Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:21

АКШ аба базасы Кыргызстандан чыгарылабы?


Айрым жергиликтүү жана чет элдик маалымат агенттиктер кыргыз президенти Курманбек Бакиев АКШнын Бишкектеги аскерий аба базасын өлкөдөн чыгарууга ниеттенгени тууралуу жазып чыгышты.

Жергиликтүү агенттиктер орусиялык “Свободная пресса” аттуу гезиттин башкы редактору Александр Бушев кыргыз президенти Курманбек Бакиевден алды делген маекке шилтеме жасап, кыргыз бийлиги америкалыктардын жетегиндеги эл аралык коалициялык күчтөрдүн Манас аба базасын өлкөдөн жакында чыгарууга ниет кылганын билдиришти.

Бирок президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев бүгүн “Азаттыкка” курган маегинде бул кабарды толук төгүнгө чыгарды. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү да кыргыз бийлигинен Манас аба базасын чыгаруу тууралуу эч кандай кайрылуу болбогонун тастыктады.

Гезит жарыялаган интервьюда президент Курманбек Бакиев америкалык авиабазаны кеңейтүү өтүнүчүнө жок деп жооп бергендигин, авиабазаны Ооганстанда согуш жүрүп жатканда 1-2 жылга гана жайгаштырууга уруксат сурагандан бери 7 жыл өткөндүгүн жана президенти, парламенти менен өкмөтү бар Ооганстандын бийлиги эми өз жериндеги көйгөйдү өзү иретке салганга жарап калгандыгын билдирип, террорчулукка каршы күрөштүн бул ыкмасы өзүн актабагандыгын белгилеген. Андан тышкары “Франс пресс агенттиги” да авиабаза жабылат жана ага тиешелүү документтер даярдалып жатат деген маалымат таратты.

Кыргыз президентинин интервьюсу жана авиабазанын келечек тагдыры тууралуу авиабазанын жетекчилиги эч кандай түшүндүрмө берген жок. Бирок АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз өкмөтү авиабазаны жабуу тууралуу эч кандай расмий билдирүү бербегендигин билдирди.

Ал тууралуу элчиликтин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Туратбек Макенбаев мындай дейт:

-“Франпресс” агенттигинин маалыматын билебиз. Кыргыз өкмөтү менен бул маалыматты тактап жатабыз. Кыргыз Республикасы авиабазаны алты жылдан ашык мезгилден бери жайгаштырып, Ооганстандагы терроризмге каршы күрөшкө да, региондогу коопсуздукту камсыздоого да чоң салым кошуп келатат. Региондо терроризмге жол бербөө максатындагы кызматташтыгыбыз эки тарапка тең, АКШнын да, Кыргызстандын да кызыкчылыктарына туура келет. Манас авиабазасы эгемен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн макулдугу менен ишин аткарып келатат. Кыргыз өкмөтү бизге базаны чыгарууну каалагандыгы тууралуу эч кандай билдирүүсүн берген жок. Кандай болсо да бул база убактылуу. Ооганстандагы миссия бүтөрү менен эле бул база жабылат.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев президент Курманбек Бакиев орусиялык гезитке эч кандай интервью берген эмес деп, орусиялык гезит аны кандай максат менен жарыялагандыгын териштирип жаткандыгын билдирди:

- Мен билгенден мындай интервью болгон эмес. Аны тактай албайт экем. Бул каяктан пайда болгону белгисиз. Ошон үчүн бул чындыкка коошпогон маселе. Себеби мындай интервью болбогон. Ошону эми териштириш керек.

Президенттин интервьюсу тууралуу маалыматты 17-декабрда жарыялаган АКИ-пресс агенттиги аны 18-декабрда түштөн кийин сайттан алып, себебин интервью берилгендигинин күмөндүгү менен негиздеди. Бирок интервью берилгендигин президенттин басма сөз кызматы эртең менен тастыктагандыгын да кошумчалады. Ушундай эле маалыматты 17-декабрда жарыялаган “Кабар” агенттиги да аны сайттан кийинки күнү алып салды.

Америкалык авиабаза тууралуу мындай карама-каршы маалыматтар Орусия Кыргызстанга 2 миллиард доллар берүүгө убада кылгандан кийин Кыргызстандын АКШ баштаган батыш мамлекеттери жана Кытай менен мамилеси кандай болот деп саресеп салып турган кыргыз коомчулугунун бүйүрүн дароо кызытты.

Мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков Кыргызстан америкалык авиабазаны чыгарууга шашылбашы керек деп, себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Эгерде кете турган болсо Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы кадыр-баркы катуу түшөт. Анткени, алардын келген максаты эл аралык терроризмге каршы күрөшүү. Кыргызстан ага өз салымын ошол авиабазаны жайгаштыруу менен кошуп жаткан. Бул абдан чоң маселе.

Ал эми саясат талдоочу Токтогул Какчекеев авиабазаны чыгарууга мезгил жетти деген пикирде:

- Анткени, кырдаал өзгөрүп баратат. Кыргыз мигранттарынын баары Орусияда жүрөт. Грузиянын Абхазия жана Түштүк Осетиядагы Америка колдогон чабуулу коркунуч туудуруп жатат. Кыргызстанда ЖККУнун коопсуздукту чыңдоочу мекемеси бар. Ошондуктан америкалык авиабазанын чыгышы коопсуздукка эч кандай таасир бербейт.

Америкалык авиабаза Кыргызстандан чыгарылсын деген катты мурун АКШ президенти Жорж Бушка, кийин Барак Обамага жөнөткөн бейөкмөт уюмдардын бири “Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын” төрайымы Токтайым Үмөталиева Кыргызстандын коопсуздугу үчүн авиабаза чыгарылыш керек дейт:

- Эл аралык деңгээлдеги коопсуздукка кайрылсак, Манас аэропорту Аль-Каиданын тизмесине киргенин баарыбыз билебиз. Биздин аэропорт Аль-Каиданын кара тизмесинде жүрөт деп маалымат каражаттары жазып жүрөт. Тилекке каршы, бул маселени биз 5 жылдан бери айтып жүрүп, бир чечимге жетише элекпиз.

Ал эми бул авиабазадан Кыргызстан жылына канча каражат алаары тууралуу маалыматтар ар кандай. Каржы министри Тажикан Калимбетова парламентте жылына 17 миллион доллар түшөт десе, жакында Жогорку Кеңеш депутаттарынын авиабаза сапары учурунда база жетекчилиги жылына 80 миллион доллар төлөнөт деген маалымат айтты.

Жогорку Кеңеш депутаты Исхак Масалиевдин айтымында, каржы министри айткан 17 миллион доллар “Манас аэропорту” жана “Авианавигация” акционердик коомдоруна түшөт. Аталган коомдор бул каражаттын канчасын салык жана башка төлөмдөр катары бюджетке түшүргөнү белгисиз. Андай маалыматка Эсеп палатасы гана эгедер, дейт И.Масалиев.



XS
SM
MD
LG