Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:15

Жусуп Баласагындын китебинин мааракеси жана “Кең Алтай” долбоорунун кезектеги жыйыны


“Кең Алтай” илимий долбоорунун алкагындагы Бишкектеги жыйындын ачылышы. 30.5.2024.
“Кең Алтай” илимий долбоорунун алкагындагы Бишкектеги жыйындын ачылышы. 30.5.2024.

Евразиялык алтай таануучулар бабабыз Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” аттуу орошон китебинин жазыла баштагандыгынын 955 жылдыгын жана чыгыш таануучу, академик Бөрү Ахмедовдун 100 жылдыгын Бишкек шаарында белгилешти. Тарыхчынын блогу.

Эл аралык шерине

Бейшембиде (2024-жылы 30-майда) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) “Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий жүрүмдөр” аттуу II эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.

Бул илимий иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңсесине караштуу «Мурас» фонду, Жусуп Баласагын атындагы КУУ, Алтай мамлекеттик университети (АлтМУ; Барнаул шаары, Орусия), «Кең Алтай» алтаистика жана түркология боюнча илимий-билим берүү борборунун КУУдагы өкүлчүлүк борбору, КУУнун Тарых жана аймак таануу иснтитуту, КУУнун Журналистика жана коммуникация институту, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) Бегималы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институту, Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фонду биргеликте уюштурду.

КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов. 30.5.2024.
КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов “Кең Алтай” илимий долбоорунун алкагында уюштурулган “Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий жүрүмдөр” аттуу II эл аралык илимий жыйынды ачууда. КУУ, Бишкек. 30.5.2024.

Ага кыргызстандыктардан тышкары Азербайжан, Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын тарыхчы, тилчи, адабиятчы, түрколог, чыгыш таануучу жана археолог илимпоздору катышты. Жалпысынан, 70тей чыгып сүйлөөлөр жана илимий баяндамалар болду. Айрым азербайжандык, казакстандык жана орусиялык баяндамачылар онлайн тартибинде чыгып сүйлөштү. Жарыялоого кабыл алынган баяндамалар 100дөн ашканы маалымдалды.

Эл аралык илимий шериненин алкагында чыгаан өзбек чыгыш таануучусу, тарых илимдеринин доктору, профессор жана академик, маркум Бөрү Ахмедович Ахмедовдун (1924–2002) торколуу 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык симпозиум да өткөрүлдү.

Симпозиумда чыгыш таануучулар – Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын академиги Дилорам Юнусовна Юсупова, Казакстан Республикасынын Илимдер академиясынын мүчө-кабарчысы Меруерт Куатовна Абусеитова, Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУнун) чыгыш таануу факультетинин деканы, профессор Таласбек Туратбекович Машрапов, маркум Бөрү Ахмедовдун кенже уулу Музаффар Ахмад ж.б. (айрымдары видео тасма аркылуу) чыгып сүйлөштү.

Б.Ахмедовдун 100 жылдыгына арналган симпозиумдун көрнөгү. 30.5.2024.
Академик Бөрү Ахмедовдун (1924–2002) 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык симпозиумдун көрнөгү. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Бишкек. 30.5.2024.

Бир жыйындын алкагында башка жыйын болушу мүмкүнбү?

Илимпоздордун коомдук тажрыйбасында мындай окуялар көп учурайт.

Маселен, 1999-жылы 28-мартта Улуу Британиядагы Кембриж университетинде славян таануучулардын дүйнөлүк илимий курултайынын алкагында өзүнчө бир илимий отурум кыргыз элинин чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдык мааракесине арналып өткөрүлгөн. Ага жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өзү жана ошол таптагы Кыргызстандын Улуу Британиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси, философия илимдеринин кандидаты Роза Отунбаева, ал кездеги жаш тарыхчы жана журналист А.К.Койчиев ж.б. кыргызстандыктар да катышкан.

КУУдагы илимий шериненин алкагында “Славян-түрк өз ара кызматташуусунун Кең Алтайдын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн медиа мейкиндигинде чагылдырылышы” аттуу журналисттик кереге кеңеш да өткөрүлгөндүгүн кошумчалай кетели.

Расмий куттук сөздөр

Эл аралык жыйындын ачылыш аземинде алгач КУУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-кабарчысы Төлөбек Абдырахманов сүйлөдү.

А.Койчиев “Кең Алтай” долбоорунун жыйынында. 30.5.2024.
Кыргыз Президентинин кеңешчиси Арслан Капай уулу Койчиев “Кең Алтай” долбоорунун алкагында уюштурулган “Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий жүрүмдөр” аттуу II эл аралык илимий жыйындын ачылышында сүйлөөдө.. 30.5.2024.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрагасы, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев, легендарлуу парламенттин спикери (1990–1994), Кыргыз Республикасынын Баатыры, профессор Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева (видео), Алтай мамлекеттик университетинин (АлтМУ) ректору, профессор Сергей Николаевич Бочаров (видео), Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңсесине караштуу “Мурас” фондунун төрагасы, профессор Кыяс Молдокасымов, Орусия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алтай Республикасынын эл жазуучусу, чыгыш таануучу Бронтой Янгович Бедюров, Казакстан Республикасынын УИАнын мүчө-кабарчысы, КР УИА президиумунун мүчөсү, КазР УИАнын Ч.Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун (ТЭИ) директору, т.и.д., профессор Зиябек Кабулдинов (видео), ТЭИнин директорунун орун басары, т.и.к., доцент Жеңис Жомарт, КР УИАнын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун (ТАЭИ) директору, КР УИАнын академиги, профессор Абылабек Асанканов жана башкалар куттук сөздөр менен чыгып сүйлөштү.

Алар евразиялык мейкндиктеги илим тармактарынын заманбап шериктештигин андан ары чыңдоо аракеттерин колдоого алышты.

Д.Кендирбаева жыйында (видео аркылуу) сүйлөөдө. 30.5.2024.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева (видеодо) “Кең Алтай” илимий долбоорунун алкагында уюштурулган эл аралык илимий жыйындын ачылыш аземинде видео аркылуу сүйлөөдө. 30.5.2024.

Айрым баяндамалар

Илимий шерине евразиялык археолог, булак таануучу, тарыхчы, этнограф, фолклор таануучу, адабият таануучу жана башка адистердин соңку илимий табылгалары жана илимий ой чабыт мөмөлөрү ортого салынган айдыңдык пайдубал болуп калды.

Белгилүү археолог, тарых илимдеинин доктору, АлтМУнун профессору Алексей Алексеевич Тишкин (Барнаул ш., Орусия) өзүнүн “Түрк дооруна чейинки Алтай: археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана алардын тарыхый контексти” аттуу баяндамасын окуду. Ал жужандардын дооруна таандык айрым артефакттар жана алардын мезгилин эң соңку илимий-технологиялык ыкмалар аркылуу аныктоо натыйжалары тууралуу баяндап, жалпы жужандар жана алардын доорундагы көчмөндөр цивилизациясы тууралуу текебер баа берүүлөрдү четке кагуу керектигин, алардын маданияты өз доору үчүн кыйла өнүккөн көчмөн маданият болгондугун баса белгиледи.

А.Тишкин кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов (1928–2008) өз романындагы Найман эне жана анын маңкурт болуп калган уулу тууралуу баянында жужандар дооорун да көркөм чагылдыргандыгын эскере кетти.

Бул шерине эл аралык илимий кызматташтыктын натыйжалары илимий чөйрөгө сунушталган кызыктуу баяндамалар менен дагы айырмаланды.

Маселен, “Түрк доорундагы Кыргызстандан алынган айкелдерди документтештирүүдө фотограмметриянын мүмкүнчүлүктөрү” деген олуттуу баяндаманы барнаулдук археолог адистер – професср А.А.Тишкин, АлтМУнун профессору, техника илимдеринин кандидаты Сергей Юрьевич Бондаренко жана алардын кыргызстандык өнөктөшү, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Кубатбек Шакиевич Табалдыев даярдашкан. Алар технолог адистердин да көмөгүн алышкан.

Мындагы кызыктуу жагдай – байыркы балбалдардагы жана башка аска таш беттериндеги сүрөттүн же тамганын дээрлик өчүп калган бөлүктөрүн үч мерчемдик көрүнүш аркылуу дээрлик калыбына келтирүү, таштагы кишинин (устанын) колу тийген жерлерди так аныктоо усулдарынын колдонулушу болду.

Мурдагы ыкмалар аркылуу эстампаж (көчүрмө) алууга караганда бул жаңы ыкма алда канча натыйжалуу экендигин адистер өз орток баяндамасында ынанымдуу чагылдырышкан.

Менин баамдоомдо, Кыргызстанда сакталып калган петроглифтик (таш бетиндеги) жазма эстеликтерди тагыраак иликтөө үчүн бул ыкманы мындан ары кеңири пайдалануу зарыл.

Барнаулдук археологдор, тарых илимдеринин доктору, АлтМУнун профессору Николай Николаевич Серёгин жана тарых илимдеринин кандидаты, АлтМУнун доценти Сергей Сергеевич Матрёнин сунуштаган “Түрк дооруна чейинки Алтай калкынын социогенез жүрүмдөрүн изилдөөнүн айрым өңүттөрү (Чобурак I көрүстөнүнүн материалдары боюнча)” аттуу баяндама дагы тарыхый эстеликтин жана археологиялык жайдагы табылгалардын мезгилин так аныктоодогу жаңы технологияк ыкмалар кеңири колдонулган изилдөө катары дурус бааланды.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору, тилчи Күлжамал Төлөгөновна Жаманкулова айым көөнө кыргыз тарыхына байланыштуу баяндамасын окуду.

Ал эми тарых илимдеринин кандидаты, Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын доценти Замира Тентиевна Садырова “Жусуп Баласагын жана анын доору” аттуу темада баяндама жасады.

Алматыдагы Р.Б.Сулейменов атындагы Чыгыш таануу институтунун башкы илимий кызматкери, илим доктору Гүлбахрем Максумовна Молотова айым “«Кутадгу Билиг» чыгармасындагы мамлекеттик түзүлүштүн идеалы” деген темада чыгып сүйлөп, Карахандар каганатынын залкар ойчулу Жусуп Баласагындын мамлекеттик адилет башкаруу жаатындагы осуятын чечмеледи.

Ушул саптардын ээси болсо Жусуп Баласагын ошол доордогу теги арап эмес мусулман элдеринин айдыңдарынын “шуубиййа” (“элдүүлүк”) кыймылынын Карахандар каганатындагы таасирдүү өкүлү болгондугун, ошол доордо Карахандар каганатында ар кыл диндердеги жамааттар мусулман түрктөр менен камыр-жумур байырлашкандыгын, бул мамлекет илим-билим жаатында дагы Чыгыш менен Батыштын ортосундагы ырааттуу көпүрө болгондугун, Карахандарда арап, несторийчи сириялык, согду, чыгыш түрк алфавиттери сыяктуу ар кыл жазмалар бир убакта колдонулгандыгын белгиледи.

Тил илимдеринин кандидаты, КУУнун доценти Сайрабүбү Нуркасымовна Исаева өзүнүн “Орто кылымдардагы адабий мурастар К.Артыкбаевдин эмгектеринде” аттуу баяндамасында иаркум профессор Качкынбай Артыкбаевдин (1934–2009) КУУга Жусуп Баласагындын ысымын бердирүү жүрүмүнө (1991–1992) кошкон бараандуу салымын эскере кетти.

Азербайжандын Бакы шаарынан онлайн чыккан адис, Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын фольклор институтунун илимий кызматкери Камала Фикрет кызы Исмаилова айым “Жибек жолундагы шаарлардын азербайжан эпосторунда чагылдырылышы” деген кызыктуу баяндаманы окуду.

Тюмен (Түмөн) мамлекеттик университетинин профессору, Татарстан Республикасынын Илимдер академиясынын ардактуу академиги Ханиса Чайдатовна Алишина айым (Түмөн ш., Орусия) болсо онлайн жасаган баяндамасында “Диляра Гарифовна Тумашева менен Эдхям Рахимович Тенишевдин эмгектеринде орто кылымдардагы түрк тилдери” деген теманы чагылдырды.

Педагогика илимдеринин доктору, «Ренессанс» билим берүү университетинин профессору Тулкин (Толкун) Турдиевич Алимардонов (Ташкен ш., Өзбекстан) мырза “Евразия мейкиндиги: Эмир Темир жана анын стратегиясы” деген темада баяндама жасаса, ал эми Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин ага окутуучусу Шохиста Абдумусаевна Соатова (Ташкен ш., Өзбекстан) сунуштаган баяндама “Эмир Темир – орто кылымдардагы залкар жол башчы: лидерликтин сырлары” деген темага арналды.

Өзбекстандык тарыхчылар өз өлкөсүнүн мамлекеттүүлүк тарыхын Эмир Темир менен тыгыз байланыштырып келишээри бышык эмеспи.

Ал эми казак тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору, М.В.Ломоносов атындагы ММУнун Казакстандагы филиалынын профессору Алтайы Иранбек кызы Оразбаева айым (Астана ш., Казакстан) “Түрк Элинин мамлекеттүүлүгүнүн талаа модели” деген темада саясат таануу багытында кызыктуу баяндама жасады.

Туризмди өнүктүрүү боюнча илимий-изилдөө институтунун доценти, тарых илимдеринин кандидаты Сабохат Абдумусаевна Соатова айым (Ташкен ш., Өзбекстан) “Зарафшан өрөөнүнүн калкы: этностук курамды изилдөө контекстинде” деген этнографиялык баяндамасын окуду.

Саха жергесинен келген жаш илимпоз, М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин (ТЧФУ) магистранты Саина Андреевна Михайлова (Саха Республикасы, Орусия), өзүнүн калемдеши, магистрант Саргылана Михайловна Михайлова менен бирдикте даярдаган “Якуттардын (сахалардын) салттуу диний көз караштары (шаманизм жана неошаманизм мисалында)” деген кызыктуу темадагы илимий баяндамасын окуп берди.

Саха жергесинен келген теги казак этнограф, ТЧФУ магистранты Диас Кумырбаевич Жанатаев “XIX–XX кылымдардагы казактар менен якуттардын (сахалардын) бел курлары: жалпылыгы жана өзгөчөлүгү” деген кызыктуу баяндаманы сүрөттөрү менен кошо сунуштады.

Бул магистранттардын илимий жетекчиси, ТЧФУнун доценти, тарыхчы, этнограф Капитолина Максимовна Яковлева айым Якутск шаарынан онлайн чыгып сүйлөп, азыркы сахалардын көөнө мурасты кайра жандантуу далаалаттары тууралуу айтып берди.

Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин көркөм өнөр жана гуманитардык илимдер факультетинин илимий кызматкери Айтал Игоревич Яковлев (Владивосток ш., Орусия) “Азыркы Якутиянын күнүмдүк жашоосу: айылдын жана шаардын чек аралары” деген антропологиялык баяндаманы онлайн окуду.

АКШда илимий сапарда жүргөн кыргыз тарыхчысы, философия доктору (PhD) Абдрасул Исаков түндүк америкалык индейлер менен алтай тил тобуна кирген элдердин болжолдуу этнографиялык жалпылыктары тууралуу соңку иликтөөнүн натыйжалары менен тааныштырды.

Абдрасул Исаков. 11.5.2012.
Тарыхчы Абдрасул Исаков. 11.5.2012.

И.Арабаев атындагы КМУнун доценти, тарых илимдеринин кандидаты Назгүл Качкынбаевна Рысмендеева айым “Манас” эпосу: мифтен логоско чейинки эволюциялык жүрүм” деген темада кызыктуу баяндама сунуштады.

Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыковдун санжырачы катары калтырган мурасын иликтеп жаткан жаш тарыхчы адис, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ага окутуучусу Акылай Анаркуловна Жумагулова “Санжыра”-– кыргыздардын тарыхын изилдөө булагы катары” деген темада чыгып сүйлөдү. Ал санжыранын булак катары оош-кыйыш жактарын жана мезгилдик алкагын чечмелеп берди.

Ал эми медиа жаатындагы кереге кеңешке келсек, АлтМУнун профессору, социология илимдеринин доктору Алла Владимировна Ковалева айымдын айтымында, дээрлик бардык адистер бул талкууга жандуу катышты. Анын ичинде бир илимпоз Париж шаарынан онлайн чыгып сүйлөдү, деди Алла Ковалева айым.

Кереге кеңешти Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти Ширин Аалиевна Костюк айым алып баргандыгын кошумчалай кетелик.

Буюрса, бул жана башка баяндамалар жакынкы болочокто өзүнчө жыйнак катары жарык көрөт деп жыйын уюштрууучулары ишендиришүүдө.

Кең Алтай жана утурумдук саясаттан бийик болуу

Бишкектеги эл аралык илимий шериненин катышуучулары ар башка өлкөлөрдө жашап жана иштеп келе жатышкан жалпы эле алтай таануучу, түрколог, монгол таануучу, тарыхчы, фолклор таануучу, археолог, этнограф жана башка адистерди, – азыркы саясий кырдаалга жана өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн өз ара бөлүнүп-жиктелүү саясатына, дүйнөнүн кээ бир аймактарындагы согуш аракеттерине карабастан, – өз ара илимий ынтымагын чыңдай берүүгө, кеңири илимий интеграцияга чакырышты.

Жеңис Жомарт Бишкектеги жыйында. 30.5.2024.
КазР УИАнын Ч.Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун директорунун орун басары, т.и.к., доцент Жеңис Жомарт эл аралык илимий жыйындын ачылыш аземинде сүйлөөдө. 30.5.2024.

Чындыгында да, эң байыркы жана байыркы тарыхтын, орто кылымдардагы жана андан кийинки доорлордогу тарыхтын барактарын үзүрдүү изилдөө зарылчылыгы эл аралык кызматташтыкты ого бетер өрчүтүүнү талап кылууда.

“Кең Алтай” долбоору дагы дал ушундай көп тарамдуу эл аралык кызматташтыкка муктаж деп санайбыз.

АлтМУнун профессору, “Кең Алтай” илимий долбоорунун жетекчиси Юлия Лысенко айым дагы биз менен маегинде бул долбоордун кызматташтык мейкиндиги кеңейтилет, ага түркологдордун жана монгол таануучулардын ар башка мамлекеттердеги илимий мекемелери жана демилгелүү илимпоздор тартыла бермекчи, деп баса белгиледи.

Ю.Лысенконун бул долбоор боюнча үзөңгүлөшү, КУУнун Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы Жамыйкат Өмүрова азыркы тапта дагы Кыргызстан тарап дүйнөдөгү ар кыл илимий мекемелер менен иштешүүгө ачык болуп жаткандыгын белгиледи.

Кыргыз этнографы, Татарстан ИАсынын чет элдик академиги Аниса Бикбулатова “Кең Алтай” долбоорунун алкагындагы этнографиялык сапарлар ар башка өлкөлөрдө жана улам жаңы багыттарда улантылып жаткандыгын дурус көрүнүш катары баалады.

Айтмакчы, биз менен жакынкы күндөрдөгү баарлашуусунда түркиялык тарыхчы жана булак таануучу, доктор, профессор Женгиз Алйылмаз эл аралык илимий долбоорлорго күнүмдүк саясаттын залакасы тийбеши керек, деген оюн айткан эле.

Демек, "Кең Алтай" долбоорунун ишмердиги ар кыл өлкөлөрдөгү саясатчылардын күнүмдүк тар кызыкчылыктарына эмес, жалпы адамзаттык узак мөөнөттүү илимий кызыкчылыктарга төп келүүсү зарыл.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG