Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

"ИДП 1 трлн". Өкмөт айткан өнүгүү, жан кейиткен жакырчылык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт Кыргызстандын ички дүң өңдүрүмүнүн көлөмү 1 трлн сомдон ашканын жарыялады. Акылбек Жапаров бийликтин реформалык кадамдары өлкө экономикасын 2023-жылы 4,5% көтөргөнүн билдирүүдө.

Бирок адистер арасында мындай билдирүүлөргө көп ишенбей тургандары да бар. Алар инфляция жана калктын реалдуу кирешесинин өсүшү көңүл жылытпай, өкмөт өндүрүштү алга сүрөө ордуна, ишкерлерди камчылап, салыкка басым жасап жатканын белгилешет.

Кыргыз өкмөтү өткөн аптада өлкөдөгү экономикалык көрсөткүчтөр менен мактанып, бул жаатта рекорддук жетишкендиктер бар экенин коомчулукка жарыялады.

Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү 1 трлн сомдон ашты.
Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү 1 трлн сомдон ашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламент жыйынында Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү 1 трлн сомдон ашканын айтты:

“Мына кечээ-бүгүн 1 трлн деген белгиден өттүк. Ал эми 2024-жылы биз эки эсе көбөйттүк, 1 трлн 259 млрд сомду түзөт деп астыңыздарга келип отурабыз. Калктын жан башына ички дүң өндүрүмдүн көлөмү эгерде 10 жыл ичинде (2010-2020-жж.) болгону 311 эле долларга өскөн. Биз акыркы үч жыл ичинде 700 долларга көтөрдүк. Ички дүң өндүрүмүбүз жан башына бөлгөндө 2,5 эсеге өстү. Инфляцияга карабастан айлыктардын реалдуу өлчөмүндө өсүш болуп жатат. Статкомдун маалыматында, тогуз айда орточо айлык 32 миң сомдон ашты. Анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алып эсептегенде 10,7% өстү”.

Чынында эле Экономика министрлигинин сайтындагы эсеп ички дүң өндүрүмдүн номиналдык көлөмү 28-ноябрдын кечине карай 1 трлн 21 млрд сомго жеткенин көрсөтүп турат.

Өкмөт мындай көрсөткүчтү тарыхый деңгээлге жетишүү катары сыпаттоодо.

Курулушта өндүрүштүн көлөмү 14,6%, тейлөө тармагы 4,9%, өнөр жайда 1,3% өстү. Айыл чарбасы 2022-жылдагы өсүү деңгээлинде калды.

Өкмөттүн ички дүң өндүрүм боюнча эсеби номиналдык көрсөткүчтө берилүүдө. Мындан улам ички дүң өндүрүмдүн номиналдык көрсөткүчү реалдуу көрсөткүчтөн кыйла экенин айта кетүү керек. Номиналдык көрсөткүчтө өндүрүлгөн товар менен көрсөтүлгөн кызматтын учурдагы баасы эсептелет, ага инфляциянын деңгээли да кошулуп кетет. Ал эми реалдуу көрсөткүчтө товар менен кызматтын баасынан инфляция менен дефляция кемитилип, мурдагы жылдарга салыштырып эсептелет.

Акылбек Жапаров жетектеген өкмөттүн мындай отчёту парламентте кызуу колдоого алынып, демейде өкмөттүн ишин сындап жүргөн депутаттар мактоо сөздөрүн айтты:

“Урматтуу Акылбек Үсөнбекович, сиздин азыркы берилген отчётуңуз ынандырды. Жакшы отчёт болду. Эл дагы мындай отчётту көргөндө, “мамлекетибиз бар экен, күчтүү мамлекет болот экенбиз” деп ишенет деп ойлойм. Сөзүңүздүн аягында “жаңы от алган машина” деп айтып кетпедиңизби”. “Отуз жыл мурда эле от алдырып койсоңуздар, эмгиче жарым жолго жетип калат белек деген ой келип кетет экен да кээде. Эми мындай жүрүштөр, иштер, жетишкендиктер менен кете турган болсок, келечек дагы тумандабай, чоң үмүттөрдү арттырат деп биз дагы ишенебиз”, - деди депутат Мирлан Самыйкожо.

Эсеби көп сандарды инфляция жеп коюуда

Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн январь-октябрь айларындагы реалдуу өсүү темпи 4,5% түздү. 2022-жылдын ушул мезгилинде ИДПнын өсүү темпи 5% болгон. Статистикалык маалыматтар экономиканын өсүү темпи былтыркы ушул мезгилге жана 2023-жылдын биринчи чейрегине караганда жайыраак жүрүп жатканын көрсөтөт. Өсүү темпи өзгөчө май айынан августка чейин бир кыйла жайлап кеткен.

Серепчилер өкмөттүн кагаздарындагы сандар көбөйүп жатканы менен, калктын жашоо-турмушундагы өзгөрүүлөр көп байкалбай жатканын айтышууда.

Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана ЮСАИД өңдүү эл аралык уюмдар Кыргызстандын экономикасын бекемдеген булактарга байкоо салып турат. Алардын талдоолоруна караганда, экономикага эң көп каражат эл аралык насыя, айрым жаратылыш ресурстарын сатуу жана калктын ар кайсы ресурстарды колдоно баштоо эсебинен келип жатат.

Маселен, калктын саны өсүүдө, электр энергияны көбүрөөк колдоно баштады, ошондой эле тамак-ашты колдонуу көлөмү дагы өсүп барат.

Жергиликтүү серепчилердин пикиринде, Кыргызстанда экономикалык кандайдыр бир жандануулар бар экени талашсыз. Бирок ички дүң өндүрүмдүн массасы өсүп баратканын көрүп турганыбыз менен, кымбатчылык менен инфляциядан улам калктын жашоо-шарты, тескерисинче, оорлоп баратканы байкалат.

Экономист Искендер Шаршеев сандар алдыга өсүп бараткандай түр көрсөткөнү менен, экономикада өнүгүүнүн белгилери байкалбай жатканын айтты:

“Инфляция аябай катуу өсүп атат. Инфляция өскөндө, ички дүң өндүрүмдүн улуттук валютадагы көлөмү дагы өсөт. Инфляция ушинтип көрсөтөт. Бирок бул жашоо жеңилдеди дегендин белгиси эмес. Бул, тескерисинче, жашоо кымбатыраак болуп баратат дегенди билдирет. Ички дүң өндүрүм өткөн жылдагыдай эле. Бирок сом менен санаганда көбүрөөк көрүнөт. Мисалы, сомдун куну ушул жылдын башында 87 сом болуп атса, азыр 89 сомго чыгып кеткен. Ошондуктан ушундай көрсөткүч болуп атат. Инфляция өссө, сомдук ИДП өсө берет. Бирок бул экономикалык өсүүнүн белгиси эмес”.

Инфляциянын деңгээли 2022-жылы 14,7% жеткен. Ал эми 2023-жылы 9,2% түздү. Эл аралык уюмдардын байкоолорунда 2023-жылдын башында 30 пайыздан 80% чейин көтөрүлгөн электр энергиясы, ичер суу, таштанды чыгаруу өңдүү коммуналдык кызматтардын тарифтери ансыз да туруксуз болуп жаткан инфляциянын өсүшүнө кошумча түрткү берди.

Дүйнөлүк банктын талдоочулары дүйнөдөгү дээрлик бардык өлкөлөрдүн, алардын ичинен Кыргызстандын экономикасын маал-маалы менен талдап турат. Уюмдун соңку талдоосун карап көрсөк, Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 2023-жылы былтыркы көрсөткүчкө караганда бир кыйла жайлап калды. Буга айыл чарба тармагындагы өсүүнүн токтошу менен алтын өндүрүүнүн кыскарышы катуу таасир этти.

Казынаны толтуруу, ишкерлерди очорулткан жүк

Акылбек Жапаров бюджеттик саясатта мамлекеттин казынасын көбөйтүү артыкчылыктуу багыт болуп жатканын белгиледи.

Бюджеттин кирешелерин көбөйтүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу үчүн реалдуу иштер аткарылып жатат. Ошондой эле экономика турукташып, бир сыйра силкинип алганы, бардык тармактарда өзгөрүүлөр башталганы айтылды.

Быйылтан тарта бюджетти тартыштык менен эмес, тескерисинче 20 млрд сом профицит менен аткаруу мерчемделүүдө. Жапаров салык жана бажы кызматкерлери коррупциядан арылып, кесиптик компетенттүүлүгүн көрсөтүп жатканын белгиледи.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 284,6 млрд сомду түздү. Ал эми чыгаша бөлүгү 261,5 млрд сомго жетти. Профицит 23 млрд сомго жетет.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков азыркы өкмөт өлкөдөгү ишкерлерден салык чогултууну көбөйтүүгө көбүрөөк киришип алды, андан көрө инвестиция тартууга аракет кылса жакшы болмок деген пикирде:

“Биз инвестиция жагынан аксап атабыз. Бизге иштин жыйынтыгы керек да. Эч кандай жыйынтык болбой атпайбы. Эч кандай ири инвестициялык долбоор ишке кирбей, айтылгандардын баары жомок боюнча эле калып жатпайбы. Тикелей инвестиция деген бар, башка өлкөнүн инвесторлору келип, кийин пайдасын көрүү үчүн Кыргызстанга акчасын салат. Андай жок болуп атпайбы. Атамбаевдин учурунда да жок болчу, азыр да жок. Айтылып атат, айтылган менен эч кандай жыйынтык жок. Экономикабыздын аксап жатышынын эң башкы себеби жакшы инвестиция жок болгондугуна байланыштуу. Себеби, өкмөт башчы Акылбек Жапаров инвестиция боюнча иштебей эле, жалаң салык чогултам деп отурганынан болуп жатат. Салык чогултам деп эле отура бербей, чет өлкөлүк инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, реалдуусун алып келип, иштетиш керек да”.

Улуттук статистика комитети экономикалык өсүүгө кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү көбөйүшү менен салыктык чогултуулардын өсүшү түрткү бергенин айтышат. 2023-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн 74% салыктык чогултуулар түзөт. Салыктык чогултуулар былтыркы ушул мезгилге караганда 29% көбөйгөн. Анын ичинен кошумча нарк салыгын чогултуу 35% өскөн.

Дүйнөлүк банк бул чогултуулар 2022-жылы көтөрүлгөн эмгек акылардын, социалдык төлөмдөрдүн, пенсиянын жана мамлекеттик инфратүзүмдүн өсүп жаткан чыгымын жабууга жардам бергенин белгилейт.

Тышкы соода

Акылбек Жапаров тышкы дипломатиялык алакадагы натыйжалуу саясаты өлкөнүн тышкы экономикалык көрсөткүчтөрүндө дагы өз жемишин берип жатканын билдирди. Маселен, тышкы сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 10,8 млрд долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 26,2% өсүш болду.

Анын ичинен экспорт дээрлик 50% өстү. Мындай көрсөткүчкө алтындын экспортунун кескин өсүшү жеткирди десек болот. Маселен, Европага жөнөтүлгөн 541 млн доллар экспорттун 93% Швейцарияга сатылган алтындын суммасы түзөт.

Ал эми импорт 22% жакын көбөйдү. Импорттун өзөгүн азык-түлүк, күйүүчү май, техникалар, жабдыктар, текстиль жана керектөө товарлары түздү.

Ошол эле маалда Орусияга жөнөтүлгөн экспорт дээрлик былтыркы деңгээлде болсо, импорттун көлөмү 23,4% азайды. Европа менен соода алака кескин өстү – экспорт 814,5%, импорт 250,7% көбөйдү.

Экономикалык өнүгүү жакырларды ирденттиби?

Акылбек Жапаров баяндамасында жакырчылыкты азайтууга багытталган аракеттер өз жемишин берип жатканын айтты:

“Бюджеттин бешинчи өзгөчөлүгү – бул ортоңку класстагы элдин катмарын көбөйтүү. Буга чейин көбүрөөк акча колунда барларга барып жүрсө, азыр карапайым калктын кирешесин көбөйтүүгө ири каражаттарды бөлүп берип атасыздар. Акыркы такталган маалыматтар боюнча, өтө жакыр жашагандардын категориясы кичинеден азайып, жакыр жашагандар ортоңку класска өтөт дагы, алар экономиканын негизги кыймылдаткычына айланат. Социалдык коргоо чөйрөсү боюнча, жөлөк пулдар эки жылда үч этап менен көтөрүлдү. Мындан тышкары, Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен президенттик социалдык келишимдер ишке аша баштады. Жүз миң сомдон берүү жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели экенине көзүбүз жетти. 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилди. Натыйжада 50 миң адамдын жашоо-шартын жакшыртып, 300 миңдей жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзүлдү”.

Арийне, статистикалык маалыматтар Кыргызстанда жакыр калктын катмары барган сайын калыңдап баратканын көрсөтөт. Улуттук статистика комитети жакында жакырчылык боюнча 2022-жылдын көрсөткүчүн жарыялаган. Ага ылайык, жакыр калктын саны 2021-жылдагы көрсөткүчкө караганда 4% өскөн же 88 690 киши менен толукталган. Өтө жакыр калктын саны 6% же 420 миң киши деп эсептелет. Жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган калктын саны 2 млн 333 миң киши болсо (33,2%), дагы 7,3% же 515 миң киши ал чекке өтө жакын шартта жашайт. Ошондо, жакырчылыктын чегинде жана ага жакын тобокел зонада жашаган калктын санын чогуу эсептесек, Кыргызстандын калкынын 40,6% төмөн киреше менен турмуш кечирип жаткан болот.

Экономист Искендер Шаршеев калкты жакырчылыкка карай түрткөн жагдайлар дале болсо көп экенин белгиледи:

“Жакырчылыкты эсептегенде эң негизги себептерин карасак – бул билим берүү системасы, экономиканын жалпы абалы, өндүрүштүн көлөмү. Бизде өндүрүштүн көлөмү жетиштүү эмес деп эсептейм. Өндүрүш бир аз өнүктүрүүгө муктаж. Андан сырткары, билим берүү системасы дагы бир аз башка тарапка баратат го деген ойлор бар. Бүгүнкү күнү чоң сыноолорду, тестирлөөлөрдү өткөрсө, кыргыз билим берүү системасы бир аз начар жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. Ушулар негизги себеп деп эсептесе болот. Экономикалык өнүгүү доллар менен өссө жакшы болмок. Сом менен эсептегенде, инфляциянын өсүшүн эле чагылдырып жаткандай”.

Социалдык коргоо боюнча эксперт Назгүл Ташпаева ноябрдын башында Бишкекте өткөн “Жакырчылык жана теңсиздик” деп аталган улуттук өнүктүрүү форумунда адилеттүү жана натыйжалуу социалдык саясатты иштеп чыкмайынча, экономикалык өнүгүү жакыр катмардын абалын жакшыртпай турган айткан:

“Экономикалык өнүгүү калктын жакыр катмарынын өзгөрүү динамикасы менен абалына анча таасир кылбайт. Эң жаманы, анын кесепети жакыр үй-бүлөдө жашаган балдарга абдан таамай жана катуу тиет. Эл аралык миграция уюмунун маалыматында, жакыр үй-бүлөдө жашаган балдарды жөлөк пул менен камсыздоонун деңгээли өтө төмөн. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу менен камсыздалган балдар 16,9% түзөт. Тилекке каршы, бизде мындай жөлөк пулга жетүү абдан чектелген – процедуралар жана тоскоолдуктар бар, балалуу жакыр үй-бүлөлөрдүн баары эле жөлөк пулга жете албайт. Экономикалык өсүү жакыр үй-бүлөлөрдүн абалын жакшыртпайт. Экономикалык өнүгүү 4-5-квинтилдик топтогу адамдарга (колунда барларга) гана таасир этет”.

Акча которуулардын калктын жашоо-шартына тийгизген таасири

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кыргызстан барган сайын акча которууларга көз карандылык азайып баратканын белгилейт. Анын айтымында, 2018-жылы акча которуулардын көлөмү ички дүң өндүрүмгө карата 32,4% түзүп турган. 2022-жылы бул көрсөткүч 25,4% түшкөн. Муну Жапаров экономиканын башка секторлорунда өнүгүүлөр жанданып жатканы менен түшүндүрөт.

Ал эми Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанга акча которуулар 37% кыскарган. Тогуз айда өлкөгө которулган 125 млрд 470 млн сом ички дүң өндүрүмдүн суммасынын (808,3 млрд сом) 16% түзөт. Анын 90% ашууну Орусиядан келет.

Дүйнөлүк банктын талдоочулары акча которуулар ички дүң өндүрүмдүн ири бөлүгүн түзөрүн жана жакырчылыкты кыскартууга олуттуу салым кошорун эске алганда, анын мындай азайуусу үй-бүлөлөрдүн кирешелерине жана жалпы экономикалык көрсөткүчтөргө тескери таасир кыларын, ошондой эле жакырчылыктын өсүшүнө түрткү берерин белгилешет. Маселен, калктын керектөөсү 0,3% кыскарган.

Жакырчылыкта жашаган калктын кирешесинин 12% ашуунун мигранттардын чет өлкөдө иштеп тапкан кирешеси түзөт. Эгерде мигранттардын акча которууларын алып салса, анда жакыр калктын саны азыркыдай 33,2% эмес, 43,3%, ал эми өтө жакыр калктын саны 6% эмес, 17,7% жетет.

Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева мигранттардын акча которууларынын өлкөдөгү жакырчылыктын көлөмүн азайтуудагы таасирине токтолду:

“Эмгек миграциясынын жакшы жагы финансылык капиталдын өсүшү болууда. Бул финансылык капитал өлкөгө акча которуулар түрүндө келип түшүп, үй-бүлөлөрдүн кирешелерин көбөйтүп жатат. Учурда Кыргызстан - мигранттардын өз үй-бүлөлөрүнүн каржылык абалын колдоо үчүн которгон акчасынын ички дүң өндүрүмгө карата үлүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары мигранттардын акча которуулары негизинен керектөө муктаждыктарына коротуларын көрсөтүп келет. Аз гана бөлүгү инвестицияны колдоого жумшалат. Баарынан да, бүгүнкү күндө мигранттардын акча которууларынын өлкөдөгү жакырчылыкты азайтуудагы ролу зор болууда”.

Кыргыз өкмөтү экономика турукташып бараткандыктан, ири инвестициялык долбоорлорду баштоого шарт түзүлүп жатканын билдирип жатат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун реалдуу курулуш иштери келерки жылы башталарын жарыялады. “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна Дүйнөлүк банктан 500 млн доллар үстөксүз каражат берилери кабарланды.

XS
SM
MD
LG