Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Кытай, корей автоунааларынын Кыргызстан аркылуу импорту арбыды


Кыргызстанда корей жана кытай жеңил автоунааларынын импорту өстү. Алардын бир бөлүгү Орусияга чыгып кетүүдө (коллаж).
Кыргызстанда корей жана кытай жеңил автоунааларынын импорту өстү. Алардын бир бөлүгү Орусияга чыгып кетүүдө (коллаж).

2023-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 85 миңдей жеңил автоунаа импорттолду. Бул 2022-жылдын жети айына караганда 4,5 эсеге көп. Жеңил машина импорту соңку эки жыл ичинде импорттук товарлардын тизмесинде сап башына чыкты.

Түштүк Корея менен Кытайдын автоөндүрүшү салттуу импортоочулар болгон Орусия менен Америка Кошмо Штаттарынан озуп өтүп, кыргыз рыногунун негизги бөлүгүн ээледи. Бирок алардын баары эле өлкө ичинде калбайт, бир бөлүгү Орусия менен Казакстанга чыгып кетет.

2022-жылдан бери Кыргызстанга Түштүк Корея менен Кытайдан чыккан жеңил унаалар өтө көп санда ташылууда. Унаа импортунун көлөмү боюнча Кытай быйыл экинчи орунга чыкты. Бир жыл мурда эле Грузия, Орусия, Түштүк Корея, АКШ, Жапония жана Литвадан кийинки 7-орунда турчу. Алсак, 2023-жылдын январь-июль айларында эле Түштүк Кореядан 29 миң, Кытайдан 15 миңдей жеңил унаа кирген. Пайыз менен салыштырсак, былтыркы жети айга караганда корей импорту 8,7 эсе, кытай импорту 26 эсеге өстү.

Медиаэксперт жана блогер Илим Карыпбеков чет өлкөлүк унааларды тестирлөө менен да алектенет. Ал кытай унаалары, бир жагынан, баасы да салыштырмалуу арзан, экинчи жагынан, кепилдиктери бар дейт:

“Кытай унааларынын Кыргызстанга келе баштаганына бир жылдан ашып калды. Бирок келгенде да сел каптагандай болуп келе баштады. Себеби, ошол эле жапондун же немистин кичинекей бир жеңил унаасына жеткидей акчага Кытайдын кадимкидей эле чоң жип же кроссовер унаасын сатып алсаң болот. Анан, кытайлыктардын таң калтырганы, үч жыл жана 150 миң чакырым жүргөнгө кепилдик берип атышат. Мисалы, ошол эле жапон же немис унааларын ала турган болсок, алар 100 миң чакырымдан өйдө кепилдик беришпейт. Кытайлар болсо айрымдарына беш жылга чейин, айрымдарына 150 миң чакырымга чейин кепилдик берип атышат”.

Кыргызстан жети айда жалпысынан 59 мамлекеттен жеңил унаа импорттоду. Алардын ичинен он алтысынан көп санда - жүздөп же миңдеп импорттогон. Эң көп импорт келген өлкөлөрдүн сап башында Түштүк Корея, Кытай, Америка Кошмо Штаттары турат.

Кытай авто үлгүлөрүнүн так санын айтуу кыйын, айрым булактарда 50дөн ашуун деп эсептелет. Карыпбеков Кытайдын автоөндүрүшүнөн чыккан унаалар сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү өлкөлөрдө өзгөчө бааланып жатканын айтып жатат.

Башында сапатына шек саналган постсоветтик өлкөлөрдөгү кардарлар дагы барган сайын кытай унааларына көбүрөөк көңүл бура баштады.

"Кытайда унаалардын ар кандай маркалары ондоп саналат. Азыркы күндө Кыргызстанда белгилүү болуп келаткан 3-4 эле марка бар. Анын ичинде Haval деген марканын, анан Cherry деген марканын өкүлчүлүгү ачылган. Geely Monjaro деген унаалар элге таанылып, ал келе баштады. Zeekr деген укмуш кооз, катуу жүргөн электр унаасы бар. Мисалы, Tesla ички жасалгасы анчалык бай болбогону менен, Zeekr укмуш кылып жасаптыр. Ошондуктан ал келип атат. Бирок Кытайда мындай маркалар ондоп саналат. Мен өткөндө бери жагы эле 22 марканы эсептеп келгем. “Дагы барбы?” деп сурасам, “көп” деп айтышкан", - дейт эксперт.

Кытай унаалары Кыргызстан аркылуу Орусияга кетип жатат

Канымет кытай унааларын саткан компанияда иштейт. Компания өзү Кашкарда жайгашкан, Кыргызстан, Казакстан, Орусия өңдүү өлкөлөрдөн кардар таап, Кытайдын заводдорунан чыккан жеңил унааларды экспорттойт. Анын айтымында, Geely Monjaro унаасын Үрүмчүдөгү заводдон алып, Кыргызстанга жеткирип келгендеги баасы 29500 доллар турат. Унаа кардардын колуна 30 күндүн ичинде жетип келет.

“Geely Monjaro’лор катуу өтүп жатат, май токочтой эле. Азыр азайып кетти. Тез сатып алышкандыктан, табылбай калууда. Бизде азыр Кашкарда 20 унаа нак бар. Бул жакка апкелүү үчүн Кытайдын Үрүмчүдөгү заводуна төлөйсүңөр, келишим түзүш керек. Алдын ала 30% төлөнөт. Чек арадан документтештиргенде калган суммасы толук төлөнөт. Торугартта Кытайдын чек арасында документтештирилет, анан ошону менен Кыргызстанга жетет. Орусияда бажылоо кымбат да, ошондуктан Кыргызстандан жасап атышат. Биз аркылуу кетип, биздин мамлекетке акча түшүп атат да, ошонусу жакшы”, - дейт Канымет.

Каныметтин айтымында, Кыргызстанга күргүштөп кирип жаткан Кытай унааларынын баары эле ички рынокто калбайт. Алардын басымдуу көпчүлүгү Орусияга ташылып кетүүдө. Бул жакка кыргыз бажысынан өтүү үчүн гана келет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына карасак, 2023-жылдын жети айында Кыргызстан жеңил унаа экспортун негизинен Орусия менен Казакстанга жасаган. 2022-жылдын январ-июль айларына караганда, көрсөткүчтөр Орусияга 11 эсе, Казакстанга 37 эсе өскөн.

Бишкектин тегерегинде Бажы кызматына караштуу импорттолгон унаалар үчүн убактылуу токтотуучу үч чоң жай бар. Алар Кант шаарында, Бишкектин Чолпон-Ата көчөсүндө жана “Азамат” базарында жайгашкан. Мындан тышкары, Ош шаарынын жанындагы Кара-Суу базарында да бар. Ар биринде күн сайын жүздөгөн унаалар бажы тариздөөсүнөн өтүп, ордуна жаңылары кирип турат. Унаалардын 80-90% Кытай заводдорунан чыккан.

Кыргызстандын Бажы кызматы импорттолгон жана экспорттолгон унаалардын статистикасы, ташылып келүү жол-жоболору жана Кытай унааларынын Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан агымы тууралуу расмий маалымат берген жок. Мекеменин сайтындагы статистикалык маалымат 2023-жылдын январь-июль айларында болгону 290 жеңил унаа импорттолгонун көрсөтүп турат.

Lega Auto фирмасы кытай унааларын Кыргызстан аркылуу Орусияга импорттоп иштейт. Фирманын өкүлү Ютуб каналы аркылуу импорттук унааларды бажылоо жол-жоболору тууралуу түшүндүрмө берип жатат:

“2023-жылдын соңунда Бишкекте Орусиянын лабораториясы курулат деп атышат. Андай болгондо, унааларды Бишкекте эле лабораториядан өткөрүп, баарын документтештирип, жөнөтүп жиберебиз. Күткүңүз келбесе, унаа ташыгыч менен дароо эле жөнөтөбүз, Орусияда өзүңүз лабораториядан өткөрүп алсаңыз болот. Мөөнөтү боюнча, Geely Monjaro Бишкекке чейин эле 30-40 күндө келет. Андан ары 7-10 күндө Москвага жетет, жалпысынан эки айдай убакыт кетет. Башка унааларга суроо-талап азыраак болгондуктан, логистикасы кыйла жеңил. Бишкекке чейин 20-25 күндө, Москвага чейин 7-10 күндө жетет. Monjaro’го суроо-талап эмне үчүн жогору экенин түшүнбөйм, анын баасы Кытайда да өсүп кетти. Лабораториядан өткөрүү 800 доллар турат. Эгерде өзүңөр жасайм десеңер, 30-40% арзан болот. Траллдар Москвага чейин 1400 долларга жеткирет. Мындан тышкары, 0,2% камсыздандырууга төлөнөт, аны сөзсүз жасоо керек. Анткени унаа Кытайдан Москвага чейин төрт жолу түшүрүлүп-жүктөлөт”.

Эреже боюнча кардар буйрутма берген унаанын наркынын 30% фирмага алдын ала которот. Фирманын өкүлү унаа Кант шаарынын жанындагы убактылуу сактоо жайына келгенде анын ВИН номурун видеого тартып, кардарга жөнөтөт. Калган 70% ошондон кийин төлөнөт.

Орусиянын жараны Владиславдын Кытайда, Бишкекте жана Новосибирскиде кытай унааларын Орусияга ташыган компаниялары бар. Ал дагы Кытайдан унааларды Кыргызстанга алып келип, бажыдан өткөрүп, Бишкектеги жергиликтүү компаниясына каттап, андан ары Орусиядагы кардарларына алып кетет. Ал дагы компаниянын Ютубдагы баракчасында кардарларына жарыш импорт схемасы менен иштөө тартибин айтат:

“Мен сиздерге жарыш импорт жана Бажы биримдиги тууралуу айтып берейин. Жарыш импорту унаа Бажы биримдигинин бир өлкөсүнө, мисалы, Кыргызстанга келет. Бул жерде бажыдан өтөт, кайсы бир кыргыз жаранына эмес, Кыргызстандагы биздин компанияга катталат. Кыргызстанга кирип, бажыланат да, андан ары Орусияга карай кетет. Мындай схемада орус салыкчылары сизди бажы төлөмүн толуктап төлөтүп алышы мүмкүн. Бирок менде мындай жагдай болгон жок. Биз эми муну артка таштап, Бажы биримдигинин 100% коопсуз схемасы менен иштеп атабыз”.

Эмне үчүн Кыргызстан аркылуу?

Сүйүнбек Мырзаканов 16 жылдан бери Корея менен Кытайдан жеңил унааларды алып келип сатат. Ал эмне үчүн алып-сатар компаниялар Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө унааларды Кыргызстан аркылуу импорттоого кызыкдар деген суроого мындай жооп берди:

“Ар бир мамлекеттин өзүнүн мыйзамдарына ылайык талаптары бар. Бизде акциз деген жок. Утилизациялык төлөмдөр жок. Ошондуктан биз аркылуу алып барган арзаныраак болот. Экинчиден, кошумча нарк салыгы бизде 12% болсо, Орусияда жеңил унаага 19-20% төлөнөт. Бажы алымы бизде 15% болсо, Орусияда жылына карап 20-25% жетет. Үчүнчүдөн, ар бир мамлекет өздөрү дагы санкция беришкен. Мисалы, Жапония, Корея, Кытай өлкөлөрүндө 50 миң доллардан жогору болгон унаалар кирбейт деген санкциялар бар. Ар бир мамлекет өздөрү берген санкциялар жана ЕАЭБ, ЕБ берген санкциялар бар. Бизде болсо андай санкциялар иштебейт”.

Июлда Орусиянын Бажы кызматы Кыргызстан аркылуу Евразия Экономикалык Биримдигине кирип жаткан унаалардын баалары ашкере төмөн көрсөтүлүп жатканын билдирген. Маалыматтарга караганда, кыргыз бажысынан өтүп жаткан импорттук унаалардын чыныгы бааларынын 50% 20% чейин гана бөлүгү жазылып турган. Ошондуктан Орусияда андай унаалардын жашырылган наркына да бажы алымын толуктап төлөө талабы коюлган.

Оор жүк ташуучу машиненин айдоочусу Максатбек Дүйшеев Кытайдан жеңил машине ташуунун жол-жобосу мындайча сүрөттөйт:

“Биз унааларды Кытайдын Топо деп аталган жеринен жүктөп келебиз. Менин Топодон Бишкекке чейинки кызмат акым 2500-3000 доллар. Алар мага 5-6 унаа жүктөшөт. Унааларды чийбей, сындырбай, кепилдик менен Бишкекке жеткирип берем. Бажы жол-жоболоруна биз аралашпайбыз, өздөрү жасашат. Андан ары Орусияга жеткирип бергиле десе, ар бир унааны 600 доллардан жеткирип беребиз. Болбосо орустар өздөрү келип алып кетишет. Кыргызстандын бажычылары орус жана казак бажыларына караганда ылдам жана ашыкча убаракерчилиги жок иштешет. Ошол себептен биз аркылуу алып өтүшсө керек”.

Казакстандык инженер жана эксперт Аскар Айсаутов кыргыз жана казак бажылары аркылуу Орусияга кетип жаткан кытай унааларынын соодасына дыкат байкоо салып келет:

“Өткөн жылы жана быйыл сатылган унаалардын саны өстү. Мунун себеби – Орусия менен Украинанын ортосундагы болуп аткан согуш. Түз эле Орусиянын баасы менен сатуу оңой эмес. Анын логистикага байланыштуу бир аз тоскоолдуктары бар. Ошондуктан көп унаалар Казакстан жана Кыргызстан аркылуу сатылып атат. Өзгөчө Кыргызстан аркылуу өтө көп. Себеби, сиздерде оңоюраак. Мисалы, Кыргызстанда 5-10% сатылса, калган 90-95 пайыздын 1/10 Казакстанда калып, калганы Орусияга реэкспорт болуп кетип жатат. Мисалы, дистрибьютор, дилер дегендер расмий түрдө келет. Алардын баасы кымбатыраак түшөт. Өз алдынча менчик унаа ташыгычтар Орусияга Кыргызстан аркылуу, Казакстандан транзит жолу менен алып келишет. Алардын баасы болжол менен 30% арзанга түшөт. Орусияда Кытайдан келген унааларга кызыгуу өтө жогору. Орусияда өткөн жылы унаанын баасы 35% өстү. Быйыл болсо 50% жетти”.

Жапон жана Батыш унаалары азайды

Мындан 3-4 жыл мурда Кыргызстанга жеңил унаалар Орусиядан, Америка Кошмо Штаттарынан, Түштүк Кореядан, Грузиядан, Литвадан жана Жапониядан көп келчү. 2022-жылы Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга салган жапырт санкциялары унаа рыногун кыйла өзгөрттү. Кыргыз импортунда Европа өлкөлөрүнүн, АКШнын жана Жапониянын унааларынын саны барган сайын азайып барат.

Буга Орусияга салынган санкцияларга байланыштуу логистикалык чынжырчалардын үзгүлтүккө учурашы менен Литва, Польша, Эстония өңдүү өлкөлөрдүн чек ара көзөмөлүн катаалдаткан саясий чечимдери да олуттуу таасир кылууда.

Маселен, Литванын Бажы департаменти 3-июлдан тартып Орусия же Беларус аркылуу транзит менен товар ташыгандар үчүн экспортко же реэкспортко кошумча талаптарды киргизерин маалымдаган. Мындай чаралар санкция салынган товарларды Орусияга жана Беларуска андан ары сатууга жол бербөө үчүн кабыл алынган. Ошондой эле быйыл 11-сентябрдан тарта оор жүк ташуучу унааларды чыгаруу эрежелери күчөй турганын эскерткен. Мындан улам Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө коюлган талаптар кыйла өзгөрөрү да айтылган.

Ал эми Эстония менен Латвия соңку төрт айдан бери Евробиримдиктен сатып алынган транзиттик оор жүк ташуучу унааларды өткөрүүнү токтоткон.

Сентябрь айынын башында Кыргызстанга унааларды ташып келаткан жүздөй айдоочу Литванын чек арасынан өтө албай калды.

Сүйүнбек Мырзаканов Орусияга салынган санкциялардын кыргыз импортуна да кесепети тийип жатканын айтууда. Ал логистикалык чынжырча Орусия менен Беларуска келгенде үзгүлтүккө учурап жаткандыктан, Европадан келген автоимпорт азайып барат дейт:

“Европадан мурда жаңы унаа алсаңыз, субсидия кылып берчү. Азыр алар өзгөргөн, насыялоо системасы, пайыздары көтөрүлгөн. Европадан автоимпорттун азайганынын дагы бир себеби – логистика маселеси татаалдады. Мурда Беларус, Орусия аркылуу кирчү. Азыр Польшадан, Литвадан кирген чек аралардын бардыгы жабылып калды”.

2022-жылдын февраль айында орус армиясы Украинага кол салгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга карата ондон ашуун пакеттен турган санкцияларды салган. Орусиянын аймагында иштеген дүйнөлүк бренддер менен ири компаниялар жапырт чыгып кетишкен.

Эл аралык коомчулуктан обочодо калган жана товарлардын таңкыстыгына тушуккан Кремль өзүнө көз каранды өлкөлөр аркылуу жарыш импорт схемасын ишке салган.

Улуттук статистикалык маалыматтарга ылайык, 2022-жылдан бери Кыргызстандын Евробиримдик өлкөлөрүнөн жана АКШдан импорту 4-5 эсеге өстү. Алар көбүнчө Украинадагы согушка керектелүүчү электрондук товарлар болуп саналат. Ошол эле маалда Бишкектин Орусияга экспорту 2,5 эсеге көбөйдү. Ал эми Евростат менен Кытайдын статистикалары Кыргызстандын эсебинен бери дегенде 2-3 эсе көп сумманы көрсөтөт.

Кыргызстан аркылуу Орусияга агылган реэкспорттун көбөйгөнүнө кабатырланган Европа өлкөлөрү менен АКШнын чабармандары расмий Бишкекке бир нече жолу келип, эскертүүлөрдү берип кетишкен. 2023-жылы эскертүүлөрдү этибар албаган беш кыргызстандык компания санкциялык тизмеге кабылды.

XS
SM
MD
LG