Сириянын армиясы “карапайым тургундардын өмүрлөрүн сактап калуу жана калаада айыгышкан салгылаштарга жол бербөө максатында” аскерлерин Хама калаасынан чыгарып кетерин жарыялады. Шаарга президент Башар Асадга каршы чыккан козголоңчулар кирип барган.
“Соңку бир нече саат ичинде аскерлерибиз менен террордук топтордун ортосунда болгон катуу кармаштан кийин бул топтор калаага бир нече багыттан чабуул коюп, кирип барышты”,- деп жазылат Сирия армиясы 5-декабрда тараткан билдирүүдө.
Аянты боюнча төртүнчү чоң шаар деп эсептелген Хама баш калаа Дамаскини коргоодо мааниси чоң. Ошондой эле бул калаадан кийин Тартус жана Латакияга оңой кирип барууга жол ачылат. Алардын биринде Орусиянын стратегиялык деңиз-аскер базасы жайгашкан.
“Хайят Тахрир аш-Шам” исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде ийгиликтерге жетип, ири Алеппо шаарын жана 14 айыл-кыштакты өз карамагына алууга жетишти. Алар ошондой эле орус армиясы көзөмөлдөгөн Хмеймим авиабазасына 35 чакырымга жакындады. Сирия авибазаны Орусиянын карамагына 2015-жылы өткөрүп берген. Анда Москванын жардамы менен Дамаск төрт жылдык жарандык согушта жеңишке жеткен.
“Хайят Тахрир аш-Шамдан” тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат.
Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, соңку күндөрдөгү согуштук аракеттерден улам он миңдеген карапайым тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.
Шерине