Чоң Аюу чапкан жол: "Ашар", КДК, "Өмүр көчү"

Жумагазы Садыр уулу

“Ашар” кыймылынын негиздөөчүсү, мурдагы КДКнын жигердүү мүчөсү, Үркүндү эскерген “Өмүр көчү” жүрүшүн уюштурган Жумагазы Садыр уулу 71 жашында оорудан улам акка моюн сунду. 1990-жылдары Кыргызстандагы демократиялык кыймылдардын башында турган каарманды замандаштары менен бирге эскеребиз.

Жумагазы Садыр уулу (Чоң Аюу) 1953-жылы 8-октябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Анын Чоң атасы Усуп саяк уруусунун көлдөгү катаган уругунан болгондуктан, коомдук ишмер кезинде чоң атасынын ысымына улап Чоң Аюу деген атты алып жүргөн.

1973-жылы ал Бишкектеги айыл чарба техникумун “зоотехник” адистигин бүтүргөндөн кийин Советтик армияда кызмат өтөгөн.

1981-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин (азыркы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин) журналистика факультетин аяктаган.

Садыр уулу өзүнүн ишмердүүлүгүн журналист катары баштап, “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинде, андан соң 1987–1991-жылдары ал “Кыргыз жери” (мурдагы "Кыргызстан айыл чарбасы") журналында иштеген жана журналдын редакторунун орун басары болгон. Ушул учурда анын салымы менен басылма кыргызча тексттерде бир катар терминдердин нукура кыргызча варианттарын колдоно баштаганы айтылып жүрөт.

Жумагазы аганын ысымы 1989-90-жылдардагы Кыргызстандагы урунттуу окуялар менен тыгыз байланышта. Ал бул учурда өкмөттүк “Кыргыз жери” журналында иштеп турганына карабай, өлкөнүн кайра жаралуу процессинде эмгеги бар “Ашар” кыймылын негиздөөгө салым кошуп, анын башында турган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Ашар" сүзүлдү, бирок үзүлгөн жок

Өлкө эгемендикке жетер алдында, 1990-жылдын январ айында турак жайсыз кыргыз жаштары, студенттер алгачкы жолу өз укуктарын коргоп, Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына демонстрацияга чыгышкан. Үй куруучулардын “Ашар” кыймылы башында турган жаштар эки күнгө созулган нааразылык акциясында бийликке турак жай менен камсыздоо, билим алууга, иштөөгө шарт түзүп берүү талаптарын коюшкан.

Бул демонстрациянын алдында Бишкектин тегерегинде үй куруу үчүн жер аянттарын массалык түрдө ээлеп алуу аракеттери башталган эле. Кийин жаштардын талабы менен борбордун чет жакаларындагы азыркы жаңы конуштар пайда болгон.

1990–1995-жылдары Чоң Аюу Бишкек шаарында жаңы конуштардын инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, "Ашар" ишкер долбоору деген түзүлүштөрдү түптөп, өзү Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары, "Ашар" ишкер долбоорунун башкы директору болуп да иштеген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жумагазы Садыр уулу: “Ашар” кыймылы элди ойготкон

"Көпчүлүккө үлгү эле"

“Ашар” кыймылынын лидерлеринин бири, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Ракыя Жусупова ошол кездеги турак-жайсыз жаштардын маселеси “Ашар” кыймылынын аракетинде чечилгенин эскерип, бул үчүн Жумагы Садыр уулунун эмгеги зор болду дейт:

Ракыя Жусупова

“Жумагазы агабыз кыргыздын чыгаан инсандарынын бири эле. Биз анын жанында жүрүп көп тарбиясын алып калдык. Ал “ашарчылардын” атасындай эле болуп калган. Көп жакшы иштерди бирге жасадык. Ички дүйнөсү ушунчалык таза эле, чынчыл адам эле. Анан демократ болчу, бийликтин кандай кемчиликтери болсо ачык айтып турчу. Бул киши 1989-жылдан ушул күнгө чейин кыргыз эли өнүп-өсүп кетсе экен, өлкөбүз өнүккөн мамлекет болсо экен деп аракет кылып келди. Элим-жерим дегенде ичкен ашын жерге койчу. Көпчүлүк адамга үлгү эле. "Ашар" кыймылынын башында туруп ошол кездеги борбордун тегерегиндеги үй маселесин чечти. Ошол кезде да жаштар турак жай маселесинен өтө кыйналган учур эле. Ошол учурда көпчүлүктүн бул маселеси “Ашардын” аракетинин аркасында чечилген. Ошол эле маалда жаңы конуштарда кыйналып жашаган элдин экономикалык деңгээлин көтөрүү үчүн жардам топторун түзүп, ошолор аркылуу элди активизация кылып, элдин өз маселесин өзүн чечүүгө үйрөтүп, багыт көрсөттү. Анан агабыздын эне тилге кошкон салымы чоң. Көп орусташып кеткен сөздөрдү которуп, эскирген төл сөздөрдү кайра жандандырууга күч үрөп жүрдү”.

Жумагазы Чоң аюу 1989-жылы 15-июлда “Ашар” козголушунун Кеңешинин төрагасы болуп шайланса, 1991-жылы 25–26-майда өткөрүлгөн Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) уюштуруу жыйынында ал КДКнын Башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланган.

Ал 1990–1991-жылдары Кыргызстандын демократиялык нукту тандашына жана эгемен мамлекет катары телчигишине жаран катары зор салым кошкон.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үркүн: “Кырк шейиттен” уланган кеп

1991-жылдын жай айында КДК менен “Ашардын” башка уюмдар биргеликте 1916-жылдагы Үркүндүн 75 жылдыгына арналган “Өмүр көчү–75” жөө жүрүшүн уюштурган. Элдин ан сезимин ойготуучу бул иш-чаранын аталышы да Жумагазы аганын сунушу менен “Өмүр көчү” аталган.

Жумагазы Садыр уулу менен Ракыя Жусупова 2020-жылы чогуу “Өмүр көчү” – 75–90–100” китептерин жарыкка чыгарган.

Дагы караңыз

"Чачылган сөөктү көргөндө көздөн жаш төгүлдү". Үркүндүн үчүнчү муунга сабагы

“Ашар” - улуттук кайра жаралуунун кыймылы"

1990-жылдары саясий пландагы кыймылдын катышуучуларынын бири, саясатчы, учурдагы Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев “Ашар” кыймылынын ишмердүүлүгү, анын өлкө тарыхындагы орду тууралуу буларды айтты:

Өмүрбек Текебаев.

“ “Ашар” кыймылы дегенде эле биз Бишкектин четинен 4-5 сотых жер алып, үй салсам деген пенделик сезимдин жетегиндеги кыймыл деп түшүнбөшүбүз керек. “Ашардын” түзүлүшү бук болуп чыга албай турган улуттук сезимибиздин козголуп, анын ачыкка чыкканы болду. Ошондуктан мен “Ашар” дегенде эң биринчи эле кыргыздын улуттук кайра жаралуу процессин баштаган кыймыл, уюм катары тааныйм. Ушул кыймылдын башында Жумагазы Чоң Аюу турду. Кыргыз демократиялык кыймылына “Ашардын” бир бөлүгү трансформация болду. “Ашардын” шарапаты менен көп максаттагы кыймылдар пайда болду. Алардын бири Кыргызстан Демократиялык Кыймылы болуп, саясий глобалдык маселелерди койгон кыймылга айланды. Ошол кезде Кыргызстандын жетекчилери деле өзгөрүүнүн илебин сезип турган. Бирок алар ачык айта албаган сөздөрдү, максаттарды КДК элге айтып, элдин демин, духун көтөрүп, мамлекет жетекчилерине, парламентке жол ачып берип турду”.

Эгемендик жылдары “Ашар” кыймылынын жетекчилеринин бир бөлүгү ишкерликке, бир бөлүгү социалдык долбоорлорго, дагы бир бөлүгү саясатка кетти. Алар Кыргызстандын дымактуу, өз принциптери бар лидерлерине айланып, барган тармактарында да ийгиликке жетишти.

Дагы караңыз

Таабалды Эгембердиев - агартуучу, демократ, ишкер

Жумагазы ага 1990–1995-жылдары Бишкек шаарында жаңы конуштардын инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, "Ашар" ишкер долбоору деген түзүлүштөрдү түптөп, өзү Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары, "Ашар" ишкер долбоорунун башкы директору болуп да иштеген.

Кийин да эгемен өлкөбүздөгү коомдук иштерге жигердүү катышып, саясий окуялар боюнча өз пикирин ачык билдирип турган. Ал Кыргызстандын демилгелүү жаштарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган бир катар маанилүү ишкердик, чыгармачыл жана башка долбоорлорду ишке ашырган.

Дагы караңыз

Өз доорунун өрттөй жанган кулуну эле

"Кийинки муун улуу адам катары эскерет"

Саясатчы, 1991-1993 -жылдары КДКнын жооптуу катчысы болгон Турсунбек Акун Чоң Аюу деген ат менен даңаза болгон замандашы Жумагазы аганы мындайча эскерди:

Турсунбек Акун.

“Ал КДКнын башында туруп, демократиянын туусун көтөрүп, сөз эркиндиги, адам укугу үчүн тынбай күрөштү. Акаевдин бийлигинин учурунда анын кемчиликтерин сындай коюп, Топчуке экөө 3-4 айдай Караколдун түрмөсүнө камалып чыгышкан. Анан жаңыдан үй курган жаштардын укугун коргойбуз, өзүнчө акимиат кылабыз деп Бишкек мэринин 3-орун басары да болуп бир-эки жылдай кызмат кылды. Ушул учурда жаңы конуштардын социалдык-экономикалык маселелерин чечти. Ошондой эле Үркүндүн 75 жылдыгына арналган “Өмүр көчү–75” жөө жүрүшүн уюштурду. Бишкектен башталган жүрүш Караколго чейин уланган. Кийинки учурда “Арыш” деген коомдук фон түзүп, эл аралык уюмдар менен иштешип, миңдеген адамга жардам берди. Ишенбай Абдразаков мамлекеттик катчы болуп турганда катуу кармаштардын аркасында кол топтоп жүрүп тил мыйзамын өткөрдүк. Ушул иштердин башында Жумагазы Чоң Аюу турду. Мындан сырткары кыргыздын сөздөрүн так жазуу боюнча иштерди жасады. Бул жаатта өзүнүн методикасы бар болчу. Эч кимге баш ийбеген, бир жакты каралап, бир жакты жактабаган чыныгы кыргыздын уулу эле. Кийинки муун аны улуу адам катары эскерип калат”.

Жумагазы Садыр уулу менен коштошуу зыйнаты.

Кыргызстандын демократиялык нукту тандашына жана эгемен мамлекет катары телчигишине салым кошкон инсан, Үй куруучулардын “Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Жумагазы Садыр уулунун сөөгү Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында жерге берилди.