Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

"Баткен, Жалал-Абад, Нарында жашоо оор". Кыргызстандагы жакырчылык көрсөткүчү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы жакырчылыктын деңгээли 0,1% кыскарганын жарыялаган. Президент жана өкмөт башчы Кыргызстандын экономикасы ири секириктерди жасап, калктын жашоо-шарты жакшырып баратканын билдирди. Бирок иш жүзүндө былтыркы жылы Кыргызстанда жакырлардын саны 88 миң кишиге көбөйдү.

Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында жакырчылыктын деңгээли 8% сызыкка чейин өскөн.

"Экономикабыз өсүп, калктын жашоо-шарты жакшырууда"

Кыргыз өкмөтү экономикалык секириктер калктын жашоо-турмушун өзгөртүп жатканын жар салды. Экономикадагы ийгиликтер жана жакырчылыкты жоюудагы системдүү аракеттерди ноябрдын башында болуп өткөн “Жакырчылык жана теңсиздик” деп аталган улуттук өнүктүрүү форумунда президент Садыр Жапаров менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров сүйлөгөн сөзүндө белгилешти.

Президент Жапаров Кыргызстандын экономикасы соңку жылдары чоң секирик менен алдыга өсүп баратканын билдирди:

“Элибиздин жашоосу көзгө көрүнөрлүк жакшырсын, иш менен алек болушу үчүн ишканаларды ачууга, эски заводдорду жаңыртууга, чакан ишканаларды чоңойтууга, жолдорду оңдоп, жүздөгөн курулуштарды бүтүрүүгө күч-аракетибизди жумшап келебиз. Акыркы үч жылда Кыргызстанда мамлекеттик кирешелер өсүп, амбициялуу программалар ишке кирип, өнөр жайды өнүктүрүү, эл аралык инвестицияларды тартуу жаатында көзгө көрүнөрлүк ийгиликтер жаралды десек болот. Ички дүң өнүмдүн өсүшү 2020-жылы 639 млрд сом болгон болсо, кудай буюрса, 2024-жылы экономикабыз 1 трлн 258 млрд сомго жетет деп күтүп жатабыз. Үч жыл ичинде ички дүң өнүм эки эсе көбөйдү. Менин максатым – жалпы элдин жашоо-тиричилигин жакшыртуу үчүн экономиканы өнүктүрүүгө жетишүү. Мен дал ушул милдетти мамлекеттик бийликтин бардык системасынын алдына коюп жатамын”.

Президент жакырчылыкты кыскартууда акчалай кирешеге жетүү жагын эле эмес, билим берүү, саламаттык сактоо, таза суу, тамак-аш, турак жай жана бакубаттуулуктун башка аспектилери сыяктуу бөлөк ресурстарга жетүү өңүтүнөн да кароо зарылдыгын белгиледи. Бийлик калктын бардык катмарында тең укуктуулукту камсыз кылып, жашоо сапатын жакшыртууга багыт аларын убада кылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку үч жылда өкмөттүн бакубат кыргыз мамлекетин куруу аракети ийгиликтүү ишке ашып келатканын билдирди.

Ал салыктан жана бажыдан чогулган кошумча каражаттар калктын жашоо шартын жакшыртууга жана экономиканы көтөрүүгө жумшалып жатканын айтты. Ошол эле маалда Кыргызстандагы жакырчылыкка тышкы жагдайлар көбүрөөк таасир этип жатканын белгиледи:

“Адамзатты жакырчылыкка түрткөн көп жагдайлар бар. Биз алардын көбүнө азыртадан эле дуушар болуп жатабыз. Бир эле COVD-19 пандемиясынын айынан БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерhиш 2020-жылды “бул жыл өлүмдүн, катастрофанын жана үмүтсүздүктүн жылы” деп айткан. Дүйнөлүк экономика 4,5% артка кетти. 90-жылдан бери боло элек жакырчылык да дүйнө жүзүн каптады. Азыр дагы геосаясий, экономикалык, социалдык жана башка кырдаалдар өз нугун кескин өзгөртүүдө. Кымбатчылык, инфляциянын жогорулашы биздин көзөмөлдөн тышкары глобалдык таасирлерди дагы алып келет”.

Ушинтип эки жетекчи тең экономикалык ийгиликтер тууралуу сүйлөп жатып, өлкөдөгү жакырчылыктын реалдуу жагдайы тууралуу так сандарга негизделген кеп козгогон жок.

Министр Гүлнара Баатырованын баянында жакырчылыктын реалдуу сандары жана ага түрткү берген жагдайларга орун берилген жок.

Анын ордуна мамлекеттин жакырчылыкты азайтуу боюнча иштеринен бир катар сандар келтирилди. Маселен, орточо эмгек акы 2020-жылга караганда 70% өскөн. Жумушсуздуктун саны соңку эки жылда 7,7% төмөндөгөн. Майыптыгы бар адамдарга, ата-энесинен айрылган балдарга жана улгайган адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү 100-200% чейин жогорулатылган. Аз камсыздуулук боюнча жөлөк пул өлчөмү 50% көбөйтүлүп, электр жарыгына 40% чейин жеңилдиктер берилген.

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 2021-2022-жылдары 12900 жакыр үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз акча берилген. Ал үчүн 1 млрд 328 млн сом каражат жумшалган. 2024-жылы дагы 20 миң үй-бүлөгө берүү пландалууда, ага бюджеттен 2 млрд сом каражат бөлүнгөн. Долбоор 30 миңден ашуун кошумча жумуш орун түзүүгө, 64 миңден ашуун адамдын жашоо-шартын жакшыртууга жардам берет.

Аталган иш-аракеттерге карабай, жакырлар катмары калыңдап баратканы көз көрүнөө болгондуктан, айрым көйгөйлүү маселелер да аталды. Маселен, жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөрдүн эмгек дареметин жогорулатуу боюнча ыкмалар жетишсиз. Жумушсуз жарандарды колдоо багытындагы активдүү иш-чараларды каржылоо аз жана формалдуу эмес жумуштуулуктун үлүшү жогору.

Тийиштүү бийлик адамдары өлкөдөгү жакырчылыктын реалдуу деңгээлин белгилебегендиктен, анын улам өсүп баратканын так сандар менен көргөзүп берели.

Иш жүзүндө калктын жакыр катмары калыңдады

Жакырчылыктын чеги киши башына бир жылга 52 903 сом деп эсептелген. Бул бир киши бир айда 4409 сомго жан багат дегенди билдирет. Ал эми өтө жакыр катмардын чеги жылына киши башына 34 916 сомду түзөт. Мында жан башына айына 2 910 сомдон туура келет.

Улуттук статистика комитети 2022-жылдын эсеби боюнча жакыр калктын саны 33,2% болуп, мурдагы жылга караганда 0,1% азайганын кабарлаган. Өлкөнүн Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарында жакырчылыктын деңгээли бир аздан азайгандыктан, ушундай көрсөткүч пайда болууда.

Бирок иш жүзүндө жакыр калктын саны 2021-жылдагы көрсөткүчкө караганда 4% өскөн же 88 690 киши менен толукталган. Болгону жалпы калктын саны мурдагы жылга караганда 4,3% же 290,3 миң кишиге көбөйгөндүктөн, ага салыштырмалуу жакырчылык деңгээли азайгандай көрүнөт.

Өтө жакыр калктын көрсөткүчү 6% же 420 миң киши деп эсептелет. Бул жалпы калктын санына карата эсептелген пайыздык көрсөткүч. Башка өңүттөн караганда, өтө жакырчылыкта жашаган 420 миң киши жакыр калктын ичинен 18% үлүштү ээлейт.

Статистикалык маалыматтар боюнча, жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган калктын саны 2 млн 333 миң киши (33,2%) болсо, дагы 7,3% же 515 миң киши ал чекке өтө жакын шартта жашайт. Ошондо, жакырчылыктын чегинде жана ага жакын тобокел зонада жашаган калктын санын чогуу эсептесек, Кыргызстандын 40,6% калкы төмөн киреше менен турмуш кечирген болот.

Жакыр калк тирилик үчүн кирешени маянадан, социалдык жардамдардан, жеке ишмердиктен, чет өлкөдө эмгектенүүдөн тапкан каражаттан, жеке чарбадан жана дагы башка булактардан табат.

Улуттук статистика комитетинин Үй чарбалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб алар жакырчылыкта жашаган катмардан көп деле айырмаланбай турганын айтууда:

“Бул тобокелдик тобу. Кымындай эле өйдө-төмөн өзгөрүүлөр болсо, мисалы, инфляция бир аз эле өсүп кетсе, алар жакырчылыктын чегинде болуп калышы ыктымал. Анын тыгыздыгы калктын чоң бөлүгү жакырчылыктын чегине жакын жашагандыгын билдирет. Алар азыр жакыр болуп эсептелбегени менен, эгерде инфляция 1% эле секирип кетсе, алар жакырлардын категориясына кошулуп калат. Ошондуктан, өтө көп калк жакырчылык чегинде жашагандыктан, анын көрсөткүчү ары-бери өзгөрүп кетиши мүмкүн”.

Башкача айтканда, жакыр катмарда деп эсептелген киши айына 4409 сомго жашаса, расмий эсеп боюнча жакыр катмарга кирбеген, бирок ошого жакын жашаган адамдын кирешеси деле андан көп айырмаланбайт. Эгерде жакырчылыктын чегин айына 4409 сомдон 5% же 220 сомго көтөрсөк, анда жакырлардын саны 36,7% жетип барат. Ал эми чекти 5% түшүрсөк, анда 28,7% болуп калат.

Баткен, Жалал-Абад жана Нарында жакырчылык курчуду

2022-жылы Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында жакырчылык күчөп кеткен. Эсептер Баткендин калкынын дээрлик жарымы (48,5%) жакырчылыкта жашаарын көрсөтөт. Жалал-Абадда калктын 47,1%, Нарында 42% жакырчылыктын чегинен төмөн жашайт.

Мурунку жылы эле жакыр катмардын катышы Баткенде 40,7%, Жалал-Абадда 43,2%, ал эми Нарында 39,2% болчу.

Өтө жакыр катмардын көрсөткүчү Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарында өскөн. Нарын, Ош, Талас облустарында жана Бишкек шаарында бир кыйла азайган. Төмөнкү сүрөттө анын өсүү/азаюу динамикасын 2021- жана 2022-жылды салыштырып көрсөтөлү.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Баткен райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Айипов аймакта жакырчылыктын өсүп кетишине себеп болгон айрым себептерди айтып берди:

“Баягы COVID-19 маалында жакырчылыктын деңгээли өсүп кеткен. Себеби жумуш жок, "үйдөн чыкпай отур" деп атышты. Бүт жумуштар, базарлар токтоп калды. Андан кийин жылда Баткенде тополоң болгондо бүт эле качып, ары-бери тозуп жүргөндө жумуш жок да. Жакыр үй-бүлөлөр көбөйүп кеткендиктен, айрым айыл аймактарын дээрлик бүтүндөй эле эсепке коюп коёсуң. 2023-жылы “Социалдык келишим” деп, элдин жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн 100 миң сомдон берилди. Аны бизде Баткенде 450 үй-бүлө алган. Жакырчылыктын деңгээли ошону менен бир аз кыскарды. Көп деле эмес эми...”.

Жакырчылыктын көрсөткүчүн азайтууда мигранттардын орду чоң

Кыргызстандын экономикалык активдүү калкынын олуттуу бөлүгү өлкө сыртында, көпчүлүгү Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Ошондуктан жакырчылык көрсөткүчүн баалаганда, жарандардын өлкө сыртында эмгектенип тапкан каражатын кошпой эсептеген өзүнчө сандарды да чыгарышат. Мындай статистика боюнча, 2022-жылы Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли дагы он пайызга жогорулайт же 43,3% болуп калат.

Аймактарды алсак, калктын жакыр жашаган катмарынын үлүшү Баткен облусунда 68,5%, Жалал-Абадда 57,5% жана Нарын облусунда 42,3% түзөт.

Баткен облусунун тургундары мигранттардын жөнөткөн акчасына көбүрөөк муктаж. Алардын кирешесинин 1/3 мигранттардын которгон каражаттарынан турат. Андан кийин Ош (20,1%) жана Жалал-Абад (17,4%) облустары турат.

Эгерде эмгек мигранттарынын чет өлкөдөн тапкан каражаттарын алып салчу болсок, анда жакырчылыктын көрсөткүчүнө дагы 10% кошулат.

Ал эми өтө жакырчылыктын кучагында жашаган калктын саны мигранттардын которгон кирешесин алып салганда 6 пайыздан 17,7% өсүп чыгат. Бул айына 2 910 сомго жан баккан өтө жакыр калктын саны 420 миңден дароо 1 млн 245 миңге секирет дегенди билдирет.

Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева учурда миллиондон ашуун кыргыз мигранттары чет өлкөдө жүргөнүн, алардын которгон акчасы Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 1/3 бөлүгүнө тете экенин айтты. Мигранттардын акча которууларынын өлкөдөгү жакырчылыктын көлөмүн азайтуудагы таасирине токтолду:

“Эмгек миграциясынын жакшы жагы финансылык капиталдын өсүшү болууда. Бул финансылык капитал өлкөгө акча которуулар түрүндө келип түшүп, үй-бүлөлөрдүн кирешелерин көбөйтүп жатат. Учурда Кыргызстан мигранттардын өз үй-бүлөлөрүнүн каржылык абалын колдоо үчүн которгон акчасынын ички дүң өндүрүмгө карата үлүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары мигранттардын акча которуулары негизинен керектөө муктаждыктарына коротуларын көрсөтүп келет. Аз гана бөлүгү инвестицияны колдоого жумшалат. Баарынан да, бүгүнкү күндө мигранттардын акча которууларынын өлкөдөгү жакырчылыкты азайтуудагы ролу зор болууда”.

"Экономикалык өнүгүүнүн пайдасын башкалар көрөт"

Улуттук статистика комитетинин баалоосунда, 2022-жылы Кыргызстандагы 17 жашка чейинки балдардын 40,3% же 1 млн 126 миңден ашуун бала жакыр үй-бүлөдө жашаган.

Социалдык коргоо боюнча эксперт Назгүл Ташпаева адилеттүү жана натыйжалуу социалдык саясатты иштеп чыкмайынча, экономикалык өнүгүү жакыр катмардын абалын жакшыртпай турган айтат:

“Экономикалык өнүгүү калктын жакыр катмарынын өзгөрүү динамикасы менен абалына анча таасир кылбайт. Эң жаманы, анын кесепети жакыр үй-бүлөдө жашаган балдарга абдан таамай жана оор тиет. Эл аралык миграция уюмунун маалыматында, жакыр үй-бүлөдө жашаган балдарды жөлөк пул менен камсыздоонун деңгээли өтө төмөн. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу менен камсыздалган балдар 16,9% түзөт. Тилекке каршы, бизде мындай жөлөк пулга жетүү абдан чектелген – процедуралар жана тоскоолдуктар бар, балалуу жакыр үй-бүлөлөрдүн баары эле жөлөк пулга жете албайт. Экономикалык өсүү жакыр үй-бүлөлөрдүн абалын жакшыртпайт. Экономикалык өнүгүү 4-5-квинтилдик топтогу адамдарга (колунда барларга) гана таасир этет”.

Эл аралык эксперттер жакырчылыкта жашаган адамдар ар түркүн экономикалык жана саясий кризистердин, пандемия, климаттык өзгөрүү өңдүү катаклизмдердин алдында өтө аярлуу болорун белгилешет. Жакырларды коргоо үчүн мамлекет өз кирешелерин эффективдүү колдонушу зарылдыгын, натыйжасыз программаларды жаап, аскердик чыгымдардын ордуна социалдык колдоо каражаттарын көбөйтүүнү, тоо-кен тармагынан түшкөн кирешелерди колдонууну сунуш кылышат.

XS
SM
MD
LG