Төкмө акын Асылбек Маратов УКМКдан эскертүү алганын айтты

Асылбек Маратов.

Асылбек Маратов.

Төкмө акын Асылбек Маратов 26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) болуп, эскертүү алып чыкканын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Бирок кайсы ишке байланыштуу жана эмненин негизинде эскертүү алганын тактаган жок.

Ал “Т-Медиа” порталына “Быйыл 17-январда Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеде саясий окуяларды кошуп ырдадым эле. Ошол сөздөрүм үчүн эскертүү алдым”, - деп айткан. УКМК бул тууралуу комментарий бере элек.

17-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Төкмө келсе төр бошот” долбоорунун алкагында Элмирбек Иманалиевди эскерүү айтыш-концерти болгон. Асылбек Маратов концертте коомдогу айрым көйгөйлөр, мамлекеттик карыз, салык, кымбатчылык маселеси тууралуу төккөн. Ал республикалык "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы.

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан улам мезгилсиз өмүрдөн өткөн.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн адамдарга иш козголуп соттолгон же камалып чыккан окуялар болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Дары-дармектин көбү узун кезектин айынан каттоодон өтө албай жатканы айтылдыБелгороддо "Биринчи каналдын" журналисти минага жарылып каза тапканы кабарланды Быйыл мектепке каттоо "Түндүк" тиркемеси аркылуу жүрөтТрамп Орусия ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрдү созуп жатканын айтты Конгресстин 40тан ашуун мүчөсү Трампка кат жолдоп, “Азаттык” боюнча буйругун жокко чыгарууга чакырдыКыргызстан менен Тажикстандын суу чарба объектилери боюнча макулдашуу ратификацияландыСолтон-Сарыдагы Бучук тилкесинен быйыл алтын казыла баштайтАкыйкатчы психикалык ооруга чалдыккандардын укугун коргоого чакырды