Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Өзбек медайымдары Германияда 2200 евро маяна алары айтылды


Бехзод Мусаев.
Бехзод Мусаев.

Өзбекстандын Германия өкмөтү менен кабыл алган миграция келишимине ылайык өзбекстандык адистер арасынан каалоочулар үчүн немис тили боюнча сабактар уюштурулат. Бул тууралуу «Өзбекстан 24» телеканалына курган маегинде өлкөнүн эмгек менен камсыздоо жана жакырчылыкты кыскартуу министри Бехзод Мусаев билдиргенин 17-сентябрда «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды.

Германиянын медицина жана транспорт тармагы эмгек ресурстарына муктаж экенин белгилеген министр немис тилин окуп, мыкты үйрөнүп, сынактан өтө алган кызматкерлер уюштурулган тартипте Германияга жөнөтүлөрүн айтты.

«Бул ачык жана тартипке келтирилген миграциялык процессти уюштурууга карай биринчи кадам. Бүгүн биз Германиянын Deutsche Bahn темир жол компаниясы менен автобус жана поезд айдоочуларын даярдоо, ал эми Globogate менен медайымдарды даярдоо тууралуу макулдаштык. Быйыл Өзбекстандан 800дөн ашуун медайым уюшкандыкта Германияга жөнөтүлөт. Ай сайын алар колуна кеминде 2200 евро алып турушат», – деди министр.

Мусаевдин белгилешинче, өзбекстандык адистерге Германиянын машина куруу, транспорт жана медицина тармактарындагы жогорку технологияларды окуп үйрөнүүсүнө да шарт түзүлүп берилет.

Миграция келишими ондогон жылдарды көздөй турганын айткан министр виза алуу жагынан жеңилдетилген шарттар түзүлөрүн, башка да компаниялар менен келишимдер кабыл алынарын кошумчалады.

Өзбекстан жана Германия миграция боюнча макулдашуу кабыл алганын, документке 15-сентябрда Самарканд шаарында немис канцлери Олаф Шольцтун Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлганын өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирген.

Өзбекстандык басылмалар жазгандай, Шольц «Экономикабыздын өсүшү үчүн Германияга зарыл болгон таланттуу жумушчулардын иммиграциясын камсыздайбыз. Ошол эле учурда биз кайра кайтышы керек болгондордун кайтуусу боюнча жөнөкөй, бюрократиялык эмес процедураларды макулдашып жатабыз», - деп айтты.

Өзбек бийлигинин маалыматы боюнча, былтыр Өзбекстан менен Германия ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү миллиард евродон ашты. Жыл башынан бери немис компаниялары Өзбекстандын экономикасына 800 миллион евро инвестиция салышты.

Мирзиёевдин айтымында, Өзбекстанда жаштар арасында немис тилине кызыгуу көбөйүүдө, азыркы тапта 300 миңдей улан-кыз немисче сүйлөй алат.

Шольцтун Өзбекстанга сапары укук коргоочулар жалпы Борбор Азия аймагында адам укуктарынын абалы боюнча көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырып жаткан чакта уюштурулду. (RK)

XS
SM
MD
LG