Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Кыргызстан автоунаа соодасын өнүктүрө алабы?


Соңку жылдары Кыргызстанда реэкспорттун жаңы багыты – автоунаа соодасы өрүш ала баштады.
Соңку жылдары Кыргызстанда реэкспорттун жаңы багыты – автоунаа соодасы өрүш ала баштады.

Жаңы жылдын алдында Кыргызстандын автоунаа импортерлору бийликке кайрылып, 1-январдан тарта бажы алымын көбөйтүү пландалып жатканын, аны токтотуу зарылдыгын билдиришти.

Алар кабарлагандай, 2023-жылдын ноябрь айында Бажы кызматынын өкүлдөрү бул иш менен алектенгендерге жолугуп, бажы алымын көтөрүү планын талкуулашкан. Бизнес өкүлдөрү бажы алымы көтөрүлсө тармак олуттуу чыгымга дуушар болуп, Казакстандын рыногунун алдында атаандаштыгы жокко чыгарыларын айтышты.

2023-жылы Кыргызстанга импорттолгон автоунаа агымы кескин көбөйдү. Импортто Кытайдын унаа өндүрүшү тарыхта алгачкы жолу сап башына чыгып, алардын көбү кайра Орусияга кетти. Соңку мезгилде Орусия унааларды кайра иштетүү акысын кескин көбөйткөндүктөн, Кыргызстан аркылуу өткөн агым бир аз солгундай түштү.

Ишкерлердин чочулоосу

Кыргызстандын автомобилисттер жана автоимпортерлор ассоциациясынын төрагасы Тилек Кожокулов кыргыз өкмөтү бажы алымын көтөрүүгө ниеттенип жатканда Беларус менен Казакстан бир катар жеңилдиктерди киргизип жатканын айтат. Соңку эки жылдан бери Түштүк Кореянын, Кытайдын жана Батыш өндүрүшүнүн унааларын ЕАЭБ рыногуна реэкспорттоодо ыңгайлуу орунду ээлеп жаткан Кыргызстан демилгени колдон алдырып жибериши толук мүмкүн.

“Бажы алымын кымбаттатабыз деп 10-15-декабрда эле айтышты. ТПО (товардык жүргүнчү ордери) жана ТД (товардык декларация) деп коёт. Биздики азыр товардык декларация менен кетип атат. Аны менен тариздегенде мамлекет унаанын баасын өзү жөнгө салып коёт. ТПОдо бажы алымы көбүрөөк. Эгерде декларация боюнча 15% болсо, ТПО боюнча 39% болот. Беларуста ким ТПО менен бажыласа, аларды Орусияда утильсбордон бошотуп атат. Орусияда 2 куб унаага болжол менен 300 миң рубль утильсбор төлөйт. Беларуста ТПО менен бажылаганда жеңилдиги бар жарандарга 50% арзандатуу бар. Ал жакта жеңилдиги барлар – согушка катышкандар, пенсионерлер, көп балалуулар (эки баладан өйдө), майыптыгы барлар. Аларга тариздесе бажыдан 50% арзандатуу алышат. Ошол жеңилдиктерди алса, анан Орусияга барганда утильсборду төлөбөсө – алардыкы аябай эле арзан болуп калып атпайбы. Ошондуктан биз Бажы кызматына “утильсбор кымбаттады, атаандаштар пайда боло баштады, казактар да агымды кантип өзүбүзгө бурабыз деп ойлонуп атышат, ошондуктан, жаз-күзгө чейин убакыт бергиле” деп сурандык. Жолдо келаткан унаалар бар, жаңы буйрутма берилгендер бар. Ишкерлер ага көнүп, даярданганча деле бир кыйла убакыт өтөт”.

Автоунаа импортунан алынуучу бажы алымын көтөрүү планы тууралуу Бажы кызматынан расмий маалыматын алуу мүмкүн боло элек. Мекеме бул боюнча өз маалыматын жарыялай элек жана “Азаттыктын” суроолоруна да жооп бере элек.

Ага карабай, биз Кыргызстандын унаа рыногундагы абал жана соңку тенденциялар тууралуу маалыматтарды чогулттук. Анткени, 2023-жыл бул тармак үчүн кескин бурулуш мезгили болуп, Кыргызстандын машина реэкспорту өстү.

Реэкспорттун жаңы тармагы

Кыргызстандын экономикасы импортко өтө көз каранды – тышкы соода жүгүртүүнүн 80% импорт, 20% экспорт түзөт. Экспортту негизинен айыл чарба азыктары менен жеңил өнөр жай товарлары түзүп келген. 2022-жылдан бери жеңил өнөр жайдын же кийим-кеченин экспорту кескин өстү – ал негизинен Орусияга кетти. Бул тармактын сырьелук бөлүгүн Кытайдан, Өзбекстандан жана Түркиядан келген товарлар түзгөндүктөн, кийим-кече жана кездеме экспорту көп учурда реэкспорт катары бааланат.

2022-жылы Кыргызстанда реэкспорттун жаңы багыты – автоунаа соодасы өрүш ала баштады. 2023-жылы анын темпи кескин ылдамдады. Жалпысынан алтымыштан ашуун өлкөдөн импорт жасалды. Алардын ичинен Кытай жана Кореянын автомобиль өндүрүшү алдыңкы сапка чыкты. Артынан АКШ, Жапония, Германия өлкөлөрү келе жатат. Алардан импорттолгон жеңил унаалардын көпчүлүгү кайра үчүнчү өлкөлөргө сатылып жатты.

Расмий статистиканы карасак, 2023-жылдын он айында Кыргызстан 143,8 миң жеңил автоунаа, 11,2 миң жүк ташуучу унаа жана беш миңден ашуун атайын техникаларды импорттогон. Унаа импортунун жалпы көлөмү мурунку ушул мезгилге караганда дээрлик беш эсеге өскөн.

Эми ушул эле маалыматтарды башка өңүттөн да карап көрөлү.

Бээжиндин расмий маалыматына ылайык, 2023-жылдын январынан ноябрына чейинки мезгилде Кытайдан Кыргызстанга экспорттолгон жеңил автоунаанын көлөмү 60 эсе өстү. Унаа соодасы өнүккөн Корея, Жапония, Германия өңдүү бир да мамлекеттин секириги мындай болгон жок. Мындай секирик менен Кытай унаа өндүрүшүнүн кыргыз импортундагы үлүшү алдыңкы орунга чыкты.

Экспортто болсо – Орусияга беш миңден ашуун, Казакстанга 2300 жеңил унаа сатылган. Бул 2022-жылга караганда Орусияга тогуз эсе, Казакстанга 38 эсе өскөнүн билдирет. Бул кыргызстандыктарга расмий катталып, анан Орусияга сатылган машиналардын гана саны, акчалай алганда 43 млн доллардан ашат. Ишкерлер айткандай, импорттолгон автоунаалардын 90% Кыргызстанда машина катары катталбай, бажы тариздөөсүнөн товар катары эле өтүп кетишет.

Деген менен, бул сандар, албетте, 150 миңдей импорттун өтө эле аз бөлүгү экени талашсыз. Бирок, ишкерлер иштин жагдайы башка жакта экенин белгилешет.

Ишкер Сүйүнбек Мырзаканов Кыргызстанга импорттолгон 150 миңдей жеңил автоунаалардын 10% жергиликтүү рынокто калса, калганы бүт бойдон Орусия менен Казакстанга сатылып кеткенин айтат.

“Бажыныкы башка, статкомдуку башка, салыкчылардыкы башка жана “Унааныкы” башка маалымат болуп чыгат. Себеби алардын эсеби боюнча, каттоого коюлуп, анан Орусияга сатылды деп кеткендер 5000 болушу мүмкүн. Анткени, биз деле алып келгенде Кыргызстандын номерин албай эле, бажыдан тариздеп, төлөмдөрүн, КНСтерин төлөп, анан Орусияга алып кетип атпайбы. Унаалар кыргызстандын номерин албай эле кетип атат да. Товар катары, бажы декларациясы менен эле кетип атат. Беш миң даана деген Кыргызстанга номер алынып, каттоого коюлуп, анан андан чыгып кеткендери болушу мүмкүн. Менимче, ошондон чоң айырма берсе керек”.

Ишкерлер айткандай, Кыргызстандын унаа рыногунда Евразия экономика биримдигиндеги башка өлкөлөргө караганда бир катар артыкчылыктары бар. Биринчиден, машиналар акциздик товар болуп эсептелбейт. Экинчиден, кайра иштетүү үчүн төлөм алынбайт. Ал Орусияда 300 миңден 1,7 млн рублге чейин чыгып кетет. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын кошумча нарк салыгы 12% болсо, Орусияда 19-20% төлөнөт. Бажы алымы Кыргызстанда 15% болсо, Орусияда жылына карап 20-25% жетет.

Орусиянын катаалдаган эрежелери

Кыргызстандын автоунаа рыногундагы абалга Орусиядагы эрежелер да олуттуу таасир кылат. Анткени, Бишкекке келген жеңил унаалардын көп бөлүгү Орусия менен Казакстанга реэкспорттолот.

2023-жылы орус өкмөтү импорттук автоунаанын кайра иштетүү акысын төлөөнүн эрежесин эки жолу өзгөрттү. Августта чыккан мыйзамда унаанын бир жылдын ичинде кайра сатууга дээрлик тыюу салынган. Эгерде алып-сатарлык кылса, анда кайра иштетүү акысынын көлөмү кескин көбөйгөн. Октябрь айында кабыл алынган токтомдо утилсбордун көлөмү жеке колдонууга алынган унаалар үчүн да жүздөгөн эсе көбөйтүлгөн.

Ишкер Сүйүнбек Мырзаканов кайра иштетүү акысынын кымбатташынан улам Орусияга кеткен агым бир аз солгундап, алар Кыргызстандын ички рыногунда сатылып жатканын айтат. Мындай жагдай унаа баасынын арзандашына алып келди. Мындан тышкары, Кытайдын унаа өндүрүшүнүн жүргүзгөн маркетингдик саясаты да өз натыйжасын берип жатат.

“Декабрь айынан тарта баа кескин түштү. Буга бир нече себеп бар. Биринчиден, Кытайдын көп компаниялары өкүлдөрүн бул жакка жиберген. Унаа базарында жана башка бүт жерде кытай унаалары жайнап кетти. Аларга биз атаандаштык кыла албайбыз. Анткени, алар өндүрүүчүдөн түз алып келип атат, бул жакта бааны түшүрүп жиберди. Экинчиден, завод өзүнүн дилерлерине арзандатууларды жасап турат экен – карызга берип, 5% арзандатуу кылып дегендей. Бизге андай артыкчылыктар жок. Биздин көлөмүбүз менен алардын көлөмүнүн айырмасы чоң. Кытайлар Кыргызстан же Орусия эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде демпинг жасап жатышат”.

Эксперттер автоунаа реэкспорту күчөгөндөн бери бул тармакта иштеген компаниялар дагы көбөйгөнүн белгилешет. Кытай компаниялары менен атаандаштыкка чыдай албай, сүрүлүп чыккан жергиликтүү компаниялар да көп. Кытайдын логистикалык компаниялары Бишкекке чейин жеткирүүдө көбүрөөк активдүү, кыргызстандыктар негизинен Бишкектен Орусияга жеткирет.

Түштүк Кореянын бажы кызматынын маалыматынан көрүнгөндөй, Сеулдун Кыргызстанга машина экспорту 2022-жылдын апрель-май айларынан тарта жогору карай өскөн. Орусияга болсо, тескерисинче, жалаң төмөндөө жолунда барат.

Экспорт-импорттун эсебиндеги чоң ажырымдар

Кыргызстандын импорттук соодасы боюнча улуттук жана эл аралык статистикалык маалыматтар кескин айырмаланат. Маселен, Кыргызстандын улуттук статистика комитети 2023-жылдын январь-октябрь айларында Кытай импортунун суммасын 4,2 млрд доллар деп эсептейт. Ал эми Кытайдын Бажы башкармалыгы Кыргызстанга 15,5 млрд долларлык товар экспорттолгонун көрсөтөт. Ортодогу айырма 366% түзөт. Түштүк Корея экспортун 983 млн доллар десе, Кыргызстан ал жактан келген импортту 442,3 млн доллар деп көрсөтөт – айырма 222%.

Мындай көрүнүш жеңил автоунаа импортунда да даана көрүнөт. Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2023-жылдын он айындагы Кытайдан келген машина импортун 688,7 млн доллар деп эсептесе, Кытайдын Бажы башкармалыгы өз экспортун 1 млрд 71 млн доллардан ашуун суммада көрсөтөт. Ушундай эле көрүнүш Түштүк Корея, Грузия жана Германиянын маалыматтарында да бар.

Эл аралык сооданын көлөмүндөгү мындай чоң ажырымдын себебин Кыргызстандын расмий мекемелери эсептөө ыкмаларындагы айырмачылыктар менен түшүндүрүп келишет. Бирок ыкмалар тууралуу терең чечмеленбейт.

Ал эми бейтарап эксперттер эки олуттуу жагдайды мисал келтиришет.

Эл аралык финансы институтунун башкы экономисти Робин Брукс Европадан Кыргызстанга багытталып экспорттолгон товарлардын көбү дарегине жетпей, орто жолдон Орусияга бурулуп кетерин божомолдойт. Мындан улам, экспорттогон тараптын суммасы чоң, Кыргызстандын маалыматы аз болуп чыгышы мүмкүн.

Ошол эле маалда Кыргызстан аркылуу жеңил автоунааларды ташып иштеген орусиялык Александр Долгов аттуу ишкердин маалыматтары да кызыктуу көрүнөт. Ал өзүнүн ютуб каналында кардарлары үчүн түшүндүрмө берип жатып, кыргыз бажысында унаанын баасын бир нече эсеге чейин арзандатып жаздыруу жана бажы алымын ошого жараша аз төлөө мүмкүнчүлүгү бардыгын айтып берген.

“Мен азыр Кыргызстанда турам. Бажычылар менен жолугушуп, баарлашып чыктым. Алар мага баарын түшүндүрүп беришти. Жалпысынан алганда, коммерциялык кайра иштетүү акысын төлөөгө мажбурбуз. Сиздер баары бир унааларды Орусиянын өзүнө түз алып кирген пайдалуу деп айтышыңыздар мүмкүн. Канткен менен Кыргызстан аркылуу жарыш импортун колдонуп алып кирүү бир кыйла ыңгайлуу. Бул кыргыздар бажы тариздөөдө инвойсту (унаанын төлөм баасын) төмөндөтүп көрсөткөндүгүнө байланыштуу. Маселен, ошол эле популярдуу болуп жаткан Жили Монжаро инвойс боюнча 9 800 доллар болуп чыгат. Бажы төлөмү болжол менен 2 800 доллар болот. Эгерде сиз аны толук инвойс менен бажыдан өткөрө турган болсоңуз, анда бажы төлөмү эле 9 000-10 000 доллар болуп кетет”.

Июлда Орусиянын Бажы кызматы Кыргызстан аркылуу Евразия Экономикалык Биримдигине кирип жаткан автоунаалардын баалары ашкере төмөн көрсөтүлүп жатканын билдирген. Маалыматтарга караганда, кыргыз бажысынан өтүп жаткан импорттук унаалардын чыныгы бааларынын 50% 20% чейин гана бөлүгү жазылып турган. Ошондуктан Орусияда андай унаалардын жашырылган наркына да бажы алымын толуктап төлөө талабы коюлган.

Экономист Элдар Абакиров өкмөт Кыргызстандын эл аралык автоунаа соодасындагы ыңгайлуу позициясын коргоп калышы зарыл экенин айтат.

“Кезинде тигүү товарлары Кытайдан келип эле, кайра Орусияга кетип калчу. Бирок кийин Кыргызстандын өзүндө тигиле баштады. Өзүнөн тигилди дегенде – фурнитура, кездеменин баары эле Кытайдан келчү, бирок тигилгени бизден болчу. Демек, унаа тармагында деле чогултуу боюнча ушундай долбоорлорду акырын баштай бериш керек. Негизи 50% ашыгы Кыргызстандын ичинде жасалса, анда Кыргызстанда жасалды деген атка конот. Демек, ЕАЭБде жасалды болуп, товардын макамы такыр башка болот. Кайсы брендден көп келип атса, ошону менен чогултуу заводдорун ачуу боюнча сүйлөшүп, акырындан баштай бериш керек. Бирок, анүчүн жакшы инвестициялык климат, жакшы шарттарды түзүп бериш керек. Колдон келсе, эң жакшы нерсе ушул. Ага чейин бул үлүштү жоготуп албаш үчүн катуу күрөшүш керек. Бул эми көбүнчө эле Орусия тарапка кетип атат да. Мында көбүнчө санкциянын себеби бар. Европадан түз барбай калган. Америка, Европанын жана Кореянын унаалары Дубай жана биз аркылуу кетип атат. Кытайдын электромобилдеринин биз аркылуу кетип атканынын себеби – бизде бажы алымы Орусияга салыштырмалуу бир аз пайдалуураак болчу. Бирок, ошол айырманы жабыш үчүн биз аркылуу ташыган пайдалуу болбосун деп Орусия кайра иштетүү төлөмүн киргизип салыптыр. Бирок, жолун издеш керек”.

Кыргыз ишкерлери автоунаа реэкспортун өлкө экономикасына олуттуу салым кошо турган кирешелүү жана келечектүү тармак катары көрөт. Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрү башкы артыкчылык катары бааланат. Ошол эле маалда, өкмөттөн укуктук жана инфратүзүмдүк шарттарды кеңейтүүнү, аймактагы атаандаштыктан татыктуу коргоону үмүт кылышат.

XS
SM
MD
LG