Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36

Баласагындын "Кутадгу Билиг" чыгармасына арналган илимий жыйын өтүүдө


Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстерге арналган II Эл аралык илимий конференция. Бишкек
Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстерге арналган II Эл аралык илимий конференция. Бишкек

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстерге арналган II Эл аралык илимий конференция өтүп жатат.

Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги, Президенттин алдындагы тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Алтай мамлекеттик университети, «Кең Алтай» алтаистика жана түркология боюнча илимий-билим берүү борборунун өкүлчүлүк борбору, «Мурас» фонду, Тарых жана аймак таануу иснтитуту жана Журналистика жана коммуникация институту, Тарых, археология жана этнография институту биргеликте уюштурду.

Конференция Жусуп Баласагындын «Кутадгу Билиг» чыгармасынын жазылгандыгынын 955 жылдыгына арналган. Иш-чарага кыргызстандык тарыхчы-окумуштуулардын сырткары Орусия, Казакстан, Өзбекстандан келген 100дөн ашуун докладчы жана изилдөөчүлөр катышты. Алар Евразиянын тарыхы жана маданиятынын ар кандай аспектилери, анын ичинде саясий жана социалдык-экономикалык процесстер, этностук өз ара аракеттенүүлөр жана археологиялык изилдөөлөрдү талкуулашты.

Уюштуруучулардын айтымында конференциянын алкагында чет өлкөлүк изилдөөчүлөр «Бурана мунарасы» архитектуралык-археологиялык комплексине жана Ысык-Көлдөгү «Рух Ордо» маданий борборуна да барышат. Жыйын 2-июнда аяктайт. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG