9-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы каралды. Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, аларды 13-февралга чейин камакта калтырды.
Соттук жараян кечке жуук башталып, жабык өттү. Ага партиянын тарапташтары, айыпталуучулардын жакындары жана журналисттер да киргизилген жок.
Адвокат Айбек Турдуевдин айтымында, шектүүлөргө коюлган кине анча оор эмес кылмыш болгондуктан үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилди, бирок судья аны канааттандырган жок.
Бүгүнкү соттук отурум учурунда Темирлан Султанбеков өзүн начар сезе баштагандыктан ага дарыгер чакыртылып, жардам көрсөтүлдү.
Дарыгер Асель Атаева журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдиргендей, Султанбеков колу калтырап, муундары ооруп жатканын айтты. Саясатчынын салмагы ачкачылык кармай баштагандан бери 12 кг төмөндөгөнүн билдирген дарыгер эгер мындай улана берсе ал комага түшүп калышы мүмкүн экенин белгиледи.
"Темирландын абалы азыр канааттандырарлык. Алсырап, колу калтырап, буту жакшы иштебей жатат. Жүрөгү ооруп жатыптыр, бул булчуңдардын иштеши бузулганынан кабар берет. Жүрөктүн согушу туура эмес болууда. Темирлан 12 кг арыктаптыр. Ал медициналык жардам алуудан баш тарткан жок, бирок ачкачылыкты токтотууну сунуштасак, макул болбой жатат. Өзү жакшы дегени менен медициналык көз карашта ден соолугу жакшы эмес экени көрүнүп турат. Мындай улана берсе комага түшүп калышы мүмкүн, андан аркысы өлүмгө да алып барышы ыктымал".
Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун абалы канааттандырарлык экенин, ал медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турганын билдирген.
Дээрлик эки айдан бери камакта жаткан партия лидеринин ден соолугу начарлап баратканын анын адвокаты Айбек Турдуев 8-январда айтып чыккан.
9-январда ал "Биз камактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирдик. Буга бир нече негиздерди айттык. Тагылган айып анча оор эмес кылмыш болгондуктан анын камактагы мөөнөтүн узартуунун кажети жок болчу. Бирок сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Биз көрсөткөн далилдерди эске алган жок", - деп айтты.
Султанбековдун ачкачылык кармап жатканына 9-январда 57 күн болду. Ал суу жана шире (сок) гана ичип жатканы айтылууда. Буга чейин жакындары жана Социал-демократтар партиясы ачкачылыкты токтотууга чакырган.
Атасы Медетбек Султанбеков уулунун ден соолугунан кабатыр болуп турушканын айткан:
"Адвокат аркылуу үч жолу жолугушуу үчүн өтүнүч бергенбиз. Үч жолу тең уруксат бербей коюшту. Ден соолугу болсо начарлап калды. Сол буту дагы ооруп жатыптыр. Менин оюмча нервдери кысылып жатат. Анан денесине жара чыгып жатыптыр. Дарыгерлер менен сүйлөшсөм, алар ушунча күн болуп кеткенин, ашказанынан, боорунан кыйналып жатканын айтышты. Ачкачылыкты токтот деп күнүгө кат менен айтып жатабыз. Ачыгын айтканда, балам укпай, "бул менин акыркы чарам" деп жатат".
Ал эми Жаза аткаруу кызматы Темирлан Султанбековдун абалы туруктуу жана канааттандырарлык деп бааланып жатканын билдирген. Ал № 21 мекеменин медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө тургандыгы айтылган.
Өткөн жылдын соңунда, 30-декабрда “Социнтерн” эл аралык бирикмеси Султанбековду саясий туткун деп жарыялаган.
Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар жана Европа парламенти жаш саясатчынын иши боюнча резолюция кабыл алып, кыжаалаттыгын билдиришкен.
Дагы караңыз Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына кабатырКыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин бул кадамын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" катары баалап, Султанбеков мыйзамга каршы келген фактылардын негизинде кармалганын билдирген.
Ошондой эле Президент Садыр Жапаров 21-декабрда өткөн Элдик курултайда да Европарламенттин резолюциясы тууралуу комментарий берип, муну “колунда далилдер жок туруп чыгарылган чечим” деп мүнөздөгөн.
"Бул жакта эмне болуп жатканын миңдеген чакырым алыстыкта жатып алып же колуңарда бир далил кагаз жок туруп кантип чечим кабыл алып жатасыздар, билбейм. Өзүңөрдүн кесиптешиңер да ушуну айтты. Социал-демократтар партиясы жергиликтүү шайлоодо Бишкек шаары боюнча эле 1,5 млн сомду добуш сатып алуу үчүн элге таратып жатып кармалды. Мунун баары далилденип турат. Бишкек шаары боюнча 69 үгүтчү жалдаса, 44ү каттоодон өткөрбөй, жашыруун түздөн-түз акча төлөп жатышат. Бул добуш сатып алуунун бир түрүнө кирет да. Ушундай кылып жатса, башынан сылайлыбы?".
26 жаштагы Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.
Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын быйыл 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
Партия өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп баалап келет.
Дагы караңыз Социал-демократтардын тизгини колуна тийген Темирлан Султанбеков деген ким?