Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

"Чачылган сөөктү көргөндө көздөн жаш төгүлдү". Үркүндүн үчүнчү муунга сабагы


“1916-жылдагы Борбор Азиядагы көтөрүлүш: согуш жана ыңкылаптар заманында кулаган империя” (The Central Asian revolt of 1916. A Collapsing Empire in the Age of War and Revolution) аталган китептин иллюстрациясы.
“1916-жылдагы Борбор Азиядагы көтөрүлүш: согуш жана ыңкылаптар заманында кулаган империя” (The Central Asian revolt of 1916. A Collapsing Empire in the Age of War and Revolution) аталган китептин иллюстрациясы.

“Куугунтук курмандыктары” подкастында кыргызстандык окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Аскар Беделбаев жана казакстандык тарыхчы окумуштуу Шамек Тилеубаев менен 1916-жылдагы колониалдык режимге каршы күрөш жана катаал режимдин кыргыны – Үркүн тууралуу кеп кылабыз.

- Шамек мырза, сөздү сизден баштасак, 1916-жылдагы көтөрүлүш Борбор Азиянын бир топ аймагын камтыган. Бул окуяларга Казакстанда көз караш кандай? Канчалык иликтенген?

Шамек Тилеубаев
Шамек Тилеубаев

Шамек Тилеубаев: 1916-жылдагы көтөрүлүш - казак менен кыргызга орток тарых, орток кыйын кезең го. Көтөрүлүш совет мезгилинде да бир топ такталып-изилденди. Кыргыз тарыхчылары, казак тарыхчылары иликтеди. Бирок 1916-жылдагы көтөрүлүш али өз маанисин жоготкон жок жана жоготпойт дагы. Анткени бул XX кылымдын башындагы казак калкынын, кыргыз калкынын азаттык үчүн күрөшүнүн бир көрүнүшү. Учурда 1916-жылдагы көтөрүлүшкө байланышкан көптөгөн жаңы маалыматтар табылды. Асыресе, совет доорунда таптык идеологиялык тургудан бир беткей баа берилген жагдайлар да бар. Ал эми азыр, Кудайга шүгүр, жаңы көз караш калыптанды, жаңы маалыматтар табылды.

- Кыргызстанда август айынын биринчи апталарында жарандык коом, эл тарабынан демилгеленген жөө жүрүштөр өтүп, Кытайга качкан жол менен жүрүп, Үркүндүн курмандыктарын эскеришет. Казакстанда ушундай эскерүү иш-чаралары болобу?

Шамек Тилеубаев: Силерде Жогорку Кеңеште атайын эскерүү күнү катары кабыл алынган. Бизде андай атайын белгиленген күн жок, бирок бизде 1916-жылдагы көтөрүлүштүн жагдайлары али да такталып жатат. Үркүн маселеси Жети-Суу өрөөнүндөгү казак менен кыргызга бирдей тиешелүү маселе эмеспи. Мисалы, 1916-жылдагы көтөрүлүштүн тушунда казак менен кыргыздардан 300 миң адам Кытайга жер оодарып, үркүп кетти. Ач-жылаңач чек арадан ашып кетти. Катуу кыргынга учуратышты. Ал жакка барганда не деген азап-тозокту көрүштү.

1916-жылдагы Амангелди Иманов башында турган Торгой аймагындагы көтөрүлүшкө катышкан казактар. Архив сүрөт.
1916-жылдагы Амангелди Иманов башында турган Торгой аймагындагы көтөрүлүшкө катышкан казактар. Архив сүрөт.

Биз 1916-жылдагы үркүндү 1930-жылдагы окуяларга байланыштырып карайбыз. Казакстанда падышанын тушунда 1916-жылы көтөрүлүш болсо, 1930-жылдары совет мезгилинде да болду. Тактап айтканда, кыргыз калкы үчүн да, казак калкы үчүн да советтик доор жаңы оторчулук доор болду. Биз муну жаңы маалыматтардын негизинде концептуалдык тургудан кайрадан тактап чыгышыбыз шарт. Кээ бир тарыхчыларыбыз бар (андайлар казак тарыхчыларынын ичинде да, кыргыз тарыхчыларынын ичинде да кездешет) совет мезгили бизге жыргалчылык алып келгендей кеп кылышат. Жок, андай болгон жок. Биз эмне үчүн 1991-жылы өз эгемендигибизди жарыяладык? Анткени советтик доордо көз карандысыздыкка жете алганыбыз жок. Деколонизация деп коёт го, ал заманда биз үчүн жаңы оторчулук кезең келди. Падышанын тушунда да үркүн болду, отузунчу жылдарда да үркүн болду.

- 1916-жылдагы күрөштүн арты 30-жылдары да уланып, Желтоксон окуясына чейин жетти деп айтып жатасызбы? Бул окуялардын келип чыгуу себеби бирби?

Шамек Тилеубаев: Ооба, казак тарыхында оторчулукка каршы бир нече жолу көтөрүлүштөр болгон. Мисалы, 1833-36-жылдардагы Исатай Тайман уулу (1791-1838) менен Макамбет Өтөмүш уулу (1803-1846) баштаган Казакстандын батыш тарабында жүз берген көтөрүлүш. Ошондой эле 1837-47-жылдардагы Кенесары Касым уулу баштаган улуттук-боштондук козголоң. Кенесары Касым уулунун козголоңунан болжол менен элүү жыл өткөндөн кийин 1916-жылдагы көтөрүлүш башталды. Исатай Тайман уулу, Макамбет Өтөмүш уулу жана Кенесары Касым уулунун көтөрүлүшү жана 1916-жылдагы көтөрүлүш падышанын тушунда болсо, совет бийлиги орногондон кийин, 1929-31-жылдары чоң кичинеси болуп, 372 жолу эл көтөрүлгөн жана буга 80 миңден ашуун киши катышкан.

Бул дагы боштондук үчүн болгон күрөштүн улантылышы. Андан кийинки казак тарыхы үчүн чоң мааниси бар окуя - 1986-жылдагы Желтоксон көтөрүлүшү. Бул көтөрүлүштөрдүн дээрлик баарында эл азаттык үчүн күрөшкөн.

- Аскар агай, Кыргызстанда Үркүн окуясы кайсыл жылдардан эскериле баштады? Арадан бир кылым убакыт өткөндөн кийин, ошол азып-тозгон, кыргын көргөндөрдүн үчүнчү мууну бул трагедияны кандай эскерүүдө? Жаап-жашырбай болгон чындыкты айта алдыкпы?

Аскар Беделбаев
Аскар Беделбаев

Аскар Беделбаев: 1916-жылдагы Улуттук боштондук кыймылы - бул кыргыз тарыхындагы эң кайгылуу окуя. Ошол эле убакта эркиндик үчүн жанын аябай күрөшөрүн көрсөткөн окуя. Муну изилденбей калды деп айтууга болбойт. Совет бийлиги орногондон кийин эле Үркүндүн 10-15 жылдыгы белгиленип, кыргыз мамлекеттинин алгачкы жетекчилери Жусуп Абдырахманов, Баялы Исакеев 1916-жыл жөнүндө ушундай баяндамаларды жасашкан. Ошондогу алынган маалыматар менен советтик окумуштуулар көп изилдеген. Эмне үчүн? Анткени бул окуяны революциялык кыймыл менен байланыштырып, таптык күрөш, падыша өкмөтүнө каршы күрөш деп мүнөздөшкөн. Ошол себептен көңүл бурулган. Андан кийин 60-жылдары саясат өзгөрүп, буга көңүл бурулбай, илим чөйрөсүндө гана изилдөөлөр болгон. Коомчулуктун көңүл борборунан алыстаган. Кайра куруу жылдары - 1987-1988-жылдары коомчулуктун аң-сезими кескин өзгөрдү дагы, ушул маселенин айланасында гезит-журналдардын бетине көптөгөн макалаларды чыга баштаган.

1991-жылы бизде Үркүндүн 75 жылдыгы республикада кеңири маштабда белгиленип, "Өмүр көчү" деген жүрүш дайындалып, буга коомдук кыймылдар, “Ашар” кыймылы, Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) “Асаба” кайра жаралуу партиясы - жалпы эле баш көтөргөн жаштар биригип, Асыл-Баш айылынан Караколго чейин жөө жүрүш уюштурушкан. Анын алкагында илимий изилдөөлөр башталып, ошол эле жылы өлкөдө чоң илимий конференция болуп, 1916-жылдагы көтөрүлүшкө орчундуу баа берилген болчу. Биз анда эгемендикке жете элек болчубуз. Анан августта эгемендикти алгандан кийин бул башталган кыймыл күч ала баштаган.

Үркүндүн 90 жылдыгы да чоң масштабда белгиленди. Ошондо чет жерге качкан ата бабалардын баскан изи менен жүрүш болду. Сөөк, Музарт, Бедел ашуулары аркылуу атайын экспедициялар уюштурулуп, мен да катыштым. Эки топко бөлүндүк, бир тарабын Чолпонбек Абыкеев, экинчисин Азимбек Бекназаров башкарып, Коргоо минстирлиги, ӨКМден атайын автоунаалар берилип, аскерлердин коштоосунда, жер шартын билген жергиликтүү элден кошулуп, июлдун аяк ченинде жүрүш башталды. Барскондун ичинде биринчи кыргын болуп, бир айыл кырылган жер бар экен, ошол жерге түнөдүк. Эртеси анан Сөөккө бардык.

Сөөк ашуусунда дагы чоң кыргын болгон. Анан Кара-Сай чек ара бөлүгүнө жетип, ошол жерден экиге бөлүндүк. Бир топ Сары-Жазга, экинчи топ Бедел ашуусу көздөй кеттик.

Сөөк ашуусуна кеткен жол.
Сөөк ашуусуна кеткен жол.

Ошол жерде чек ара пункту бар экен. Алар жол көрсөттү, 29-июль күнү кечке маал биз ашуунун алдына жеттик. Эртең менен турсак, бир кулак суу агып турат экен, ошол шыргалан болуп, кеч күздөгүдөй тоңуп калыптыр. Бийик жер экен, суу кайнабайт экен. Белге чейин сегиз чакырым экен. Басып баратып биринчи эле тектирден аппак жайнаган сөөктөрдү көрдүк. Анан айтышты “бул малдын сөөгү, зоруккан мал жуушаганга жаткан бойдон турбай калган” деп. Арабызда айрымдар сөөктөрдү корумдаш керек дегендер чыкты. Кээси муну тарых үчүн калтырыш керек деп, талашып калдык. Мына ошентип талашып-тартышып жатканда бир томуктай булут үстүбүзгө айланып келип, кар аралаш жамгыр төктү. Биздин топ кепке келип, сөөктөрдү жыйнамак болдук. Ошондо күн ачыла баштады. Бул өзүнчө бир кубулуш. Андан ары кеттик, эки тектир ушундай төшөп койгондой аппак экен. Бут коёрго жер жок, сөөк. Анда ары деле ар кай жерде сөөктөр.

Үркүн тууралуу иллюстрациялык сүрөт.
Үркүн тууралуу иллюстрациялык сүрөт.

Мына ошол жерден чоң атамдын айтканын эстедим. Ал ашууда муздан улоо жүрбөй, баса албай калып, өлгөн малдын терисин музга чаптап, ары ашып кеткенбиз деп эскерчү. Ошону эстеп, колумдагы таяк менен чукулап көрсөм, 10-15 см кийин эле малдын жүнү таякка илешип чыга баштады.

Анан ошону менен чек арага жеттик. Кытай чек арачылар келди ар жактан. Сүйлөшүү болду. Ошентип колубузга мээлей кийип, кытай мүшөктөрдү бирден колго кармап, сөөктөрдү үч күн жыйнадык. Биз менен эки врач кошо барган. Биз терип келип, коңулга төгөбүз. Алар кишинин сөөгү менен мал-жандыктын сөөгүн бөлүп алып жатышты. Корумдап, куран окуп, үч күн ичинде сөөктөрдү жыйып бүттүк. Биз ошондо жети мүшөк териптирбиз. Кепиндеп сөөктөрдү жерге бердик. Курмандык кылып, куран окудук.

Бедел ашуусундагы жыйналган сөөктөр. Архив сүрөт.
Бедел ашуусундагы жыйналган сөөктөр. Архив сүрөт.

- Сиз чоң атаңыздын айткандарын эскерип жатпайсызбы. Атаңыздын ысымы Беделбай экен. Мунун да өзүнчө тарыхы болсо керек.

Аскар Беделбаев: Ооба, түздөн-түз ушул окуяларга тиешеси бар. Көтөрүлүш алгач 7-8-августта Кеминде баштылып, кан төгүлгөн. Менин чоң атам дагы ошол окуяларга катышкан. Анан эл үркүп, Калмак ашуусун ашып, көлдөн барып, Сырт аркылуу Беделдин белине жеткен. Чоң атам эскерип калчу: “Артта жоо, күн суук, алдыда ашуу, кыйналып баратсак, чоң энеңердин толгоосу кармап, абысындары бир асканын түбүндө төрөтүп алган”, - деп. Анан чоң атама “уулду болдуң” деп айтышат. "Тирүү калса, ысымы Беделбай болсун деп, анан ымыркайды тонумдун ичине салып, чоң энеңердин бутун үзөңгүгө таңып, аттан ооп түшүп калбасын деп, ашуу ашып кеттик”, - дейт. “Анан баягы бала эмне болду экен деп карасам, кыңылдап тирүү экен. Ошол бала ушул”, - деп, чоң атам көзү өткөнчө эркелетип, башкача жакшы көрчү. Атам Беделбай Улуу Ата-Мекендик согушка да катышып, жарадар болуп туткунга түшүп калып, андан да аман-эсен кайтып келген. Бул өзүнчө чоң тарых. Ошол көргөн азап-тозокторунан улам атам 71 жашында каза болду.

1916-жылы Улуу Үркүн маалында ашууларда набыт болгондордун сөөктөрү арууланып кайра коюлуп, куран окулган. Архивдик сүрөт. Август, 2016-жыл.
1916-жылы Улуу Үркүн маалында ашууларда набыт болгондордун сөөктөрү арууланып кайра коюлуп, куран окулган. Архивдик сүрөт. Август, 2016-жыл.

- Бедел ашуусунда ошол ата-бабаңыздын изи менен басканда сиздеги сезимдер бөтөнчө болгондур?

Аскар Беделбаев: Сөөктөрдү көргөндөн баштап эле зээн кейип, ата-бабалар кандай кыргынга учураган деп кабырга кайышып, анан алардын колониалдык режимге каршы баш көтөрүп чыкканга кантип эрки жетти экен деп, көзгө жаш ирмелди.

Чоң атам, туугандарым ошол жерди кантип ашып баратканын көз алдыма тартылды. Биздин топто тарыхчылардан Арслан Капай уулу бар эле. Алар коктуну көздөй төмөн түшүп барып, аскага илинип калган жаш баланын баш сөөгүн таап келишкен. Ошентип, биз жети мүшөк киши сөөгүн териптирбиз. Аларды кепиндеп, чек арачылар жардамдашып казган көрүстөнгө, аруулап кайра койдук. Бир кара кой ала барганбыз, аны курмандыкка чалып, куран окудук. Эртеси күнү чек арачы аскер балдар айтат, “күңгүрөнгөн эле доош чыга берчү, түндө тыптынч болду” деп. Анан эстелик ташы да даяр болуп келип калды, аны койдук.

- Тарыхый эс тутум деген ушул да...

Аскар Беделбаев: Мурда аңчылар, ары бери өткөндөр эле киши сөөгүн көрүп калса, корумдап жашырып коюшкан да. Биз дээрлик баарын тазалап, сөөктөрдү чогулттук.

- Шамек мырза, кепти сиз менен улайлы. 1916-жылдагы көтөрүлүшкө падышанын жарлыгы жөн гана шылтоо болгон деп айтып жатпайсызбы. Казак тарыхчылары мунун себебин эмнеден көрөт?

Шамек Тилеубаев : 1916-жылдын 25-июндагы жарлыгы – бул шашылыш чыккан жарлык. Аны Ички иштер министрлиги шашылыш даярдап, падышага кол койдурган. Бул жарлык Орто Азиядагы 19-43 жаштын тегерегиндеги эркектерди ооруктун кара жумушуна тартуу тууралуу жарлык болгон да. Бул бир чети аргасыздыктан келип чыккан жарлык болчу. Жарлыктын өзүндө реквизиция (күчтөп тартып алуу) деген термин колдонулган. А реквизиция деген термин малга, жаныбарга, мүлккө карата колдонулушу мүмкүн, бирок кишиге карата колдонулбашы керек эле. Демек, жарлыктын өзү чийки, шашылыш жарлык болгон.

1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышкандарды жазалоо. Түркстан облусу, 1916-ж. "Казакстандын тарыхы жана маданиятынын атласы" китебинен алынган сүрөт.
1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышкандарды жазалоо. Түркстан облусу, 1916-ж. "Казакстандын тарыхы жана маданиятынын атласы" китебинен алынган сүрөт.

Бир нерсени айтып коюш шарт: 25-июндагы жарлыктын чыгышы 1916-жылдагы көтөрүлүшкө түрткү гана болду. А анын негизги себептери мурдатан бышып жетилген. Эң негизги себеби жер маселеси болгон. XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башында Түркстан аймагынан канча жерлерди тартып алышкан эле. Жети-Суу, Ысык-Көл өрөөнүндө да канчалаган жерлерди тартып алышкан. 1916-жылдагы көтөрүлүштү басышкандан кийин муну чиновниктердин өздөрү да мойнуна алышкан. Жети-Суунун аскерий губернатору Алексеевдин отчётунда да жана Түркстан аймагынын генерал-губернатору Куропаткиндин падыша Николай II берген 1917-жылдын апрель айындагы рапортунда да көтөрүлүштүн чыгышына жер маселеси себеп болгондугу айтылат.

Жандармерия деген болгон, бул саясий полиция. Ал аймактардагы элдин турмуш-тиричилигине көз салып, купуя тыңчылары аркылуу баардык жагдайды билип турган. Жети-Суу облусунда Железняков деген жандармериянын башчысы болгон. Бул казак менен кыргызга ою, көз карашы түз адам болгон. Ал 1917-жылы падыша тактан кулатылып, чоң коомдук-саясий өзгөрүштөр жүз бергенден кийин түрмөгө түшкөн. Анын түрмөдө отурганда Мамлекеттик Думанын аскерий фракциясына жазган каты бар. Мен аны Мамлекеттик борбордук архивден таап жарыяладым. Ошол катында ал Жети-Суу облусунда жалпы жонунан жер маселеси жакшы жолго коюлбаганын айтат. Демек, негизги себептердин бири жер маселеси болгон. Ар кандай салыктардын көптүгү да ушуга алып келген.

Согуш башталган кезде салык 1.20 тыйынды түзсө, кийин 4 сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Анан мүлктүк салык деген болгон. Казак, кыргыздардан боз үй, жылкы, аркан ж.б.у.с. буюмдарды алышкан. Ушунун баары элдин мойнуна жүктөлгөн.

Подкастты бул жерден угуңуз:

Ошентип, көтөрүлүштүк кырдаалдар 25-июндагы жарлык чыкканга чейин эле даяр болуп калган. Мына ушундай оор жагдайда июндагы жарлык чыкты. Бул кургап турган чөпкө ширеңке жагып, от койгондой эле болду. Эл бүт көтөрүлдү. Эзилген эл жалпы козголду. Казак, кыргыз айдыңдарынын эмгегин да айта кетпесек болбойт. ХХ кылымдын башында кыргыз, казактын окумал айдыңдары тарых сахнасына чыга баштады. Мисалы, “Алаш” кыймылынын көч башчылары Алихан Бөкейханов, Ахмет Байтурсунов, Миржакып Дулатов сыяктуу айдыңдар болгон. Жети-Суудан кыргыз менен казактын айдыңдары чыккан. Көтөрүлүштү колдогон радикалдык маанайдагы айрым айдыңдар да болду. Мындайча айтканда, айдыңдар көтөрүлүшкө эки түрдүү тургудан карашты. Казактардан Ыбрайым Жайнаков, Алихан Бөкейханов, Ахмет Байтурсунов, Миржакып Дулатов сыяктуу, ал эми кыргыздардан Ишеналы Арабаев, Дүр Сооронбаев өңдүүлөр калктын көтөрүлүшкө чыгышын колдогон эмес. Алар “көтөрүлүшкө чыксаңар, бекерге кырыласыңар, жазалоочу аскер келсе, эл бүлүнөт, эл бөөдө кыргынга учурайт” деп айтышкан. Адегенде падышанын буйругун орундап, майдандын кара жумушуна адам берели, эртең заман кандай болот, балким, жакшы болуп кетер дегендей сөздөрдү айтышкан. Анткени козголгон эл жеңишке жете албайт эле. Аскерге каршы курал-жарагы жок элдин каршы чыгышы туура эмес болгон.

- Жазалоочу аскерлердин колунан кырылган элдин саны боюнча болжолдуу маалыматтар барбы? Дегеле муну аныктоого мүмкүнбү?

Шамек Тилеубаев: Албетте, так аныктоо кыйын. Бирок Жети-Суу облусунун аскер губернатору Алексеев дегендин 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин берген отчёту бар. Ал берген маалыматында Жети-Суу облусунун өзүнөн эле калктын 30% кыргынга учурады деп айтат. Мындан тышкары, канча үй-жай кыйрады, канча эл тозуп кетти. Мисалы, Жети-Суудан 300 миң киши жер которуп кетти. Андан башка да жер-жерлерде нечендеген айылдардын тургундарын атып жок кылышкан. Бирок 1916-жылкы көтөрүлүштө ушунча адам набыт болду деген так статистика жок, болжолдуу гана айтылат. Жалпы Түркстан боюнча так маалымат жок.

Аскар Беделбаев: Бизде Геннадий Корнеевич Кронгардт деген тарыхчы бар эле, ошол окумуштуу жалпы жыйынтыктап отуруп, кыргыздар 130 миң кишиге кырылган деп берет. Бул жалаң эле жазалоочу аскерлердин колунан ажал тапкандар эмес. Жолдо кырылгандар, ачкачылык, оору, чет жакта өлгөндөр болуп, баары кошулган. Кушбек Үсөнбаевдин изилдөөсүндө айтылгандай, Кыргызстандын түндүгүндөгү элдин саны 41% азайып кеткен. Болжол менен 130-140 миңдин тегерегинде киши Үркүндө шейит кеткен. Мынчалык чоң кыргынды эскербей койгонго болбойт эле. 90 жылдыгында Барскоондо кошок кошулуп, аш берилип, көптөгөн иш-чаралар өткөн. 100 жылдыгы дагы масштабдуу эскерилди.

- Жети-Суудагы көтөрүлүш тууралуу маалыматтардын негизги булагы Казакстандын архивдеринде деп айтып жүрөбүз. Анткени Алматы ошол кезде Жети-Суунун борбору болуп турган эмеспи. Ал архивдердеги маалыматтар ачыкпы, канчалык көп маалыматтар бар?

Шамек Тилеубаев: Албетте, көп. Мен “Жети-Суу облусундагы казак жана кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү” деген темада кандидаттык диссертация жактадым. Ага чейин документтердин топтомунан үч жыйнак чыгардым. Анын ичинен 2007-жылы “Жети-Суу жана Ысык-Көл трагедиясы” деп аталган маалыматтар топтомун чыгардым. Андан кийин “Жети-Суу 1916-жылы” деген документтер жыйнагын чыгардым. Бир нече киши биригип “Орто Азия жана Казакстан” деген да документтер топтомун чыгардык. Алардан кийин да канчалаган архивдик маалыматтар жарыяланды. Алардан соң Ташкент шаарындагы Өзбекстан мамлекеттик борбордук архиви менен да кызматташтым. Орусиянын архивдеринен да 1916-жылкы көтөрүлүшкө байланыштуу, үркүндөргө байланыштуу материалдарды алдым. Бул жагынан бизде материалдар жетиштүү. Көп материалдар жарыяланды, жаңы табылып жаткандары да болуп жатат.

Бир жагдайды айта кетейин, 1916-жылы сентябрь-октябрь айларында Жети-Сууда көтөрүлүш аёсуз басылган. Ошол Жети-Сууда көтөрүлүштү баскандан кийин “Ысык-Көл өрөөнүндө Ысык-Көл накта орус уезддин курабыз” деген долбоор даярдалган. Муну мен “Жети-Суу 1916-жылда” деген китепте жарыяладым.

- Бул документти сиз архивден таптыңызбы?

Шамек Тилеубаев: Ооба, Казакстан мамлекеттик борбордук архивден табылган документ. Бул китепке да кирди, ал жөнүндө макала да жаздым. Ал долбоор 1917-жылдын 15-октябрь айында талкууланган. Ага Түркстан аймагынын генерал-губернатору Куропаткин катышкан. Бул долбоор Жер иштетүү министрлиги менен макулдашылган. Бирок 1917-жылы падыша тактан кулагандан кийин аталган долбоор ишке ашпай калган. Эгерде падыша тактан кулабаганда, жалаң орустар жашай турган Ысык-Көл уезди түзүлүп калышы да мүмкүн эле.Бул документ мурда белгисиз эле, биз жарыя кылдык.

Аскар Беделбаев: 1916-жыл боюнча көптөгөн архивдик маалыматтар бар. Жогоруда айтылган кеңири белгилүү болгон материал. Куралдуу көтөрүлүш Борбор Азияны кучагына алган. Адегенде июлда Кожентте (Тажикстан) башталса, кийин башка аймактарга жайылган. Алар "аскер бербейбиз" деп, тизмелерди жок кылышкан. Бизде болсо көтөрүлүш күч алып кеткен. Ошондуктан Түркстандын аскер губернатору А. Куропаткин атайын план иштеп чыккан. Көтөрүлүштү баскандан кийин Чүй менен Ысык-Көл тараптагы кыргыздарды Нарынга көчүрүп салып, бошогон жерлерге Орусиянын ички аймактарынан көчүрүлүп келгендерди отурукташтыруу боюнча чечим чыгарган. Куропаткиндин планы Думада каралып, жактырылган. Бул чечим февраль революциясы, андан кийин Октябрь революциясы болуп кетип, падыша өкмөтү кулатылгандан кийин гана ишке ашпай калган.

Алматыда он миңдеген документтердин ичинде “И-44” деген атайын фонд бар. Ошондо 1916-жыл жөнүндө маалыматтар көп. Үркүндүн 75 жылдыгы өтүп жатканда Илимдер академиясынын Тарых институтунда бөлүм башчы элем. Көптөгөн материалдарды изилдеп топтогом. Кол жазмалар фондунда дагы материалдар көп. Бул жерде 50-жылдары окумуштууларды жиберип, көтөрүлүштүн катышуучуларынын эскермелерин чогултушкан. Ошол материалдар дагы деле жатат. Архивде аскер жетекчилеринин раппорттору, отчёттору, кат алышуулар бар. Ташкенттеги архивде материалдар бар. Буларды каза берсе, жаңы маалыматтар чыга берет.

- Империялык дымак ХХI кылымда деле жок болуп кеткен жок. Кандай гана тарыхый окуяларга баа бергенде, анын анын сабагын да айта жүрөбүз да. Үркүн трагедиясынан кандай сабак алдык?

Шамек Тилеубаев: Биз Орто Азиянын тектеш элдери: казак, кыргыз, өзбек, түркмөн элдери ымалага келип, бирдиктүү болушубуз абзел. Тарыхыбызды тактаган учурда да орчундуу, сабак ала турган учурларды орток методологиялык тургудан иликтеп-такташыбыз керек. Казакта “ала койду бөлө кыркпа” деген сөз бар. Кыргыздарда да ушуга үндөш макал бар. Орток тарыхыбыздан сабак алып, ошол кездеги айдыңдарыбыздын аткарган эмгегине калыс, кесипкөй баа берүүгө милдеттүүбүз. Салкын кандуулук менен орток баа берип, орток жыйынтык чыгарууга тийишпиз.

Бул көтөрүлүш жер маселесинен келип чыкканын билдик. А жер маселеси али күнгө чейин казак үчүн да, кыргыз үчүн да маанилүү. Анткени эки элдин да жашоо-тиричилиги, келечеги жер менен байланышкан. Мындан жүз жыл мурда казак менен кыргыз калкы көчүп-конуп, жайкысын жайлоодо, кышкысын кыштоодо өмүр сүргөн болсо, азыр да биз үчүн жер маселеси өтө олуттуу.

Ушул ыңгайдан алганда, тарыхыбыздагы урунттуу учурлардан туура тыянак чыгарып, оң сабак алышыбыз керек. Жалпы Түркстан идеясы деген бар, ошол тургудан кароо зарыл. Бул окуя баарыбызга сабак болушу зарыл. Негизи көтөрүлүш эмнеден чыгат? Көтөрүлүш бийликке болгон нааразылыктан келип чыгат. 1916-жылдагы көтөрүлүшкө да оторчулук тутум, аны колдогон мамлекеттин саясаты түрткү болгон. Ошол себептүү эл козголду, ошол саясат менен макул болбогон калк көтөрүлүшкө чыкты. Азыр да дүйнөдө ушундай бир жагдайлар болуп жатат го, биз алдын алууга тийишпиз. Анан жалпы коомдо окумуштуулардын, тарыхчылардын жоопкерчилиги болушу зарыл. Алар өткөн тарыхый окуяларды объективдүү тургудан туруп, иликтеп-тактан тыянак чыгарууга тийиш жана ошол тыянактарды бийликке бериши зарыл. Ал эми бийлик да өз жыйынтыгын чыгарып, ага туура баа бериши абзел.

Аскар Беделбаев: Үркүндүн сабагы – башка өлкөдөн калканыч издебей, өз алдынчалыкка, эркиндикке умтула баштады. Бул элдин башынан өткөн азап-тозок - колубузга тийген эркиндикти сактап калуу керектиги жөнүндө кийинки муунга осуят. Падыша өкмөтүнүн курамына кирип, колониалдык саясат күч алып, жер-сууну тартып алып, эч кандай саясий укук бербегенде, келечекти көрө билген кишилер балдарын окута баштаган. Ошону менен кыргыздын алгачкы интеллигенциясынын өкүлдөрү - Ж. Абрахманов, И. Арабаев, Б. Исакеев, К. Тыныстанов, Т. Айтматов ж.б. чыккан. Алар адегенде мусулманча билим алып, анан европалык билимге ээ болгон. Ушулардын баары Үркүндүн азап-тозогун башынан өткөргөн. Ошондуктан алар мунун сабагын жакшы билген. Өз алдынча түндүк көтөрсөк деген изги тилек ушул муунда болгон.

XS
SM
MD
LG