Постсоветтик доордо өтмүш тарыхын айрым калктарга гана энчилөө далаалаттары байкалып келет. Бирок X–XIII кылымдардагы Карахандар каганатынын тарыхы бир катар түрк элдери үчүн орток экендиги таасын. Тарыхчынын блогу.
Чыгыш менен Батыштын көпүрөсү
Борбордук Азия чөлкөмүнүн жалпы тарыхында орто кылымдардын ичинен X кылымдан – XIII кылымдын башына чейинки доорду өзүнө камтыган ири мамлекет – Карахандар каганаты өзгөчө сөз кылууга арзыган кубаттуу мамлекет.
Бир жагынан, бул каганат бир катар түрк этносторун жалпы мамлекетке, жалпы саясий тагдырга баш коштуруп, алардын орток мамлекеттүүлүк тарыхында олуттуу из калтырган.
Экинчи жагынан, дал ушул түрк тилдүү калктар басымдуулук кылган жана айрым башка да этностордун кичи атажурттары жана диаспоралык топтору жайгашкан мамлекет мозаикалуу этностук-саясий тарыхка ээ болгон. Каганатта ар кыл диндерге табынган калктар байырлашкан.
Үчүнчү жагынан, 960-жылы ислам динин мамлекеттик дин катары расмий тастыктаган соң, Карахандар каганаты эң ири мусулмандык чөлкөмдүн курамындагы өлкөлөрдүн чыгыш бучкагын түзүп калган.
Бул жүрүм – диний мазмунга гана ээ болбостон, маданий жана илимий маңызга да ээ болгон: бир катар өлкөлөрдү шарттуу түрдө руханий баш коштурган Аббасийлик халифаттын чордонунан чар тарапка таркаган маданий, агартуу жана илим тармактарындагы өрүштү – “Ислам чөлкөмүнүн алтын доору” деп шарттуу аталган маданий өнүгүү доорун – баштан кечирген ири аймактарга Карахандар каганаты да кирген.
Демек, Багдадда, Дамаскта кандай медреселер (университеттер), илимий жана агартуу жайлары, китепканалар бар болсо, ошондой эле жайлар Бухара, Самарканд, Шаш (Ташкент), Анжыян, Ош, Өзгөн, Тараз, Баласагын, Кочкор-Башы, Барскан, Кашкар, Хотан сыяктуу шаарларда да “Ислам чөлкөмүнүн алтын доорунда” жана ага уланган кезеңдерде ар кыл диндеги жана маданий салттагы элдердин өз ара соодалык жана маданий алакаларынын кыртышында калыптанган.
Төртүнчү жагынан, Карахандар каганаты доорунда арапча “шу‘убиййа” (“элдүүлүк”) деп аталган улуттук маданий өрүшкө умтулуу жүрүмү тездеп жүрүп, натыйжада Борбордук Азиядагы бул исламдык чөлкөмгө таандык мамлекетке кирген аймактарда араптарга чейинки жергиликтүү улуттук маданияттын байлыктарын жана асыл-нарктарын исламга шайкеш кылып сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү иш-аракеттери жүзөгө ашырылган.
“Элдүүлүк” жүрүмүнүн өкүлдөрү чөлкөмдөгү жергиликтүү калктар араптар жана ислам келгенге чейин эле мында өнүккөн маданиятка жана руханий бийик сереге ээ болуп келгендигин тастыктоону мүдөө кылган.
Бешинчиден, Карахандар каганаты чыгыш, түндүк жана түштүк жагынан исламга тийешеси болбогон, бирок өз алдынча көчмөн жана отурукташкан цивилизациялык очокторду түзүп келген башка да түрк тилдүү жана түрк эмес элдер менен карым-катнашты түзүүнү уланткан.
Бул – жалаң гана дипломатиялык айкөлдүк менен түшүндүрүлбөйт, анткени каражаты жана аскер күчү болсо эле, эки тарап тең жер талашып, бири-бирине каршы улам-улам салгылашып турушкан.
Эл аралык соода болсо тынч карым-катнаш маалында жигердүүрөөк жүргөн.
Бул эл аралык карым-катнаш жүрүмү ар башка өлкөлөрдү динине жана маданий айырмачылыктарына карабастан баш коштурган “Улуу жибек жолу” деп шарттуу аталган Евразиянын кургактыгындагы соода жолунун аркасында жүзөгө ашырылып турган.
Ар кандай мамлекет өз чөлкөмүндө бул соода жолунун тармагын көзөмөлдөөгө умтулса да, ушул өлкөлөрдөгү акыл калчаган саясий бийликтердин эч бири эл аралык соода байланышты узак мөөнөткө үзүп салууга кызыкдар болгон эмес.
Жалпысынан, Карахандар каганаты (демек, Борбордук Азиядагы ага баш кошкон ири аймактар) Чыгыш менен Батыштын ортосунда маданий баарлашуу, соода-экономикалык алака жүргүзүү көпүрөсүнүн кызматын аркалаган.
Карахандар каганатынын орток мураскорлору бар
Адатта, көп этностуу болгон тигил же бул түрк тилдүү мамлекетти азыркы кайсы бир түрк элинин калемгер өкүлү өз элине гана энчилегиси келип, бир беткей пикир таңуулаган учурлар жок эмес.
Карахандар каганаты да кээде ошондой мамилеге туш болуп келет. Маселен, бул каганатты “уйгур мамлекети” катары гана сыпаттагысы келген калемгерлер бар.
Кыргыздын чыгаан чыгыш таануучусу, кыргыз таануучусу, тарыхчы Өмүркул Караев (Өмүркул Кара уулу; 15.10.1930 – 18.09.2002) агайыбыз 1983-жылы жарыялаган “Карахандар каганатынын тарыхы: (X – XIII к. башы)” [Караев O.K. История Караханидского каганата (X — начало XIII вв.) / Отв. ред. Мидил Джамгерчинов, Владимир Мокрынин. — Фрунзе: Илим, 1983. — 302 с.] деген орус тилиндеги монографиялык китеп бул маселеге илимий жактан терең талдоо кылып, Карахандар каганаты азыркы бир катар түрк элдери үчүн орток мамлекет болгондугун тастыктаган.
1984-жылы Өмүркул агайыбыз дал ушул каганаттын сасий жана этностук тарыхы боюнча докторлук диссертациясын Ташкент шаарындагы Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда ийгиликтүү коргогон. Ал кезде ушул саптардын ээси аталган институтта арап тилин жана орто кылымдардагы арап булактарын үйрөнүү боюнча илимий стажёр катары таалим алып жаткан.
Өзбекстандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын чыгыш таануучу окумуштуулары Өмүркул Караевдин диссертациялык ишинин бүтүмдөрүнө колдоо кылышкандыгына өзүбүз да күбө болдук.
Карахандар каганатынын даңазалуу өкүлү, тилчи, этнограф, картограф окумуштуу Махмуд Кашгари Барскани бул мамлекеттеги түрктөрдүн адабий тилин “хаканиййа түрк тили” деп атаган. Ал эч бир жерде бул адабий тилди “уйгур тили” деп атаган эмес.
Чыгаан түрколог окумуштуу Махмуд Кашгари Барскани үчүн уйгур тили, тактап айтканда, Карахандар каганатынын чыгышындагы башка бир мамлекеттин – Уйгур ыдыккут мамлекетинин манихей жана бутпарас диндерин туткан уйгур элине таандык тил болгон.
Карахандар сулалесин негиздеген чигил эли бир кездери Ички Азияда йагма жана карлуктар менен саясий ынтымак түзгөнү маалым.
Жалпысынан, Карахандар каганатында байырлаган элдердин арасында ар кыл түрк тилдүү этностор (арасында чигилдер менен йагмалардан башка тухсилер, азкиштер, карлук уруулары, огуздар менен кыпчактардын айрым бөлүктөрү, теңир-тоолук кыргыздар), түрктөшүп бара жаткан согдак эли, түрктөшкөн ас-сириялык несториандар, келгин араптар менен фарсылардын өкүлдөрү, түрктөшкөн тохарлар ж.б. бар болчу.
Карахандар каганатынын чыгыш бөлүгүндө байырлаган теңир-тоолук кыргыздар X кылымдан тартып акырындап исламдаша баштаган. 1120-жылдардын айланасында, демек, Чыңгыз хандын жортуулдарынан дээрлик бир кылымдай илгери, мервдик (марылык) Шараф Заман Тахир Марвази аттуу окумуштуу өзүнүн “Таба’и‘ ал-хайаван” (“Жаныбарлардын табигый белгилери”) деп аталган арапча чыгармасында жазган.
Мында Марвази кыргыздардын бир бөлүгү мусулмандык таасирден улам “сөөк өрттөө жөрөлгөсүнөн сөөк коюу жөрөлгөсүнө өттү” деген баалуу этнографиялык маалыматты калтырган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүндөгү мындай өзгөрүү, албетте, Теңир-Тоодогу карахандык кыргыздарга таандык көрүнүш болгон. Ал эми Энесайда калган кыргыздар сөөк өрттөө жөрөлгөсүн уланта беришкен.
Карахандар каганатынын алгачкы жалпы борбор шаарлары Кашкар менен Баласагын болгон. Ал эми бул каганаттын Батыш канаты жиктеле баштаган кезде, анын Батыш канатынын шарттуу борбору болуп Өзгөн шаары эсептелген.
Батыш Карахандар каганаты биротоло калыптанган кезден тартып Маверанннахрдагы Самарканд шаары анын туруктуу борбору болуп калган.
Демек, мусулман түрктөрдүн бул ири каганаты Чыгыш Теңир-Тоо, Борбордук жана Батыш Теңир-Тоо, Түштүк Казакстан, Жети-Суу, Тарим ойдуңу, Алай, Памир аймагы, Фергана жана Заравшан өрөөөндөрү, Мавераннахрдын орчун аймагы сыяктуу чөлкөмдөрдү өзүнө камтыган.
Бул каганат, демек, азыркы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, ошондой эле Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном аймагы менен Түркмөнстандын жана Тажикстандын айрым бучкактарын ээлеп турган жана айрым учурларда Түндүк Ооганстандын кээ бир аймактарын (тарыхый Тохаристандын түштүгүн) жортуулдар маалында өзүнө убактылуу каратып алууга жетишкен.
Жалпысынан, Карахандар каганатынын тарыхы – Борбордук Азиядагы түрк тилдүү калктар үчүн орток тарыхый барак болуп саналат.
Демек, бул мамлекеттин доору – чөлкөмдөгү азыркы түрк тилдүү калктардын мамлекеттүүлүк тарыхынын орток барактарынын бирине жатат.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.