Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Трамптын өкмөтүнүн Борбор Азия боюнча саясаты кандай болот?


АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп, 22-декабрь, 2024-жыл
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп, 22-декабрь, 2024-жыл

Дональд Трамптын Ак үйгө кайтып келиши дүйнөлүк державалардын ортосунда тең салмактуулукту сактоого көнүп калган Борбор Азия үчүн бурулуш учур болушу мүмкүн.

Эксперттер АКШнын жаңы президенти Вашингтондун аймактагы стратегиясын өзгөртөбү же бизнес кызыкчылыктарына жана энергетикага басым жасайбы деп талашууда. Демейкиден башкача иштегени менен белгилүү болгон Дональд Трамп Борбор Азияга өз ара алаканын жаңы түрүн сунушташы – бюрократияны азайтып, пайданы көздөгөн кыйла жекече келишимдерге артыкчылык бериши мүмкүн. Аймактагы өлкөлөр экономикалык сүйлөшүүлөрдү өздөрүнүн көз карандысыздыгын бекемдөө үчүн таяныч катары пайдалана алабы? Трамп Кытай менен Орусияга каршы Борбор Азиядан өнөктөш издейби же бул аймак Ак үйдүн таасир чөйрөсүнөн тышкары калабы?

Бул ирет “Азаттыктын” Борбор Азия боюнча баяндамачысы Брюс Панниердин Majlis подкастынын катышуучулары:

Бакыт Бешимов, АКШнын Түндүк-Чыгыш Бостон университетинин профессору, Кыргызстандын парламентинин мурдагы депутаты жана Индиядагы мурдагы элчиси.

Ричард Хогланд, Вашингтондогу “Каспий саясат борборунун” эксперти, АКШнын Казакстандагы жана Тажикстандагы мурдагы элчиси, ошондой эле Түркмөнстандагы убактылуу ишенимдүү өкүл.

Эрик Руденшольд, Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө да, кызмат мөөнөтү аяктап бараткан Байдендин тушунда да АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинде Борбор Азия боюнча директор болуп иштеген.

“Ишкер адам” Трамп жана анын Каспий аймагындагы ыктымал кызыкчылыктары

Брюс Панниер Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүнөн берки төрт жыл ичинде Борбор Азияда чоң өзгөрүүлөр болду деп эсептейт.

Брюс Панниер.
Брюс Панниер.

“Америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылып, Орусия Украинага жапырт бастырып киргенден кийин Борбор Азия өлкөлөрү менен Москванын мамилеси өзгөрдү. Аймак аркылуу өткөн соода жолдору кеңейип, жаңы көйгөйлөр пайда болду, мисалы, энергетикалык ресурстарды жана [башка] эң маанилүү минералдарды алуу кыйындады”, – дейт Панниер.

Анын пикиринде, 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан кийин Борбор Азиянын АКШ менен мамилеси узак мезгил бою коопсуздук маселелерине байланыштуу болуп келген, бирок азыр бизнес кызыкчылыктары биринчи орунга чыккан сыяктанат.

Эрик Руденшольд да анын пикирине кошулуп, “ишкер адам” болгондуктан Трамп президент Борбор Азияга көз салып турат деп эсептейт. Серепчи АКШнын жаңы президентинин тушунда Борбор Азия “көӊүл сыртында” калбайт деп болжолдойт.

Эрик Руденшольд.
Эрик Руденшольд.

“Биринчи мөөнөтүнүн башында [Трамп] Казакстан менен Өзбекстандын президенттерин кабыл алган эле. Ал АКШнын Борбор Азия боюнча кеңири масштабдуу улуттук коопсуздук стратегиясын – ушул аймак менен кызматташуунун жети жылдык комплекстүү багытын демилгелеген. Борбор Азия азыр “бизнес үчүн ачык”. Ортоңку өткөөл бул аймакты батыштын соода жолдоруна бириктирген байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берди”, – деп аналитик баса белгилейт.

Анын айтымында, азыр Казакстан мунайды Каспий деңизи аркылуу түз ташып, стратегиялык пайдалуу кендер Ортоӊку өткөөл аркылуу алда канча жеткиликтүү болуп калды – мунун баары “Ак үйдүн жаңы администрациясына жагат”.

“Бул аймак эми мурункудай алыс эмес. Каспий деңизи аркылуу өткөн транспорттук каттамдар аймакты Түркияга, Европага жана дүйнөлүк соода жолдоруна жакындатты. Бул Трамп үчүн мурда теориялык жактан гана болгон, бирок азыр реалдуулукка айланган мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мен биринчи кезекте Европадагы күйүүчү майдын тартыштыгын жеңилдетүү үчүн Түркмөнстандын газы Каспий деңизи аркылуу жеткирилип жатканын айтам”, – дейт Руденшольд.

Ал Америка Кошмо Штаттарында “коргонуу өнөр жайы, технологиялык өндүрүш жана жарым өткөргүчтөр тармагында атаандашуу үчүн зарыл ресурстардын баары эле жетиштүү эмес” экенин эске салды.

“Ошондуктан алар бул материалдардын айрымдарын алуу үчүн өнөктөштөргө таянышат. Демек, бул Трамптын жаңы администрациясы үчүн да, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилиги үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк”, – деп белгиледи эксперт.

Транскаспий эл аралык транспорт жолу

Ортоӊку өткөөл деген аталышы менен да белгилүү болгон Транскаспий эл аралык транспорт жолу (TЭТЖ) Борбор Азияны Каспий деңизи, Кавказ жана Түркия аркылуу Европа менен байланыштырат.

Автомобиль жолдорунун, темир жолдордун жана деңиз жолдорунун тармагы болгон бул транспорттук инфраструктура Орусия аркылуу өткөн салттуу соода жолдоруна негизги альтернатива болуп саналат. Ал региондогу өлкөлөргө өз товарларын экспорттоо же инвестиция алуу, ошондой эле орусиялык жолдор менен байланышкан геосаясий тоскоолдуктардан арылуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Бул өткөл Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык жактан көз карандысыздыгын бекемдөө менен жаңы рынокторго эле жол ачпастан, аймактагы субъекттер үчүн транспорт чыгымдарын да азайтат.

Ричард Хогланд да АКШнын жаңы администрациясы геосаясий себептерден улам “сөзсүз түрдө” бул аймакка көңүл бурат деп эсептейт.

Ричард Хогланд.
Ричард Хогланд.

“Борбор Азияга эле эмес, Түштүк Кавказга да. Маселе булардын тегерегиндеги коңшуларында. Түндүктө – Украинага каршы бүлгүнчүл согушун улантып жаткан Орусия. Чыгышта – Дүйнөдөгү эң чоң державалардын бирине айланган Кытай. Түштүктө – Ооганстан, ал жерде акыркы убакта ири [аскердик] кризистер болгон эмес, бирок акыркы жылдары АКШ “Талибан” режиминен улам бул жактан оолактаган бойдон турууда. Акыркысы, жакында эле Жакынкы Чыгыштагы өнөктөшүнөн – Сириядан ажырап калгандыктан, өтө олуттуу өзгөрүүлөрдүн мезгилин башынан кечирип жаткан Иран. Аймакта болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн улам Вашингтон ага көңүл бурбай коё албайт”, – дейт мурдагы элчи.

АКШнын бизнестеги кызыкчылыктарына келсек, Хогланддын айтымында, Борбор Азияда “базар экономикасы “кандай иштээрин түшүнбөстүк” байкалууда.

“Мен региондогу лидерлерден – министрлерден да, президенттердин кеӊешчилеринен бир нече жолу уктум, алар “айтып койгулачы, компанияларыӊар биздин аймакка көбүрөөк инвестиция салсын” дешет. Бирок базар экономикасы мындай иштебейт да. АКШ өкмөтү, айталы, ExxonMobil’дин эшигин каккылап, X өлкөсүнө инвестиция салсаӊар жакшы болор эле дебейт. Мамлекеттер өздөрү компанияларды кызыктыра турган шартты түзүшү керек, инвесторлор салымы кийин канчалык берекелүү болот, тийиштүү өлкөнүн укуктук системасы тарабынан корголобу деп, чечим кабыл алышат. Инвестициялык процесстерди түшүнүүдөгү бул айырмачылыкты жоюу керек го”, – деп дипломат кеңеш берет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясаты: “Эч кимдин ыгына көнбөө керек”

Өз кезегинде Бакыт Бешимов Борбор Азия “АКШга болгон мамилени Орусия жана Кытай менен болгон мамилени да камтыган үч бурчтуу өӊүттөн кайра карап чыгууга убакыт жетти” дейт.

Бакыт Бешимов.
Бакыт Бешимов.

“Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендигине 30 жыл толгондон кийин, бул мамлекеттердин башчыларынын соӊку сөздөрүнөн биз бүгүн эмнени байкайбыз? Алар кандай сабак алышкан? Биринчиден, АКШ, Орусия жана Кытайдын эрегишкен кооптуу оюндарына аралашпоо керектигин билишти. Экинчиден, бул державалар менен болгон алаканын оӊ жана терс жактарын эске алып, алардын ортосунда ийкемдүүлүк менен мамиле кылып, мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда табууга умтулуу керек. Украинага карата мамиле Орусия менен кызматташууга кедергиси тийбегендей кылып, Москва менен болгон мамилени “украинчесине” оодуруп алуудан сактануу зарыл”, – деп эсептейт Кыргызстандын мурдагы элчиси.

Ошол эле учурда ал АКШнын “инвестиция жана соода жагынан Борбор Азияга таасири анча чоӊ эмес”, анткени Кытай менен Орусия аймактагы негизги өнөктөштөр жана инвестициялык жааттар бойдон калууда деген пикирде.

“Борбор Азиянын лидерлери жана саясатчылары отуз жылдан кийин бул аймактын өзү АКШ үчүн анча деле мааниге ээ эмес экенин жакшы билишет. Бул аймак Орусия менен Кытайга жакындыгы жагынан маанилүү. Ошондуктан алар эч кандай оюндарга – АКШнын Орусияга же Кытайга каршы, же болбосо Кытайдын же Орусиянын АКШга каршы аракеттерине аралашпай, көз карандысыз, бейтарап турганы оӊ. Ошондуктан алар түрк тилдүү мамлекеттер менен өнөктөш болуу жана кызматташуу аркылуу эгемендигин бекемдөөгө аракет кылып жатышат, ошондуктан Түркия менен алака кылганы абдан маанилүү.

Трамптын администрациясы Түркия менен кандай мамиле кылат деген суроо туулат. Кытайга кандай карай турганы да маанилүү. Бул өнөктөштүк болобу же тирешүүбү? [АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысы кызматына Трамп сунуштаган] Марко Рубионун Орусия АКШ үчүн – балким, 5-10 жыл бою, Кытай – 100 жылга чейин көйгөй болот деген сөздөрү баарыбыздын эсибизде. Ал Кытайды АКШнын “элдешкис душманы” деп атады. АКШ менен Орусиянын мамилесине келсек, алар өз ара макулдашып, таасир чөйрөсүн бөлүшүп алсачы? Анда Борбор Азия өлкөлөрү эмне кылат? Муну да ойлонуу керек”, – деп ойлойт Бешимов.

АКШнын “Адам укуктары индустриясы” жана Борбор Азия лидерлеринин кайдыгерлиги

Борбор Азиядагы экономикалык жана саясий кызыкчылыктардан тышкары, АКШ аймактагы адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоого басым жасап келген деп эскерет Брюс Панниер.

“Соӊку бир нече жылда бир катар өзгөчө окуялар – Казакстанда Каӊтар – кандуу январь окуялары, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунда баш аламандыктар, Өзбекстанда каракалпак окуялары, 2020-жылы Кыргызстан дагы бир революция болду. АКШ диктатурага ыктап калгандай сыяктанган аймактагы демократиялык реформаларга салым кошо алабы?” – деп суроо салат баяндамачы.

Ричард Хогланд адам укуктарынын маселеси президент Трамптын администрациясынын аймакка болгон саясатына таасирин тийгизет деп ишенет.

“Анын командасы бул күн тартибиндеги негизги маселе деп эсептегендиктен эмес, “адам укуктары индустриясы” деп аталуучу багыт Вашингтондо абдан жакшы баркталганы үчүн жана Капитолий дөбөсүнө таасири күчтүү болгону үчүн ушундай”, – дейт ал.

Ошол эле учурда АКШнын Борбор Азиядагы адам укуктарын сакталышына карата мамилеси тууралуу сөз кылган мурдагы элчи Вашингтон көбүнчө “тезистерди берип туруу менен эле чектелерин” белгилейт.

“Биз Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө айтылуучу сөздөрдү алып турчубуз. Алар менен сүйлөшүүгө отуруп, текстти окуп берип, кол алышып, андан соң иш аткарылды деп кабарлап койчубуз. Бирок, кечиресиз, тезистер кырдаалды өзгөртпөйт. Дагы бир анча жакшы эмес ыкма – бул “сөөмөй кезөө”, сындап, уяткаруу. Кайсы бир өлкөдө адам укуктары одоно бузулса, АКШнын Вашингтондогу администрациясы конкреттүү аракетти айыптаган пресс-релизди чыгарып койчу. Мындай мамиле бул аймакта анча таасирдүү болбойт”, – дейт мурдагы дипломат.

Хогланд аймактагы өлкөлөрдүн кадыр-барктуу адамдары менен бетме-бет сүйлөшүү эӊ туура болмок дейт.

“Кырдаалды түшүндүрүү керек: кайсы бир адамды боштондукка чыгарып койсо эле бийлик алмашып кетпей турганын, тескерисинче, Кошмо Штаттар ал мамлекеттерди жакшыраак урматтап каларын жана эки тараптуу мамилелер жакшырарын тийиштүү өкмөттөр билиши кажет. Акыры, ар кайсы өлкөлөр укпай калбайт, анткени Америка Кошмо Штаттары дагы эле дүйнөлүк держава болгондуктан, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөр аны менен жакшы мамиледе болууну каалашат”, – дейт Хогланд.

Адам укуктарынын бузулушу боюнча айыптаган, күнөөлөгөн сөздөргө аймактагы мамлекет башчылар жооп бербей келет. Алар буга олуттуу көӊүл бурбайт.

Профессор Бешимов бул ыкма таасирдүү болбойт деп эсептейт.

“Адам укуктарынын бузулушу боюнча айыптаган, күнөөлөгөн сөздөргө аймактагы мамлекет башчылар жооп бербей келет. Алар олуттуу көӊүл бурбайт. Кыязы, алар унчукпай коюшат же бир жыл мурун өлкөдөгү адам укуктарынын [сакталбай жатышын] АКШ сындаганда Кыргызстан жооп кайтаргандай кескин реакция кылышат”, – деп эсептейт мурдагы элчи.

Ал ошондой эле АКШнын аймакка көрсөткөн жардамы негизинен коопсуздук тармагына тиешелүү экенин белгилейт.

“Бул Америка Кошмо Штаттары кайсы бир деңгээлде бул өлкөлөрдө авторитардык режимдин бекемделишине көмөктөшүп жатканын билдирет. Ал эми Трамптын администрациясы адам укуктарын урматтоого көңүл бурбайт же бул маселени Борбор Азия мамлекеттерине геосаясий пайда алуу үчүн кысым көрсөтүү үчүн колдонот деп ойлойм”, – деп болжолдойт мурдагы дипломат.

Ал Трамптын Борбор Азияга расмий сапар менен барышы ыктымал деген оюн да айтты. Бешимовдун пикиринде, “эгер АКШ Орусия менен макулдашып, Кытай менен катуу тиреше баштаса”, ушундай болушу мүмкүн.

“Ошондо бул аймактагы жагдайды өзгөртүү үчүн анын ушундай мүдөө менен келишине өбөлгө түзүлөт. Эгерде Кытай менен болгон мамиле каршылашуу менен кызматташуунун ортосунда тургандай абалда кармалса, Орусия менен мамилеси кыйла оңолуп кетсе, анын жеке өзү келиши эч кандай мааниге ээ болбойт деп ойлойм”, – деп сөзүн жыйынтыктады Бешимов.

C5тин келечеги жана АКШнын ролу

Ричард Хогланд Трамп Борбор Азияга барса деле анын расмий сапары жагдайды кескин өзгөртүп ийбейт деп эсептейт.

“Эгерде АКШнын Борбор Азиядагы олуттуу жана узак мөөнөттүү саясатында өзгөрүү болбосо, аймакта өз таасирин арттырып жаткан ири державалар үчүн Трамптын сапары анча деле мааниге ээ болбойт”, – дейт мурдагы элчи.

Анын пикиринде, АКШ Вашингтон демилгелеп, бара-бара өз алдынча иштей баштаган С5 форматын бекемдөөгө көңүл бурса, аймактагы геосаясий абалдын узак мөөнөткө, туруктуу өзгөрүшүнө жетише алат.

“Барак Обаманын администрациясы C5+1 форматын киргизип, ал азыр C5+Түштүк Корея, C5+Европа Биримдиги, C5+Япония жана башкалар сыяктуу ар түрдүү ыӊгайда иштеп жатканын эстейличи. Бирок, чынында эле, кызык: акыркы жылдары бул өлкөлөрдүн лидерлери C5 жолугушууларын өз ара үзгүлтүксүз өткөрүп, бул топту эл аралык бирикменин деңгээлинде институтташтыруу идеясын карай башташты. Алар азырынча бул багытта анча илгерилей элек, бирок мен Трамптын тушундагы АКШнын саясаты башынан эле айкын максатка – С5ти эл аралык уюмга айландырууга багытталса жакшы болор эле дейм. [Мындан тышкары], соӊку кезде алар Азербайжандын президенти Илхам Алиевди да чакырышты. Эми С6, балким, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы АСЕАНга окшош бирикме кылып С8ди да түзүүгө убакыт келип калгандай. Алар бириксе, алда канча күчтүү боло алат: көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн сактап калат. Ошол эле учурда дүйнөлүк аренада бирдиктүү күч катары чыга турган эл аралык уюм болмок”, – деп Хогланд жыйынтыктайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG