Кыргызстандагы демократиялык жаңылануу жүрүмүнө зор салым кошкон чыгаан коомдук ишмерлердин бири, “Ашар” козголушунун жетекчиси, мурдагы КДКнын жигердүү мүчөсү жана ишкер Жумагазы Садыр уулу Усуп небереси бейшемби таңда дүйнө салды. Анын жаркын элеси тууралуу кичүү замандашы жана үзөңгүлөшү Т.Чоротегин эскерет.
Бейшемби күнү, 2024-жылы 19-октябрда, интернеттеги “Фейсбук” коомдук тармагынан суук кабарды окуп, чочуп кеттим. Аттиң!.. Шум ажал айтылуу Жумагазы Садыр уулу агабызды арабыздан жулуп кеткен экен!..
Өз көзүмө ишенгим келбеди. “ВотсАпп” тиркемеси аркылуу Жукебиздин уюкфон номурун тердим. Жумагазы байкенин күйөө баласы Таштан бул кайгылуу кабарды мага тастыктап, маркумдун сөөгүн өз айылына – Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылына алып бара жатышканын, маркумду түбөлүк жайына узатуу зыйнаты жума күнү (20-декабрда) өз туулуп-өскөн айылында өтө тургандыгын маалымдады.
Кайран гана Жумагазы байке!
Соңку доордогу Атажуртубуздагы эгемендик үчүн күрөш тарыхынын барактарында алтын тамга менен жазылчу асыл инсаныбыз кете берген экен!..
Биз алгачкы эскерүү блогубузда айрым гана ойлорубузду айтууга үлгүрөбүз го. Бирок Жукебиз үчүн өмүрүнүн түбөлүк саймедирленип айтыла турган барагы жаңы гана ачылып жатканын баса белгилемекчибиз.
Элеттен чыккан айдың азамат
Жумагазы Садыр уулу Усупов 1953-жылы 8-октябрда Кыргызстандын Ысык-Көл районундагы Балыкчы (мурдагы Рыбачье) жергесинде туулган.
Чоң атасы Усуп кыргыздын саяк уруусунун көлдөгү катаган уругунан болот. Жукебиз чоң атасынын ысымына улап “Чоң Аюу” деген адабий атты да алып жүрдү. Кийинчерээк ал көп учурларда (анын ичинде “Фейсбукта”) өз тегатын “Садыр уулу” деп гана атап калды.
Жумагазы агабыз оболу 1973-жылы Бишкектеги айыл чарба техникумун “зоотехник” адистиги боюнча бүтүргөндөн кийин Советтик армияда кызмат өтөгөн.
Андан соң журналисттик кесипти тандоону чечкен. Ал 1981-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин (азыркы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин) журналистика факультетин аяктаган.
Ал бир катар жылдар бою Кыргызстандагы басылмаларда иштеп келди. Маселен, ал “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинде өз кабарчы болуп иштеген учурлары болду.
1987–1991-жылдары ал “Кыргыз жери” (мурдагы "Кыргызстан айыл чарбасы") журналынын редакторунун орун басары болуп иштеп турду. Жумагазы агайдын жеке салымы менен бул журнал “Кайра куруулар” доорунда, өзгөчө, 1988-жылдан тартып кыргызча тексттерде бир катар терминдердин нукура кыргызча варианттарын колдоно баштагандыгы эсибизде.
1989-жылы ал бир эле учурда өтө олуттуу жана ал кез үчүн саясий жактан коркунучтуу болгон кадамга барды. Коммунисттик тар алкактагы журналдын редакциясында иштегендигине карабастан, ал өкмөттүк эмес “Ашар” козголушун негиздөөгө жана аны жетектөөгө салым кошту.
“Ашар” козголушунун ырааттуу жетекчиси
1989-жылы жазында, Чүй өрөөнүндө кыртыш жылый баштаган чакта, Бишкек шаарындагы жана анын чет жакасындагы эптеп батирлерди ижарага алып же жумушчулардын жатаканаларында ондогон жылдар бою чакан бөлмөлөрдө тыгылып жашап келген тургундар борбор шаардын четиндеги бош жаткан жана айдоо жер тилкелерин ээлеп, жеке үй куруу кыймылын башташты.
Алгач бул социалдык кыймыл дүрт жанганда, коммунисттик бийликтер дендароо болушуп, калайыктын көптүгүнөн улам эч кимди тыя албай калышты. Мындай кыймылды англисче “Squatting” – “скуоттинг” – “ээлеп алуу” кыймылы деп аташат. Адатта, скуоттерлер өздөрү ээлеп алган менчикти пайдаланышат да, бирок өздөрүн жеке менчик ээси катары эсептөөнү талап кылбастан, тек гана өз социалдык көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылышат.
Советтик Кыргызстанда акыбал башка эле. Жалпысынан коммунисттик менчик расмий үстөмдүк кылгандыктан, батири жана үйү жок тургундар өздөрү ээлеп алган жер тилкелерин “өздүк менчикке” гана чыгарып берүүнү талап кылышкан.
Кыргызстанда азыр дагы мурдагы “ашарчылар” жана башка жеке үй куруучулар: “Биз жер басып алган эмеспиз, анткени бул жер – өз мамлекетибиздики, демек, өзүбүздүн эле жерибиз; бизди “сырттан келген басып алуучу” дешке эч кимдин акысы жок”, – деп санашат.
Алардын чындыгы бар эле: Бишкекте партократтар өздөрү үчүн жана башка миңдеген карапайым кишилер үчүн үй шарттарын чечип бергенине карабастан, андан да көп сандагы карапайым үй-бүлөлөр турак-жай маселесин бийликтер чече албастыгына көзү жетип, өзгөчө нааразы болуп турушкан. Кээ бир бишкектик жумушчулар (өзгөчө түпкү улуттун өкүлдөрү) өмүр бою ишканада батирге кезекте туруп, жумушчулар жатаканасында же ижарадагы батирде байырлап жүрүп ардагер болгон же өмүрү өткөн учурлар арбын болгон.
1989-жылы июнда бул баш-аламан кыймылдын өкүлдөрүн бир нече уюмга баш коштуруу далаалаттары башталды.
Ошондой уюмдардын ириси – “Ашар” козголушу 1989-жылы 15-июлда негизделген.
Коомчулук бул уюштуруу жыйынында “Ашар” козголушунун Кеңешинин төрагасы кылып журналист Жумагазы Садыр уулу Усуп-Чоң Аюу мырзаны, ал эми уюмдун Аткаруу комитетинин төрагасы кылып сүрөтчү Жыпар Жекше мырзаны шайлаган.
Уюмдун аталышынын “Ашар” болуп калышы дагы алгылыктуу иш болгон. Бул сөздүн мааниси жөнүндө Жумагазы агабыз төмөнкүчө чечмелеп айтканын белгилүү журналист Кадыр Кошалиев 2019-жылы 3-мартта “Фейсбук” барагына жазып чыккан.
Садыр уулу Жумагазы, "Ашар" козголушунун төрагасы: – Адам баласы учүн кайсы доордо жашабасын, өз ара жардам көрсөтүү – турмуштук зарылчылык болуп келген. Жамаатташып жашоо үлгүсү өзгөчө мааниге ээ болгон кыргыз элинин көөнө тарыхында биз баамдагандай өз ара жардамдашуунун төмөндөгүдөй улгүлөрү бар экен:
"Ашар", "Алголошмой","Ынтымак", "Кошумча" же "Ыража", "Жоро","Шерине", "Деңгене", "Үлүш","Энчи бөлүү", "Саан", "Атмайы", "Уйушма"," Баштаң" ж.б.
К.Кошалиев мырзага Жукебиздин ушул таасын сөздөрүн убагында чагылдырып калганы үчүн алкыш айтмакчыбыз.
Жумагазы байкебиз алгоолошуп иш-аракет кылган “ашарчылардын” ысык-суугуна чыдап, аны ийгиликтүү башкарып келди.
1989-жылы декабрда коммунисттик бийликтер тарабынан “Ашардын” Аткаруу комитетинин төрагасы Жыпар Жекшеге каршы кысым күчөгөндө “ашарчылар” алгачкы нааразылык жыйынын (митингин) өткөргөнүн Жумагазы байке дайым эскерчү.
1990-жылы январдын соңунда “ашарчылардын” демилгеси менен Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында уюштурулган алгачкы ири нааразылык жыйындары жумуриятыбыздагы демократиячыл жүрүмдөргө тездеткич таасир тийгизген.
Жумагазы байке “Ашар” козголушунун 1990-жылы 25–26-майда Кыргызстан демократиялык кыймылын негиздеген уюмдардын бири болуп чыгышын да кубаттаган, өзү КДКнын Башкармалыгынын мүчөсү болуп калган.
1991-жылы жазында “ашарчылар” КДКнын жетекчилигине 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 75 жылдыгына арналган “Өмүр көчү–75” жөө жүрүшүн уюштурууну сунушташкан. Айтмакчы, бул ойготкуч саясий-маданий иш-чара Жумагазы агабыздын сунушу менен “Өмүр-Көчү–75” жүрүшү деп аталган.
КДК менен “Ашардын” жана башка уюмдардын биргелешкен бул иш-чарасы 1991-жылы июлда өзгөчө ийгиликтүү жүзөгө ашырылган. Ага орус тектүү Виктор Черноморец (22.06.1942 – 06.12.2016) агабыз да жөө басып катышкандыгы эсибизде.
Жөө жүрүш Балыкчыга жеткен соң, эки багытка бөлүнүп улантылган. Жыпар Жекше менен Жумагазы Садыр уулу жетектеген топ Ысык-Көл тарапты кыдырышып, Сыртка, Бедел ашуусуна чейин жетишти.
Ал эми Торугартка багыт алган топту Топчубек Тургуналиев, Кадыралы Матказиев жана КДКнын Нарын облустук уюмунун теңтөрагасы Жумамүдүн Кадырмамбет жетектешкен.
Бул эки топ Караколдогу жыйынтыктоо жыйынына кайрадан баш кошуп, жөө жүрүш соңуна чыккан.
Кийинчерээк да Жумагазы агай жетектеген уюм бийликтердин жана ар кыл коомдук уюмдардын колдоосу менен “Өмүр Көчү” мааракелик жүрүштөрүн уюштурууну ырааттуу улантып жатты.
Ал өзү үзөүңгүлөшү Ракыя Жусупова айым менен калемдешип, 2020-жылы “Өмүр көчү” – 75–90–100” китебин жарыкка чыгарды.
(Караңыз: Садыр уулу Ж., Жусупова Р. “Өмүр көчү” – 75–90–100. – Бишкек: Улуу Тоолор, 2020. – 448 б.)
Ал эми 1991-жылы 31-августта Кыргыз Республикасы өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялаган жана мурдагы КПССтин өзүнүн жана анын Кыргызстандагы бөлүгүнүн (Кыргызстан Компартиясынын) ишмердигине тыюу салынган.
Ошол 1991-жылдан тартып “Ашар” козголушу өз ишмердигин ээн-эркин жүргүзүп калды. Жумагазы байке бул уюмду ырааттуу жетектеп келди.
Бир эле учурда ал эгемендик доорунда чакан ишкердик менен да алектенген “ашарчыларга” ырааттуу көмөк уюштуруп жүрдү.
Ара-чолодо, 1990-жылдардын ортосунда мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда, сөз эркиндигинин баркына жете албаган авторитардык бийликтин өкүлдөрү аны жазыксыз жерден сот жообуна тарткан кейиштүү учурлар да орун алган.
Ушул кыйынчылыктардын бардыгын ал эрки күчтүүлүгүнүн аркасында жеңип чыккан.
Кийинчерээк ал "Арыш" коомдук бирикмесин жетектеди.
2019-жылы ал "АШАР-Алтан" саясий партиясын негиздегендиги, анын жетекчилигине Сапарбек Сыдык уулу Мурзакулов, Ракыя (Рахила) Исмаил кызы Жусупова сыяктуу бир катар “ашарчылар” жана башка жарандар киргендиги маалым.
Жароокер инсан
Жумагазы агай өтө билимдүү, токтоо, сыпайы, өзгөчө жароокер инсан болчу. Ал чоң кызматтарга да умтулбады.
Аны Ленинградда (Петербургда) кезинде эле алатоолук студенттерди ынтымакка чакырган, диаспора үчүн кол жазма журнал чыгарган, мекенчил жигит катары өзгөчө сыйлашчу экен.
Амирбек Аззам уулунун эскеришинче, Ленинградда 1980-жылы бейрасмий чыккан “Көпүрө” адабий-көркөм журналынын 1-санына авар акыны Расул Гамзатовдун ырлары студент Жумагазы Садыр уулунун котормосунда жарык көргөн.
Кийинчерээк да аны “ашарчылар”жана КДКчылар өзгөчө урматташаарына өз көзүм менен күбө болуп жүрдүм.
Ал бир катар коомдук уюмдардын чыгармачыл долбоорлоруна да көмөк кылып, эне тилдеги терминдерди колдонууда өзүнө таандык ыкмаларды жайылтып келгендиги да жаштардын эсинде болсо керек.
Жукебиз менен жаншериги Салый жеңебиз төрт кыз, бир уулду (кенжесин) тарбиялап өстүрүштү.
Жумагазы агайдын жупунулугу илгерки даанышман, бирок табиятынан жөнөкөй сопу (суфий) ойчулдарды эске салчу. Ошону менен бирге ал өзүнүн калыс пикирин билдирүүдөн эч качан жалтанган эмес.
Ал ар дайым “Азаттык” үналгысына келип, кеңири маектер куруп, өз оюн эч тайсалдабай айтканы менен да эсибизде.
Жумагазы Садыр уулу коомдук ишмердиги үчүн 2011-жылы 28-августта “Даңк” медалы менен, ал эми 2016-жылы 31-декабрда "Өмүр көчү" жүрүштөрүнүн уюштуруучусу катары Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Жукебиздин жаркын элеси токтоо, карапайым, айдың, бир эле учурда жалпы өлкөбүздүн жана улутубуздун тагдыры үчүн олуттуу сыноолор жаралган чакта тоо бүркүтү болуп көтөрүлүп чыга алган каарман инсан катары жүрөгүбүздө түбөлүк сакталып кала бермекчи.
Жумагазы агабыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына, үзөңгүлөштөрүнө, “ашарчыларга” жана анын кадырын билген жалпы мекендештерибизге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Шерине