Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

A. Матубраимов: “Президент экономиканы бүлдүрүүнү улантууда, өндүрүш өлдү”


Мурдагы депутат Алмамбет Матубраимов.
Мурдагы депутат Алмамбет Матубраимов.

“Ачык саясат” гезити “Америкалыктар 80 млн. а орустарчы?” деген жана саясатчы Алмамбет Матубраимовдун “Өткөөл мезгилдин оорусу, түшү жана маселелери” деген макалаларды басты. “Кыргыз туусу” гезити “Чаткал, Ала-Бука райондорундагы алтын өндүрүүчүлөрдүн өзүмбилемдиктери”, “Диний экстремизмге жол жок”, “АКШ менен Россиянын тымызын тирешүүсү эрегишүүгө айланабы?” деген макалаларды жарыялады.

“Эл ичинде чукул арада кризис мындан да оорлосо президенттин тегерегиндегилер президентти жана мамлекетти таштап баса берүүгө даяр деген имиш сөздөр айтылууда. –деп айткан “Ачык саясат” гезитине жарыяланган макалада А. Матубраимов. - Мыйзамсыз чогулткан байлыгын сактап калуу үчүн мамлекеттик чиновниктер мындай ишке барышы толук мүмкүн. Президент Бакиев республика колуна тийгенден кийин компетентсиз башкаруусу жана өзүнүн жакын чөйрөсүнүн активдүү жардамы менен экономиканы жана социалдык сфераны бүлдүрүүсүн улантууда. Азыркы учурда – адеп-ахлак, ар-намыс, абийир жана мекенчилдик жөнүндө сөз кылууга болбой калды. Өндүрүш өлдү.”

Ушул эле гезиттеги ЖК депутаты Жусупжан Жээнбековдун интервьюсу “Мен уулумду баары бир табам. Керек болсо канга-кан, өлүмгө өлүм кылам” деген ат менен жарык көрдү. Жээнбеков уулу Бактыярдын жоголгонуна 100 күн болгонун, кичүү уулу Аскат бир жылдан бери сыртта качып жүргөнүн айтып, “мен муну “атайын кызматтын” иши деп жатам. Алар мени сүйлөбөсүн, курултайга катышпасын, оппозиция тарапка өтүп кетпесин деп ооздуктоо максатында баламды бир жерге жашырып коюштубу деп ойлоп турам” дейт.

Андан ары ал: “Президентке жолукканымда К. Бакиев Молдомуса Коңгантиев менен УККнын төрагасы М. Суталиновго телефон аркылуу балдарды өз командаң менен издеп тапкын” деп буйрук берген, бирок ал издегендин ордуна “ Мен Русланды “акчага кызыккан неме. Карызы көп. Мен ал жигитти 4 жолу разборкадан сууруп алгам” деп көрдөн алып жерге, жерден алып көргө салды. Эгер үч кызыма, менин артымдан дагы бир шойкомдуу иш боло турган болсо, буга түздөн түз мамлекет күнөөлүү деп эсептейм. Мен анда аянтка чыгып ”Баланча кетсин! Түкүнчө кетсин!” дебейм. Өз армиямды алып тоого чыгып кетем. Ким күнөөлүү болсо, кадимкидей эле колума автомат алып атышам. Акаевдин маалында Сатыбалды акамды жоготконум деле жетишет. Бакиевдин маалында 2 баламды жоготушум керепи? Мен уулумду баары бир табам, керек болсо канга кан, өлүмгө өлүм кылам” деп айтты.

Ушул эле гезит “АКИпресс” маалымат агенттигине шилтеме кылуу менен бүгүн Кыргызстанды кимдер башкарып жатканын жалпыңыздарга жарыя кылууну эп көрдүк деп 29 кишинин тизмесин жарыялаган. Ошондо элдин эң көп добушун же добуш бергендердин 40 пайызга жакынын Максим Бакиев алган. Андан кийинки орунда Медет Садыркулов, анан Жаныш Бакиев, андан ары Н. Түлеев, А. Ширшов, А. Мадумаров, Адыл Бакиев ж.б. болуп тизме уланып кетет. Мына ушул Кыргызстанды башкарып жатат деген 29 кишинин тизмесинде эмнегедир өлкө башчысы К. Бакиевдин аты-жөнү жок.

“Кыргыз туусу” гезити “Чаткал, Ала-Бука райондорундагы алтын өндүрүүчүлөрдүн өзүм билемдиктери”, “Диний экстремизмге жол жок”, “АКШ менен Россиянын тымызын тирешүүсү эрегишүүгө айланабы?” деген макалаларды жарыялады. Акыркы макалада автор Папан Дүйшөнбаев Орусия куралдуу күчтөрүнун санын кыскартуу менен анын өзөгүн аскердик техникаларды көздөй багыттап жатканын белгилеп, Орусия НАТОнун аскер базаларын спруттай чырмап келатканына таптакыр макул эместигин, мындан ары анын ар бир кадамына ылайык тийиштүү чараларды көрө тургандыгын билдире баштаганын, демек, мына ушул өңүттөн алып караганда АКШ менен биздин жакын өнөктөшүбүз Орусиянын ортосундагы мамилелер эң эле татаалдашкан жагдайларда өнүгүүсү мүмкүн болуп баратат деп жазды.

Гезит мындан тышкары өткөн санында 1-бөлүгү жарыяланган “Суу жагдайы Борбордук Азияга чуу салат же туңгуюктан чыгарат” аттуу макаланын корутунду бөлүгүн окурмандарга сунуш кылды. Ушу тапта аталган аймакта суу – энергетикалык консорциумду түзүү жөнүндө Казакстан демилгечи болуп атканын, бирок Кыргызстан мындай сунушка өтө этият мамиле жасабаса, келечекте эң чоң саясый, экономикалык рычаг боло турган мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы ыктымалдыгын эскертет авторлор.

“Аалам” гезити “тезегиңди жагып жатасыңбы?” деген рубрика алдында академик Жамин Акималиевге сөз берген. Академик жакында эле Нарынга барып келгенин, сууктун күчү азырынча тоолуу аймакта 13-14 градус болуп турганын, Балкыбековдун ордуна келген Давыдов деле жыргатпасын, ал да көп сүйлөгөндү жакшы көрөрүн, азыр электр энергиясы 34 пайыз уурдалды деп аткандар анын өзүлөрү экендигин айтат. Акималиев ошону менен бирге эле, эгер быйыл отун тартыш болуп, токойлор кыйылып кете турган болсо даана экологиялык кырсык ошондо болорун кошумчалайт.

Энергетика маселесине кайрылган гезит УИАнын илимий кызматкери Лариса Бажандын тармактын бүгүнкүдөй кризиске кептелген себептерин ачыкка чыгырган баянын орус тилинде шардана кылды. Адистин келтирген далилдери боюнча энергия кризиси энергетка жетекчилери менен Акүй аткаминерлери ишендирип аткандай суунун тартыштыгынан же кургакчылыктан келип чыккан эмес.

Тескерисинче дал ошол энергетика башчыларынын акылсыз ишмердигинин айынан келип чыкканын конкреттүү мисалдарга таянуу менен кеп кылат. Таблица аркылуу келтирген мисалында 2005-2008-жылдар аралыгында Токтогул суу сактагычына канча суу топтолгону жана андан канча суу кое берилип турганы сандардын тили менен сайрайт. Ушул эле санда тоо-кен өнөржай ассоциациасынын президенти О. Дүйшеевдин чыры бүтпөгөн“Кумтөр “ алтын кени жөнүндө интервьюсу да жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG