"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын экс-жетекчиси Ж.М.Ш. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 6-декабрда кабарлады. УКМК ал тоо-кен тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө кармалганын билдирди.
"Ал мөңгүнү талкалоо жолу менен жана компетенттүү органдар менен макулдашпастан Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Загара-2" кенине автожол курууну баштаган."Кыргызкөмүр" түштүк филиалынын жетекчилиги "Кыргызгипрозем" ишканасынын дарегине пландалган жол куруу багыты боюнча координаталык чекиттерди көрсөтүү менен жер жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн кайрылганы аныкталган. Анда №№375, 456, жана 44 мөңгүлөр жайгашкан суралган контурлар боюнча жооп алынган", - деп жазылган Атайын кызматтын маалыматында.
Маалыматка караганда, "Загара-2" кенинде мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бекитүү жана алуу үчүн "Кыргызкөмүр" Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Ош аймактык башкармалыгынын дарегине бир нече жолу кайрылган. Кезегинде Ош аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан мөңгүлөрдүн жана мореналардын жайгашкан жерине байланыштуу мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун макулдашуудан баш тартылган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 14 978 480 сомдук экологиялык зыян (мөңгүлөр, асыл топурак, токой жерлери) боюнча корутунду алынган.
10-октябрда Башкы прокуратура Ош облусунун Алай районунда көмүр кенине баруу үчүн мыйзамсыз жол салуудан 9 миң метр кубдан көп мөңгү талкаланганын жана бул факты боюнча кылмыш иши колгонун кабарлаган.
Мекеменин маалыматы боюнча, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Түштүк” филиалынын кызмат адамдары көмүр кенине барууга жол куруу үчүн уруксат берүүчү документтери жок эле “С” аталышындагы ишкананын өкүлдөрү менен Ош токой чарбасынын Загара-2 участкасында узундугу 6100 метр, туурасы 9 метр жолду мыйзамсыз салганы аныкталган. Анын жыйынтыгында 9 392 куб метр мөңгү талкаланып, жер кыртышы бузулган.
Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу” беренелери менен кылмыш ишин козгоду.
Октябрь айында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун Инвестициялык ишти жана ишкананын “Түштүк” филиалын тескеген орун басары Сүйүнбек Мамашев жана ишкананын “Түштүк” филиалынын директору Муктарбек Жолдошов кызматтан алынган. (КЕ)
Шерине