Сот Райымбек Матраимовго 100 миң сом айып салып, абакка кескен жок

Райымбек Матраимов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 27-март, 2024-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго 6-декабрда өкүм чыгарганы 9-декабрда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, сот Райымбек Матраимовду Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салды. Ал айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташып материалдык зыянды төлөгөндүктөн, эркинен ажыратылган эмес.

Райымбек Матраимов быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келип, УКМКнын тергөө абагына камалган. 11-ноябрда эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыккан.

Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен да кылмыш иши козголгону айтылган. Бул иштер эмне болгону тууралуу маалымат жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп, тергөө абагынан чыкканын айткан.

2021-жылы атайын кызмат Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Үч өлкөнүн темир жол долбоору үчүн Жалал-Абаддан 44,29 га жер бөлүндүБУУ Сириядагы абалды талкуулайтЖКнын комитети дин боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдодуРумынияда Бухарестке бараткан бир нече куралчан адам кармалдыТрамп Украинага аскердик жардам азаярын эскерттиСалык кызматынын камактагы төрагасы Абдувапов кызматтан убактылуу четтетилдиОоганчы менен чернобылчы ардагерлердин кенемтеси көбөйтүлөтАдвокат Матцаков камакта болгондуктан төрт журналисттин соту жылды