мен улагада босогонун түбүндө керегеге сөөнүп отуруп калаар элем. Түн ортосу жакындаганда уйкулары келип, чоң балдар тарап кеткенде, тулганын түбүнө мине келип отуруп, таңга жакын жомок айтуу токтолуп, эт тартылгандан кийин кетээр элем...”

Ал жаштайынан эле Көл кылаасындагы бир катар чоң жомокчулар айткан “Манас” варианттарын уккан.

Ыбырайым атанын багына XX кылымдын башында кырым татарлары, эдил татарлары жана башкырлар алгач демилгелеген “жаңы усул” (жадитчилик) мектебинен окууну буюрган экен.

Курандын сүрөө жана аяттарын курулай жаттатпастан, терең айдыңдык билим да сунуштаган жадиттик мектептердин бирин 1905-жылы Каракол шаарында аяктаган Ыбырайым, демек, Кеңеш өкмөтү курула электен алда канча мурда эле сабаттуу болгон жана башкаларды да окута баштаган улуу муундун агартуучу өкүлү болуп калган.

Жадитчилерден Ыбырайымга чоң “вирус” жуккан. Ал – башкалардын да сабатсыздыгын жоюуга кол кабыш кылууга дилгирликтин “жагымдуу вирусу” болчу.

Ал 1905–1916-жылдары өзү байырлаган Жети-Өгүздө мугалим болуп иштейт. Андай агартуучуларды көчмөн кыргыздар “жаңы молдоке” деп урматташкан. Ыбырайымды да “Ак Молдо”, “Молдоке” деп ызааттап атап калышкандыгы – ошол салттын бир көрүнүшү.

Ыбырайым ("Ак Молдо") 1916–1920-жылдар аралыгында Ат-Башы өрөөнүндө да мугалимдик кесипти аркалаган.

Ыбырайым ата Кеңеш бийлиги орногондон кийинки заманда Алматы шаарында (1920) жана кийин Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында (1926–1927, 1928) мугалимдик курстарда да окуганы, кийинчерээк, 1939-жылы Фрунзедеги педагогика институтуна караштуу эки жылдык мугалимдер факултетин бүтүргөндүгү маалым.

Демек, чыныгы агартуучу катары ал өмүр бою өз билимин арттырып, улам жаңы алфавитти өздөштүрүп жүргөн.

Ыбырайым Абдыракман уулу (Ак Молдо).
Кыргыз эл фолклордук чыгармаларын жыйноочу Ыбырайым Абдыракман уулу (Ак Молдо).

Эпос таануучу жана “Манас” эпосунун вариантын кагазга түшүрүүчү

Ыбырайым Абдыракман уулунун элдик фолклордук мурасты жазып калтырууга белсене киришүүсү 1922-жылы кыргыздын залкар манасчысы Сагынбай Орозбак уулунун (1867–1930) айтуусундагы "Манас" вариантын кагаз бетине түшүрүүсү менен башталган.

Адатта, Ыбырайым атага бул жаатта түрткү болгон башка бир залкар фолклор таануучунун ысымы көлөкөдө кала берип жүрөт. Ал – теги башкыр болгон чыгаан кыргыз фолклор таануучусу Каюм Мифтаков (Каюм Гайнан улы Мифтахов; 28.6.1892 – 05.10.1949).

Падышалык Орусияга караштуу Башкортостан аймагында Насибаш айылында туулган бул чыгаан түрколог 1916-жылдан тартып Кыргызстанда байырлаган жана 1922-жылдан тартып "Кара кыргыз эл адабиятын жыйноо ийриминин" жетекчиси болгон.

Албетте, Түркстан АССРинин башкеңсеси Ташкенде жайгашкан Түркстан илим комиссиясы да алгачкы демилгечи уюм болгондугун жана өп-чап болсо да жогорудагы ийримди каржылоого баштапкы көмөкчү болгондугун эскерте кетүү абзел.

Ошол 1922-жылы Каюм Мифтаков бул ийримдин мүчөсү Сапарбай Сооронбай уулу менен бирге Ички Теңир-Тоого – Нарын үйөзүнө фолклор таануу сапарына аттанышкан. Аларга Ыбырайым Абдыракман уулу менен Чаки Каптагай уулу да кошулат.

Дал ушул төрт кишилик топ манасчы Сагынбайдын "Манасын" жазуу ишин эң алгачкы болуп баштаган.

Сагынбай Орозбак уулу
Залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулу.

Боз үйдүн шартында бул жазуу ишин Ыбырайым ийкемдүү алып кеткендигин кийинчерээк Каюм Мифтаков да мындайча ыраазы боло белгилеген экен:

"...Тизеге жаздык алып, үстүнө батнос коюп жаза баштадым. Бир нече бет жазгандан кийин калем сапты, жаздык, батносту Ыбырайга берип, өзүм Ыбырайдын бир нече бет жазганын карап отурдум. Анын колу, каты (каллиграфиялык жактан сулуу жазган ыкмасы) мага абдан жакты".

Кийинчерээк Түркстан АССРинин (30.4.1918 – 27.10.1924) өкмөтүнө караштуу Түркстан илим комиссиясы “Манас” эпосунун Сагынбай айткан вариантын кагазга түшүрүү иш-аракетине салкын мамиле жасап калган. Анын үстүнө 1924-жылдын соңунда бул чөлкөмдүк автономия биротоло ыдырап кеткен.

Дал ошол кезеңде манасчы Сагынбай менен анын чыгармасын катка түшүрүп жаткан фолклор таануучу Ыбырайым Абдыракман уулу өтө олуттуу кыйынчылыктарга туш болушкан.

Бул жөнүндө манасчы Сагынбай Орозбак уулу мындайча баяндаган:

Арстан Манас жомогу

Жазылып, болду тамамы.

Көз салбастан дурустап

Кетирдиңер чамамы.

Жазган молдо Ыбырай

Калем тартып жадады.

Айткан акын Сагынбай

Жүдөп бала-бакырам

Жүздөрүн үйрүп карады.

Жазган молдо Ыбырай

Жаш акты эки көзүнөн,

Айткан акын Сагынбай

Адашты акыл-эсинен,

Өзгөчө кылдык эмгекти

Көпчүлүктүн ишинен.

Ыбырайым Абдыракман уулу, ушундай каржылык каатчылыкка карабастан, залкар манасчы Сагынбай менен кошо Кочкор менен Ат-Башыда ары-бери көчүп-конуп жүрүп, төрт жылдын ичинде (1922–1926-жылдары) "Манастын" Сагынбайга таандык вариантынын көлөмдүү биринчи бөлүмүн жазып бүтүргөн.

Айтмакчы, Сагынбай Орозбак уулу өз үй-бүлөсүн багуу максатында эл аралап "Манас" айтууну уланта берген.

Орто жолдо 1925-жылы манасчы жана анын сөзүн катка түшүрүүчү Ташкенге да барышкан, бирок ал жакта Сагынбай манасчы айтылуу Эшенаалы Арабай уулунан “билгениңизди тезирээк эле айта салбайсызбы” дегендей мааниде кагуу жеген жана жаш Касым Тыныстан уулунан адилетсиз сын уккан.

Залкар манасчы Сагынбай ошондон кийин эпостун айрым үзүндүлөрүн анчейин көңүлсүнбөй айткандыгын Ыбырайым Абдыракман уулу эскерген экен:

"Сагымбай баштагыдай көөндөбөй коюп, мен жалынып бергенде айтып бергенде, (ошону) жаздым. 1926-ж. "Манасты" жазып бүттүк. "Чоң казаттын" урушун, "Манастын" өлүмүн эң тар кылып жаздырды. Мен канчалык жабышып айтсам дагы болбой, менин билгеним ушул — деп болбоду”.

Жалпысынан, Сагынбайдан эле жазылып алынган тексттердин көлөмү 180 378 сап ырды түзгөн эле.

Сагынбай Орозбак уулу Ыбрай Тойчинов (1901–1936) менен. 1925-жыл.
Манасчы Сагынбай Орозбак уулу Кара-Кыргыз автоном облусунун ревкомунун төрагасынын орун басары Ыбрай Тойчинов (1901–1936) менен. 1925-жыл.

Дегиңкиси, залкар манасчынын вариантынын орчун бөлүгүнүн кагазга түшүрүлүшү – Ыбырайым үчүн гана эмес, ага көнүп ырааттуу айтып берип отурган Сагынбай манасчы үчүн да зор чыгармачыл эрдик болуп саналат (бул айдыңдык каармандык тууралуу кийинки бардык манас таануучулар ыраазы боло эскерип келишет).

Албетте, Ыбрай Тойчинов (1901–1936) сыяктуу кыргыз мамлекеттик ишмерлери да Сагынбай манасчынын мурасын катка түшүрүү ишине зор көңүл бөлүшкөндүгүн кошумча айта кетүү абзел.

Ыбырайым атанын кол жазмасынан бир шиңгил

Арап жазмасында да күжүлдөп кыргыз маданияты өрүш алып тургна доор да болгондугун азыркы жаш муундарга көрсөтүү үчүн бир Ыбырайым Абдыракман уулунун колу менен кыргыз тилинде (арап жазмасында) жазылып сакталып калган кол жазманын бир бетин өрнөк катары сунуштамакчыбыз.

Айтмакчы, бул арап алфаитиндеги кыргызча кол жазма жадитчи кыргыздардын башка да тексттерине окшош (мында 1924-жылы реформаланган кыргыз арап алфавитине чейинки “чагатайлык орток” белгилер арбын сакталган).

Манас таануучу Ыбырайым Абдыракман уулунун колу менен жазылган текст.
“Манас” эпосунун Сагынбай Орозбак уулунун айтуусундагы вариантынын Ыбырайым Абдыракман уулунун колу менен кыргызча (арап арибинде) жазылган үзүндүсүнөн өрнөк. Кыргызстан УИАсынын Кол жазмалар корунда сакталган №295 кол жазманын 15-бети.

Ата уулудан сабыркап,
Араң бирден калыптыр.
Калганың келгин бери деп,
Калгандар сүйлөп алыптыр,
Кара кыргыз уругу,
Кадимден шондой калыктыр,
Калк бузулуп (текстте: бусулуп) жатканда
Кабылан Манас (текстте: Маназ) барыптыр.
Кырк чоросу дүркүрөп (текстте: дүңгүрөп),
Кыргыл (текстте: Кыркыл) чалы күркүрөп,
Аккула минип болкоюп,
Накери бутта чойкоюп,
Ак найза (текстте: Ак найса) колдо болкоюп,
Кылыч белде кыңгырап,
Айбалта жанда шыңгырап,
Сыр найза (текстте: сыр найса) колдо зыңгырап (текстте: сыңкырап),
Аккелте жондо жаркылдап,
Ала байрак, сур желек,
Асабасы жалпылдап,
Аралап колго киргенде...

(15-беттеги тексттин соңу).

(Булак: “Манас” эпосунун залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун айтуусундагы вариантынын манас таануучу Ыбырайым Абдыракман уулунун (1888–1967) колу менен кыргызча (арап арибинде) жазылган бул тексти азыркы тапта Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясына караштуу Кол жазмалар корунда №295 кол жазма катары сакталган. Жогорудагы текст анын 15-бетинен алынды).

Албетте, бул текст, баары бир, кыргыз тарабынан жазылгандыгы жана түздөн-түз кыргыз тилине кызмат кылгандыгы андагы "жим" сыяктуу ариптердин көтөргөн жүгүнөн (кайсы тыбышты чагылдыргандыгынан) улам айкын билинет.

Окурмандардын назарына сала кетсек, азыркы тапта бул кол жазманы Бишкек шаарына (анын ичинде Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясына караштуу Кол жазмалар коруна) барбастан эле дүйнөнүн каалаган булуң-бурчунан ачып изилдей аласыздар.

Интернеттеги дареги (URL): https://manuscript.bizdin.kg/рукопись/Манас-Алмамбеттин-Бээжинге-жөнөгөнү-С-Орозбаков/

“Кыргызстан–Сорос” корунун колдоосу менен жарыяланган бул санариптештирүү долбоору алкоого татырлык заманбап иш болду.

Ыбырайым Абдыракман уулу (Ак Молдо).
Ыбырайым Абдыракман уулу (Ак Молдо). Архив.

Арийне, санариптештирүү жана интернетте жарыялоо жаатындагы бул өзгөчө маанилүү ишти ырааттуу улантуу, айрым өксүктөрүн оңдоо абзел. Бул ишке текст таануучуларды, булак таануучуларды да тартуу абзел.

Жогорудагы булакты жарыялоодо, маселен, арап тамгасындагы кыргызча тексттин 13-бети төмөн жагы өйдө карап (тескерисинен) жарыяланып калган экен. Ушунча коомдук уюмдар аралашкан маанилүү жумуштагы мындайча техникалык өксүк – өтө өкүнүчтүү.

Дагы бир кошумчалаарыбыз – бул интернеттик даректеги текст толугу менен латын ариптери аркылуу жазылса дурус болмок, себеби кирил жазмасындагы “Манас-Алмамбеттин-Бээжинге-жөнөгөнү-С-Орозбаков” деген бөлүктөгү тамгалык символдор даана окулбастан, ар бир тамгасы чубалжыган төмөнкүдөй узун жана түшүнүксүз белгилер чынжырына айланып калат экен:

Караңыз: https://manuscript.bizdin.kg/%D1%80%D1%83%D0%BA%D0%BE%D0%BF%D0%B8%D1%81%D1%8C/%D0%9C%D0%B0%D0%BD%D0%B0%D1%81-%D0%90%D0%BB%D0%BC%D0%B0%D0%BC%D0%B1%D0%B5%D1%82%D1%82%D0%B8%D0%BD-%D0%91%D1%8D%D1%8D%D0%B6%D0%B8%D0%BD%D0%B3%D0%B5-%D0%B6%D3%A9%D0%BD%D3%A9%D0%B3%D3%A9%D0%BD%D2%AF-%D0%A1-%D0%9E%D1%80%D0%BE%D0%B7%D0%B1%D0%B0%D0%BA%D0%BE%D0%B2/

Азыркы тапта Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Кол жазмалар корунда (фондунда) сакталган “Манас” эпосу боюнча көптөгөн кол жазмалар интернетте илинип турат (https://manuscript.bizdin.kg /категория/Манас-фонду/).

Ушуга каниеттенип калбастан, анын сапатын улам арттыра берүү зарыл.

Манасчы Сагынбайдын айтуусундагы “Макел-дөө” жомогу.
Манасчы Сагынбай Орозбак уулунун айтуусундагы “Макел-дөө” жомогу басмага Ыбырайым Абдыракман уулу тарабынан даярдалып, кыргыздын латын арибинде жарык көргөн. 1941-жыл.

Фолклор таануучу илимпоз

Ыбырайым Абдыракман уулу 1935–1960-жылдардын аралыгында Кыргыз Тил жана адабият илим изилдөө институтунун (кийинчерээк – Кыргызстан Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун) илимий кызматкери болуп иштеген.

Ал, дасыккан фоклор мурасын жыйноочу катары, залкар манасчы Саякбай Карала уулунан дагы "Манастын" вариантын ("Манас", "Семетей", "Сейтек" бөлүктөрүнүн айрым эпизоддорун) кагазга жазып, илимий чөйрөгө калтырган.

Андан тышкары ал “Манас” эпосунун ар кыл манасчылардан жазылып алынган айрым бөлүктөрүн басмага даярдоого да салым кошкон. Алардын арасында Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча – “Манастын бала чагы” (1940), “Алооке кан” (1941), “Макел дөө” (1941), “Чоң казат” (1944) үзүндүлөрү, Саякбай Карала уулунун варианты боюнча – “Каныкейдин баяны” (1944), Акмат Рысменде уулунун варианты боюнча – “Үргөнч” (1944); Тоголок Молдонун (Байымбет Абдыракман уулунун) варианты боюнча – “Семетейдин Букардан Самарканда кайтышы” (1941) үзүндүсү бар.

Ыбырайым ата кыргыздын башка чакан эпосторунан (маселен, "Төштүк" эпосу) варианттарды жыйноого жана кагазга түшүрүүгө да зор салым кошкон.

Саякбай Карала уулу, Тоголок Молдо жана Ыбырайым Абдыракман уулу. 1930-жж.
Саякбай Карала уулу, Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу) жана Ыбырайым Абдыракман уулу (оңдон солго). 1930-жж.

Жазгыч манасчы жана фолклор таануучу илимпоз катары изи

Ыбырайым Абдыракман уулу "Манас" эпосунун айрым эпизоддорун эл алдында аткаруу менен бирге бул үчилтиктин үч бөлүмү боюнча өз вариантын дагы жараткан.

Албетте, ал XX кылымдын ортосуна карата мыкты сабаттуу болгон, ар кыл эпос таануу илим жаңылыктарынан кабардар болгон. “Манас” эпосунун элдик мурас катары сакталып калышы үчүн илимпоздук салымын да кошкон.

Кыргызстандын Илимдер академиясынын Кол жазмалар корундагы ар кыл алфавиттерде жазылып сакталып турган “Манас” эпосунун варианттарын өзү иргеп окуган. Оозеки айтылчу “Манас” варианты китеп бетинде өзгөрүп калаарын ал өзү басмага текст даярдаган илимпоз катары мыкты аңдаган.

Мындан тышкары Ыбырайым Абдыракман уулу Советтер Биримдигиндеги коммунисттик цензурага ылайык болбогон айрым жагдайларды аргасыздан көмүскөдө калтырып кетүү зарылдыгын да дурус аңдаган.

Албетте, ал кылымдар карытып келген эпостук сюжеттин негизги ыргагын, андагы кейипкерлерди бурмалоо аракетин эч жасаган эмес.

Ошондуктан Ыбырайым Абдыракман уулу даярдаган "Манас" эпосунун варианты салттык өзөктөн олуттуу деле айырмаланган эмес. Дал ушул жагынан ал вариант дагы илим үчүн баалуу.

Анын үстүнө анын жалпылама вариант жазуу аракети “Манас” эпосун суук көздөн (бул элдик мурасты 1950-жылдары идеологиялык жактан таштандыга ыргыткысы келген жана өздөрүн “таза коммунист” санаган бир тараптуу цензурачылардын чабуулдарынан) сактап калуу аракети катары да анын атуулдук эмгегинин мөмөсү болуп саналат.

Ыбырайым Абдыракман уулунун 1935–1960-жылдары "Манас" эпосунан тартып элдин тарыхый, маданий көркөм мурастарын мыкты билген жыйноочу илимий кызматкер катары Тил жана адабият илим изилдөө институтунда (кийинчерээк Кыргызстан ИАсында) иштеген маалы, демек, супсак сөздөр менен гана жазылып чектелбеши керек.

Бул жылдар – Ыбырайым Абдыракман уулунун кыргыз фолклорунун көөнөргүс мурасын сактап калуу үчүн идеологиялык, агартуучулук, нускоочулук күрөш жүргүзүүсүнүн олуттуу жылдары болгон.

Анын катасын таап, абакка салуу же кызматтан айдоо үчүн ынтызар кишилер ошол доордо кыйла көп болсо керек, деп түкшүмөлдөй алабыз.

Ыбырайым жана Муктар – кош залкар

Албетте, Ыбырайым Абдыракман уулунун айдыңдык көрөңгөсүнө таянган жана маашырланган залкар инсандар да болгон. Алардын бири – казак эл жазуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Казакстан Илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Муктар Оморкан уулу Ауэзов (Мұхтар Омарханұлы Әуезов; 1897–1961) эле. (Анын тегатын кыргызча Авезов деп жазсак деле болчудай).

Алар эң алгач 1927-жылы Бишкекте Токчоро Жолдошовдун (1903–1937) үйүндө жолугушкан. Ал кезде (1927–1929-жж.) Т.Жолдошов Кыргыз АССРинин эл агартуу комиссариатына караштуу Академиялык борбордун башчысы болуп иштеп жаткан.

Чыгаан манас таануучу жана агартуучу Зияш Бектенов (23.10.1911 – 21.10.1994) Ыбырайым Абдыракман уулунун Муктар Ауэзов менен баарлашуусу жөнүндө мындайча эскерген:

“1922–1923-жылдарда “Манас” жомогунун үч бөлүмүн бүт билген кыргыз арасында үч жомокчу чал бар. Тез аранын ичинде алардын ооздорунан билген “Манас” (варианттарын) жазып калбасак, кокус алар каза болуп кетишсе, “Манас” жомогу ошол карыялар менен көргө кошо кетет”, – деп, Ташкенттеги кыргыз, казак илимий комиссиясы сөз кылып жүргөнүн кулагым чалган эле. Жаңылбасам, ал чалдар жөнүндө “Ак-Жол” газетасына Магжан Жумабаев тарабынан да жазылган болсо керек эле. Ошол чалдын бирөө Сагымбай (Сагынбай) Орозбак уулу дейлик. Ал эми калган эки манасчы чал кимдер эле?” – деп, Мухтар Оморханович Ыбырай Абдрахмановдон сурап калды. Ыбырай Абдрахманов революцияга чейинки чоң манасчылардын көбүн өз көзү менен көрүп, алардын аткарган “Манас” (варианттарын) өз кулагы менен уккан жана Сагымбай Орозбак уулунун оозунан “Манастын” биринчи бөлүгүн бүт жазган киши эле.

– Сиз туура айтасыз, Мухтар Оморханович. Ал үч чалдын бири – Сагымбай Орозбак уулу. Экинчиси – Көл башындагы Чоюке манасчы. Үчүнчүсү дагы көлдүк атактуу Дыйканбай манасчы эле. Дыйканбай 1923-жылда, Чоюке 1925-жылда каза болуп калышкандыктан, алардын ооздорунан эч кандай “Манас” (варианты) жазылбай калды, – деди Ыбырай. […]

...[Муктар Ауэзов] көздөрү өтүп кеткен кыргыздын атактуу жомокчулары: Келдибек, Балык, Тыныбек, Чоюке, Акылбек, Дыйканбай, Сагымбайдын өмүр баяндары, алардын “Манасты” аткаруудагы өзгөчө ыкмалары, бөтөнчөлүктөрү жөнүндө алардын айткан “Манас” (варианттарын) өз кулагы менен уккан манасчы Ыбырай Абдрахмановдон көп сурап, ал сүйлөп жатканда, ага кошумча суроолор берип, анын айткан сөздөрүнүн кээ бир жерлерин жазып отурар эле.

– Башка манасчыларды көрбөгөнүм жана алардын аткарганын өз кулагым менен укпагандыгым кечиримдүү го. Бирок Сагымбай Орозбак уулу 1930-жылы гана каза болгон экен. Мен Фрунзеге 1928–1929-жылдарда жылыга эки-үч айлап келип, Базаркул Данияровдун үйүндө жатып жүрүп, Сагымбайдын өзүнө бир жолу жолугуп, анын аткарган “Манасын” өз кулагым менен укпай калганыма катуу өкүнүчтөмүн, – дээр эле Мухтар Оморханович.”

(Караңыз: Классикалык изилдөөлөр жана тексттер: Зияш Бектенов / Түзгөндөр: М.Көлбаева, З.Кулбаракова; илимий ред. А.Акматалиев. Бишкек: “Полиграфбумресурсы”, 2018. – 420–421, 424-беттер. Тексттеги "чал" сыяктуу сөздөр өзгөртүүсүз берилди).

Кийинчерээк да Ыбырайым Абдыракман уулу менен Муктар Ауэзов (Авезов) бири-бирин өзгөчө жогору урматтаган чыгармачыл инсандар жана “Манасты” сактап калуудагы үзөңгүлөштөрдөн болушту.

Айдыңдын соңку жылдары жана айылдагы бейити

Илимпоз Ыбырайым Абдыракман уулунун ардагерликке чыккандан кийинки өмүр жылдары Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Казыбек айылында өттү. Бийик тоо этегиндеги бул айыл Советтер Биримдиги ыдыраганга чейин “Пограничник” деп орусча аталып келди. (Айылда, мен билгенден, орустар деле жашаган эмес. Балким, 1920–30-жылдары Торугарттагы чек арачылардын кайсы бир тобу үчүн мында кышкы кошумча башпаана жайы курулгандыр?).

Бул айылдан кыйла батышыраакта айтылуу орто кылымдык Таш-Рабат кербен сарайынын калдыгы жайгашкан.

Ал эми айылдын 1993-жылдан тартып Казыбектин ысымын алып калышы – сталиндик доордо жазыксыз запкы чеккен жана өмүрү мезгилсиз кыйылган айтылуу акын Казыбек Мамбетимин уулунун (1901-1936) ысымынын акталышы менен байланыштуу болду.

Акын Казыбек бул айылдан түштүгүрөөктө Келтебек (Келтебик) жергесинде жарык дүйнөгө келген. Анын “бадышаны кулатып, бартияны кан (хан) кылдык” деген ыр саптары партократияны айыптаган алгачкы диссиденттик ойду чагылдырган.

Менин жездем Жумадил жана күйөө балам Кубанычбек ушул Казыбек айылынан болушат, ошондуктан Кара-Коюн суусунун боюндагы бул айылга 1970-жылдардан тартып байма-бай каттадым.

Казыбек айылындагылар Ыбырайым атаны “Ак Молдо” жана “Ыбырай ата” деп өзгөчө урматташканын жогоруда жаздык. Бул айылдагы Ыбырайым ата тууралуу далай алкыш сөздөрдү Жумадил Алымкожоев, Төлөгөн Томотоев, тарых мугалими Абдысак Курманалиев сыяктуу аксакалдар, Муса Жаныбек уулу Мамбеталиев деген тилчи инибиз ж.б. айткандары эсте.

Ошондой болсо да Ыбырайым ата эмне үчүн өмүрүнүн соңку жылдарын Көлдөгү Чырак айылында эмес, Ат-Башынын эң алыскы батыш өңүрүндөгү Казыбек (Пограничник) айылында өткөргөндүгүнүн себебин анчейин биле бербейм.

Ыбырайым Абдыракман уулуна арналган аза каты. 1967-ж. апрели.
Чыгаан манас таануучу, манасчы, фолклор таануучу Ыбырайым Абдыракман уулу каза болгондо жарыяланган аза каты. “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезити. 1967-жылдын апрели. (Маркумдун ысымы мында "Ыбырайым Абдырахманов" деп берилген).

Балким, Көлдөгү анын эң жакындарынын катары 1916-жылдагы Улуу көтөрүлүш жана андан кийинки азаптуу Улуу Үркүн маалында же 1930-жылдардагы алааматтуу жазалоо жылдары суюлгандыр?

Ыбырайым атанын бир арманы – артында туягы калбагандыгы болгон экен, деп да уктум.

Айылдын чоң көрүстөнүндө Ыбырайым Абдыракман уулу өзүнүн көзүнүн тирүүсүндө (алдын ала) болочокку бейитине эстелик тургузган. Бул жөнүндө тарыхчы Аман Турдакунов агабыз да коомчулук алдында кеп салганы бар (төмөндөгү тасмада).

Элдик эстутум

Кыргызстандын заманбап кыргыз тануу жана манас таануу илимий тармактары менрен алектенген илимпоздор жана жалпы эле айдыңдар Ыбырайым Абдыракман уулунун жаркын элесин ар дайым эскерип келишет.

Бул жалпы сөздү чечмелеп, мисалдарга өтсөк, маркум Аалы Молдоканов (1951–2020), азыркы тапта китепти басмадан чыгарып, интернеттеги коомдук тармактарда байма-бай блог (макала) түрмөгүн жарыялап келе жаткан Нарынбек Абыл уулу Өскөналиев сыяктуу агайларымдын ысымдарын өзгөчө урмат менен атап кетким келет.

Маркум Аалы Молдоканов агабыз 2018-жылдын октябрында (тогуздун айында) Ыбырайым (Акмолдо) атанын 130 жылдык мааракесин белгилеп, анын арбагын эскерүү мүдөөсүндө Казыбек айылына жасалган сапар тууралуу мындайча маалыматы менен бөлүшкөн:

“13-октябрда Акмолдо атабызга тайынып келели деп, Бишкектен барган Академиянын Кол жазмалар бөлүмүнүн башчысы Мурат Мукасов, Улуттук университеттин доценти Ишенбек Султаналиев, [Кыргыз-Орус] Славян университетинин профессору Аттокур Жапанов, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Ысмайыл Кадыров, Айыл чарба академиясынан тарыхчы Аман Турдахунов болуп айыл элинин ынтымагына, Нарынбектин намыскөйлүгүнө ыраазы болуп, молдокем сакайтмакчы болуп Алыкулду алып жүргөн жерлерди көрүп таазим кылып, бир чети эс алып кайттык”.

Мында сөз кылынган Нарынбек – казыбектик айдың Нарынбек Өскөналиев.

Быйыл Нарынбек Өскөналиев агабыз Ыбырайым Абдыракман уулунун 135 жылдыгына арнап интернеттеги коомдук тармактарда жарыялаган блогдордун саны Кыргызстанда бул атабыздын мааракесине арналган автордук блогдордун ичинен рекорддук көрсөткүчтү түздү окшойт.

Тасма. Ыбырайым Абдыракман уулу тууралуу китептердин бет ачары жөнүндө баян. (Мында таанымал манасчы Дөөлөт Сыдыков да “Манастан” үзүндү айтат). Балдар айылы. 19.2.2019.

Дал ушул ишмердиги үчүн Нарынбек аганы үлгүлүү инсан деп баалай алабыз. Жалаң Нарын аймагынан эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандан чыккан жаңы байлар быйыл Нарынбек Өскөналиев агабыздын Ыбырайым атанын элесин эскерүүгө арналган жарандык демилгелерин колдоого алууга үлгүрүшкөн жок... Бийлик тарабынын туруму жөнүндө үн катпай эле коёюн...

Уучубуз да куру эмес. Ыбырайым атанын чыгармачыл мурасы тууралуу кабарды жайылтууга салым кошуп келе жаткандардын бири – илимпоз, энциклопедиячы, блогчу, профессор Аттокур Жапанов 2020-жылы 6-мартта “Фейсбукта” Ыбырайым ата тууралуу мындайча жазган:

“Тоодой эмгек кылып, толгон сыйлыктарды алып, ал кездеги туташ сабатсыз кыргыздардан чыккан сейрек билимдүү адам. Анын чыныгы орду Арабаев менен Тыныстановдун жанында. Профессор Эсенбек Мамбетакунов айткандай – кыргыз Ломоносову. Эгер Ыбырай молдо болбосо, манасчылардын төрөсү Сагынбайдын Манасы болмок эмес. Саякбай, Шапак, Тоголок Молдо, Молдобасан, Багыш, Жаӊыбай, Акмат, Жакшылык ж.б. манасчылардын варианттары жазылбай, жазылса да, толук болбой калмак...” – деп Аттокур Жапанов жазган.

2021-жылы 11-октябрда Аттокур Жапанов “Бир эстелик тургуза алган жокпуз...” деген терең өкүнүчүн да билдирген.

"Эр Төштүк" энциклопедиясы. 2023.
"Эр Төштүк" энциклопедиясы. Бишкек, 2023.

Албетте, Кыргызстандагы расмий окуу китептер, энциклопедиялар жана жалпы айдыңдар Ыбырайым атанын салымдарын сөзсүз түрдө белгилеп келишет.

Бишкектин түштүк ыптасындагы Чоң-Арык кыштагында Ыбырайым Абдырахманов атындагы көчө бар.

Бирок азырынча өлкөбүздө анын айкели тургузула электиги да чын. Бул жаатта маркум Аалы Молдоканов агабыз чучукка жеткендей айткан экен:

Үч доорду көрүп, үч облуста жашап, үч алфавитте жазып, 700 басма табак (кеминде 25 том) мурас калтырып, кайран гана кыраакы молдокем, көзү тирүүсүндө эле түбөлүк жатчу жайын каздырып, өзүнө таштан эстелик жасатып кеткен экен. Биз ага бир эстелик коё албасыбызды билсе керек!..

Мээнеткеч Ыбырайым атанын чыгармачыл мурасы Кыргызстандын бүгүнкү манас таануу жана фолклор таануу илим тармактарынын пайдубалындагы орду эч алмашкыс болгондой мыкты коюлган кирпичтей түбөлүккө аздектелип кала бермекчи. Ата-бабаларыбыздын “кирпич” сөзү Махмуд Кашгари Барскани бабабыз тарабынан мындан дээрлик он кылым илгери эле ал түзгөн сөз жыйнакта катталган).

Демек, Ыбырайым Абдыракман уулу кыргыз тарыхына өлбөс-өчпөс из калтырып кетти. Башкасын айтпаганда да, анын карандай эмгегисиз кыргыздын залкар “Гомерлеринин” бири Сагынбай Орозбак уулунун “Манас” варианты заманбап илим чөйрөсүнө үзүл-кесил гана деңгээлде, бөксөртүлүп дайын болуп калмак. Ыбырайым атанын башка да чыгармачыл мурастарынын ар бири – көөнөргүс.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG