Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:15

Кыргызстандыктар Орусиядан башка кайсы өлкөлөрдө иштесе болот?


Украинадагы согуш жана эреже-талаптардын катаалдашуусу Орусиядан көптөгөн мигранттарды чыгып кетүүгө аргасыз кылууда. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги соңку бир жылда Орусиядан дээрлик 180 миңдей кыргызстандык чыгып кеткенин ырастады.

Мигранттар кайра эле башка өлкөлөрдөн жумуш издөөгө аргасыз болууда. Ал тапта "Батыш жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүнө квоталар көбөйдүбү? Кыргызстандыктар кайсы өлкөлөргө мыйзамдуу барып иштей алат? Мигранттардын жапырт кайтып келишине Кыргызстан даярбы?" деген суроолор жаралууда.

"Европа өлкөлөрүнө кызыгуу күч"

30 жаштагы Мырзабек Тыныбек уулу мындан бир ай мурда Орусиядан кайтып келген. Бул чечимге Орусиядагы мигранттарга карата мамиленин начарлашы түрткү бергенин айтты. Бирок өз өлкөсүндө ылайыктуу жумуш таба албай, эми Европага кетүүнүн жолун издеп жаткан экен.

"Өзүм ашпозмун. Орусиядан жакында эле келдим. Азыр эми Европанын кайсы өлкөсү болсо деле барып иштеп келейин деп, жолдорун караштырып жатам. Ал тарапка такыр бара элекмин. Иштеп келиптир дегендерди көп угам. Мен дагы барып жакшыраак акча таап келсемби деп пландап жатам", - деди ал.

Мырзабек кыргызстандыктарды Польшага жумушка жөнөткөн жеке менчик компаниялардын бирине маалымат алуу үчүн кайрылган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда жарандарга жумуш таап берип, чет өлкөгө жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан ашуун компания иштейт. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт. Айтмакчы, ушундай иш менен лицензиясыз эле алектенген ишканалар да бар.

Эмгек министрлиги аркылуу былтыр 18 миң 231 адам чет өлкөлөрдө жумушка орношкон.

2023-жылы Британия мезгилдүү айыл чарба жумуштарына жалпысынан 8-10 миң жумушчуга квота берсе, Кыргызстан анын 5200үн гана жөнөтө алган. Атайын келишим менен жумушка жөнөтүлгөндөрдүн саны боюнча кийинки орунда Түркия турат. Былтыр бул өлкөгө 3100 ашуун киши барып иштеп кеткен. Андан кийин Германия (2118), Венгрия (1545) турат. Түштүк Корея кыргыз жарандарына 3 миңдей квота бөлгөнү менен, былтыр бул өлкөгө 453 гана киши жөнөтүлгөн.

Мунун себеби - талаптардын жогорулугу экени айтылды. Бир топ өлкөлөр быйыл кыргызстандык жумушчуларга квотаны көбөйткөн. Чет өлкөгө жумушка орношкондордун көбү тейлөө, өндүрүш тармактарында иштейт.


Министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Арслан Байсопуев "Азаттыкка" маалымдагандай, учурда Британияга барып иштөөнү каалагандар көп.

Бул өлкөгө жарандар алты айлык мөөнөт менен айыл чарба жумуштарына барат. Кыргызстан алгачкы жолу жумушчуларды 2022-жылы жөнөткөн. Анда Кыргызстан үчүн миң орун бөлүнсө, бир жылдан кийин 8 миңге чейин көбөйгөн. Байсопуевдин белгилешинче, Европа өлкөлөрүнө жөнөтүүдө талаптар жана виза берүү татаал болгондуктан, көп сандаган жумушчуларды жөнөтүүгө мүмкүн болбой турат.

"Европа өлкөлөрү жарандардын кызыгуусун арттырат. Бирок ал жактарга виза алуу бир аз кыйынчылык жаратууда. Ар бир жумушчунун билим деңгээлин аныктаган жана белгилүү бир тилди билгендигин ырастаган сертификаттар зарыл болгондуктан, Европа өлкөлөрүнө Британияга баргандай көп бара албайт. Кыргызстандагы жеке менчик компаниялар дагы ушундай эле багытта өлкөнүн 26 мамлекетинде иш жүргүзүп, жарандардын мыйзамдуу ишке орношуусуна көмөк көрсөтүп келет. Мындан сырткары элчилик, консулдук кызматтардын көмөгү менен Италиянын Сардиния округу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жакын арада алар Кыргызстанга келсе, жумушту баштоочу келишимдерге кол коюлат деп күтүлүп жатат. Болгария шенген зонасына кире элек учурда абдан таанымал болчу. Азыр визалык режими татаалдап, быйыл жумушчулар азыраак барып калышы ыктымал деп жатабыз. Мындан сырткары Германияга дагы көп барат. Немис тилин окуган жаштар каникул учурунда барып иштеп келишет. Мындан сырткары агенттиктер Венгрия менен жакшы кызматташты. Көбүнесе тейлөө, өндүрүш тармагында иштешет".


Учурда Европа өлкөлөрү, Жапония карыган адамдарды багуучу, электрик, сантехник, почточу, айдоочу сыяктуу орто кесиптер боюнча жумушчуларга муктаж. Түштүк Кореяга баргандардын көбү пластик, темир, тунуке, айнек заводдорго тартылат.

Жумушчу издеген чет өлкөлүк компаниялар менен түз байланышып өздөрү кеткен учурлар да бар. Алардын бири Тынчтык Жумабаев Литвада жүк ташуучу автоунаа (трак) айдап иштейт. Анын баамында, соңку учурда бул өлкөгө иштегени барган кыргызстандыктар, жалпы эле борборазиялыктар көбөйдү:

"Мен эки жылдан бери Литвада иштейм. Ал жакта бир гана кыргызстандыктар эмес, шериктеш өлкөлөрдүн жарандары барган сайын көбөйүүдө. Литвада негизинен трак айдоочуларга суроо-талап жогору. КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн Европага баруунун жолдору жеңил болуп калды. Социалдык тармактар аркылуу Европанын чоң-чоң транспорт логистикалык компаниялары жарнамаларын берип, биздин жарандарды жумушка чакырып жатат. Алардын сайтына кирип, тиркеме аркылуу катталып макулдугуңузду берсеңиз, менежерлер өздөрү байланышып, жол-жобосун түшүндүрүп берет. Эгер сизге жумуш туура келсе, чакыруу жиберет. Ошол аркылуу виза алып, иштеп кетсеңиз болот. Азыр ортомчу фирмалардын деле зарылчылыгы болбой калды. Айлык акылары компанияга жараша болот. 2000-2700 еврого чейин төлөшөт".

"Америкадан издеген мүмкүнчүлүктү Кыргызстандан таптым"

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, соңку бир жылда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны дээрлик 180 миңге же 30% азайган. Жалпы эле миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түздү. Эки жыл мурда бул сан 200 миңге көбүрөөк болчу. Ошол эле кезде Улуттук статистика комитети өлкөдөн чыгып кеткендерге караганда кайтып келгендердин саны басымдуу экенин билдирүүдө.

Кайтып келгендер арасында ишкер Жасур Парпиев дагы бар. Ал бир топ жыл Америкага кетүүнүн жолдорун издеп, үй-бүлөсү менен көчүп кеткен. Жыл айланбай кайра кайтып келген себебин "Азаттыкка" айтып берди:

"АКШга буга чейин дагы барып жүргөм, көргөм. Бул жолу Америкага барып иштейм, жашайм деген максатта үй-бүлөмдү дагы алып баргам. Ал жакка барсак эле "вау" деген бир нерсе болот деп ойлодук эле, бирок акыркы эки жылда Кыргызстандагыдай бизнеске болгон мүмкүнчүлүк анча-мынча жерде жок экенине ынандым. Буга чейин Америка визасын берүүдөн сегиз жолу баш тарткан. Виза которуш үчүн 60тай мамлекетке бардым. Акыры насип буюрган экен, кызым Олимпиададан утуп, ошол аркылуу барып калдык. Жашап көрдүк, бирок ал жакты өзүмө туура келтире албадым. Америкага барып алып кыйналып жүргөндөрдү дагы көрдүм. Ал жакта сонун акча табат, бирок чыгымы дагы көп. Эгер калам десең, ишкерликке аябай жакшы шарттар бар экен. Бирок ошол эле убактымды, акчамды мекенимде пайдаланайын деген максатта кайтып келдим".

Чет жакка кетүүнү каалагандар көп болгондуктан, жумушка орноштурууну жарнамалаган компаниялар көбөйдү. Тилекке каршы, маалымат жоктугунан акчасын алдатып жибергендер болууда. Миграция министрлиги документтерге кол койордо же каражат берердин алдында тийиштүү кызматтардан кеңеш алып, атайын лицензиялуу, Кыргызстанда катталган компаниялар аркылуу кетүүнү сунуштады.

Эмгек жана миграция маселелери боюнча консультант Мирбек Маматкасым чет өлкөгө чыгып иштеп келүүгө кызыккан адамдардын саны миңдеп саналарын белгилеп жатат.

Алардын көбү Европа өлкөлөрүнө кетүүнү көздөйт. Бирок мамлекет көзөмөлдөгөн агенттиктер аркылуу берилген квоталар чектелүү болгондуктан, жарандар башка жолдорду издейт.

Мирбек Маматкасым.
Мирбек Маматкасым.

"Кыргызстанда иш алып барган агенттиктер көбүнесе Чыгыш Европа, Түркия, Перс булуңундагы өлкөлөргө жумушка жиберип жатат. Алардын ишинде дагы көйгөйлөр көп. Өз милдеттерин толук, убагында аткара албай калгандары бар. Алар убадалаган, сунуштаган жумуштар айтылгандай болбой, маянасы аз, иши оор болгон учурлар жок эмес. Биздин жарандардын көбү 200 миң сомдон жогору акча иштеп тапкысы келет экен. Бирок Чыгыш Европа өлкөлөрү, Польша, Словакия, Венгрияда айлык акы 600-1000 еврого чейин. Кыргызстандан көп деле айырмаланбайт. Демек биздин мекендештер үчүн Улуу Британия жана Түштүк Корея өлкөлөрү сыяктуу багыттар көбүрөөк ачылса жакшы болот. Чет өлкөгө чыгып иштегиси келгендердин басымдуу бөлүгү - адистиги жок жумушчулар. Азыр Польшага көбүрөөк кетип жатат. Польша экономикасы өсүп жаткан Европанын Кытайы десек болот. Калкы картайып бараткандыктан, дайыма жумушчуларга муктаждыгы чоң. Ошондуктан Польша менен дипломатиялык мамилелерди жакшыртып, элчилик ачып, виза режимин жөнөкөйлөтүп, Варшавага түз авиакаттам ачса, дагы он миңдеген адамдар бул өлкөгө барып иштеп келип турмак. Британия жана Түштүк Кореянын квоталарын көбөйтүп, жаңы багыттагы жумуштарда иштөөгө мүмкүнчүлүктөрдү издөө зарыл. Кайсы бир кесипти жана тилди үйрөнүү керек. Мисалы, Британияда адистер үчүн жакшы жумуштар бар, ал жакта 3-4 миң фунт акча тапканга болот. Ал үчүн тил билиш керек", - деди Мирбек Маматкасым.

Мигранттар жапырт кайтып келсе эмне болот?

Кыргызстанда жумуш издегендердин саны 65,1 миң киши деп эсептелип, былтыркыдан 12% азайган.

Алардын теңинен көбү Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарына туура келет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Азаттыкка” билдиргендей, бул - 2024-жылдын 1-мартына карата иш издеп жүргөндөрдүн расмий каттоого алынгандагы эсеби. Ал эми Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосунун негизинде жумушсуз деп саналган, бирок иш издеп каттоого турбагандарды кошкондо, 131 600 адамды түзөт. Алардын 44,3% - аялдар. Өлкөдөгү жалпы жумушсуздук деңгээли 5% жакын деп көрсөтүлгөн.

Мындан улам эксперттер арасында мигранттар жапырт кайтып келсе, экономикасы чабал Кыргызстан үчүн бир топ оорчулукту жаратат дегендер жок эмес. Алардын белгилешинче, ириде жумуш издегендердин саны өсүшү ыктымал.

Ошол эле учурда Кыргызстандын өзүндө жумуш орундары жетиштүү экени айтылып, айрыкча курулуш, айыл чарба, балык чарба, тигүү цехтери жумушчуларга муктаж экени белгиленип келет.

Ишкер Жасур Парпиев айрым чет өлкөдө тапкан акчаны азыр Кыргызстанда деле тапса болот деп эсептейт:

"Мисалы, менин бир ишканама эле 100 адам керек. Иштешти билем деп келсе эмнеге албайм? Мага окшогон канчалаган ишкер бар. Бирок азыр баары эле ишкер болууну каалайт. Бул мүмкүн эмес, 100 адамдан бир же эки адам ишкер болот. Калганы кызматкер болот. Америкада укмуш көтөрүлгөн ишкерлер бар экен. Аларга дагы шарт түзүп, кызыктырса, бир адам эле келип 1-2 миң жумуш ордун түзүп койо тургандай мүмкүнчүлүгү бар экен. Азыр тигүү тармагында жумушчулар жетишсиз болгондуктан, Пакистан, Индия, Бангладештен алып келип иштетип жатат. Ошол эле учурда өзүбүздүн жарандар башка жакка иштеп кетүүдө. Жакында эле бир кыз Түркияга кетип жатканын айтты. Ал жакта ашып кетсе 600 доллар алат. Кыргызстанда 700-800 долларды жөн эле тапса болот. Андайлар өтө көп да".

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров мигранттардын жапырт кайтып келүүсүнө Кыргызстан даяр эмес деген ойдо. Ошол себептүү бир өлкөдөн кайткандар башка багыттар аркылуу сыртка чыгып кетүүдө дейт ал. Эл өкүлү жумуш орундарын көбөйтүү үчүн бийлик оболу тармак-тармак боюнча ишкерлердин көйгөйүн чечиши керек деп эсептейт:

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

"Кыргызстанда жумушсуздук маселеси чоң. Ошол эле кезде кара жумушка же азыраак айлыкка иштегендер жетишпейт. Курулуш, кийим тигүү тармагына Өзбекстан, Пакистан, Бангладештен бери келип жатат. Кайтып келгендер ошондой иштерге макул болсо иштей берет, болбосо кайра эле Америка, Түштүк Корея, Дубай, Түркия же Европа өлкөлөрүнө кеткенге аракет кылат. Акыркы учурда Британияга баргандар көбөйдү, бирок ал жакта деле кара жумуш. Мигранттардын кайтып келгени оң - үй-бүлө чогуу жашаса, социалдык жактан жакшы болмок. Бирок Кыргызстандын экономикасы 100 миңдеген адамдарга жумуш орундарын түзүүгө даяр эмес. Ошондуктан келгендердин жарымынан көбү кайра эле сыртка кетет. Азыр балык чарбасында көптөгөн жумуш орундары түзүлгөн, бирок балыкты сата албагандыктан бир топ ишканалар банкрот болду. Жумуш орундарын түзүш үчүн ишкерлерге жакшы шарт түзүү керек".

Мындан сырткары ТИМ кыргызстандыктардын саны Түркияда дагы кыскарганын билдирди (2022-жылы 62,2 миң болсо, 2024-жылдын биринчи кварталында - 40 миң). 1,5 жылда бул өлкөдөн 20 миңден ашуун киши чыгып кеткен. 2023-жылы Түркияда миграциялык мыйзамдар өзгөрүп, жашаганга уруксат алуу оңой болбой калды. Айрымдары айлыктын аздыгынан Европа, өзгөчө Италияга өтүп жатышканын бул өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар "Азаттык" менен маектешкен учурда билдирген.

Учурда Кыргызстандан жумушчуларды алууга Италия жана Канада кызыгуусун билдирген.

XS
SM
MD
LG