Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Иран: 400дөн ашык өмүрдү алган эки ай


Ирандагы нааразылыктардан бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандагы нааразылыктардан бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.

Иранда студент кыздын өлүмүнөн кийин тутанган нааразылык акцияларынын уланып жатканына эки айдан ашты. Каршылыктарда күч кызматкерлеринин колунан 400дөн ашуун адам өлдү.

Митингчилер алгач өкмөттүн жүрүм-турумуна байланыштуу катаал чараларына нааразылык билдирип жатса, кийин бийликтин толук кызматтан кетишин талап кыла баштады.

Күч кызматтары аларды аёосуз түрдө басып жатат.

Хижабга эле эмес, режимге каршы акция

Социалдык түйүндөрдө ушул күндөрү тараган видеодо Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү, аятолла Рухолла Хомейнинин Тегерандагы үйү күйүп жатканы баяндалган. Активисттер музей катары колдонулган имаратты нааразылыкка чыккандар өрттөп жибергенин билдиришти.

Маркум Хомейни 1979-жылкы Ислам революциясынын лидери жана өлкөнү диний башкарууга алып келгендердин бири. Ал 1989-жылга чейин аятолла болгон.

Reuters эл аралык маалымат агенттиги аталган видеодогу кадрларды спутниктен алынган маалыматтарга салыштырып изилдеп, өрттөнүп жаткан имарат Хомейнинин үйү экенин ырастады. Ирандын жарым-жартылай өкмөттүк Tasnim медиасы бул маалыматты “жалган” деп атады.

Ал эми интернетте тараган башка бир видеодо Захедан шаарындагы демонстранттар Ирандын азыркы лидери – аятолла Али Хаменеинин атын атап, “Хаменеиге өлүм!”, “Диктаторго өлүм!” жана “Хаменеи кулатылат!” деп кыйкырууда. Али Хаменеи жогорку жетекчилик кызматка Хомейниден кийин келген жана 33 жылдан бери өлкөнү башкарууда.

Ирандагы соңку нааразылык акциялары эки ай мурда тутанган. 13-сентябрда Тегерандын адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде 22 жаштагы студент Махса Аминини кармап кеткен. Үч күндөн кийин, 16-сентябрда ал абакта каза болуп калган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып берген.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн кеминде 80 шаарында тутанып, полиция менен кагылышуу катталды. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланып кетти. Чет жактагы ирандыктар да тилектештик билдирип ар кайсы өлкөлөрдө митингдерди өткөрүүдө.

Лондондо ушул күндөрү митингге чыккан ирандык аялдардын бири журналисттерге мындай деди:

“Биз Ирандын адилетсиз бийлигине каршы чыгып жатабыз. Биз алардын кетишин каалайбыз. Эркиндик, теңдик болсун. Биз азыркы бийликтен толук арылгыбыз келет. Мында кеп хижаб жөнүндө эле эмес, кеп режимди алмаштырууда болуп жатат. Биз азыркы режим жоголмоюнча токтобойбуз”.

Өлкөдө интернет чектелгендиктен нааразылык акцияларынын видеолору жана сүрөттөрү үзүл-кесил гана тарап жатат.

Бийлик күч колдонуу менен басып жатканына карабай каршылыктар дале токтобой келет. Андагы кадрларда көрүнүп тургандай, коопсуздук кызматкерлери демонстранттарга каршы курал колдонуп, митингчилерди атууда. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөргө ок чыгарып жатканы кабарланууда.

Курмандыктар күн сайын көбөйүп жатат

Норвегияда жайгашкан ирандыктардын укуктарын коргоо маалымат агенттиги (Human Rights Activists News Agency – HRANA) өз булактарына таянуу менен эки айдан ашуун созулган каршылыктарда 410 адам өлгөнүн кабарлады. Мунун алтымышка жакыны бала, элүүдөн ашыгы күч кызматкери. Ушул убакка чейин 20 миңдей адам кармалды. Аларга катаал жаза чегерилип жатат, кеминде бир адам өлүм жазасына кесилди.

Бириккен Улуттар Уюму баштаган эл аралык мекемелер Ирандын бийлигин демонстранттарга күч колдонууну токтотууга жана кармалгандарды бошотууга чакырып келет.

БУУнун Адам укуктары боюнча Башкы комиссарынын маалымат катчысы Жереми Лоуренс атайын брифингде буларга токтолгон.

“Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгы Ирандагы тынчтык акцияларында кармалган миңдеген адамдарды токтоосуз түрдө бошотууга чакырат. Нааразылыктарды чечүү үчүн мыйзамдуу диалогго келүүнүн ордуна бийлик каршылыктарды өтө катуу басканга аракет кылып жатат”.

Иранда 1979-жылы мурдагы монархиялык режим кулатылгандан кийин өлкө Ислам Республикасы деп аталып калган. Өлкө теократиялык, башкача айтканда исламдык негизде башкарылат. Президент жана парламент болгону менен жогорку бийлик рухий лидер – аятолланын колунда. Ислам эрежелерине ылайык, аялдар коомчулукта жабык кийинип, хижаб оронуп жүрүшү керек. Ал эрежелердин аткарылышын Адеп-ахлак полициясы көзөмөлдөйт.

Былтыр жаңы шайланган президент Ибрагим Раиси мурдараак жүрүм-турум эрежелерин катаалдатып, хижаб тууралуу жаңы мыйзам киргизген. Ага ылайык, аялдардын кийинүү эрежелери дагы чектелери айтылган. Анын ичинде хижаб кийбеген аялдар мамлекеттик мекемелерге, банктарга жана коомдук транспортторго киргизилбей турганы айтылган. Бул дагы соңку нааразылыктарга себеп болуп калды.

Ирандын бийлиги азыркы нааразылык акцияларын тутанышына АКШ баштаган Батыш мамлекеттерин айыптап жатат. Вашингтон менен Тегеран бир нече жылдан бери өзөктүк келишим боюнча бир пикирге келе албай жүрөт.

Ирандын президенти Ибрагим Раиси мурдараак Тегерандагы өкмөттүн митингде мындай кайрылуу жасаган:

“Кимде-ким мындан ары да туруксуздукка жана башаламандыктарга умтула берсе, керек болсо кичинекей кадам жасаса да, билип койсун – ал Ислам Революциясынын душмандарынын каалоосун аткарып жатат”.

Бирок Батыш өлкөлөрү Ирандагы нааразылыктарга тиешеси бар экендигин төгүндөп, буга бийлигинин ушуга чейинки саясаты жана катаал чектөөлөрү алып келгенин билдирип жатышат.

БУУнун Башкы ассамблеясынын Үчүнчү комитети өткөн аптада Ирандагы адам укуктары боюнча Канада сунуштаган резолюциянын долбоорун жактырган. Ага 79 мамлекет “макул”, 28 мамлекет “жок” деп жооп берген. 68 өлкө позициясын карманган. Каршы билдиргендердин ичинде Кыргызстан дагы бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG