Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдагы эл каттоосунда Кыргызстандын 1 млн 94,5 миң жараны эмгек миграциясында жүргөнү аныкталган. Бул сан жалпы калктын 15,8%, ал эми эмгекке жарамдуулардын 27,8% түзөт. Анын 80% чет өлкөдө, 20% өлкө ичинде жер которгондор.
Эл аралык миграция уюмунун 2023-жылы декабрда жарыялаган кырдаалдык отчетундагы маалыматка таянсак, кыргыз жарандарынын чет жактарга кетүүсүнө түрткү берген бир нече себептер бар. Алардын сап башында финансылык абалын жакшыртуу, жумуш табуу, үй-бүлөлүк шартын оңдоо сыяктуу жагдайлар турат.
Кыргыз жарандарынын чет жактарга чыгып кетүүсү бир жагынан “акыл көчүнүн” тобокелдигин жаратса, экинчи жагынан алардын мекенине бай тажрыйба жана заманбап билим менен кайтат деген үмүттү арттырат.
Арийне, Кыргызстан тышкы миграцияны пайдалуу өңүткө бура албай, көбүнчө тобокелдиктерге кабылып келет. Эл аралык миграция уюмунун ошол эле документинде кыргыз мигранттарынын билим сапаты бир кыйла жогору экени жазылган.
Эл аралык миграция уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева 2023-жылы ноябрда Бишкекте өткөн Улуттук өнүктүрүү форумунда сүйлөп, билимдүү жана тажрыйбалуу жарандардын сыртка кетип жатышы адам капиталынын сапатына сокку болуп жатканын билдирген:
“Бир жагынан, өлкө сыртында иштеген адамдардын саны менен эсептелген кадрлардын жана билимдин көп чыгып кетип жатканы Кыргызстандагы адам капиталына терс таасир этерин көрсөтүүдө. Ошондой эле эмгек миграциясы квалификациялуу жумуш күчүнүн өнүгүшүнө өтө аз өбөлгө түзүп, жыйынтыгында өлкөнүн өндүрүштүк жана инновациялык мүмкүнчүлүктөрүнүн кыскарышына да алып келет. Кыргыз жарандарынын эмгек миграциясынын убактылуу эмес, туруктуу агымга айланышынан улам, анын өлкөнүн адам капиталынын кыскарышына тийгизген таасири күчөйт. Жогорку билимге, көндүмдөргө жана квалификацияга ээ жарандардын өлкөнү таштап кетиши бул эффектти ого бетер курчутат. Сөз маалымат технологиялары жаатындагы адистер, инженерлер, агрономдор, дарыгерлер жана окутуучулар жөнүндө болуп жатат”.
Эл аралык миграция уюмунун эсептөөсү боюнча, 2020-2023-жылдар аралыгында өлкөгө 137 миңден ашуун мигрант кайтып келген. Анын 89% Орусиядан келгендер түзөт.
Уюмдун сурамжылоосу боюнча, кайтып келген мигранттардын жарымынан көбү үй-бүлөлүк себептен улам келсе, 18% кайтуусуна Орусиядагы коопсуздук, мобилизация жана санкциялар түрткү болгон.
Мекенине кайткан эмгек мигранттарынын саны ар жерде ар башка айтылып жүрөт. Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров ушул жылдын июнь айында “Биринчи радиого” курган маегинде 2021-2022-жылдары чет өлкөлөрдөн 143 миң эмгек мигранты кайтып келгенин билдирген. Ошол эле тушта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарында Эл аралык эмгек уюмунун жетекчиси Жильберг Унгбо менен жолугушканда өкмөт чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мигранттардын санын 2020-жылдан бери 300 миңге азайта алганын айткан болчу.
Миграция боюнча адис Рахат Сагынбек мамлекет сыртта билим алып, тажрыйба топтогон квалификациялуу жарандарды мекенге алып келип пайдалуу нукка буруу чараларын күчөтүшү зарыл деп эсептейт:
“Көп жылдан бери эле мигранттардын которгон акчалары күнүмдүк керектөөлөргө сарпталып келген. Бирок миграция көп жылдан бери болуп жатат да. Ошондуктан көбү күнүмдүк керектөөлөрүнө жумшап, үй куруп, үй-бүлөлүк абалын жакшыртып жашап көнүп калган. Кээ бирлери тапкан акчасына бул жакта киреше алып келе турган ишканаларды ачышты. Бул аябай кубандырат. Себеби биздин жашообузду жакшыртты, бакты. Кийинки муундарга билим берди. Бирок башка жагынан карасаң, азыркы учурда жаштардын арасында миграция чет өлкөгө барып, акча таап, үй курууну эмес, ал жакта жашап калууну көздөгөндөр көп болуп баратат. Ошол бир аз кооптондурат. Андыктан биздин мамлекет катары эң негизги максатыбыз – бул муундарды жоготпошубуз керек. Алар чет өлкөгө окуп барып, бирок кайра келүү максатын коюшу керек. Бул үчүн эмне кылуу зарыл? Шарттарды жакшыртып, кыргызстандык өтө жогорку квалификациялуу адистерди кайра келтирүү, мамлекетти өнүктүрүү программаларын түзүү керек”.
Кыргыз өкмөтү экономикада эбегейсиз ийгиликтерге жетишип жатканын белгилеп, “Отуз жылга тете үч жыл” деп ураан салып турат. Албетте, соңку жылдары экономикада акчанын массасы көбөйүп, киреше батыраак өсүп жатканы талашсыз. Ошол эле маалда экономикалык активдүү калктын үчтөн бири (1/3) чет элде эмгектенип, үй-бүлөсүн багып жатканы, алардын кирешеси ички дүң өндүрүмдүн төрттөн бир бөлүгүн (1/4) түзөрү да айкын. Мунун кыныгын алган саясатчылар кээ-кээде кыргыз жарандарын миграцияга "эшелондоп жөнөтүү" демилгесин да көтөрүп калат.
Улуттук банк менен Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын карап көрсөк, мигранттардын тапкан каражаты Кыргызстандын экономикасына олуттуу таасир тийгизип келет. Алардын мекенине которгон акчасынын көлөмү өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 1/3ине чейин жетет.
Бул каражаттар калктын үй-бүлөлүк кирешесинин олуттуу бөлүгүн түзөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын карасак, бул көрсөткүч өлкөнүн түштүк облустарында үй-бүлөлүк кирешенин 20 пайызынан тарта 1/3 бөлүгүнө чейин жетет.
Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык миграция уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева мигранттардын тапкан кирешелери өлкөнүн финансылык маселелерине кол кабыш кылып, үй-бүлөлүк утурумдук чыгымдарына тыгынчык болуп жатканына көңүл бурат. Ошол эле маалда алардын кирешеси алыскы келечекке жана адам капиталын өстүрүүгө инвестицияланбай жатканын белгилейт:
“Бүгүнкү күндө эмгек миграциясынын оң жагы катары финансылык капиталдын өсүшүн айтсак болот. Өлкө адам капиталын жоготуп жатканына карабай, өзүнө финансылык капиталды алып жатат. Бул финансылык капитал өлкөгө акча которуулар түрүндө келүүдө жана үй чарбаларынын кирешесин өстүрүп жатат. Кыргызстан бүгүн акча которуулар боюнча дүйнө чемпиондорунун бири болууда. Көптөгөн изилдөөлөрдүң жыйынтыктары көрсөткөндөй, мигранттардын акчасы негизинен керектөө максатына жумшалууда. Аз гана бөлүгү Кыргызстандагы инвестициялык иштерге колдонулат. Бүгүнкү күндө мигранттардын акча которуулары Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээлин кыскартууга жардам берип жатат. Бирок акча которуулар толук кандуу натыйжа бере тургандай болуп колдонулбай келет. Тилекке каршы, адам капиталына кайра инвестицияланбай жатат. Көп мигранттар билим алууну зарылдык катары көрүшпөйт. Мындан улам алыскы келечекте алардын акча которуулары кыска мөөнөттүү же минималдуу гана натыйжа бериши мүмкүн”.
Ал эми чейрек кылымдан ашык убакыттан берки миграциянын кесепети, үй-бүлө институтуна таасири өзүнчө чоң сөз.
Мындан тышкары кыргыз экономикасынын мигранттарга ашкере көз каранды болушунун жана миграциянын негизинен бир өлкөгө байланып калышынын тобокелчилигин эскерткендер да жок эмес.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.