Иранда былтыр сентябрда башталган нааразылык акцияларынын дагы эки катышуучусу дарга аcылганы 7-январда маалым болду. Ушуну менен акцияга катышкан төрт адам өлүм жазасына тартылды. Эл аралык коомчулук үрөй учурган окуяны айыптап, Тегеранды өз жарандарын катаал жазага тартууну тезинен токтотууга чакырды. Махди Карами менен Саид Мохаммад Хоссейниге "аскер кызматкерин өлтүргөн" деген айып тагылган. Экөө тең күнөөнү четке кагып, түрмөдө кыйноо көргөнүн айтышкан.
Европа Биримдигине улай эле АКШ Иранда бийликке каршы тутанган жапырт нааразылыкка катышкан эки кишинин эң жогорку жазага тартылганын айыптады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайс үрөй учурган окуяны “жасалма сот жараяндарынын өкүмү” деп кескин айыптады.
“Өлүм жазасына тартуу саясий режимдин нааразылыктарды басуу аракетинин ачкычы. Иранда аёосуз репрессияны ишке ашырып жаткандарды жоопко тартуу үчүн өнөктөштөр менен иштешип жатабыз”, – деп жазды Нед Прайс Твиттерге.
Европа Биримдигинин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррель Брюссел Тегерандан келген кабарга “нес болгонун” билдирген.
“Бул иран бийлигинин элдик демонстрацияны аёосуздук менен басып жатканынын дагы бир белгиси”, – деди Боррелдин кеңсесинин басма сөз өкүлү.
“Евробиримдик Тегеранды нааразылыкка чыккандарга өлүм жазасын чегерүүнү, аны ишке ашырууну тезринен токтотууга чакырат”, – деп айтылат билдирүүдө.
3-январда Ирандын Жогорку соту айыпталуучулардын аппеляциялык арызын карап, эң катаал жазаны күчүндө калтырган. 22 жаштагы Махди Карами менен 39 жаштагы Саид Мохаммад Хоссейниге сот былтыр декабрдын башында өлүм жазасын чегерген. Экөө тең күнөөнү четке кагып, түрмөдө кыйноо көргөнүн айтышкан. Алар өздөрү жактырган адвокаттарды жалдап, коргонуу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алган эмес.
Дагы караңыз Акцияга колдонулган алгачкы катаал жаза: Иранда активист дарга асылдыПрокурорлордун версиясына караганда, Карами жана Хоссейни башкалар менен биригип алып армиянын офицерин жылаңачтап алып кордоп өлтүргөн. Алар муну менен көчөдөгү кагылыштардын биринде аскерлердин колунан көз жумган теңтушунун өчүн алган. Бул иш боюнча үч кишиге өлүм жазасына өкүм чыгып, 11 адам абакка кесилди.
Тегерандагы адвокат Мохаммад Агаси Караминин атасынын айтканына таянып, ал уулу менен “акыркы жолу көрүшкөнүн” билдирди. Адвокат ошондой эле сот ага Караминин укугун коргоого уруксат бербегенин, бул Жогорку соттун бардык айыпталуучулар өзүнүн мыйзамдуу өкүлүн тандоого укуктуу деген билдирүүсүнө каршы келерин айтты.
Хоссейнинин адвокаты болсо айыпталуучуну түрмөдө аёосуз сабап, такай көзүн таңып коюшканын маалымдады.
«Аны ток менен урдуруп, эшилген зым менен сабап кыйнашты», - деди адвокаттардын бири Али Шарифзаде Ардакани.
Активисттердин HRANA тобу Карами соттун чечимине жана адвокат тандоо укугунан ажыраганына каршылык иретинде 4-январдан тарта Караж түрмөсүндө ачкачылык жарыялаганын анын адвокатына таянып билдирди.
Укук коргоочу эл аралык уюмдар дагы Иранда жапырт нааразылык акцияларынын катышуучулары “жасалма сот жараяндарынын” чечими менен өлүм жазасына кириптер болуп жатканын кескин айыпташат. Алты күндө үч сот отуруму өтүп, өкүм чыккан.
Amnesty International уюму мындай жараяндар “соттук териштирүүгө эч бир жагынан жакындабайт” деп сындады.
"Ислам республикасы элдин жүрөгүнүн үшүн алып, ирандыктардын жаңы өзгөрүүлөрдү самаган тилегин талкалоо үчүн өлүм жазасын жана башка адам өмүрүн алган чараларды колдонууда",– деп билдирди Нью-Йоркто турган Ирандагы Адам укуктары боюнча борбордун аткаруучу директору Хади Гаэми.
Расмий Тегеран бул айыптоолорду четке кагып келет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
12-декабрда Иранда "коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкерин өлтүргөн" деп соттолгон Мажидреза Рахнавард эл алдында дарга асылды. 8-декабрда “күч кызматкерин жарадар кылган” деп айыпталган активист Мохсен Шекариге "Кудайга каршы согуш ачкан" деген кине тагылып, дарга асылган.
Ирандагы нааразылыктар сентябрдын ортосунда башталган. 13-сентябрда Тегеранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу кызды хижаб кийүү эрежесин бузганы үчүн кармалып, полицияда каза тапканда өлкөдө жапырт нааразылык тутанган. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланды.
Ирандын бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен басууда. Эл аралык уюмдардын эсебинде, былтыр кагылышууларда 500гө жакын адам набыт болгон. Ошондой эле 60тан ашуун коопсуздук кызматкери каза болду. 19 миңдей киши кармалган, алардын арасында балдар, өспүрүмдөр да бар. Укук коргоочулар айрымдар камалгандан бери дайынсыз экенин, дагы бирөөлөрү кыйноого кабылып, адвокаттардын жардамын албай калышканын айтышат.
Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights (IHR) укук коргоо уюму өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышкан бери дегенде 100 киши, анын ичинде беш аял өлүм жазасына кириптер болуп, өкүмдүн аткарылышын күтүп жатканын билдирет.