Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Берлин Казакстан, Өзбекстан менен кызматташууну тереңдетет


Берлинде 2023-жылда өткөн саммитте тартылган сүрөт. Германиянын жана Борбор Азиядагы беш мамлекеттин туулары.
Берлинде 2023-жылда өткөн саммитте тартылган сүрөт. Германиянын жана Борбор Азиядагы беш мамлекеттин туулары.

"Борбор Азия - Германия" саммити 17-сентябрда Астанада өтөт. Бул тууралуу немис өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Хебештрайт билдирди.

Казакстандагы саммиттин алдында, 15-сентябрда Германиянын канцлери Олаф Шольц Өзбекстанга сапар жасайт.

"Канцлер Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу сүйлөшөт. Бул Өзбекстан жана Казакстан менен кызматташууну тереңдетүүнү камтыйт. Мындан тышкары, албетте, эки тараптуу жана тышкы саясат маселелерине басым жасалат", - деп жазылган Германиянын расмий маалыматында.

Бул Шольцтун Борбор Азия чөлкөмүнө алгачкы сапары. Канцлерди чоң бизнес делегациясы коштоп келери белгиленген.

"Борбор Азия - Германия" саммити алгач 2023-жылдын сентябрында Берлинде өткөн. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери, Түркмөнстандын президентинин атасы, Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухаммедов барган. (SE)

XS
SM
MD
LG