KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Имамидин Ташовдун абактагы мөөнөтү 2025-жылдын 8-февралына чейин узартылды.
Ишкердин бөгөт чарасы бүгүн, 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.
Ташовдун камактагы адвокаты Самат Матцаков судьяга арыз жазып, сот процессине катышууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранган. "Азаттыктын" соттук жараянга катышкан кабарчысынын айтымында, судья анын арызын окуп берди.
Адвокат Нурсултан Жаныбеков дагы кесиптеши Матцаковду соттук процесске катыштыруу үчүн судьяга өтүнүч келтирди. Мамлекеттик айыптоочу буга каршылыгын билдирди. Судья адвокаттардын өтүнүчүн канаттандырган жок.
Атайын кызмат Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.
Имамидин Ташовдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда УКМК кызматкерлери кармап, камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Адвокат тергөөчүлөр үйүнөн Ташовдун ишине байланыштуу төрт дискти алып кеткенин айтып, өзүнүн кармалышын кесиптик ишмердигине байланыштырган.
Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Ташов кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнда аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого алышканы жазылган.
Ал эми анын адвокаты Самат Матцаковду УКМК 29-ноябрда кармаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матцаковдун кылмыш иши боюнча ал кармалгандан алты күндөн кийин расмий маалымат таратып, кылмышты жашыруу максатында алдамчылык жана документ жасоо боюнча айыпталып жатканын билдирди. (КЕ/MKt)
Дагы караңыз
Мөңгү талкаланганы үчүн "Кыргызкөмүрдүн" түштүк филиалынын мурдагы жетекчиси кармалдыПутин газды "дос эмес" өлкөлөргө сатуу эрежесин өзгөрттүӨКМ: Баткендеги соода борборунан чыккан өрт өчүрүлдүСириянын армиясы Хама шаарынан чегингенин билдирди