Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Путин газды "дос эмес" өлкөлөргө сатуу эрежесин өзгөрттү


Орусиянын президенти Владимир Путин орус газын сатып алуучулар үчүн "Газпромбанк" аркылуу гана төлөө милдетин жокко чыгарды.

Муну менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2022-жылдын 31-марттында "дос эмес мамлекеттер" үчүн газдын акысын төлөөнүн жаңы тартибин аныктаган жарлыгы жаңыртылды. Бул чара "Газпромбанктан" санкциялар алынмайынча күчүндө болот.

Жаңы буйрукта өз ара эсептешүүлөрдүн эки варианты каралган. Чет элдик компанияларга, "ыйгарымдуу банктардан" орус газы үчүн төлөө “үчүнчү жактардан” алынган төлөмдөргө рубль менен болот. "Коммерсантъ" басылмасынын билдирүүсү боюнча, газ үчүн төлөө милдеттенмеси "чет өлкөлүк сатып алуучуга каршы талаптар коюлган учурда толугу менен же жарым-жартылай" орусиялык камсыздоочунун демилгеси менен токтотулушу мүмкүн.

Бул эсептешүү өз ара накталай эмес түрүндө же төлөм бирдей суммада төгүү менен эсептешкен учурда болушу мүмкүн.

2022-жылы 31-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин "дос эмес мамлекеттер" үчүн газдын акысын төлөөнүн жаңы тартибин аныктаган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Орусиядан газ алган Батыш өлкөлөрү көгүлтүр отундун акысын төлөө үчүн "Газпромбанкта" рубль эсебин ачышы керек. Алар газ акысын чет элдик валюта менен жөнөтсө, анда "Газпромбанк" аны Москва биржасында алмаштырып, рубль түрүндө кардардын эсебине салат. Жарлыкка ылайык, эгер учурдагы келишимдер боюнча төлөмдөрдү убагында жөнөтпөгөн, толук эмес же башка банк аркылуу жөнөткөн өлкөлөргө "газ берүү" токтотулары айтылган.

Бул билдирүүнү улай Германиянын канцлери Олаф Шольц Берлин орус газынын акысын евро менен гана төлөй турганын эскерткен.

Ушул жылдын 21-ноябрында АКШнын Финансы министрлиги чет элдик компанияларга орусиялык газды сатып алууда дээрлик мүмкүн эмес болгондой "Газпромбанка" каршы санкция салган.

Шерине

XS
SM
MD
LG