Шах Ага - согуштан калган мина жарылганда жарым жан болуп калган 100 миңден ашуун оогандыктын бири. Ал 1980-жылдары туулуп өскөн Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында советтик аскерлерге каршы кармашта бутунан ажыраган. 2015-жылы ошондой эле куралдан кайра жарадар болгон.
"Менин жашоом кооптуу. Мага силердин жардамыңар керек", - деди ал "Азаттыктын" ооган кызматы "Азади" радиосуна.
Нур дагы мина жарылганда эки бутунан ажыраган. Кабулдун тургуну майыптар билим ала албай турганын, иш жоктугун, алтургай жакшы кыймылдай албай калганын айтты.
"Коом менен өкмөт бизге окшогондордун укугун коргойлу деп деле ойлобойт", - дейт ал.
Ага менен Нурдун тагдыры кырк жылдай согуш баскан өлкөдө ар кайсы жерде көмүлүп калган миналардын азабын тарткан, жыл сайын жабыркаган жүздөгөн карапайым оогандардын абалын көрсөтөт.
Ооганстанды минадан тазалоо боюнча агенттик жерде көмүлгөн бойдон калган кооптуу куралдан дагы далай карапайым тургун жабыркарын эскертет.
Жардам сурагандар
Ондогон жылдар согуш оту өчпөгөн өлкөнүн аймагын коркунучтуу куралдан тазалоо иши "Талибан" башкарган өлкөгө эл аралык жардамды токтоткула деген чакырыктан улам такыр токтоп калышы ыктымал. АКШда президенттикке жаңы шайланган Дональд Трамп жана анын өнөктөштөрү Ооганстанга берилген жардамды кескин сындашат.
2021-жылы америкалык аскерлер ооган жергесинен толугу менен чыгарылгандан кийин "Талибан" экстремисттик кыймылы Кабулда бийликти басып алган. Кошмо Штаттар ага чейин бул өлкөгө гуманитардык жардам берген донорлордун сап башында турчу.
"Минага жарылып өлгөндөр, каза тапкандар көбөйөт. Айрыкча балдар менен аялдар анын азабын тартат", - деди Шахабуддин Хакими. Ал "Минаны чалгындоо борбору" деп аталган жергиликтүү бейөкмөт уюмдун жетекчиси.
БУУнун Минадан тазалоо кызматынын (United Nations Mine Action Service - UNMAS) маалыматына ылайык, 1989-жылдан бери 45 миңден ашуун ооган табылбай калган минага жарылып каза тапкан. Ушул тапта саперлер 3 миң чарчы чакырым жерди тазалап, жарылбай жаткан 14 миллиондон ашуун куралды, анын ичинен 764 миң жөө аскерлерге каршы колдонулуучу жана 33 460 транспортту жардыра турган заттарды табышкан.
Дагы караңыз Трамптын өкмөтүнүн Борбор Азия боюнча саясаты кандай болот?Минага жарылгандар көбөйөт
БУУнун Минадан тазалоо кызматы талаа-түздө калган минанын айынан 1700дөй жамааттын жашоосу кооптуу экени белгилейт. Ушул тапта 1200 чарчы чакырымдай жерди тазалоо иштери аткарылбай турат.
Хакими четтен каржылоо кыскаргандыктан соңку жылы ал жетектеген уюм өз ишин 80% азайтканын айтты. Айлана-тегерек минадан тазаланбагандыктан андан жабыр тарткандардын саны айына 60 кишиге жеткен. Буга чейин 50дөй киши жыл сайын жарылбай калган куралдан жабыр тартса, эми алар кескин көбөйдү.
"Ирандан жана Пакистандан качкындар арбын кайтып келип, өлкө ичинде ары-бери каттагандар көбөйгөндүктөн эми минага жарылгандардын саны да өсөт", - дейт Хакими.
Эки миллиондой ооган коңшу Пакистан менен Ирандан мекенине кайтып келди.
1979-жылы декабрда советтик аскерлер Ооганстанга киргенден тартып миллиондогон ооган качкындары коңшу өлкөлөргө чыгып кеткен. Ооганстанда "Талибан" бийликти ээлегенден бери коңшу өлкөлөрдө баш калкалап жүргөн жүз миңдеген киши мекенине кайтып келди.
Былтыр 234 мина жарылып, андан 455 киши өлүп же жарадар болгону "Кызыл чырым" уюмунун маалыматында айтылат. Алардын арасында 359у бала, жалпы жабыр тарткандардын 80% жеткинчектер.
Учурда Ооганстанда минадан тазалоо иштерине каржы деле тийбей калганын бул тармакта ооган элине колдоо көрсөткөн британдардын HALO Trust кайрымдуулук уюмунун өкүлү билдирди.
"Бул көйгөй менен алпурушканга өлкөнүн акчасы жок", - дейт британдардын өкүлү. Соңку эки жылда минадан тазалоо иштерине бөлүнгөн акча эки эсе азайган, анын айынан кызматкерлер саны да кыскарган.
"Талибан" бийликке келгенге чейин ишке тартылган 15 миң ооган саперунун ушул тапта 3 миңи гана калган. HALO Trust уюму соңку эки жылда жергиликтүү саперлордун 40% кыскарганын билдирет.
"Өлкөгө четтен келген жардам кыскарып, гуманитардык керектөө менен жакырчылыкты азайтууга көңүл бурулууда", - дейт уюмдун өкүлү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Гуманитардык кризис
Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Ооганстан терең кризисте, өлкөнүн 40 миллион калкынын жарымынан көбү жардамга муктаж.
"Талибан" бийлиги аялдардын укуктарын кескин чектегенинен жана гуманитардык кризистин тереңдеп баратканынан улам Батыш өлкөлөрү колдоосун азайткан.
Кабулда "Талибан" бийликти ээлеп алгандан кийин сырттан келген колдоонун көбү токтогон.
Кырк жыл согуш баскан, "Талибан" келип бийликти кайра алган өлкөгө сырттан келүүчү жардам токтоп калышы да ыктымал. 7-январда АКШда шайланган президент Трамп президент Байдендин администрациясын "Ооганстандагы "Талибанга" миллиарддаган доллар төлөп жатат" деп айыптаган.
Республикачыл конгрессмен Тим Бурчетт 2-январда Трампка жазган катында Ооганстанга жардам берүүнү токтотууга чакырып, анын кайсы бир бөлүгү "Талибанга" кетип жатышы ыктымалдыгын" белгилеген.