Иранда өкмөткө каршы нааразылыктар үчүн соттолгон активист Мохсен Шекари өлүм жазасына тартылды. Бул дээрлик үч айдан бери уланып жаткан акция катышуучуларына колдонулган алгачкы катаал жаза.
“Азаттыктын” Иран кызматы – “Фарда” радиосу Mizan маалымат агенттигине таянып жазгандай, Революциялык сот Шекарини "күч кызматкерлерин жарадар кылган куралдуу аракеттерге катышкан" деген айып менен күнөөлүү деп тапкан. Жогорку сот анын апелляцияга арыз берүү укугун четке каккандан кийин, 8-декабрда дарга асылды.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, Шекари 25-сентябрда Тегерандагы негизги жолдогу акцияда аскерлештирилген Басиж күчтөрүнүн мүчөсүн бычак менен жарадар кылган “тополоңчу” деп кармалган.
Негизсиз соттолгонун айтып келген 23 жаштагы Мохсен Шекари жөнүндө азырынча кеңири маалымат жок.
Андан тышкары, өлүм жазасын өкүм кылынган дагы бир канча киши абакта жатат.
Баш кеңсеси Норвегияда жайгашкан Ирандын адам укуктары уюмунун жетекчиси Махмуд Амири-Могдам Твиттерге эгер "эл аралык коомчулук ыкчам жана керектүү чараларды көрбөсө, демонстранттарга каршы мындай чаралар күн сайын ишке ашыра берерин" жазды.
Эл аралык Мунапыс уюму (Amnesty International) иран бийликтери өлүм жазасын "коомчулукта коркуу сезимин ойготуу жана элдик көтөрүлүштү токтотуу үчүн саясий репрессиянын куралы катары" колдонгондуктан, жалпы улуттук нааразылык акцияларына байланыштуу кеминде 28 адам, анын ичинде үч бала ушундай өкүмдүн курмандыгы болушу мүмкүндүгүн билдирди.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс 5-декабрда өз укуктары үчүн күрөшкөн демонстранттарды камоону жана өлтүрүүнү ырайымсыздык деп сыпаттаган.
Демонстранттарды куугунтуктап жаткан бийлик Революциялык сотту катаал позициясы үчүн мактап, аны "улуттун жана исламдын коопсуздугуна каршы кылмыштар үчүн" айыпталгандарга тез жана чечкиндүү өкүм чыгарууга үндөп келатат.
Өлкөдөгү нааразылыктар сентябрдын ортосунда башталган. 13-сентябрда Тегеранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу кызды хижаб кийүү эрежесин бузганы үчүн полиция кармап кеткенден кийин каза болгондо өлкөдө жапырт нааразылыктар жаралган. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланып кетти.
Иран бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен басууда. Адам укугун коргоочулардын HRANA маалымат агенттиги 500гө жакын адам өлгөнүн, 19 миңдейи кармалганын жазды. Ошондой эле 61 коопсуздук кызматкери каза болду.
Кеңири жайылган демонстрацияларды эксперттер 1979-жылдагы ыңкылаптан берки ислам өкмөтү үчүн эң чоң коркунуч катары сыпаттап жатышат.
Би-Би-Си радиосу аялдар жетектеген нааразылык акциялары өлкөнүн 160 шаарына жайылганын маалымдады. Декабрдын башында расмий Тегеран Адеп-ахлак полициясын жоюп, хижабды милдеттүү кийүү жөнүндө мыйзамды кайра карап чыгарын кыйыткан.
Ирандык журналист Хана Кавиани демонстрациядагы аялдардын ролу тууралуу “Азаттыкка” ой бөлүштү:
“Аялдар маселеси козголгондо кеп жалаң милдеттүү хижаб тууралуу жүрбөйт. Иран конституциясында, шариат мыйзамдары аялдардын укуктарына келгенде абдан көп дискриминациялык беренелерди камтыйт. Мисалы баш кошүү, ажырашуу, мурастоо, башка укуктары абдан чектелген. Аялдар гана эмес эркектер да дүйнөнүн башка жерлериндеги элдей болуп нормалдуу жашагысы келет. Ойлорун эркин билдирүүнү, эркин чогулунууну, нааразылыгын билдирүүнү, эркин медианын болушун каалашат. Түрдүү талаптарды коюшууда. Хижаб, аялдардын маселеси ошол талаптардын бири. Бирок аялдар нааразылык акцияларынын башында турганы жана алдынкы катарында болуп келатканы калетсиз”.
Ирандын президенти Ибрагим Раиси 3-декабрда парламентте сүйлөгөндө өлкөнүн Конституциясын дүйнөдөгү эң прогрессивдүү баш мыйзам деп атаган.
Ирандын бийлиги азыркы нааразылык акцияларынын тутанышына АКШ баштаган Батыш мамлекеттерин айыптаган. Батыш өлкөлөрү аны төгүндөп, буга расмий Тегерандын катаал саясаты алып келгенин билдирип жатышат.