Абактагы Төрөкулова айып изоляторуна эмнеге камалды?

Зарина Төрөкулова. Иллюстрациялык сүрөт.

Беш жылга кесилген абактагы жарандык активист Зарина Төрөкулова айып изоляторуна камалганы маалым болду. Анын кызы апасы жүрөгү ооруганына карабай, темир тор артында катаал мамилеге кабылганын айтат. Жаза аткаруу кызматы Төрөкулова "ички тартипти бузганы үчүн" ушундай чара көрүлгөнүн билдирди.

48 жаштагы Зарина Төрөкулова учурда Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар абагында жазасын өтөп жатат. Жаза аткаруу кызматы абактагы актвист кандай тартип бузганын ачык айткан жок.

"Апамдын жүрөгү ооруп жаткан"

Жарандык активист Зарина Төрөкулова айып изоляторуна киргизилгени 24-октябрда белгилүү болду.

Анын кызы Айман Ырысбекова "Азаттыкка" абактагы аялдардын укугун коргогон апасы жана аны менен кошо арыздангандар 15 суткага айып изоляторуна камалганын айтты:

"Ошол жакта аялдардын укугу бузулуп жатканда, биздин укукту коргоп бергиле деп жетекчиге кирсе, "макул" деп коюп эле арыз жазгандын баарын айып изоляторуна кечээ киргизиптир. 15 суткага камалыптыр, негизи үч же жети күнгө эле киргизет да. Апамдын жүрөгү ооруп жаткан", - деди Айман Ырысбекова.

Ал апасынын учурдагы абалын билбей турганын, абактан жазган каттарын сыртка чыгарбай жатканын кошумчалады.

"Ички тартип эрежелерин бузган"

Жаза аткаруу кызматы Төрөкулова жаза өтөө учурунда бир нече жолу ички тартип эрежелерин бузганы үчүн ушундай жаза колдонулганын "Азаттыкка" билдирди.

"Соттолгон Төрөкулова Зарина мекемеде жазасын өтөө учурда Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу мекемелеринин ички тартип эрежелерин бузгандыгы үчүн бир нече жолу дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Дагы бир мыйзам бузуу фактысы боюнча 2024-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 118-беренесине ылайык, Жаза аткаруу кызматынын №2 мекемесинин жетекчисинин токтомунун негизинде соттолуучуга карата 15 суткага айып изоляторуна камоо түрүндөгү тартиптик жаза колдонулган. Белгилей кетсек, айып изоляторуна киргизүү жөнүндө чечим зарыл болгон медициналык кароодон өтүп жана соттолгондун ден соолугунун абалы жөнүндө корутунду алгандан кийин, 23-октябрда гана күчүнө кирген", - деп билдирди Жаза аткаруу кызматы.

Ошондой эле мекеме соттолгондордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоорун, нормаларды сактоо менен мыйзам чегинде иш алып барып жатканын белгиледи.

Дагы караңыз "Жөн гана пост бөлүшкөм". Төрөкулованы каматкан эки билдирүү

"Төрөкулова нааразы болчу"

Акыйкатчы институтунун кызматкери абактагы Зарина Төрөкуловадан 11-октябрда кабар алган. Анда активист бир топ нааразылыктарын айтып, жардам сураганын Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Эмил Жандаев маалымдады.

"Төрөкулова көп нааразылыктарды билдирген. Биринчиси - мекеменин адмистрациясы ага "камераны ремонт кыл, ошол жерден жазаңды өтөй бересиң" деп айткан экен. "Ремонт кылып, жакшы шарт түзүп койсом мени башка отрядка которушуп койду" деген. Анан медициналык жардам боюнча нааразылык билдирген. Ошондой эле "жазган арыздарды администрация тийиштүү органдарга жибербейт" деген талаптарды көрсөттү. Биз эми ошол талаптардын негизинде тийиштүү мамлекеттик органдарга каттарды дайындап жатабыз".

Акыйкатчы институту Зарина Төрөкулова айткан нааразылыктарды 20дай аял колдоп, кол коюп бергенин кошумчалады.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор Төрөкуловадан эч кандай арыз түшпөгөнүн тактады.

Айып изолятору - бул түзөтүү мекемесиндеги шарты катаал камера. Анда жалгыз кармалган кишинин укуктары бир топ чектелет. Башкача айтканда, жолугушууга, жөнөтмөлөрдү алууга, ал жерге азык-түлүк жана кийим-кече алып кирүүгө болбойт. Болгону биринчи муктаждыктагы (тиш пастасы, самын, даарат кагазы, сүлгү) буюм-тайымдар берилет.

Дагы караңыз Пикир үчүн соттолгон Аранова менен Төрөкулова абакта калды

Атайын кызмат ал “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалганын былтыр 11-сентябрда билдирген. Активист “социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси менен иш козголгон.

Жактоочусу Кантемир Турдалиев Төрөкулова Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан башка адам экенин айткан. Активист өзүнө коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган.

16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон.

5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарса, 3-июлда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырып, ал кайра камалган.

Дагы караңыз "Сот катары жооп беришет". Илимдер академиясынын эксперттерине сын

Кыргызстанда социалдык тармакка жазган пикири же бөлүшкөн маалыматы үчүн абакка кесилип, ошондой эле пробация же айып пул менен чыккан бир нече учур катталды.

2023-жылы биринчи соттук инстанцияларда Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("массалык башаламандыкка"), 327-беренеси ("бийликти күч менен басып алууга") жана 330-беренеси ("кастыктын түрлөрүн козутууга чакырган") боюнча 19 кылмыш иши каралган. 30 адам соттолгон.

2024-жылдын биринчи жарымында биринчи бутактагы сотторго жогорудагы беренелер менен 71 кылмыш иши түшкөн. Анын ичинен 40 иш каралып бүтүп, 28 адам соттолду, 22 адам акталды.