Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:42

Акыйкатчы психикалык ооруга чалдыккандардын укугун коргоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде туруктуу жашаган 260 аялдын 36сынын паспорту, экөөнүн тек-жайын тактаган документи жок.

Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Институттун Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери стационардык мекемеге мониторинг жүргүзүү үчүн барганда айрым бейтаптардын аты-жөнү, кайдан, качан келгени такталбаганына күбө болушкан.

"2013-жылдын 24-июнунда Чым-Коргондогу психоневрологиялык диспансерден белгисиз аял киши которулган. Аны мекеменин кызматкерлери “белгисиз тажик аял” деп атап коюшкан. Ал кайдан келгенин, өзүнүн аты-жөнүн, качан туулганын эстей албайт. Дагы бир 69 жаштагы аял 20 жылдан бери аталган мекемеде жашайт. Өзүнүн айтымында, Өзбекстанда туулуп, кийин ата-энеси менен Москвада жашап жүрүп, көп өтпөй Фрунзеге келишкен. 14 жашында зордукталып, психологиялык трамвадан улам, талма оорусуна чалдыккан", - деп жазылган маалыматта.

Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин кызматкерлери 11 адамга паспорт алуу үчүн документтерин Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмүнө өткөрүлгөнүн айтышкан. 25 адам туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктугунан документтерин тапшыра албай жатканы маалым болгон.

Кадастрдык мекеме тарабынан берилген маалымкатка ылайык, 16 бейтаптын менчигинде жер тилкелери жана бир турак жай бар болуп чыккан. Стационардык мекеме алардын мүлктүк укуктары канчалык сакталып жатканы тууралуу маалымат берген эмес.

Жогорудагы кырдаалдан улам акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды психикалык ооруга чалдыккан адамдардын укугун коргоого чакырды.

Институт өз мандатына ылайык, бейтаптардын укугун камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды жөнөтүп, Адам укугунун жалпы декларациясына жана улуттук мыйзам ченемдерине ылайык алардын укуктарын камсыздоого чакырды.

Билдирүүдө психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде оор тагдырга кабылгандар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер документтерин калыбына келтирүү көйгөйүн өз алдынча чече албай турганы белгиленген. (ST)


Шерине

XS
SM
MD
LG