Айрым байкоочулар бул сунуштарды бир катар объективдүү жана субъективдүү себептерден улам ишке ашыруу оңой болбосун белгилеп жатышат.
Садыр Жапаров маегинде расмий Бишкек Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылы менен кызматташып, гуманитардык жардам жөнөтүп жатканын ырастаган. Дүйнө коомчулугун, ириде Батыш мамлекеттерин дагы ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө, ооган өкмөтүнүн камакка алынган 9,4 миллилард долларлык активдерин кайтарып берүүгө чакырган. Кыйын кырдаалды баштан кечирип жаткан ооган эли обочодо калбашы керектигин белгилеген.
"Бир катар өлкөлөр, анын ичинен биз дагы “Талибанды” тыюу салынган уюм тизмесинен чыгардык. Талибдер бийликке келгенден көп өтпөй эле биз алар менен ооган элине жардам көрсөтүү максатында байланышка чыктык. Бир нече жолу гуманитардык жардам жөнөттүк. Ооганстандагы кырдаалдын мындан ары дагы курчушу биздин регионго да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан биз Ооганстандын азыркы бийлиги менен кызматташып жатканыбызды жашырбайбыз. Колубуздан келишинче жардам көрсөтүүдөбүз. Албетте, бул жетишсиз. Эли талибдерди колдоп жатат. Азыр алар дээрлик толук изоляцияда турушат. Биз, дүйнө коомчулугу бир нерсени жакшы түшүнүшүбүз керек. Ооганстанды дүйнөнүн калган бөлүгүнөн ажыратып, изоляцияда кармоо менен маселе чечилбейт. Тескерисинче, азыркы кырдаал канчалык создуккан сайын ооган эли азаптуу күндөрдү башынан кечире берет. Талибдер бийликке келгенде Ооганстандын Борбордук банкынын чет жактагы 9,4 млрд долларлык активдери Батыш өлкөлөрүндө “тоңдурулганын” жакшы билесиздер. Анын 7 млрд доллардайы АКШда.
Бул каражатты Ооганстандагы кырдаалды жакшыртууга жана ооган элинин бакубатчылыгы үчүн тез арада кайтаруу зарыл деп эсептейм", - деген Жапаров.
Президент Жапаров ооган бийлигин, элин изоляциядан чыгаруу үчүн Европа өлкөлөрүнө расмий сапар менен келип кетүүгө чакыруу мүмкүндүгүн айткан.
Эгер колдоо долбоорлору башталса, Кыргызстан анын алкагында ооган адистерин окутуп, даярдап бере аларын билдирген.
"Европа өлкөлөрү же Америка Ооганстанга жардам берүүнүн алкагында ар кыл долбоор же атайын программалар аркылуу техникалык жардам бере турган болсо, биз аны ишке ашырууга даярбыз. Эгерде техникалык жардам көрсөтүлө турган болсо, биз Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын базасында ооган студенттерди ар кыл адистиктерге (мугалим, бажы, дарыгер жана башка) окутууга даярбыз. Эгерде ушул сунушубузга макул боло турган өлкөлөр болсо, анын деталдуу планын тез арада чогуу иштеп чыгууга жана ишке ашыра баштоого кудуретибиз жетет. Балким, чакан топ-топ кылып окутабыз. Балким, бир учурда бардык багыттар боюнча 100дөн адистерди даярдап беребиз. Сөзсүз эле студенттер эмес, балким, орто звенодогу мамлекеттик кызматкерлерин окутабыз. Эң башкысы, боордош ооган калкына жардам көрсөтүү ниетибиз бар".
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Ооганстандын убактылуу тоңдурулган валюталык резервдерин кайра иштетүүгө жол ачып, Кабулга эл аралык каржылык жардам берүүгө чакырган.
Талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, ооган студенттерин окутууда тил жагынан маселе болушу мүмкүн. Ал бул өлкөдөгү этностук кыргыздарга билим берүү жагына басым жасоо керектигин белгиледи:
"Биринчиден, булар балдарын окутканы бизге жибереби же жибербейби деген да маселе бар. Экинчиден, бул жерде тил маселеси бар. Алар негизинен дари, пушту тилинде сүйлөйт. Президенттин жалпысынан айтканы жакшы. Бирок бул жерде дагы бир маселе бар. Ооганстанда Хамид Карзай бийликте турганда бир кыргыз депутат бар болчу. Ал Бишкекке чейин келип кеткен, мен аны Жогорку Кеңешке дагы киргизгем. Ал ошондо эле Памирге дарыгерлер, медайымдар керек эле деген. Бул жактан жаштар менен сүйлөшсөк, арасында барат элек дегендери деле болгон. Памирден жаштарды алып келип, бул жактан окутуп даярдасак, кыйла пайдалуу болмок. Мисалы, медайымдын окуусун бат эле бүтөт да. Анткени борборго чейин жол алыс, транспорт жок, дарыгерлери жок. Негизинен ооган элине жардам берели деген демилге жакшы. Бирок окуйм дегендеринин баралы деген жагы эле Европа, чынын айтканда, биз жакка анча кызышпайт".
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги быйыл сентябрда "Талибанды" "кара тизмеден" чыгарганын ырастап, "бул чечим аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган" деп билдирген. Кыргыз бийлиги ооган элине гуманитардык жардам жөнөткөн.
Саясат таануучу Эмил Жороев дүйно коомчулугунун "Талибанды" таануудан башка жолу жок экенин белгиледи:
"Президенттин маегиндеги өзөктүү маселе туура коюлган. "Талибан" жетектеген ооган бийлигин таануу керек. Эл аралык коомчулук тааныбай койгону үчүн Ооганстанда же бийлик, же саясаты өзгөргөн жок. Эч кандай натыйжа берген жок. Башында бул уюм дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө террорчул топ катары тизмеде болчу. Азыр эми үч жылдан бери алардын бийлиги бекем экени баарыбызга дайын болуп турат, алар бийликтен кетип калышы да мүмкүн эмес. Азыркы бийлигин таануу аркылуу укуктук маселедеби, билим жаатындабы, эл аралык коомчулук менен бирге ачык диалог уюштурса болот. Биздин президенттин ашкере оптимизмине талибдердин өздөрүнүн саясаты кандай болот деген суроо туулат. Мисалы, ислам дининде билимдин ролу өзгөчө турат дегени менен, биз ушул кезге чейин бул тууралуу "Талибандын" көз карашы, түшүнүгү башкача экенин көрсөткөн бир топ учурга күбө болдук. Кыз-келиндердин билим алуусун, иштешин, кайсы бир деңгээлде үйдөн чыгышын чектегени асмандан алынбаган, реалдуу чындык экенин билебиз".
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан "Талибанды" террорчул уюмдардын катарынан ушул жылы июнда чыгарган.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 2022-жылдын декабрында «Талибан» өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин билдирген. Ташкент менен Кабул Ооганстандын түндүгүндөгү Коштепа каналынын, «Термиз – Мазари Шариф – Кабул – Пешавар» темир жолунун курулушу боюнча долбоорлорду талкуулап келишет.
Быйыл августта Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов Кабулда «Талибан» башкарган ооган өкмөтүнүн коопсуздук кызматынын жетекчилери менен жолугушканын бир катар ооган басылмалары жазышкан. Тажик бийлиги соңку жылдары Ооганстан менен чектеш тилкесиндеги беш базарды кайрадан ачып, иштете баштады.
2001-жылдын 11-сентябрындагы Кошмо Штаттардагы ири террордук актыдан кийин Вашингтон Ооганстанда "Талибанга" каршы согуш баштаган жана ал 2021-жылы августта аяктаган. Көп өтпөй эле "Талибан" өлкөнүн бир топ бөлүгүн, анын ичинен Кабул борбор шаарын өз көзөмөлүнө алган.
Орусия баштаган айрым өлкөлөр"Талибандын" лидерлери менен сүйлөшүп, кызматташа баштаганы менен, расмий дээрлик эч ким тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.
40 миллиондой калкы бар мусулман мамлекетинде активисттер жана укук коргоочулар бийликтеги "Талибан" кыймылын "гендердик апартеидге" айыптап келишет. Кыз-келиндердин эркиндигин кыйла чектеген бир катар чечимдер кабыл алынып, жазалоонун катаал түрлөрү киргизилген.
Шерине