Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

"Бир далили жок чечим чыкты". 11 журналисттин өкүмү, коомдогу сын


 Журналисттер Айке Бейшекеева, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков жана Махабат Тажибек кызы. 10-октябрь, 2024-жыл. Коллаж
Журналисттер Айке Бейшекеева, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков жана Махабат Тажибек кызы. 10-октябрь, 2024-жыл. Коллаж

Бишкектин Ленин райондук соту Temirov Live каналынын мурдагы жана азыркы 11 журналисти боюнча өкүм чыгарып, Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга кести. Журналисттер Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевага үч жылдык пробациялык жаза чегерилип, калган жетөө акталды.

"Акыйкатсыз чечим болду"

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов 10-октябрда чыгарган өкүмгө ылайык, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” беренеси күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды.

Ушул эле беренелер менен айып тагылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков беш жылга абакка кесилди.

"Азаттык" сот өкүмү чыккандан кийин Махабат Тажибек кызынан кыска комментарий алганга үлгүрдү.

"Сот бүгүнкү күн менен жашап, чечим чыгарды. Эл өзү таразаласын, биз болгону эл үнү болчубуз. Ким болбосун биз коррупциялык иштерин ашкерелей беребиз", - деп айтканга жетишти Тажибек кызы күзөт кызматкерлери залдан аны алып чыгып кеткенге чейин.

Азамат Ишенбеков, Махабат Тажибек кызы жана Айке Бейшекеев сот чечими чыккандан кийин. 10-октябрь, 2024-жыл.
Азамат Ишенбеков, Махабат Тажибек кызы жана Айке Бейшекеев сот чечими чыккандан кийин. 10-октябрь, 2024-жыл.

“Алга Медиа” долбоорун иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын журналисти Айке Бейшекеева да ушул эле айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, алар үч жыл пробациялык жаза менен абактан чыкты.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталды.

Быйыл 16-январда кармалгандан тартып Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева камакта болчу. Калган жетөө апрелде үй камагына чыккан.

"Жапырт башаламандыкка чакырган эмеспиз"

Temirov Live редакциясынын негиздөөчүсү Болот Темиров сот чечимин “мыйзамсыз” жана сөз эркиндигине катары баалады:

Болот Темиров.
Болот Темиров.

“Мыйзамсыз чечим чыгарып, бийлик накта диктатор экенин көрсөттү. Эми мындан кийин бийликтин демократия, сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөөгө акысы жок. Эл аралык уюмдар, Кыргызстандагы коомчулук көрүп жатат бул чечим - мыйзамсыз. Бир дагы далил жок. Массалык башаламандыкка чакырган бир дагы сөзүбүз болгон эмес”, - деди ал.

Махабат Тажыбек кызы жана Азамат Ишенбековдун адвокаты Улан Сейитбеков райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрыларын билдирди.

Сот жараянында Махабат Тажибек кызы менен Болот Темировдун жашы жете элек баласын комкордукка алуу маселесин чечүүнү Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына тапшырды.

Учурда алардын 12 жаштагы уулу таенесинин колунда экени белгилүү болду.

Үч жылдык пробациялык жаза менен сот залынан бошотулган Айке Бейшекеева бардык журналисттер акталышы керек деген пикири менен бөлүштү:

“Алардын эч кандай күнөөсү жок болчу. Кандайдыр бир пикир үчүн эле жаза алышты. Мен соттун айтканына макул эмесмин. Айтаар сөзүм жок. беш-алты жыл кесилгени акыйкатсыз чечим болду. Менин күнөөм жок. Пробация да акыйкатсыздык”, - деди Бейшекеева.

Акталган журналисттер дагы кесиптештеринин баары бирдей акталышы керек деген көз карашын билдиришти.

Айке Бейшекеева сот залынан чыккандан кийин
Айке Бейшекеева сот залынан чыккандан кийин

"Тил кесмей жок"

Сотко байкоо жүргүзгөн жарандык активист Рита Карасартова төрт журналистке жаза чегерүү жалпы медиа өкүлдөрдүн өзүн-өзү чектөөсүнө алып келерин айтты.

“Бул бара-бара журналисттердин өзүн-өзү чектөөсүнө алып келет. Журналисттер эмес, биздей жарандык активисттер мурдагыдай болбой, “камалып кетпейин” деп чочулап калышты. Кыргызстанда байыртадан эле “тил кесмей жок” деген бар. Хандарды деле “Айт айт десе” долбоорундагыдай комуз менен сындап, чымчып ырдаган. Баарынын оозун жаап, корккон эл өнүкпөйт”, - деди жарандык активист.

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеген.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Алардын экөө гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп, социалдык түйүндөргө отургузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат", - деген Жапаров.

Жарандык активист Мукай Керимбаев сөз эркиндиги менен кошо, жоопкерчилик болушу керек деген пикирде:

“Сөз эркиндиги деп эле аша чапкан учурларда мамлекет аларды чектеш керек деп ойлойм. Демократиялык өлкөлөрдө сөз эркиндигинин жоопкерчилиги дагы болушу керек. Сот көз карандысыз орган, кандай чечим болбосун укуктук мамлекетте ага баш ийишибиз керек. Мындан ары Бишкек шаардык соту, Жогору сот бар. Күнөөлөрү териштирилип акыркы чекитти сот коет”, - деди ал.

Актилек Капаров. 10-октябрь, 2024-жыл
Актилек Капаров. 10-октябрь, 2024-жыл

Соттун журналисттерге чыгарган өкүмүн жарандык активисттер, көз карандысыз журналисттер, укук коргоочулар, айрым саясатчылар сындап жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда сөз эркиндиги ансыз да басым-кысымга кабылып жатканда журналисттерге берилген катаал жаза абалды дагы начарлатат деп эсептейт:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Иликтөө үчүн журналисттерге ушундай жаза бериле турган болсо, эч ким калыс пикирин жазып, бийликке жардам бере турган иликтөөлөрдү чыгарбайт. Бул чечим сөз эркиндигине терс таасирин тийгизет. Ачык айтканда, Кыргызстанда ансыз деле сөз эркиндиги жок. Социалдык тармактарга пикир, билдирүү жазгандан да карманып калышты”, - деди депутат.

Парламенттин мурдагы депутаты Тазабек Икрамов сот чечимин "аша чабуу" деп баалады.

"Ар бир нерсенин чеги болот! Саясий күрөш да эрежеси менен болуш керек. Акыркы төрт жылда сөз эркиндигине, адам укуктарынын фундаменталдык баалулуктарына оңбогондой сокку урулуп жатат. Кыргызстан бул багытта артка кетип жатканын бийлик моюнуна алышы шарт", - деген пост жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.

Быйыл 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

  • ИИМ “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” менен иш козгоп, сотто мамлекеттик айыптоочулар алардын күнөөсү далилденгенин айтышкан.
  • Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары кылмыш ишин токтотууга чакырып келишкен. Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун 11 журналистине күтүлүп жаткан сот өкүмүн утурлай билдирүү таратып, Кыргызстандын бийлигинен алардын баарын актоого чакырган.
  • Буга чейинки отурумда алардын ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган.
  • Адвокаттар жана айыпталуучулар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG