Кылмыш-процессуалдык кодекс, шектүү адамдарды кармоонун шарттары жана тартиптери жөнүндөгү мыйзамдын эреже-талаптары сакталса Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасы ушул жылдын 26-октябрында эле өзгөртүлмөк.
И.Кадырбеков бул жагдайды саясий негиздеги адам укугун бузуу катарын баалай тургандыгын Кыргызстан президенти, биртоп эларалык уюмдарга, маалымдоо каражаттарына жолдогон кайрылуусунда билдирди.
Үч ирет Жогорку Кеңеш депутаттыгына, 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин аз убакыт Мыйзам чыгаруу жыйынын башкарып, кийинки үч жыл ичинде өкмөттүк кызматтарды башкарып келген Ишенбай Кадырбековго Кыргызстандын каржы полициясы Архитектура жана курулуш агенттигин башкарып турган кезинде кызматынан кыянат пайдаланган деп айып тагып, ушул жылдын 25-апрелинде камакка алган. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндөгү толгон-токой кайрылуулардын текши баары жоопсуз калып, Бишкектин Ленин райондук соту И.Кадырбековдун талапкерлиги Бишкек шаар кеңешине депутаттыкка коюлганда деле мурдагы чечимдерин өзгөрткөн жок.
Мыйзам тартибине кайчы келчү алдагыдай көрүнүштү И.Кадырбековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрөт:
- Башкы соттор 7-кабатта олтурат. Ошолор кандай айтса ошондой болчудай.
И.Кадырбековдун өзүнүн созулгандан-созулуп бараткан соттук териштирүүлөрдө бир четтен ыдырай баштаган кылмыш иши тууралуу пикири деле ушундай.
- Себеби бир эле. Мени күнөөлөп, камакка алып, кесип кетмей. Себеби ошол эле. Башка себеби жок. Башка себеп болсо мына мени 26-октябрдан бери бошотуш керек эле. Мен боштондук алышым керек эле, ал болгон жок. Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлигимди койгондо шайлоочуларым менен жолугушум керек эле, ага дагы жиберишкен жок. Андан талаш чыгып К.Кабилова да кызматын таштап кетти. Айтор, мыйзам одоно бузулуп атат. Бир гана нерсе, шылтоо болсо да болбосо да сотко алып келип, соттош деген ойлору бар го, билбейм.
Улам-улам кайрылуулардан натыйжа чыкпай, баш коргоо чарасынын өзгөртүлбөй келатышын Ишенбай Кадырбеков өтөле таасирдүү күчтүн ыкралына байланыштуу болуп жатканын деле жашырбайт.
- Эгерде Жогорку соттун да күчү жетип, адилеттүү болуп мыйзам негизинде чече албагандан кийин, демек, бул жакта өтө чоң бийикте турган бийлиги бар адам болуш керек. Андай болбогондо Жогорку сот эчак эле мыйзамсыз нерселерди токтотуп коймок. Башкы прокуратурага да кайрылдым мыйзамдын бузулуп атканын айтып. Алардын да күчү жетпей жаткандан кийин алардан да күчтүү адамдар болуш керек.
И.Кадырбековдун соту 17-ноябрдан башталып, буга чейин күбөлөрдүн тең жарымына жакыны суралды. Бишкек шаарынын прокурору Айбек Турганбаевдин ырасташынча, соттук териштирүүлөр мыйзам чегинде өтүүдө.
- Анын жоопкерчилиги же күнөөсүн бир гана сот аныктайт. Биз болсо айыпты колдоп жатабыз.
Парламент депутаты, коммунисттер фракциясынын мүчөсү Анаш Сейтказиевдин ырасташынча, И.Кадырбековго каршы козголгон кылмыш иштин артында кадыресе саясий жүйөө бар.
- 16-апрелде А.Жекшенкулов, Ө.Текебаев уюштурган курултайга активдүү катышкан. Андан кийин Нарынга барып активдерди чогултуп курултайды колдоо боюнча сүйлөгөндөн кийин эле камалып жатпайбы.
Антип саясий жүйөөгө таянып, бийлик каршылаштарына кылмыш иштерин козгоо кийинки кездери көбөйгөндөн-көбөйүп баратканын И.Кадырбеков эларалык уюмдарга багыштаган кайрылуусунда атайын белгилеген.