Баласагын шаарынын Куз-Ордо жана Куз-Улуш аталыштары

Бурана шаар чалдыбары.

XXII кылымдарда Баласагын шаары Карахандар каганатынын ордо шаарларынын бири болгон. Бул борбор шаар ар кыл кошумча аталыштарга да ээ болгон. Шаардын аталыштары жана жайгашкан орду жөнүндө тарыхчынын блогун сунуштайбыз.

Бишкектеги илимий шерине

2024-жылдын 20–21-сентябрында Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) “Жусуп Баласагындын мурасы жана түрк дүйнөсү” аттуу эл аралык илимий шерине (форум) өткөрүлүүдө.

Бул сыяктуу илимий жыйындар КУУда 2012-жылдан тартып бир нече ирет уюштурулган. Демек, Жусуп Баласагындын өмүрүнө, мурасына жана дооруна арналган илимий жыйындар жана талкуулар салтка айлангандыгы – өзгөчө алгылыктуу көрүнүш. Биз Кыргызстанда мындай мамилени мурдагы совет доорунда түшүбүздө да көрө алчу эмеспиз.

Тилегибизде, болочокто дагы КУУ орток бабабыз Жусуп Баласагындын көөнөргүс мурасын изилдөө жаатындагы алдыңкы илимий чордондордон болуп кала бериши абзел.

КУУнун алдындагы Жусуп Баласагындын айкели. Бишкек, Кыргызстан. 14.5.2015.

Карахандар каганаты

Айтылуу Карахандар каганаты – илим-билим жогору өнүккөн өзүнүн “алтын доорун” баштан кечирип жаткан мусулман дүйнөсүнүн эң чыгыштагы бучкагы болгон эмеспи. Анын түндүк борбору тууралуу сөздөн оболу бул мамлекет жөнүндө учкай баяндай кетели.

Теңир-тоолук көчмөн жана жарым отурукташкан түрк элдеринин X кылымдын ортосунан тартып кубаттанып чыкан жана 960-жылы ислам динин мамлекеттик дин катары кабыл алган бул каганаты Мавераннахрдын (Аму-Дарыянын түндүк өйүзүндөгү борбордук азиялык оазистердин) жана Тарим өрөөнүнүн шаарларын да каратып алууга жетишкен.

Бурана шаар чалдыбары – Караханийлердин борбору Баласагын шаарынын орду. Чүй өрөөнү, Кыргызстан. 07.6.2015.

Бул мамлекеттин түштүктөгү борбору Кашкар болсо, ал эми X кылымдын ортосунан тартып Баласагын шаары каганаттын түндүктөгү борбору болуп калган. Бул жүрүм Карахандар каганатынын төбөлдөрүнүн ичинен алгачкы жолу ислам динин кабыл алган Сатук Буура хан деген кагандын өкүм жүргүзгөн дооруна таандык.

Сатук Буура хан оболу Кашкардагы жана Ички Теңир-Тоодогу аскер күчтөрүн топтоп, чакан мамлекетин кеңейтүүгө, бытыранды түрк ээликтерин бириктирүүгө киришкен. Анын негизги максаты — саясий бытырандыдагы Жети-Суу аймагын басып алуу болгон.

Дал ушул мүдөөнү көздөгөн аскер жүрүшүн ал 940-жылы ийгиликтүү жүзөгө ашырган. Ошол жылы чигилдерден, йагмалардан жана башка көчмөндөрдөн турган аскерлери менен Сатук Буура хан Чүйдөгү Баласагын сыяктуу шаарларды каратып алган.

Дагы караңыз 950: «Кутадгу билиг» эмгеги жоктон жаралбаган

Баласагын шаары – Карахандардын түндүк ордосу

Сатук Буура хан Баласагын шаарын (азыркы Токмок шаарынын түштүк-батышындагы Бурана шаар чалдыбарын) түндүктөгү өз мамлекетинин борбор шаары катары жарыялаган.

Баласагын шаары Чүй өрөөнүндө жайгашкан. Ал Улуу жибек жолунун түндүк бутагынын таманында жайгашкан көркөм шаарлардын биринен болгон. Шаарда медресе (өз заманынын университети) да болгон.

Баласагында чигил, карлук, аргу, тухси, кыпчак, кыргыз жана башка түрк калктарынан тышкары түрктөшкөн согдулуктар (согдактар), ошондой эле Ортоңку Чыгыштан келген мусулман соодагерлер, диниятчылар жана башкалар байырлашкан. Ислам дооруна чейин Чүй өрөөнүндө бутпарас (буддист) ыбаадатканалары да болгонун Кызыл-Суу (Красная Речка) шаар чалдыбарынын археологиялык табылгалары айгинелейт.

Чүй өрөөнүндө теңирчи түрктөрдөн, ислам динин кабыл алган түрктөрдөн, отко табынган заратуштрачы согдактардан тышкары несторийчи христиандар (тарсалар) да байырлашкан.

Бул көп этностуу Баласагын шаарынан чыккан аалымдар арапча “ал-Баласагуни” (Баласагындык) деген ныспа алгандыгын арапча био-библиографиялык маалымат китептерин жазган мусулман аалымдары өз чыгармаларында белгилешкен.

Маселен, теги византиялык (константинополдук) грек болгон, бала чагында туткунга түшүп калып, ислам динин кабыл алган жана “Йакут” (“Жакут”) адабий ысымы менен эмгектер жазган Абу Абдулла Шихаб-ад-Дин ар-Руми ал-Хамави Йакут (болжол менен 1179 – 1229) деген даңазалуу аалым Баласагын шаары тууралуу учкай маалымат берет.

Ал 1224–1228-жылдардын аралыгында жазган “Өлкөлөрдүн [маалымат] жыйындысы” (“Му‘жам ал-булдан”) деген арапча географиялык – ономастискалык энциклопедиялык маалымат жыйнагында Баласагын шаарынан бир катар илимпоздор жана диниятчылар чыккандыгы жөнүндө кызыктуу маалымат камтылган.

Маселен, Йакут бул Баласагын шаарынан чыккан окумуштуулардын бири катары Абу Абдулла Мухаммад ибн Муса ал-Баласагуни тууралуу жазып, мусулмандык Батышта аны “ат-Түрки” (теги [карахандык] түрк) деп да кошумча ныспа берип аташканын белгилейт.

Демек, Абу Абдулла Мухаммад ибн Муса өңдүү бир далай окумуштуулар Баласагында жашап жана эмгектенишкен.

Жусуп Баласагын. Ал 1069-70-жылдары "Кутадгу билиг" дастанын жазган.

Жусуп Баласагын

Ал эми XI кылымда дал ушул Баласагын шаары жалпы мусулман түрк дүйнөсүн жаркыткан шам болгон залкар акын, дастанчы, ойчул, саясат таануучу жана карахандык мамлекеттик ишмерди берген.

Анын ысымы – Жусуп Баласагын. Акын Жусуп Чүй өрөөнүндөгү Баласагын шаарында 1015–1016-жылдары жарык дүйнөгө келип, ушул шаарда жетилген. Ошондуктан анын ныспасы “ал-Баласагуни” (Баласагындык) болгон.

Бул акындын карахандык түрк тилинде жазган жападан-жалгыз поэзиялык чыгармасы – “Кутадгу билиг” (“Куттуу бийлик” же “Кут билим”) дастаны – үч башка көчүрмө аркылуу бизге чейин сакталып жетти.

Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” эмгегинин үч көчүрмөсүнүн Түркияда 2014-жылы басылган фотофаксимилесинин мукабалары. 14.6.2015.

Чыгарманын аталышындагы “билиг” сөзү “бийлик” жана “билим” деген кош маанини берет.

Бул өмүрдүк чыгармасын Чыгыш Карахандардын улук каганы Тавгач Буура ханга багыштагандыгын (аны ал арапча термин менен “малик”, б.а. өкүмдар, бийлик эгеси, падыша деп сыпаттайт) акын Жусуп “Кутадгу билиг” эмгегинин башында эскертет.

“Жыл — алтымыш эки эле, төрт жүзү менен,

Жазууну түгөттүм, бул үлгүгө ченей”.

Дастандагы бул саптар аркылуу Жусуп Баласагын өз эмгегин 462-хижра жылы (азыркы григорийлик жылсанакка ылайык 1069–1070-жылдары) аяктагандыгын белгилеген.

Кашкарда бийлеп жаткан кара каган Тавгач Буура хан тарабынан Жусуп Баласагынга бул дастаны үчүн “Өзгөчө аксарай башчысы” (арапча “Хас хажиб”) деген төбөлдүк кызмат ыйгарылган. Ошол себептүү аны Кара кагандар каганатынын мамлекеттик ишмери деп да тааныйбыз.

Жусуп Баласагын качан жана кайсы жерде кайтыш болгондугу тууралуу так маалымат жок. Ал эми анын Кашкардагы күмбөзү делген күмбөз, иш жүзүндө, 1980-жылдары гана жарыяланган жана ал күмбөз орто кылымдардын кеч мезгилиндеги таптакыр башка инсанга таандык болушу ажеп эмес.

Дагы караңыз Карахандар каганаты – орток тарыхый барак

Баласагын шаарынын аталыштары

Чүй өрөөнүндөгү Баласагын шаарынын калдыгы азыркы тапта “Бурана” тарыхый-архитектуралык музей комплекси катары белгилүү. Арийне, мындагы мунара жана башка урандылар орто кылымдык ири Баласагын шаарынын чакан гана бучкагын түзгөн деп айта алабыз.

1950-жылдардагы советтик Кыргызстандагы дың бузуу иштеринин алкагында эски Баласагын шаарынын аймагынын калдыгынын көпчүлүгү эгин талаасына айландырылган.

Баласагын шаар аталышы алгачкы жолу арап географы, тарыхчысы жана саякатчысы Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухаммед ал-Мукаддасинин (946/947 – 1000-жж.) арапча жазылган “Ахсан ат-такасим фи ма‘рифат ал акалим” (“Климат таануу, б.а. чөлкөм таануу боюнча мыкты колдонмо”) деген эмгегиндеги “Хайтал” бөлүмүндө (“Эфталит” бөлүмүндө) “Баласагун” түрүндө эскерилет.

Албетте, орто кылымдардын эрте мезгилинде Чүй өрөөнүндөгү саясий чордон Баласагын шаарында болгон эмес эле.

Батыш Түрк каганаты, Түргөш каганаты (704–766) жана жабгулуктан каганатка көтөрүлгөн Карлук мамлекети (766–940) үчүн саясий чордон кызматын аркалаган мурдагы ордо шаар – Суйаб шаары болгон. Анын урандыларынын сакталып калган чакан бөлүгү азыркы тапта Ак-Бешим шаар чалдыбары катары белгилүү.

Түндүк Кыргызстандын Токмок шаарынан түштүк-батышта жайгашкан Ак-Бешим шаар чалдыбары Бурана шаар чалдыбарынан батышыраакта орун алган. Балким, дал ушул мурдагы Суйаб шаары кийинчерээк “Ордо” (“Орду”) деп да аталып жүрсө керек.

Дагы караңыз Профессор Ө. Караевдин байсалдуу жолу

Ордо. Қуз-Ордо

Жусуп Баласагындын кичүү замандашы жана жердеши, Ысык-Көлдөгү Барскан шаарынан чыккан түрколог, энциклопедиячы илимпоз Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн “Дивану лугати т-түрк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”; 1072–1077) деген арапча эмгегинде төмөнкүдөй маалымат калтырган:

“Ордо – Баласагындын жанындагы бир баш калаа. Ошондон улам Баласагынды дагы Қуз-Ордо деп аташат”. (Мындагы каткалаң ق – қаф тамгасы аркылуу жазылган “қуз” сөзү тоонун тескей жагын, түндүктү билдирген).

Дагы караңыз Баласагындын "Кутадгу Билиг" чыгармасына арналган илимий жыйын өтүүдө

Ушул жерден илгерки бир катар шаарлар эки же үч аталышка ээ болгон учурлар жөнүндө да кыстарып айта кетсек болот.

Маселен, байыркы Рим шаарын башка да көркөм аталыш менен “Түбөлүк Рим” жана “Түбөлүк шаар” (латынча Roma Aeterna, Urbs Aeterna) деп атап коюшчу.

Ал эми Меке шаарын “Кереметтүү Меке” деп аташат. Анын көөнө аталыштары Бекка (жумшак ك – кеф тамгасы менен жазылат), Тихама жана Фаран болгондугу жөнүндө ар кыл булактарда айтылат. Маселен, жогоруда эскерилген Йакут өз чыгармасында Мекенин Фаран деген аталышы иудейлердин ыйык китеби “Тооратта” да эскерилээрин белгилеген.

Меке сөзүнүн эски варианты болгон Бекка сөзү “Куранда” (караңыз: “Али ‘Имран” деген 3-сүрөө, 96-аят) да эскерилген.

Анын сыңарындай, карахандык Баласагын шаары дагы бир нече аталышка ээ болгон.

Анын аталыштарынын бири – каткалаң қ менен айтылчу “Қуз-Ордо” аталышы.

Бул “Қуз-Ордо” деген аталыш Баласагын шаарында чегилген бир катар тыйындарда да чагылдырылганын баса белгилөө керек.

Демек, бул “Түндүктөгү (Тескейдеги) ордо шаар” маанисин берген “Қуз-Ордо” аталышы (топоним) өз доору үчүн саясий чоң мааниге ээ болгон.

“Қуз-Ордо” аталышы Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” чыгармасында да китептин авторунун туулган жери катары эскерилген: “Бул эрдин туругу – Куз-Ордо эли”.

Дагы караңыз Карахандар доору жана Кыргызстан: Эне тилге мамиле

Айтмакчы, Жусуп Баласагындын жана Махмуд Кашгари Барсканинин эмгектерин түп нускада окубаган айрым калемгерлер каткалаң к менен башталчу бул топонимди “Күз-Ордо” деп жаңылыш жазып жүрүшөт.

Ал эми кээ бир нумизматтар карахандык тыйындардагы “Қуз-Ордо” аталышын жаңылыш окуп, “Кара Ордо” деп сунуштаган учурлар да болду. Бирок чыгаан түрколог Махмуд Кашгари Барсканинин чыгармасы 1915–1917-жылдардан кийин жалпы чыгыш таануучулук жана анын ичинде түркологиялык илим чөйрөсүнө кеңири белгилүү болгон соң, “Кара Ордо” аталышы карахандык нумизматикадагы жаңылыш окулуш варианты экендиги биротоло тастыкталган.

Дал ушул “Куз-Ордо” топониминин алгачкы бөлүгү (“куз” сөзү) кийинчерээк (XIII кылымда) шаардын “Куз-Балык” деп аталган вариантында да учураган. (“Балык” – бир катар чыгыш түрк элдеринде “шаар” маанисин берген. Маселен, Ордо-Балык, Беш-Балык, ж.б.).

Дагы караңыз Бабабыз Кашгари Барскани “Диванды” 1077-жылы жазып бүткөн

Қуз-Улуш

Карахандардын Баласагын шаары дагы бир аталышка ээ болгон. Ал – “Қуз-Улуш” топоними.

Мындагы “улуш” сөзү чигил тилинде “кыштак” маанисин берген, бирок баласагындыктар бул сөздү “шаар” маанисинде да колдонушкан.

Махмуд Кашгари Барскани жазгандай, Баласагын шаарын “Куз-Улуш” деп да атап коюшчу.

Бул “улуш” сөзү да теңир-тоолук түрк тилдеринин жана диалекттеринин өнүмү болуп саналат.

Анткени согд (согдак) тилинде жер-суу аталышын жаратуучу (топоформант) термин катары “шаар” маанисин берген “кент”, “канд” деген куранды сөздөрдү жалгаштыруу аркылуу туюнтулчу шаар аталыштары бар эмеспи (Самарканд, Аксыкент, Өзкент, Тарсакент, Ташкент, ж.у.с.).

“Улуш” сөзү арап, иран тилдеринде да учурабайт.

Демек, “Қуз-Улуш” шаар аталышы – “Қуз-Ордо” жана монгол чапкыны доорундагы “Қуз-Балык” шаар аталыштарына маанилеш карахандык түрк сөзү.

Дагы караңыз ТАРЫХ: Махмуд Кашгари Барсканини кандайча элестетесиз?

Баласагын тоолору жана Занби-Арт (Шамшы)

Баласагын шаарынын түштүгүндөгү тоо кыркасын (Махмуд Кашгари Барскани белгилегендей) “Баласагын тоолору” деп атап коюшкан. Бул тоо кыркасы азыркы тапта Кыргыз тоо кыркасы деп аталат.

Ушул тоо кыркасындагы Занби-Арт ашуусу (азыркы Шамшы ашуусу) аркылуу кеткен кербен жол Баласагын шаары менен азыркы тапта Кум-Дөбө шаар чалдыбары болуп калган Кочкор-Башы шаарын байланыштырган.

Махмуд Кашгари Барскани 1072-77-жж. арапча жазган “Дивану лугати т-турк” эмгегиндеги дүйнө картасы. Анда Ысык-Көл, Барскан жана Баласагын дүйнө чордонунда көрсөтүлгөн.

Махмуд Кашгари Барскани “Диванында” мындай деп таасын жазат:

“Занби-Арт – Кочкор-Башы менен Баласагындын ортосундагы бир ашуунун аты”.

Бул географиялык жагдай Махмуд Кашгари Барскани өз “Диванында” чийген дүйнө картасында да таасын белгиленген.

Махмуд Кашгари Барсканинин "Дивану лугати т-түрк" эмгегиндеги дүйнө картасынын Борбордук жана Чыгыш Азия бөлүгүнүн кыргызча котормосу. Т.Чоротегин. 1997-ж.

Демек, дал ушул залкар тилчи жана этнограф окумуштуу бабабыз Махмуд Кашгари Барскани айтылуу Баласагын шаары Чүйдө (Баласагын тоо кыркасынын тескейинде) жайгашкандыгын, ал эми Кочкор-Башы шаары болсо Занби-Арт (азыркы Шамшы) ашуусунун күңгөйүндө жайгашкандыгын таасын тастыктап берген.

Азыр дагы Буранадан жана жалпы Чүй өрөөнүнөн Кум-Дөбөгө Шамшы ашуусу аркылуу атчан жана жөө өтүүгө болот. Ал эми Кегети капчыгайынан кетчү ашуу Шамшы ашуусунан батышыраакта жайгашкан.

(Биз бул чакан блогдо айрым фолк-хисторичилердин “Баласагын шаары Кочкор өрөөнүндө жайгашкан жана Кочкорду “Кашкар” деп да аташчу” деген жоромолдоруна токтолуп отурбайбыз).

Жусуп Баласагындын доорун жана мурасын изилдөөгө арналган “Жусуп Баласагындын мурасы жана түрк дүйнөсү” аттуу эл аралык шеринеден көрүнүш. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Бишкек, Кыргызстан. 20.9.2024.

Соңку сөз ордуна

Жогоруда учкай айтылгандай, 20-сентябрда, жума күнү эки күндүк эл аралык илимий шерине өз ишин баштады. Бул илимий жыйында ушул саптардын ээсинин Жусуп Баласагын туулуп-өскөн шаардын ар кыл аталыштары жана орду тууралуу баяндамасы да видео тасма ирээтинде окулду.

Биз чакан блогубузда кеңири коомчулукту ошол баяндамабыздагы айрым ойлор менен тааныштыра кетүүнү эп көрдүк.

Бабабыз Жусуп Баласагындын мурасын ар тараптуу иликтөөгө алатоолуктар мындан ары дагы жигердүү салым кошо берет, деп үмүттөнөбүз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.