Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:20

Кыргызстан менен Тажикстандын суу чарба объектилери боюнча макулдашуу ратификацияланды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Бул макулдашуу эки мамлекеттин аймагында жайгашкан чарбалык жана энергетикалык объекттерге тоскоолдуксуз баруу үчүн кабыл алынган.

“Андан тышкары үч дарбазасы бар башкы плотинаны жана Ак-Татыр/Мачои каналынын башкы суу алуучу курулмасын биргелешип иштетүү сунушталууда”, - деп жазылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон. Бул документтерди Жогорку Кеңеш 19-мартта кабыл алган.


13-мартта Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишимге эки өлкөнүн башчылары Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон кол коюшкан.

Кол коюу иш-чарасы аяктагандан кийин ортодогу “Кызыл-Бел” жана “Кайрагач” чек ара бекеттери кайра ачылган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. (BTo)



Шерине

XS
SM
MD
LG