Батыш борборазиялык мигранттаpга үмүт артабы?

Москванын базарында иштеген мигрант, 29-июнь, 2021-жыл

Орусиядагы саясий кырдаал борбор азиялык мигранттардын көкөйүнө көк таштай тийип турган учурда Батыш өкмөттөрү мыйзамдуу миграциялык келишимдер аркылуу чөлкөмдөгү таасирин кеңейтүү жолдорун караштырууда.

Бирок Европада жана Улуу Британияда ашынган оңчулдардын таасири өсүп жатканын эске алганда бул багытта чектелүү гана кызматташтык болушу мүмкүн.

Германиянын канцлери Олаф Шольц 15-сентябрда Өзбекстан менен түзүлгөн миграциялык келишимдин чоо-жайын ачык жарыялоодон карманып турат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Шольц аталган макулдашуу "Германия муктаж болгон таланттуу жумушчулардын иммиграциясына жол ачарын" айткан.

Олаф Шольц жана Шавкат Мирзиёев.

Ошол эле учурда Шольц "артка кайтууга аргасыз болгондор кайтышы" үчүн "жөнөкөй" жол-жоболор макулдашылганын кошумчалаган. Анын Самаркандда айткан бул сөздөрү кийин канцлердин расмий сайтына да жарыяланды.

Ошол комментарийлердин акыркы бөлүгү жергиликтүү аудиторияга багытталгандай көрүнөт.

Германия - миграция, өзгөчө мыйзамсыз миграция маселеси курч бойдон турган Батыш өлкөлөрүнүн бири.

Дагы караңыз

Бишкек немис инвесторлоруна, Берлин кыргызстандык адистерге кызыгат

Ошол эле учурда миграция тармагы Батыш өлкөлөрү кыска мөөнөттө Борбор Азия менен алакаларды тереңдете алчу саналуу тармактардын бири. Анын үстүнө Орусия Украинада кеңири масштабдуу согуш баштагандан бери бул чөлкөмдүн кадыр-баркы кыйла көтөрүлө түштү.

Евразиядагы миграция маселелерине адистешкен изилдөөчү жана журналист Ян Матусевич миграция маселесинде Германияда кыйын абалда турганын айтат.

"Германия экономикасын аксатып жаткан жумушчу күчүнүн жетишсиздигин жоюу менен бирге ашынган оңчулдардын шайлоодогу жеңишине жол ачкан калк арасындагы мигранттарга каршы маанайды басаңдатууга аракет кылып жатат. Натыйжада мыйзамсыз мигранттарга катаал мамиле жасалып жатканын көрсөтүүгө жана адистиги бар мигранттар менен студенттерге мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган мындай келишимдерге кол коюлууда", - деди Матусевич "Азаттыкка".

Иш көп, киши аз

Узак убакыттан бери Орусия миллиондогон борборазиялык мигранттар иш издеген негизги багыт болуп келди.

Бирок Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан барган мигранттардын ансыз да оор турмушу согуштан улам ого бетер кыйындап, борборазиялыктар фронтко да тартыла баштады.

Бул абал быйыл мартта "Крокус Сити Холл" борборундагы куралдуу кол салуудан кийин дагы оорлогон. Айрым борборазиялык мигранттар Орусияга киргизилбей, аэропорттон эле артка кайтарылып жатат. Ишканаларда, көчөлөрдө рейддер күчөп, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү үйгө чейин кирип барган учурлар катталган.

Дагы караңыз

Орусия катаал мыйзам менен мигранттарга басымды күчөтөбү?

Аталган үч өлкөнүн бийлиги мындай кооптуу көйгөйгө байланыштуу Москва менен сүйлөшүүгө аракет кылганы менен Орусиянын миграциялык саясатында биринчи кезекте коопсуздукка гана көңүл бурулат деген жоопту алышкан.

Мындай жагдай Батыш үчүн миграцияга көз каранды Борбор Азия өлкөлөрү менен алака-катышын тереңдетүүгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүк жаратууда. Себеби сырттан которулган каражаттар Борбор Азиядагы бир катар мамлекеттердин ички дүң жыйымынын 10дон (Өзбекстан) 40 пайызына (Тажикстан) чейинки бөлүгүн камсыз кылат.

Бирок адистердин баамында, азырынча жыйынтыктар кыйла жупуну жана жакынкы келечекте мындай акыбал кескин өзгөрүп кетиши күмөн.

Август айында Улуу Британияда иммигранттарга каршы маанай башаламандыктарга жол ачканы белгилүү. Сезондук жумушчулар программасы жыл сайын бул өлкөгө Борбор Азиядан миңдеген мигранттарды алып келип жатат.

Программага суроо-талап жогору болгондуктан сезондук жумуш орундарын жарнамалаган алдамчы агенттиктер да көбөйдү.

Mигранттар Британияда Орусияга караганда эки-үч эсе көп маяна алганы менен Борбор Азия жана Улуу Британиянын ортосундагы акча которуулардын жалпы көлөмү Түштүк Корея сыяктуу буга чейин чөлкөм менен миграциялык байланышы бар өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн.

Германия менен Борбор Азиянын ортосундагы бул көрсөткүч да жогору эмес.

Германиянын миграция саясаты

Баш кеңсеси Гамбургда жайгашкан "Die Zeit" басылмасы 15-сентябрда Өзбекстанда кол коюлган келишим тууралуу макаласында учурда Германияда болгону 13 700 өзбек жараны жашарын жазган.

Ошол эле учурда, басылманын маалыматына ылайык, "200гө жакын өзбек жаранынын Германияда жашоого уруксаты жок, бул өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш болгон 225 миң мигранттын 0,1 пайызына жетпейт".

Расмий Берлин да, Ташкент да бул сандар кандай өзгөрүшү мүмкүндүгүн так айтыша элек.

Деген менен Чыгыш Европа жана эл аралык изилдөөлөр борборунун кызматкери Беате Эшменттин айтымында, аталган макулдашуу "Кения, Марокко жана Грузия сыяктуу башка өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдерге окшош".

"Учурда миграцияга байланыштуу талкуулар такыр башаламан жана акылга сыйбайт. Тилекке каршы өкмөттүн саясаты да ушундай. Бизге жумушчулар керек экени жана алар чет өлкөдөн гана келиши мүмкүн экени жетиштүү түрдө ачык айтыла элек", - деди Эшмент "Азаттыкка".

Ал азыркы шартта Германияга барган өзбекстандыктар "чет өлкөлүктөргө каршы кастык мамилеге туш болушу мүмкүндүгүн" кошумчалады.

2023-жылдын сентябрь айында Германия менен Кыргызстан да миграциялык келишим түзүү ниети жөнүндө декларацияга кол коюшкан. Мындай макулдашуу жакынкы келечекте ишке ашары күтүлүүдө.

Аталган келишим Шольцтун Өзбекстан менен түзгөн келишимине дээрлик окшош. Анда "квалификациялуу жумушчулар үчүн Германияга жол ачылат жана Кыргызстанды Германияда туруктуу жашоого уруксаты жок жарандарын кабыл алууга милдеттендирет" деп жазылган.

Азырынча өзбек мигранттары Германияда айыл чарбада, тейлөө жана курулуш тармактарында иш менен камсыз болот деп божомолдонууда.

Ооганстан маселеси

Кантсе да азырынча Европа Борбор Азия өлкөлөрү үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачты деп айтууга эрте.

Анткен менен немис басылмаларынын жазганына караганда, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдө Өзбекстандын колунда көзүр карта болушу мүмкүн. Бул Германиядагы оогандарды талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстанга кайра депортациялоо маселесине барып такалат.

Шольц Өзбекстандагы сапарында бул сүйлөшүүлөрдөгү жылыш тууралуу маалымат каражаттарынын суроосуна кыска жооп берип, "көптөгөн тармактардагы кызматташтык тууралуу ачык жарыяланбай турган сүйлөшүүлөр" болгонун айтуу менен гана чектелди.

Белгилей кетсек, Золинген шаарындагы кол салуудан кийин Берлин 2021-жылы талибдер Кабулда бийликти басып алгандан бери биринчи жолу ооган жарандарын депортациялай турганын өткөн айда жарыялаган.

Катардын ортомчулугу менен түзүлгөн келишимдин алкагында Германия кылмыш жоопкерчилигине тартылган 28 ооган жаранын мекенине депортациялаган.

Дагы караңыз

Германиядагы кол салуу: кыргызстандык делген өспүрүмдүн тек-жайы такталууда

"Германия талибдер менен эч кандай байланыш түзгүсү келбейт, мына ошондо Өзбекстан ишке жарайт", - деп билдирди "Азаттыкка" Карнеги борборунун Орусия жана Евразия боюнча илимий кызматкери Темур Умаров. Ал Ташкент талибдер менен байланышып турарын белгиледи.

Немис канцлери Өзбекстандагы сапарын улай 17-сентябрда Казакстанда Борбор Азиянын беш лидери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын 5+1 форматындагы биринчи саммити туура бир жыл мурда Берлинде уюштурулган эле. Бул саммит Батыш өкмөттөрү жаратылыш ресурстары боюнча келишимдерди түзүүнү жана Украинадагы согуштан улам Орусияга киргизилген санкциялардын сакталышын камсыздоону көздөп турган шартта, деги эле регионго болгон кызыгуу күч болуп турган учурда өткөн.

Германиянын Тышкы мамилелер боюнча кеңешинин Чыгыш Европа, Орусия жана Борбор Азия боюнча эксперти Штефан Майстердин айтымында, Германия менен бүтүндөй Европанын Борбор Азияга кызыгуусу "бир кыйла артса да" беш өлкө Берлин менен болгон мамилесинде реалдуу жылыш болбогонуна "капаланып жатышы" мүмкүн.

"Эгер өзбек же казак аткаминерлери менен сүйлөшсөңүз, алар былтыр Шольц менен жолуккандан кийин чоң нерсеге үмүт артышканын түшүнсөңүз болот", - дейт Мейстер.

Штефан Майстер

"Алар Борбор Азия Шольц үчүн артыкчылыктуу аймак болот жана Германия бул чөлкөмгө орчундуу инвестиция сала баштайт деп ойлошкон", - дейт эксперт.

Бирок Мейстер "Азаттыктын" казак кызматы менен маегинде белгилегендей, Германия Орусияга болгон бир кездеги көз карандылыгынан арылуу жаңы ресурстарды издеп жатканы менен авторитардык башкаруудагы жана коррупцияга ыктаган чөлкөмгө жаңы инвестициялар келген жок.

"Меморандум жана макулдашуулар түзүлдү. Бирок немис тарап алар күткөндөй иш кылган жок. Ишкерлер келишти, ар кандай пикир алмашуулар болду. Борбор Азиядан көптөгөн саясатчылар Европага, Германияга барышты. Бирок Германиянын Борбор Азияга инвестициясы жана Борбор Азия менен мамилеси көп деле өзгөргөн жок", - деди Мейстер.

Которгон: Элвира Будайчиева

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Кыргызстан бир өлкөнүн көзүн карабашы керек"