Бишкек Сеулдан инвестиция күтөт

Садыр Жапаров менен Юн Сок Ёль.

Президент Садыр Жапаровдун Түштүк Кореядагы расмий сапарынын алкагында энергетика, билим берүү жана санариптештирүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 20дан ашык документке кол кол коюлду.

Тараптар эки өлкөнүн 30 жылдан ашкан дипломатиялык алака-катышын дагы бекемдөөнү талкуулады.

Соңку кездери расмий Бишкек Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Сеул менен жигердүү кызматташып келет.

Түштүк Корея соңку кездери миңдеген кыргыз мигранттарына эшигин ачкан өлкөгө айланды.

Садыр Жапаровдун Сеул сапарынын алкагында 3-ноябрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен кеңейтилген форматта жолугушуу болду. Анын администрациясынын билдиришинче, тараптар эки өлкөнүн 1992-жылы негизделген алака-катышы өнүгүп жатканын белгилешти. Садыр Жапаров анда бул өлкөнүн президентинин Борбор Азия мамлекеттери менен алака-катышты чыңдоого багытталган K-Silk Road демилгесин колдой турганын билдирди.

"Садыр Жапаров Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экенин, өлкөлөрдүн ортосунда олуттуу пикир келишпестиктердин жоктугу эки тараптуу форматта да, көп тараптуу аянтчаларда да кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө жагымдуу шарт түзөрүн белгиледи. Ал саясий диалогду, анын ичинен өкмөттөрдүн жана парламенттердин деңгээлинде өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдирди. Аймактардын ортосундагы байланышты кеңейтүүгө багытталган “K-Silk Road” (“Кей – Жибек Жолу”) демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Президент бул демилгени колдоорун белгилеп, Кыргызстан аны ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенине ишендирип өттү. Кыргыз жаштарынын корей маданияты менен тилине болгон кызыгуусу артып жатканын, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы Корея Республикасы менен экология жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуунун маанилүүлүгүн айтып, биргелешкен “жашыл долбоорлорду” ишке ашырууга жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Дагы караңыз Депутаттар Аида Исмаилованын элчилик ишмердигин сындады

Бул сапардын алкагында негизинен билим берүү, энергетика, экономика, билим берүү багытында бир нече макулдашуу, документтерге кол коюлду.


Кыргызстан Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Түштүк Корея менен алакасын активдүү жүргүзүп келет. Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1 миллиард доллардын тегерегинде. Мунун 99% ашыгы Түштүк Кореянын товарларынын экспорту түзөт.

Дагы караңыз Унаа соодасы: Орусия кыргыз транзитин бууду


Сеулдагы Ханян университетинин студенти, активист Нурсултан Алтыбаевдин пикиринде, соңку геаосаясий окуялардан улам эки өлкөнүн алака-катышын мындан ары дагы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү ачылып жатат:

Нурсултан Алтыбаев.

"Бүгүнкү жолугушуулар жана кол коюлган келишимдерди абдан жемиштүү деп бааласак болот. Бул эки өлкөнүн президенттеринин экинчи жолугушуусу, буга чейин БУУнун жыйынынын алкагында бир аз сүйлөшүп, жолуккан жайы бар. Түштүк Кореянын президенти Борбор Азияга барганда, Кыргызстанга бурулбай, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда болгон. Мурунку президенттери дагы Кыргызстанда болгон эмес. Биздин президенттин деңгээлиндеги иш сапар экинчи жолу болуп отурат. Бул сапардын негизги өзөгүн эки өлкөнүн комплекстүү байланышын бекемдөө ниети түзөт. Кийинки жылы июлга белгиленген Борбор Азия-Корея саммити президенттердин деңгээлинде өтөт. Бул саммит буга чейин министрлердин деңгээлинде көп жолу өттү. Мамлекет башчыларынын деңгээлинде өтө элек болчу. Былтыр парламент төрагаларынын деңгээлинде болгон. Бул жагдай жалпысынан Түштүк Корея Борбор Азия мамлекеттеринин рыногуна өзгөчө көңүл буруп жатканынан кабар берет. Негизи бул мамлекеттин биздин чөлкөмдөгү эң негизги өнөктөшү Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан болуп саналат. Ошого карабай Орусия менен Украинанын согушунан кийин Москва менен мамилеси солгундап кеткендиктен, Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууну арттыруу максатында активдүү иштеп жаткан учуру. Биз дагы ушул учурду пайдаланып, көптөгөн натыйжаларга жете алабыз го деп ойлойм. Бүгүнкү келишимдерге бир аз көз жүгүрткөнгө жетиштим. Негизгиси билим берүү тармагы, экономика, энергетика тармагы, инвестиция багыты экен. Бул келишимдердин мындан аркы ишке ашуусунан көп нерсе көз каранды".

Былтыр Бишкекке Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк келип, кыргыз бийлик башчылары менен жолуккан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ал жолугушууда эки тараптуу сооданын көлөмү өсүп жатканын белгилеген. Анда Кыргызстандагы машина импортунда Түштүк Корея биринчи орунда турарын белгилеп, Hyundai жана Kia сыяктуу алдыңкы компанияларынын автоунаа заводдорун Кыргызстанда ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Түштүк Кореяда болгон.

Түштүк Корея Кыргызстанга санариптештирүү жараянына колдоо көрсөтүп, мунун алкагында Жогорку Кеңешке баасы 200 миң долларлык жабдуу берген. Жыл башында Улуттук коопсуздук комитетинин Киберкоопсуздук борборунда Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) көмөгү менен Компьютердик окуяларга ыкчам чара көрүү борбору (SOC) ачылган.

Дагы караңыз Түштүк Кореянын банкынын чечими эмне үчүн Кыргызстанга кооптуу?


Учурда Орусиядагы соңку окуялардан, ар кандай чектөөлөрдөн улам, эреже-талаптар катаалдап жаткандыктан, ал жактан Түштүк Кореяга кеткен кыргызстандыктардын саны көбөйүп баратканы айтылып келет. Бир канча жылдан бери кыргыз жарандарын бул өлкөгө жумушка орноштурууга байланыштуу атайын программа иштейт. Былтыр Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1,8 миң квота бөлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, азыр бул өлкөдө 9,5 миңдей кыргызстандык иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Түштүк Корея менен кызматташууда бул өлкөнүн технология жаатындагы тажрыйбасына басым жасалышы керек деген ойдо:

Элдар Абакиров.

"Түштүк Корея - технология жагынан дүйнөдөгү алдыңкы үчтүккө кирген өлкө. Ал өлкөдөн ала турган, үйрөнө турган нерсе - технология. Эгер алар чындап бизде ишканаларды ачса, анда биз алардын технологияларын үйрөнө баштамакпыз. Менимче, биринчи кезекте алардын инвесторлорунун бизде ишканаларды курушуна жол ачуу керек. Эки өлкөнүн ортосунда соода-сатык болуп жатканы, албетте, жакшы. Биз алардан жүз миңдеген долларга машина алып, андан ары сатып пайда көрүп жатабыз. Инвестиция деген негизи соода менен башталат. Бул абдан жакшы, бирок сооданын аркасы менен ортодо бир конкреттүү ишкана ачылса жакшы болмок. Жалгыз эле машина эмес, медицина, косметология жана кийим тигүү тармагында чогуу иштешсе болот. Анткени бул тармактарда эң алдыңкы орунда турган өлкө. Эми азыр соода болуп жатат. Ошонун артынан биз инвесторлорго сунуштарды беришибиз керек. Силерден импорт кылбай, ошол нерселерди бизде өндүрө баштайлы деп ынандырып, ага шарт түзүшүбүз керек. Мамлекет координатор болуп, жергиликтүү ишкерлер менен кореялык ишкерлердин байланышына мүмкүнчүлүк түзүп берсе, абдан жакшы болот эле".

Дагы караңыз Кыргызстандыктар Орусиядан башка кайсы өлкөлөрдө иштесе болот?


Кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдөгү Асман шаарын курууга 20 миллиард доллар керек деп эсептеген жана курулушка түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдирип жатканын маалымдаган.

Ал компаниянын чоо-жайы, планы тууралуу кеңири маалымат бериле элек.