Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдагандай, 6-январь күнү саат 8:00 чамасында Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан кургак учукка каршы оорукана өрттөнгөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы беш күжүрмөн бөлүк тартылып, саат 8:30да өрт чектөөгө алынган. Учурда (саат 10:05ке карата) өрт толук өчүрүлдү.
Ош шаардык өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, тилсиз жоодон оорукананын административдик бөлүмү, жалпы 468 чарчы метр жер күйгөн. Адамдардан жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн себеби жана кесепеттери аныкталууда.(ZKo)
Дагы караңыз
Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунаага убактылуу чектөө киргизилдиЛейлектеги жарылуу боюнча Тажикстан тарапка маалымат берилди"Репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссия жакында ишин баштайт"Трамптын өкмөтүнүн Борбор Азия боюнча саясаты кандай болот?