Кыргыз экономикасы: Дүйнөлүк банктын оң баасы, бай-кедей ажырымы

Оштогу "Кыргыз унаа курулуш" заводунда эмгектенгендер

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын жана өнүгүүсүн талдоого алган. Уюм жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 89% өкмөттүн иш-аракетине ишенери, 75% каржылык жактан өздөрүн коопсуз сезери, азык-түлүк коопсуздугу боюнча олуттуу өсүш байкалганы айтылат.

Ошондой эле сыртта жүргөн эмгек мигранттары 14%дан 8% чейин кыскарып жатканы, калктын кирешеси азайгандыгы көрсөтүлгөн.

Соңку үч жыл ичинде Кыргызстанда өзүн финансылык жана азык-түлүк жактан коопсуз сезген үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө. Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасын угуу” деп аталган изилдөөсүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча бир катар жыйынтыктар жарыяланды.

"Кыргызстанда ийгиликтер арбын"

Изилдөөгө таянсак, Кыргызстанда экономикалык шарттар тууралуу пикирлер жакшырууда жана саясатчыларга карата ишенимдин өсүп баратканы байкалат. Анда жакырчылык, калктын кирешеси, жарандар тушуккан экономикалык көйгөйлөр жана административдик-аймактык реформалар тууралуу суроолор да камтылган.

Дүйнөлүк банктын жетектөөчү экономисти Айбек Аширов калктын финансылык жана азык-түлүк коопсуздугу бир кыйла жакшырганын билдирди.

“2024-жылдын июль-октябрындагы кирешедеги айрым стагнацияларга карабай, финансылык коопсуздуктун деңгээли өсүп жатат. Финансылык жактан камсыздалган үй-бүлөлөрдүн үлүшү 33%дан 75%га чейин көбөйгөн. Биз үй-бүлөлөрдөн финансылык абалы мурунку жылга караганда кандай болуп жатканын да сурамжылайбыз. Бул индикатор дагы 47%дан 71%га өскөн. Азык-түлүк коопсуздугунун көрсөткүчү да жакшырган. Бүгүнкү күндө биз азык-түлүк коопсуздугу 41%дан 2024-жылдын октябрында 86%га чейин жогорулаганын көрүүдөбүз”.

Дүйнөлүк банктын "Кыргыз Республикасын угуу" баяндамасынын "Финансылык коопсуздук деңгээли" бөлүмү.

Изилдөөдө сырттан которулган акчанын тамак-ашка караганда, турак жай алууга иштетилиши көбөйгөнү белгиленген. Өзүн жакыр сезген “субъективдүү жакырчылыктын” көрсөткүчү да төмөндөп, үч жыл ичинде 4%га азайган. Бирок, бул жаатта кырдаал туруктуу эмес, жылдын айрым учурларында (февраль, май, сентябрь жана декабрь айларында) жакырчылыкка тушукканын айткандар көбөйүп да турат.

Сурамжылоодо өлкө бийлигинин жүргүзүп жаткан башкаруусуна канааттангандардын үлүшү бир кыйла жогору экени белгилүү болгон. Сурамжылангандардын 71% алдыдагы беш жыл экономика үчүн жакшы мезгил болоруна ишенерин билдиришкен. Ошол эле маалда келечекке нейтралдуу карагандардын да көрсөткүчү өсүп, 27%га жеткен.

"...Көйгөйлөр да бар"

Экономист Айбек Аширов өлкөнүн социалдык-экономикалык абалындагы бир катар алдыга жылууларга карабай, айрым тармактарда начарлап бараткан жагдай да бар экенин белгиледи.

“Кирешенин негизги булактарын карачу болсок, биринчи жарым жылдыкта өз алдынча ишкердиктин кирешеси азайганына карабай, айлык маянанын реалдуу көбөйүшүнөн улам жалпы киреше өстү. Бирок, июлдан тарта маянанын кирешеси төмөндөй баштап, октябрга карата 23%га азайып кетти. Муну менен катар, биз белгилей турган тенденция – айыл чарбанын кирешеси сезондук секириктерге карабай, жалпысынан төмөндөп барат. Дагы бир маанилүү жагдай, акча которуулар дагы азайуунун үстүндө. Жыл ичиндеги киреше булактарын карасак, айлык маяна болжол менен 40%га турукташты, өз алдынча ишкердиктин кирешеси өсүүдө, бул маалда акча которуунун кирешеси азайып жатат. Тагыраагы, изилдөөбүздүн башында анын деңгээли 14% болсо, азыр 8% болууда”.

Дүйнөлүк банктын "Кыргыз Республикасын угуу" баяндамасы, "Негизги киреше булактары" бөлүмү.

Калктын алдында жумушсуздук менен баалардын кымбатташы эң курч көйгөй бойдон калууда. Электр энергиясындагы өчүрүүлөрдүн көп болуп жатканына жана жарык менен газдын тарифи жакырлар менен байлар үчүн теңсиз болгонуна кабатыр болгондор 85%га чейин жетет.

Өкмөттүн фискалдык компетенттүүлүгүнө ишеним арткандар 2023-жылдагы 63% 2024-жылдын октябрында 50% чейин төмөндөгөн. Реформалардын ийгилигине ишенгендер 29%дан 21%га түшкөн. Административдик-аймактык реформалардын уланышын колдогондор да 3%дык пунктка азайган.

Өкмөт "артта эч ким калбайт" деп ишендирет, бирок...

Өкмөт изилдөөдө белгиленген административдик-аймактык реформаларга элдин ишениминин төмөндөп баратышын айыл аймактарын бириктирүүдө тургундардын жеке кызыкчылыктары камтылбай калгандан улам жаралганын, алар санариптештирүү процесси менен чечилерин билдирүүдө. Ал эми электр энергиясындагы өчүрүүлөрдү тармактагы отуз жыл бою чогулган көйгөйдүн кесепети экенин белгилешет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов калктын кирешесин өстүрүү жана аярлуу катмарды социалдык жактан коргоо мамлекеттин саясатынын өзөгүн түзөрүн айтты.

“Бул убактылуу эле көрсөткүч. Албетте, эң байлардын, анан жакырлардын айырмасын биз деле байкап турабыз. Бул өтө маанилүү бир көрсөткүч. Президентибиз Садыр Жапаров “артта эч ким калбашы керек” деп дайыма айтат. Азыр экономикабыз өскөндө байлар байыйт. Экономикабыз келерки беш жылдын ичинде эки эсеге көбөйгөнү турат, ички дүң продукциябыз азыркы 13 млрддан 30 млрдга чейин өсөт. Албетте, бай үй-бүлөлөрдүн саны өтө көбөйөт. Биздин мамлекетибиздин милдети жана максаты, албетте, эң жакырлар артта калып калбасын. Эң аярлуу катмарлар – ошол эле майыптар, жалгыз бойлуулар, ошол эле кары-картаңдар, жетимдер – ошого биздин негизги социалдык саясатыбыз так ошол ажырым көбөйбөсүн дегенге арналат”.

Бирок, Эдил Байсалов айткан өкмөттүн социалдык теңдик саясаты азырынча өз жемишин бере элек. Тескерисинче, соңку үч жылдан бери социалдык ажырым ансайын чоңоюп келет.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети дагы жыл сайын 5000 үй-бүлөнү сурамжылап, калктын социалдык-экономикалык абалын баалап турат. 2023-жылдагы баяндамасында жарандардын акчалай кирешеси 781 млрд сом болуп, мурунку жылга караганда 22,6% өскөнү жазылган. Бирок, аларды калктын социалдык катмарларына бөлүштүрө келгенде, эң жакыр 20% катмардын кирешеси мурунку жылдан 0,7% пунктка азайып кеткени, эң бардар 20% калктын кирешеси 3,3% пунктка өскөнү көрүнөт. Мындай тенденция 2021-жылдан бери уланып келет. Байлар дагы да байып, жакырлар андан бетер жакырданып, экөөнүн ортосундагы ажырым 10,5 эсеге жеткен.

Айрым эксперттер адилеттүү социалдык саясат жүрбөсө, коомдогу ажырым өсө берерин белгилеп келишет. Маселен, эксперт Назгүл Ташпаева 2023-жылы өткөн "Жакырчылык жана теңсиздик" форумунда сүйлөп жатып, экономикалык өсүштүн кызыгын колунда барлар гана көрүп, бей-бечаралар тишинин кирин соргон бойдон кала берерин айткан.

Башка изилдөөлөр Кыргызстанды кантип баалайт?

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын ай сайын 1500 жарандан сурамжылап турат. Изилдөөнүн жыйынтыктарын кез-кези менен “Кыргыз Республикасын угуу” деген аталышта жарыялап келет.

Дүйнөдө мындай изилдөөлөрдү жүргүзүп, ар кайсы тармактардагы рейтингдик индекстерди жасап турган ондогон уюмдар бар. Алардын бир тобу Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы көйгөйлүү бойдон калып жатат деп белгилешүүдө.

Heritage уюмунун "Экономикалык эркиндик индексиндеги" Кыргызстандын көрсөткүчү.

Heritage эл аралык уюмунун “Экономикалык эркиндик индексинде” Кыргызстан 2024-жылы мурункудан 0,6 пунктка артка кетип, 112-орунду ээледи. Анда Кыргызстандын экономикасы “негизинен эркин эмес” деген баа алган. Өлкөнүн “экономикалык эркиндиги алсыз, бийлик маанилүү институционалдык реформаларды жасай албай жатат, ачык рынокторду колдоо саясаты натыйжасыз, коррупция мыйзам үстөмдүгүнө доо кетирүүдө, ишкердик чөйрөнү жакшыртуу жай жана үзүл-кесил жүрүүдө, жеке сектордо өндүрүштү жана инвестицияны алдыга жылдырууда бюрократиялык тоскоолдуктар сакталууда, акча-насыя туруктуулугу алсыз бойдон калууда” деп белгиленген.

Коомдо өкмөттүн экономикалык ийгиликтер тууралуу баяндарына ишеңкиребей караган чөйрө да бар. Алар бул жааттагы расмий сандар реалдуулукту чагылдырбайт, калктын чыныгы жашоо-турмушу баары бир жакшырбай жатат деп айтышат. Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов өкмөт экономиканын өсүшү боюнча сандарды бурмалап, жасалма көрсөткүчтөрдү пайдаланып жатат деген пикирде экенин айтууда. Парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат муну улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген кылмыш деп атап, аны батыраак оңдоого чакырды.

“Акыркы үч жылда 2021-2023-жылдагы ички дүң продукциянын өсүшү негизинен инфляциянын эсебинен деп айтып жатам. Экинчиден, реалдуу ички дүң продукциянын эсептөөсү такыр туура эмес экенин айтып жатам. Ошондуктан, менин эсебим боюнча 2021-2023-жылдардын жыйынтыгы менен номиналдуу ИДП менен реалдуу ИДПнын айырмасы 503 млрд сом болуп жатат. Ал эми силердин ушул эле эсебиңер менен, келе жаткан 2027-жылга чейин айырмасы 1 трлн сом болуп калып жатат. Ошону мен сиздин үч министриңизди чакырып “ушуну тактап, же туура эмес экенин айткыла, же болбосо мойнуңарга алып туруп, оңдогула” дегенди эч эле жеткире албай жатам. Өзүңөр жакшы билесиңер, расмий документтерге алдын ала жалган маалыматтарды берген – бул кылмыш. Муну кызматтык жасалмалоо (служебный подлог) деп коёт”.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз кезегинде экономиканын өсүшү боюнча расмий эсептөөлөр Дүйнөлүк банктын стандарттарына ылайык жүргүзүлөрүн билдирди.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун "Глобалдык тобокелдиктер баяндамасы 2024". Кыргызстандын көрсөткүчү.

“Дүйнөлүк экономикалык форум” уюмунун 2024-жылы жарыялаган баяндамасында Кыргызстандыктарды алдыдагы эки жылда кооптондурган 5 тобокелдик тууралуу жазылган. Дүйнө өлкөлөрүнүн 11 миң өкүлүнө “Алдыдагы эки жылда сиздин өлкө үчүн кайсы беш тобокелдик коркунуч жаратышы мүмкүн?” деген суроо жана 36 тобокелдиктен турган тизме берилген. Кыргызстан боюнча изилдөөгө Бишкектеги Экономикалык саясат институту өнөктөш болгон.

Кыргызстандыктар үчүн эң курч тобокелдиктердин сап башында мамлекеттер аралык кагылышуу кооптуулугу турса, андан кийин экономиканын басаңдашы, аргасыз миграция, мамлекеттик карыз жана инфляция көйгөйү айтылган.