Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:29

Трамп Орусия ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрдү созуп жатканын айтты


Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп. (коллаж)
Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп. (коллаж)

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия Украина менен ок атышпоо келишимине кол коюуну атайылап кечеңдетип жатканын айтты. Трамп бул тууралуу 25-мартта Newsmax телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал Орусия согушка чекит койгусу келет деген ойдо экенин, бирок эмнегедир убакытты созуп жатканын, согуштун аякташын Украина да каалай турганын айткан.

Трамп эки тарап тең орто эсеп менен жума сайын жалпысынан 2500 аскерин жоготорун, согушта тартылган үрөй учурган сүрөттөрдү көрүп жатканын, буга чекит коюлушу керектигин кошумчалады.


Бир күн мурун Сауд Арабиясында Американын расмий өкүлдөрү Украина жана Орусиянын делегациялары менен өз өзүнчө болгон сүйлөшүүлөрдө Кара деңизде аскердик аракеттерди токтотуу жана эки өлкөнүн энергетикалык жайларына сокку урууга тыюу салуу боюнча чараларды көрүүнү макулдашты.

Сауд Арабиясында адегенде Вашингтон менен Киевдин делегациялары жолугуп, андан соң 24-мартта Вашингтон менен Москванын өкүлдөрү өз алдынча сүйлөштү. Алардын жолугушуусу 12 саатка созулду. 25-марта Украина менен Американын делегациялары кайрадан сүйлөшүү өткөрдү.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин айтканы боюнча Америка тарап расмий билдирүү тараткандан кийин келишимдин шарттары күчүнө кирди деп эсептесе болот. Анын сөзүнө караганда, Украина азырынча Орусияга анча ишенбей турат, ошентсе да өз тарабынан келишимдин шарттарын сактоого аракет кылат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG